Имам Абул Хасан Ашари


Ал – ахли сүннөттүн итикаддагы (ишенимдеги) имамдарынын бири. Чыныгы аты – Али бин Исмаил. Сахаба Абу Мусал Ашаринин (радиаллаху анх) урпагы. Хижраттын 260-жылы (м.873) Басрада туулуп, х.324-жылы (м.936) Багдадда кайтыш болгон. Өгөй атасы Абу Жибаи Мутазила бидат сектасынын аалымы эле. Абул Хасан Ашари алгач ошол өгөй атасынан илим алып, мутазила сектасында эле. Кийин тообо кылып, ахли сүннөт аалымы болду. Элүү беш чакты китеби бар. Курани каримге кылган тафсиринин өзү гана жетимиш томдон турат. Мутазила, Харижи жана Шии бидат топторуна каршы алардын адашкандыгын Куран жана хадистер менен далилдеп, китептерди жазган. Ал Имам Шафии хазиретинен келген ыйман илимдерин жайган. Абу Бакр Бакиллани, Абу Исхак Исфараини, Абу Исхак Ширази, Имам Газали жана "Милал ва Нихал” китебинин автору Мухаммед Шихристани сыяктуу аалымдар Ашари мазхабында эле.

Абу Мансур Матуриди менен  Абул Хасан Ашари экөө, эки башка мамлекетте вааз кылган ыйман (итикад-акыйда) жолу Пайгамбарыбыздын сахабаларына, алардын табииндерге жана мазхаб имамдарына үйрөткөн ишеними болуп эсептелет. Ахли сүннөт вал жамаат ишеними деп аталган жалгыз туура ишеним ушул.

(ЭСКЕРТҮҮ: Азыркы күндө пайда болгон кээ бир мазхабсыздар мусулмандардын арасында өздөрүн ахли сүннөтпүз деп көрсөтүү үчүн Матуриди жана Ашариден кийин үчүнчү (!) ыйман мазхабы катары "Салафи” сектасын көрсөтүүдө. Андай жаман ниеттүүлөргө алданып калбоо керек).

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш