Имам Навави


Шафии аалымдарынын улууларынан. Аты Яхйа бин Шереф, лакап аты Мухйиддин, каймана аты Абу Зекериййа. 1233-жылы (Х.631) Мухаррам айында Шамдын түштүгүндөгү Нава шаарчасында туулду. Туулган жери байланыштуу Навави делген. 1277-жылы (Х.676) Ражаб айында кайтыш болгон.  

Мухйиддин Абу Зекериййа Яхйаны атасы жаш кезинде Курани каримди үйрөнсүн деп мектепке жиберди. Аз убакыттын ичинде Курани каримди жаттады.

Ал өз доорунун аалымдарынан түрдүү илимдерди үйрөндү. Он тогуз жашка чыкканда атасы билим алүү үчүн Шамдагы Равахиййа Медресесине алып барды. Алгач медицина илимин үйрөндү, андан кийин толугу менен диний илимдер боюнча окуду. Шафий мазхабынын негизги китептеринен болгон "Ат-Танбих” менен "Мухаззаб”дын төрттөн бир бөлүгүн төрт жарым айда жаттады. Кемаледдин Селлар Арбили, Иззеддин Омар Арбили, Кемаледдин Исхак бин Ахмед хазреттеринин сабактарына катышып, фикх илимин үйрөндү. Иззеддин Омар Арбилиге көп кызмат кылды. Ал күнүгө устаздарынан он эки түрдүү илим окучу. Убакыттын өтүшү менен усул, нахв, лексика жана ушул сыяктуу илимдерди  терең үйрөндү. Хафиз Зейн Халид Наблуси, Ради бин Буркан, Ибни Абдуддаим, Аби Мухаммед Исмаил бин Аби Юср жана башка көптөгөн аалымдардан хадис илимин үйрөндү. Кыска убакыттын ичинде илимде өз доорунун эң улуу аалымдарынан болуп, адамзаттын бактысы үчүн көптөгөн китептерди жазды. Шафии мазхабынын негиздерин өзүнүн китептеринде баяндады. Андан Шейх ал-Миззи, Абул-Хасан Аттар жана башка көптөгөн аалымдар илим үйрөнүшкөн.

Эки жолу ажыга барды. 1266-жылы Дар-и Хадис-и Ашрафиййада сабак берди. Кайтыш болоруна чейин бул милдети үчүн эч акча алган жок. Куттуу сакалында бир нече ак кыл бар эле. Анын байсалдуу жана салабаттуу абалы баарына көрүнүп турчу.

Имам Навави хазреттери өмүрүнүн акырында өзүндөгү аманаттарды ээлерине тапшырып, карыздарын төлөдү. Китептерин китепканага берди. Навада туулуп-өскөн үйүндө бир нече күн ооруп жаткан соң кайтыш болду. Күмбөзү зыярат кылынууда, сүйгөндөрү анын куттуу рухунан пейз алышууда.

Имам Навави хазреттери жашоодо канаатчыл болуп, напсинен, дүнүйөлүк арзуу жана каалоолорунан баш тарткан эле. Аллаху тааладан абдан коркчу. Чынчыл эле, орундуу сүйлөчү, түндөрүн ибадат жана таат менен өткөрчү. Билим алууда тырышчаак болуп, жакшы иштерди кылууда өтө сабырдуу эле. Шам калкы жеген нерселерден жечү эмес, эне-атасынан алып келген, толук адал деп билген нерселерди жеп канаат кылчу. Жыйырма төрт саатта бир жолу куптандан кийин тамак жечү. Ошондой эле күнүнө бир жолу сахур учурунда суу иччү. Ошол жердин салты болгон кар суусун ичүү салтын кылчу эмес. Бойдок эле. Эч качан үйлөнгөн эмес. Түнкүсүн уктачу эмес, намаз окучу жана китеп жазчу. Ал мамлекет башчыларына, валилерге жана башкаларга амри маруф, нахйи мункар кылчу. Аллаху тааланын буйруктарын жеткирип, тыюуларынан сактануу керектигин түшүндүрчү. Бул иште эч мудахана кылчу эмес жана кайдыгер болчу эмес.   

Имам Навави хазреттеринин "Кутуб-и Ситта”да аталган хадистерден жыйнаган "Рияд-ус Салихи” деп аталган эмгеги белгилүү.

Мындай деди:

Адамдар Аллаху таалага кулдук, ибадат кылуу үчүн жаратылган. Адамдар саадатка жетүү үчүн жаратылгандагы максаттарына маани берүүгө тийиш жана дүнүйөгө берилүүдөн сактанууга тийиш. Дүнүйө нематтары өткүнчү. Дүнүйө түбөлүк кала турган жер эмес. Акыретте саадатка жетүү үчүн бир унаа сыяктуу. Бул кубанычтын жери эмес, ажырашуунун жери. Акылдуу адамдар – бул өткүнчү дүнүйөгө берилбестен кулдук милдетин так аткаргандар.

Түндүн он эки бөлүгүнүн бир бөлүгүн ибадат менен өткөрүү түндү толук ибадат менен өткөрүү болуп саналат. Жайдын жана кыштын түндөрү үчүн дайыма ушундай.

Эмгектери:

Имам Навави хазреттери жазган эмгектердин саны көп. Окугандар көп пайдаланышат. Эмгектеринин кээ бирлери булар:

"Равда” фикх жөнүндө.

"Рияд-ус-Салихин” хадис жөнүндө.

Хадиси шарифтердин түшүндүрмөсү жөнүндө "Шарх-и Сахих-и Муслим” китеби бар.

Хадис риваят кылгандардын ысымдарын алфавиттик тартипте баяндаган "Техзиб-ул-Асма” аттуу чоң китеби бар.

Мындан тышкары "Лугат-ут-Танбих”, "Тыбян”, "Минхаж” сыяктуу эмгектери да бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш