Имам Абу Давуд


Кутуб-и Ситта делген белгилүү алты хадиси шариф китебинин бири болгон "Сунани Абу Давуд” китебинин автору. Аты Сулайман бин Ашас бин Исхак бин Башир. Абу Давуд куниясы менен таанылган болуп, Сижистани нисбеси менен билинет. 817 (х. 202)-жылы Сижистанда туулуп, 889 (х. 275)-жылы Басрада кайтыш болгон.  

Жаш кезинде илим үйрөнө баштаган Абу Давуд Сижистани Хорасан, Шам, Ирак, Хижаз, Мысыр сыяктуу илим борборлоруна барып, өз доорунун белгилүү аалымдарынан илим үйрөндү жана хадиси шариф укту. Тафсир жана Ханбалий фикхын да үйрөнүп, жогорку илимий даражага жетти. Хадиси шариф үйрөнүү үчүн узак сапарларга чыкты. Муслим бин Ибрахим, Сулайман бин Харб, Абу Мамер ал-Макад, Яхйа бин Маин, Ахмед бин Ханбал сыяктуу улуу аалымдардан риваят кылды. Хадис илиминде сика (ишенимдүү) аалым болгон, илимий даража жагынан Имам Бухари жана Имам Муслимден кийин келген Абу Давуд Сижистаниден Багдадда жүргөндө уулу Абдуллах, Абу Абдуррахман ан-Насаи, Ахмед бин Мухаммед бин Харун жана башка аалымдар риваят кылышкан. Өзгөчө фикх маселелери менен байланыштуу хадиси шарифтерди жыйнаган жана бул маселеде абдан баалуу булак болгон "Сунан” китебин Имам Ахмед бин Ханбалга тартуулап, анын ыраазылыгына ээ болгон.

Мужам китептеринде жана хадиси шариф каталогдорунда "Д” тамгасы менен көрсөтүлгөн "Сунан-и Абу Давуд”га кийинки доорлордо көптөгөн түшүндүрмөлөр жазылган. Бул түшүндүрмөлөрдөн Азимабади жазган "Авн-ул Мабуд”, Хаттаби тарабынан жазылган "Меалим-ус-Сунан”, Имам Суюти тарабынан жазылган "Мирканд-ус-Сууд” менен "Сунан-и Абу Давуд” делген эмгектерди атоого болот. Акыркы жолу жазылган "Ал-Менхел-ул-Азб-ул-Мавруд” деп аталган түшүндүрмө бүтпөй калып, кийинчерээк толукталып жазылып, басылып чыккан.

Абу Давуд хазреттери беш жүз миң хадиси шарифтин ичинен тандап алган 4800 хадиси шарифтен төмөңкү төртөөнүн адамдар үчүн өтө маанилүү экенин билдирген:

"Амалдар ниеттерге жараша.”

"Адамдын өзүнө пайдасы болбогон нерселерди таштоосу – мусулмандыктын кооздугунан.”

"Бир момун өзү үчүн каалаган жана жактырган бир нерсени дин боордошу үчүн дагы кааламайынча жетик боло албайт.”

"Адал ашкере, арам да ашкере. Булардын арасында күмөндүү нерселер бар. Арамга түшүп калбоо үчүн бул күмөндүү нерселерден сактануу керек.”

Абу Давуд хазреттери илими менен амал кылган көркөм ахлак ээси бир зат эле. Улуу хадис аалымы болгондуктан Расулуллах алейхиссаламдын ахлакына ээ болууга көп аракет кылчу.

Эмгектери

Абу Давуд хазреттеринин "Сунан-и Абу Давуд” деп аталган эмгегинен башка "Китаб-и Мерасил” менен "Далаил-ун-Нубувва” делген эмгектери да бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш