Башка хадис аалымдары


Ибни Аби Шайба: 

Абу Бакр Абдуллах бин Мухаммед хафыз эле. Жүз миң хадиси шарифти равилери менен бирге жатка билген адам "хафыз” деп аталат. 850-жылы кайтыш болгон. "Муснад” китеби белгилүү. 

Дарими: 

Абдуллах бин Абдуррахман хафыз Абу Мухаммед 789-жылы Самаркандда туулуп, 869-жылы кайтыш болгон. Хадис аалымы эле. "Муснад” деп аталган китеби өтө баалуу. Хадиси шариф илиминде болгондой эле, тафсир жана фикх илимдеринде да терең аалым эле.

Эмгектери:

1 – "Муснад-и Дарими” (Эң таанымал жана баалуу эмгеги ушул.)

2 – "Ал-Жами-ус-сахих”. Бул "Сунан-и Дарими” деп дагы аталат.

3 – "Суласиййат”. 

Ахмед Беззар: 

Атасынын аты Амр. Хадис аалымдарынан болуп, 905-жылы кайтыш болгон. "Муснад” деп аталган китеби белгилүү. 

Абу Яъла: 

Ахмед бин Али хадис аалымы эле. "Муснад” китеби белгилүү. 825-жылы туулуп, 920-жылы Мусулда кайтыш болгон. 

Ибни Адий: 

Абу Ахмед Абдуллах ибнул Адий хадис имамдарынан эле. 856-жылы Журжанда туулуп, 935-жылы Астарабадда кайтыш болгон. Хадиси шариф жыйноо үчүне Ирак, Мысыр, Шам жана Хижазды кыдырды. 

Ибни Хиббан: 

Абу Хатим Мухаммед бин Ахмед Тамими хадис имамы жана Шафии эле. Самарканддын казысы эле. Сижстанда Буст шаарчасында туулуп, 966-жылы Самаркандда кайтыш болгон. 

Рамехурмузи: 

Улуу хадис аалымдарынан эле. Аты Хасан бин Абдуррахман. 970-жылы Рамехурмуз шаарында кайтыш болгон. Ал Рамехурмузи аты менен таанылды. Көптөгөн эмгектерди жазган. Булардан "Ал-Мухаддис-ул-Фасыл Бейн-ар-Рави ве'л-Ваи” деп аталган эмгеги усули хадис жаатында жазылган алгачкы китеп. Анын "Раби-ул-Мутеййемин фи Ахбар-ил-Ушшак”, "Китаб-ул-Эмсал”, "Китаб-ун-Навадир”, "Китаб-и Рисалат-ус-Сафар”, "Китаб-ур-Рух”, "Адаб-ун-Натык” деп аталган эмгектери да бар. 

Дара Кутни: 

Али бин Омар хадис аалымы эле. 918-жылы Багдадда Дара Кутнда туулган  болуп, 995-жылы кайтыш болгон. "Сунан” деп аталган белгилүү. 

Хаким Нишапури: 

Мухаммед бин Абдуллах хадис аалымдарынан эле. 933-жылы туулуп, 1014-жылы Нишапурда кайтыш болгон. Бухари жана Муслимде жок болгон сахих хадистерди чогултуп жазган "Мустадрак” китеби өтө баалуу. 

Ахмед бин Абдуллах (Абу Нуайм Исфахани): 

Абу Нуайм Исфахани аты менен белгилүү. Шафии мазхабында эле. Хадис аалымы эле. 948-жылы туулуп, 1039-жылы кайтыш болгон. Баалуу китептери бар. "Хилйа-тул-Авлия” китеби белгилүү. 

Ибни Абдилбарр: 

Хафыз Жемаладдин Абу Омар Юсуф бин Абдуллах Малики мазхабында фиких жана хадис аалымы эле. 978-жылы Куртубада туулуп, 1071-жылы Шатыбада кайтыш болон. "Алистиаб фи-марифа-тил-асхаб” деп аталган китеби белгилүү. 

Хатиби Багдади: 

Хафыз Ахмед бин Али хадис аалымдарынан эле. Көп санда баалуу китептерди жазган. Шафии мазхабында эле. 1002-жылы Багдада туулуп, 1071-жылы ошол жерде кайтыш болгон. Имам Азам жана Имам Ахмедге тил тийгизген болсо да, жеңилген. 

Дайлами: 

Шахрдар бин Абу Шужа Ширавайх 1090-жылы Хамаданда туулуп, 1163-жылы кайтыш болгон. Хадис аалымы эле. "Муснад-ул-фирдавс” деп аталган китеби белгилүү. 

Ибни Асакир: 

Али бин Хасан фикх жана хадис аалымы эле. 1105-жылы Шамда туулуп, 1176-жылы ошол жерде кайтыш болду. Сексен томдук "Шамдын тарыхы” китеби белгилүү. 

Зехеби: 

Имам Абу Абдуллах Шемседдин Мухаммед бин Ахмед бин Осман бин Каймаз Туркмани Мысри хадис жана тарых аалымдарынан эле. 1274-жылы Шамда туулган болуп, 1348-жылы Мысырда кайтыш болгон. Эмгектеринен "Мизан-ул итидал”, он эки томдук "Тарих-ул Ислам”, "Тажрид фи-асма-и Сахаба” жана "Ас-сайфа фи-менакыби Абу Ханифа” китептери бар. "Ат-тыббун-Набави” өтө пайдалуу болуп, Ибрахим Эзрактын "Тасхил-ул-менафи” түшүндүрмөсүндө Мысырда жана 1975-жылы Стамбулда жарыяланган. Ибни Таймиййанын шакирти эле. 

Ибни Хажар-и Аскалани: 

Шихабуддин Ахмед бин Али хадис имамы жана Шафии фикх аалымы эле. 1371-жылы Мысырда туулуп, 1448-жылы ошол жерде кайтыш болгон. Жүз элүүдөн ашуун китеби бар. "Алисабе фи-тамйизиссахаба” китеби Ибни Асирдин "Усуд-ул-габе” китебинен да мыктыраак. Төрт томдон турат.

Мунави [же Менави]: 

Абдуррауф-и Мунави хадис жана фиких аалымы эле. Шафии мазхабында эле. 1518-жылы туулуп, 1621-жылы Каирде кайтыш болгон. Көптөгөн китептерди жазган. "Кунуз-уд-дакаик” китеби 1868-жылы Стамбулда жарыяланган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш