Имам Байхаки


Атактуу хадис жана фикх аалымы. Аты Ахмед бин Хусейн, каймана аты Абу Бакр. Нишапурдун Байхак шаарчасынан болгондуктан Байхаки деген ат менен атагы чыккан. Байхак шаарчасындагы Хусравжирд айылында 994-жылы (х. 384) туулган болуп, 1066-жылы (х. 458) Нишапурда кайтыш болгон.   

Жаш кезинен билим ала баштаган Байхаки акылынын курчтугу, эс тутумунун күчтүүлүгү, үйрөнгөн нерселерине умтулуусу жана илим үйрөнүүдөгү ихластуулугу менен устаттарынын көңүлүн бурду. Байхаки Хорасан, Багдад, Куфа жана Мекке сыяктуу илим борборлорунда ошол доордун аалымдарынан акыл жана накыл илимдерин алды. Жүздөн ашык устаттан хадис үйрөндү. Абул-Фатх Насыр бин Мухаммед Умариден фиких илимин, Хакимден хадис илимин, Ибни Фуректен келам илимин, Абу Али Родбариден тасаввуф илимин үйрөндү. Улуу аалым болду, илимдин мунарасы деп аталды. Ал көптөгөн аалымдарды жетилдирди. Шейхулислам Абу Исмаил ал-Ансари, Захир бин Тахир, Абу Абдуллах ал-Ферави, уулу Исмаил бин Ахмед ал жетилдирген аалымдардан.

Келам илиминде Ахли сүннөт итикадына чоң кызматтарды өтөдү. Түрдүү илимдерде, өзгөчө хадис, фикх жана келам илимине байланыштуу жүздөгөн эмгектерди жазды. Хорасанда хадис илиминде анын уруксатысыз, ал ижазат (диплом) бермейинче эч ким хадис илиминен сөз кыла алчу эмес. Шафии фикхин үйрөтүүсү үчүн Нишапурга чакырылды. Туулуп-өскөн жерине канчалык кайтууну кааласа да, 1066-жылы 9-апрелде (Х. 10-Жамазилаввал 458) кайтыш болду. Анын сөөгү жакынкы Байхак шаарына жеткирилди.

Илим жана пазилетте жогорку даражадагы бир зат болгон Байхаки хазреттери токтоосуз окучу, изилдөө жүргүзчү, тасниф кылчу, эмгектерин шакирттерине окутчу, илим менен алек болчу, кедейликке сабыр кылчу, жагдайына эч даттанчу эмес. Аз жеп-иччү. Кырк төрт жашынан тарта кайтыш болоруна чейин отуз жыл айт күндөрүнөн сырткары туруктуу орозо кармаган эле. 

Эмгектери 

1) "Ас-Сунан-ул-Кубра”: Хадиси шариф китеби болуп, он томдон турат. Кутман сахабалардын жана табииндин аттарын,  далил жана равилерин камтыган бир индекси бар.

2) "Ас-Сунан-ус-Сугра”: Эки томдон турат.

3) "Китабул-Асма  вас-Сыфат”: Эки томдон турат.

4) "Делаил-ун-Нубувва”: Үч томдон турат.

5) "Менакиб-ус-Шафи”

6) "Марифат-ус-Сунан вал Асар”: Эмгек төрт томдон турат.

7) "Шуаб-ул-Иман”

8) "Ат-Таргиб ват-Тархиб”

9) "Китаб-уз-Зухд-ил-Кабир”

10) "Ал-Баъсу ван-Нушур”

11) "Фадаил-ус-Сахаба”

12) "Ал-Мадхал илас-Сунанил-Кубра”

13) "Ал-Мабсут”

14) "Ал-Адаб”

15) "Ал-Итикад ала Мазхаб-ис-Салафи Ахлис-Суннати вал-Жамаъа”

16) "Ахкам-ул-Куран”  

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш