Имам Табарани


Атактуу тафсир, хадис жана фикх аалымдарынан. Аты Сулайман бин Ахмед бин Аййуб бин Мутайр аш-Шами ал-Лахми ат-Табарани, каймана аты Абул-Касым. 873-жылы (Х. 260) Сафар айында Шамда Табариййа шаарчасында туулду. Исфаханга отурукташты. 970-жылы (Х. 360) Зилкада айынын аягына жуук 100 жашында кайтыш болду. Сөөгү Исфахан шаарынын кире беришиндеги Расулуллахтын сахабаларынан Хаммад ад-Девринин кабырынын жанына коюлду.  

Табарани Хашим бин Мурсед ат-Табарани, Абу Зура-ас-Сакафи, Исхак ад-Дебри, Идрис ал-Аттар, Бешир бин Муса, Хафс бин Омар, Абдуллах бин Махмуд бин Саид бин Аби Марям, Али бин Абдулазиз ал-Бегави, Микдам бин Давуд ар-Рейини, Яхйа бин Аййуб ал-Аллат, Абу Абдуррахман ан-Несаи сыяктуу көптөгөн аалымдардан илим үйрөнүп, хадиси шарифтер риваят кылган. Андан болсо Абу Хулайфа ал-Жамхи, Ибни Укда, Абу Нуайм ал-Хафиз, Абу Хусейин бин Фазишах, Абдан, Жафар ал-Фаряби, Абу Абдуллах бин Марда ал-Хафиз жана башка көптөгөн аалымдар илим үйрөнүп, хадиси шариф риваят кылган.

Улуу хадис аалымдарынын бири болгон Табарани хазреттери ишенимдүү, туура, хадисте хужжат, тагыраагы, үч жүз миңден ашык хадиси шарифти далилдери менен жатка билген деген наамга ээ. Анын илими жана риваят кылган хадиси шарифтер бүткүл Ислам ааламына тарады. Андан: "Мынча көп хадиси шарифти жаттоо бакытына кантип жеттиңиз?” – деп суралганда, "Мен отуз жыл кургак камыш төшөктө уктадым”, - деп жооп берген эле.  

Илим үйрөнүү үчүн ырахаттыкты таштап, карапайым жашоо өткөрдү. Отуз үч жыл илим үчүн саякатка чыкты. Бул жолдо курмандыктардан качкан жок. Ар бир ишин Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн кылчу жана адамдарды Тозок отунан куткаруу үчүн аракет кылчу. Шакирттеринен Абу Аббас Ширази Табараниден үч жүз миң хадиси шариф жазганын, анын ишенимдүү мухаддис экенин айткан жана устазынын канчалык деңгээлде илим ээси болгонун далилдеген.

Анын жазган негизги эмгектери: "Мужам-ул-Кабир”, "Мужам-ул Авсат” жана "Мужам-ус-Сагир”.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш