Имам Несаи


Улуу хадис жана фикх аалымы. Каймана аты Абу Абдуррахман, аты Ахмед бин Шуайб бин Али бин Синан бин Бахр бин Динар. Имам Несаи деген ат менен белгилүү. Теги Хорасандын Неса шаарынан. Ал жерде 830-жылы (х.214) туулган болуп, 915-жылы (х.303) Палестинанын Ремла шаарында кайтыш болгон. Анын Меккеде кайтыш болгондугу же харижилер тарабынан шейит кылынгандыгы да айтылат. Хадис илиминде имам эле, башкача айтканда, үч жүз миңден ашык хадиси шарифтерди равилери менен жатка билчү. Ал жазган "Сунани Сагир” китеби "Кутуб-и Ситта” деп аталган алты чоң хадис китебинин бири. Хадис илиминдеги румузу – син "С” тамгасы.

Илим алууну Хорасанда баштаган Имам Несаи Ирак, Шам, Мысыр, Хижаз (Мекке жана Медина) жана Жазира (азыркы Жизра аймагы) аалымдарынан сабак алды. Мысырда отурукташты. Он беш жашында Кутайба бин Саидге шакирт болуп, аны менен бир жыл эки ай бирге болду. Исхак бин Рахавейх, Хишам бин Аммар, Иса бин Хаммад, Хусейн бин Мансур Сулеми, Амр бин Зурара, Мухаммед бин Наср-и Марвази, Сувейд бин Наср, Абу Курайб, Мухаммед бин Рафии, Али бин Хужр, Абу Язид Жерми, Абу Давуд Сулайман Эшъас, Юнус бин Абдилаъла, Мухаммед бин Гейлан жана башка көптөгөн аалымдардан сабак алды. Алардын көбүнөн хадиси шарифтерди угуп, риваят кылды.

Хадис илиминде доорунун бир даанасы болгон Имам Несаи Мысыр аалымдарынын эң факихи эле. Ал арамдан сактануу жана такыбаалык жагынан теңдешсиз эле. Ар бир кылган иши, айткан ар бир сөзү Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн эле. Имам Несаинин хадиси шарифте риваятында койгон шарттары Бухарий жана Муслимге караганда катуураак эле. Хадис равилеринин ишеничтүү же ишеничтүү эместиги маселесиндеги тактоосуна бардык аалымдар тарабынан этибарга алынчу.

Имам Несаи хазреттериннен Абу Бишр Девлаби, Абу Али Нишабури, Хамза бин Мухаммед Кесаси, Абу Бакр Ахмед бин Исхак, Мухаммед бин Абдуллах бин Хаййуйа, Абул-Касым Табарани, Факих Абу Жафар Тахави жана көптөгөн аалымдар илим үйрөнүп, хадиси шариф риваят кылышты.

Имам Несаи хазреттери биринчи жазган "Сунан-и Кабир”инде хадиси шарифтердин булактары жана жыйналуусу тууралуу маалымат берип, шарттарына туура келген хадиси шарифтерди жазды. Бул эмгегин өзү "Мужтена” деп атаганына карабастан,  "Сунан-и Сагир” деген ат менен белгилүү болду. Азыр "Сунан-и Несаи” деген ат менен билинүүдө. Бул баалуу эмгек алты белгилүү хадис китебинин бири катары мусулмандардын баш таажы болуп калды.

Имам Несаи хазреттери өмүрүнүн акырында Шамга барды. Ал жерден Хазрети Алини каралаган кээ бир харижилерди көрдү. Ошондон кийин Хазрети Али менен Ахли Набавини мактап-даңазалаган "Китаб-ул-Хасаис фи Фадли Али бин Аби Талиб ва Ахли Бейт” деп аталган китебин жазган. Бул эмгегиндеги хадиси шарифтердин көбүн Ахмед бин Ханбал хазреттеринин риваяттарынан алды. Бул китепти эмне үчүн жазганын билбеген кээ бир адамдар: "Эмне үчүн Шейхайндын,  тактап айтканда, Абу Бакр менен Омардын үстөмдүктөрүн жазбадың?” – дешти. Ошондо "Фадаил-ус-Сахаба” деп аталган кутман сахабалардын үстөмдүк жана пазилеттерин баяндаган китебин жазды. "Муснад-и Али”, "Муснад-и Малик” жана "Дуафа ва'л-Матрукин” деп аталган китептер анын эң баалуу эмгектеринен. Акыркысы жарыяланган.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш