Имам Абу Мансур Матуриди


Ахли сүннөттүн эки итикаддагы (ишенимдеги) имамынын биринчиси. Ысымы – Мухаммед бин Мухаммед Матуриди. Куниясы – Абу Мансур. Туулган жери Самарканддын Матурид дубаны. Хижри 333 - жылы (м.944) Самаркандда көз жумган.

Имам Матуриди Имам Азам Абу Ханифанын накыл кылып билдирген жана жазган Ахли сүннөт итикадынын келам маалыматтарын андан накыл кылгандар аркылуу китептерге түшүргөн, түшүндүрүп, далилдеген. Келам илиминде, акаидде мужтахид болгон Имам Матуриди келам жана фыкых илимин Абу Насыр Ийаддан үйрөндү.

Илимде мыкты жетилген Имам Матуриди ар кандай китептерди жазуу жана шакирттерди тарбиялап жетилдирүү аркылуу Ахли сүннөт ишенимин жайган.

Өстүргөн шакирттеринен аль-Хаким ас-Самарканди аты менен таанымал болгон Абул-Касым исхак бин Мухаммед, Абу Мухаммед Абдулкарим бин Муса аль-Паздави, Абул-Лейс аль-Бухари жана Абул-Хасан бин Саид сыяктуу илим жана такыбаа жагынан жетилген улуу аалымдар эң алдыңкылары болуп саналат. Мына ушундайча Имам Азам хазреттеринен келген итикад маалыматтарын накыл кылган Имам Матуридиден кийин шакирттери жана шакирттеринин шакирттери бул тууралуу миңдеген китептерди жазып, Пайгамбарыбыз алейхиссалам көрсөткөн туура жол болгон Ахли сүннөт итикадын (ишенимин) жайышкан.

Имам Матуриди жашаган доор Аббаси мамлекети алсырай баштаган жана жаңы Ислам мамлекеттери курула баштаган, ар түрдүү саясий күчтөр жана итикади фыркалар арасында тирешүүлөр күч алган бир мезгилге туш келет. Имам Матуриди дагы башка Ислам аалымдары сыяктуу өз доорунда Ахли сүннөт ишенимин коргоп, ачык түрдө түшүндүрүп жайган жана мусулмандардын бул туура ишенимге уйууларын камсыздаган. Буга байланыштуу колдонгон усулу Имам Азамдын аль-фыкх-уль-акбар, ар-Рисала, аль-фыкх-уль-абсат, аль-Алим валь мутааллим жана аль-Васиййа сыякатуу итикадга байланыштуу китептеринде билдирилген итикад маалыматтарын акыл жана накыл далилдер менен түшүндүрүп классификациялоо болгон. Мына ушундайча Матуриди хазреттери Ахли сүннөт итикадында мужтахид имам болду.

Эмгектери:

Өмүрүн илимге жана Ахли сүннөт итикадын жайууга сарптаган жана мында чоң эмгеги-кызматы сиңген Матуриди хазреттери окшошу кездешпеген даражада кымбат эмгектерин жазган. Эң башкы эмгектери мына булар:

1- Китаб-ут-тавхид: Бул китепте бузук фыркалардын сөздөрүнүн жаңылыш экендигин далилдеп, туура итикад болгон Ахли сүннөт итикадын өтө мыкты түрдө түшүндүргөн.

2- Тавилат-уль-Кур'ан: Тафсирге байланыштуу окшошу аз болгон эмгек. Самарканди бул эмгекке чоң шархын (түшүндүрмө) жазган.

3- Радду Аваили'л-Адилла лил Ка'би ва Байану вахми'л МутазилаМутазилага раддиййа катары жазылып (четке кагып), анын бузук экендигин далилдеп чириткен эмгек.

4- Ар-Радду ала усул'ил КарамитаКарамита фыркасын четке каккан эмгек.

5- Радду китаб-уль-имама ли Ба'зир-Равафиза: Асхабы кирамга душман болгондорду четке каккан китеп.

6- Китаб-уль-макалат фил-келам: Келам илимине тийиштүү эмгек.

7- Ма'хаз-уш-шариййа: Фыкых илимине тийиштүү.

8- Китаб-уль-жедел: Фыкых усулу илимине тийиштүү болгон бул эмгегинен башка китептери да бар.

Имам Матуридинин накыл катары билдирген Ахли сүннөт итикадынын негиздеринен кээ бирлери мына булар:

Аллаху таала кадим болгон заты менен бар.

-  Бардык нерсени Ал жараткан. Бир. Ибадатка акысы болгон да Ал. Андан башка эч бир нерсе ибадат кылынууга ылайык эмес. Камил сыпаттары бар. Бул сыпаттары: хайат, илим, семи', басар, кудрат, ирада, келам жана таквин. Бул сыпаттары да эзели. Аллаху тааланын ысымдары тавкифи, б.а., динибизде билдирилген ысымдарын айтуу ылайык болуп, булардан башкасын айтууга тыюу салынган.

- Курани карим Аллахтын келамы (сөзү). Аллаху таала Курани каримди арип жана сөз катары жиберди. Бул ариптер макулук. Бул арип жана сөздөрдүн мааниси Келам-ы илахини алып жүрөт. Бул ариптер, сөздөр Куран деп аталт. Бул арип жана сөз калыптарынын ичинде Келам-ы илахи болгон Куран макулук эмес. Аллаху тааланын калган сыпаттары сыяктуу эзели, абади, (б.а., башталышы жана соңу жок.)

- Аллаху тааланы момундар Жаннатта кандайдыр бир багытсыз жана маңдайында болбостон жана кандай экендиги түшүнүлбөгөн жана шекили болбогон абалда көрүшөт. Кандай көрүлө тургандыгы ойлонулбайт. Себеби, аны көрүүнү акыл түшүнө албайт. Аллаху таала дүнүйөдө көрүлбөйт. Бул дүнүйө жана адамдын бул дүнүйөдөгү жаратылышы Аны көрүү ниматына ээ болууга ылайыктуу эмес. Дүнүйөдө көрүлөт деп айткан жалганчы болот. Хазрети Муса Пайгамбар болсо дагы бул дүнүйөдө көрө албады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Мираж түнү көргөн болсо дагы бул дүнүйөдө эмес эле. Дүнүйөдөн чыгып акыретке барды. Жаннатка кирди жана ошол жакта көрдү.

- Аллаху таала адамдарды жараткандай эле алардын иштерин дагы жаратууда. Жакшы жана жаман иштердин бардыгы анын тагдыры, каалоосу менен. Бирок, жакшы иштерден ыраазы, жаман иштерден ыраазы эмес, адам кылган иште өз кубаты дагы таасир кылат. Бул таасир «кесб» деп аталат.

- Пайгамбар Аллаху таала тарабынан тандалган, жиберлген адамдар. Алар Аллаху тааладан алып келген ар бир кабар туура, жаңылыштык жок.

- Кабыр азабы, кабырдын сыгуусу, кабырдан Мункар жана Накир деген периштелердин суроо суроосу, кыяматта бардык нерсенин жок боло тургандыгы, асмандын жарыла тургандыгы, жылдыздардын нугунан чыгып таркоосу, жер шарынын, тоолордун талкалануусу жана баарынын мазардан чыгуусу, махшарда жыйналуусу, б.а., рухтардын денелерине кирүүлөрү, кыямат күнүнүн зилзаласы, ал күндүн коркунучу, кыяматта эсеп-сурак, жакшылыктардын жана күнөөлөрдүн ошол жерге тийиштүү таразасына тартылуусу, Тозок үстүндө сырат көпүрөсүнүн болуусу, булардын бардыгы болот.

- Момундарга сыйлык жана нимат үчүн даярдалган Бейиш, ыйман келтирбегендерге азап үчүн даярдалган Тозок азыр бар. Экөөнү тең Аллаху таала жоктон бар кылган. Бейиш жана Тозок түбөлүк кала турчу жер. Кымындай ыйманы болгон жана бул ыйманы менен акыретке көчкөн адам Тозокто түбөлүк калбайт.

- Ибадаттар ыймандан бир бөлүк эмес. Парздардын парз экендигине ишенип, жалкоолук менен орундабаган адам ыйманын жоготпойт. 

Момун адам канчалык күнөө кылса дагы ыйманы кетпейт. Бирок, парздарга, харамдарга кандай билдирилген болсо ошондой ишенүү керек. Буйрук жана тыюулардын бирөөнө болсо да ишенбөө же жеңил мамиле кылуу, маскаралоо, өзгөртүүгө белсенүү ыйманды кетирет жана чексиз Тозокто күйүүгө себеп болот. 

Халифалык тууралуу сүйлөшүү диндин негизги маселелеринен эмес. Төрт халифанын даражасы халифалык кезегине карата. Асхабы кирамдын бардыгын шексиз сүйүү жана урмат кылуу керек. Бардыгы адилеттүү жана дин илиминде мужтахид болушкан. 

Мухаммед алейхиссаламга ыйман кылгандар башка Пайгамбарлардын үммөтүнөн жогору. 

Аза күтүү динде жок. Кайгыруу башка, аза күтүү башка. Хадиси шарифте: «Эки нерсе бар, адамды куфурга (ыймандын кетүүсүнө) алып барат. Бири – бир адамдын ата-тегин сөгүү, экинчиси - өлгөн адам үчүн аза күтүү», - деп буюрулду.

- Расулуллахка, Асхабы кирамга, Табиинге жана олуяга тавассул кылып, б.а., аларды васила (себепчи) кылып дуба кылуу дубанын кабыл болуусуна себеп болот.

- Диний далилдер мужтахиддер үчүн төрт: Китеп, Сүннөт, ижма-и уммат, Кыйасы фукаха. Авамдын (б.а., жөнөкөй адамдардын) - далили мужтахиддин фатвасы.

- Танасухка, б.а., өлгөн адамдын рухунун башка бир наристеге өтүп, кайрадан дүнүйөгө келүүсүнө ишенүү динге каршы. Мыйдайча ишенген адамдын ыйманы кетет.

- Кыямат күнү Аллаху тааланын уруксаты менен жакшылар жамандарга шапаат кылышат, ортого киришет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Шапаатым үммөтүмөн күнөөсү чоң болгондорго», - деди.

- Пайгамбардын мужизасы, олуянын керемети жана салих момундардын фирасаты (парасаты) хак.

- Олуянын керемети кайтыш болгонунан кийин дагы уланат.

- Ар бир бидат - адашкандык. Бидат – бул динге кийин киргизилген нерсе. Пайгамбарыбыз жана төрт халифасынын доорлорунда болбой, алардан кийин чыгарылган, итикад жана ибадат катары кылына башталган өзгөртүүлөр жана да чоң жамандык.

- Маасы делген бут кийимдин үстүнө масх кылып (ным кол менен сылап) даарат алынат. Жылаңач бутка масх кылынбайт.

Абу Мансур Матуриди хазреттери ирадаи жузиййа тууралуу мындай деген:

- Ирадаи жузиййа барлык эмес. Бар болбогон нерсе жаратылган болбойт, ирадаи жузиййа - кулдардагы бир абал. Кубатты бир нерсени кылуу же кылбоодо колдонуу. Кулдар ирадаи жузиййаларын колдонууда эркин. Мажбур эмес. Шайтанга «Ирада мендеги бир абал, жакшылыкка колдонсом Аллаху таала жакшылыкты жаратат. Жамандыкка сарптасам аны жаратат. Эгер сарптабасам экөөнү тең жаратпайт» деп жооп берилет.

- Аллаху тааланын кул ирада кылбаса да жаратуусу жаиз болсо да ыктыяры болгон иштерди жаратууга кулдардын ирадаларын себеп кылган. Ирадаи жузиййабыздын себеп болуусу болсо Аллаху тааланын ирадасы менен. Кул бир ишти кылууну ирада кылганда Аллаху таала дагы ошол ишти ирада кылса ал ишти жаратат. Кул ирада кылбаса ыктыяры болгон ал ишти жаратпайт. Кул ирадаи жузиййасын ибадатка сарптаса Аллаху таала ибадатты жаратат. Эгер күнөөлөргө сарптаса күнөөлөрдү жаратат. 

Анда кул дүнүйөдө жаман болуп, акыретте азап көрөт. Ушундай экендигин билген бирөөнө шайтан бир нерсе дей албайт.

«Силер бир гана Аллаху тааланын каалаганын арзуу кыласыңар!» деген маанидеги аяти кариманын маанисин Абу Мансур Матуриди хазреттери мындайча түшүндүргөн: «Ыктыярдуу иштериңер бир гана силердин ирадаңар менен болбойт. Силердин ирадаңардан кийин Аллаху таала дагы ал ишти ирада кылып жаратат.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш