Хадис
аалымдарынын улууларынан болуп, Кутуб-и Ситта делген алты сахих хадиси шариф
китебинин Сунан-и Ибни Мажа деп аталган эмгектин автору. Аты Мухаммед бин Язид
болуп, куниясы Абу Абдуллах. Ибни Мажа деген ат менен таанылган. 886 (х.
273)-жылы кайтыш болгон.
Басра,
Багдад, Куфа, Мекке-и мукаррама, Шам, Мысыр, Хорасан жана Рей сыяктуу доорунун
илим борборлоруна барып, хадиси шариф жана аны менен байланыштуу илимдерди
үйрөндү. Ал барган ошол борборлордо улуу хадис аалымдары менен жолугуп, алардан
пайдаланды. Ибрахим бин ал-Мунзир, Мухаммед бин Абдуллах бин Нумейр жана башка
аалымдардан хадиси шариф үйрөндү. Хадис илиминде жогорку даражага көтөрүлдү.
Абул-Хасан ал-Каттан, Ахмед бин Равх ал-Багдади, Мухаммед бин Иса ал-Абхари
сыяктуу аалымдар андан хадиси шариф риваят кылышкан.
Доорундагы жана
кийинки доордогу кылымдарда жетилген хадис аалымдары тарабынан сика (ишенимдүү)
экени билдирилген Ибни Мажа "Сунан-и Ибни Мажа” китебин жазды.
Бул баалуу эмгек хадиси шариф каталогдорунда жана мужамдарында "МЖ” тамгалары
менен көрсөтүлүүдө.
Тафсир илиминде
да терең аалым эле. "Тафсир-и Куран” деп аталган эмгеги да өтө
баалуу.