Имам Азам Абу Ханифа


Имам Азамдын чыныгы аты – Нуман. Атасынын аты Сабит, чоң атасынын аты дагы Нуман. Ахли сүннөттүн төрт улуу имамынын биринчиси. "Имам” – "улуу аалым” дегенди билдирет. Мухаммед алейхиссаламдын жаркын дининин чоң тиреги. Теги Ирандын алдыңкы катардагы адамдарынын бирине барып такалат. Чоң атасы Ислам динин кабыл алган эле. Атасы Сабит Куфа шаарында Хазрети Али менен жолугушканда Али (радиаллаху анх) ага жана анын урпагына кайырдуу дуба кылган эле. Хижрий 80-жылы Куфа шаарында туулган. Сахабалардан (алейхимуррыдван) Анас бин Малик, Абдуллах бин Абу Авфа, Сахл бин Саад Саиди жана Абуттуфайл Амир бин Васила доорунда жашаган. Фикх илимин Хаммад бин Аби Сулаймандан үйрөнгөн. Таабиинден бир канча улуу кишилер менен жана Имам Жафар Садык менен маектешкен. Көптөгөн хадиси шарифтерди жаттаган. Мазхаб имамы болбогондо, чоң хаким (казы) боло тургандай жогорку даражада эле. Өтө акылдуу, элдерди таң калтырган зээндүү киши болгон. Фикх жаатында ааламда окшошу жок өтө жогорку даражага жетип, атагы ааламга белгилүү болду.

Эмевийлердин (Омаяддардын) акыркы, он төртүнчү халифасы болгон Марван бин Мухаммеддин доорунда Ирак акими Йазид бин Амр Имам Азамга Куфа казылыгын сунуштайт. Такыбаасы да илими сыяктуу өтө жогору болгондуктан бул сунушту кабыл кылбай четке каккан. Пендечилик менен кул акысында катачылыкка түшүп калуудан коркчу эле. Йазиддин буйругу менен башына жүз он камчы урулат. Эртеси күнү имамды чакыртып, казылык милдетин дагы сунуштайт. "Кеңешейинчи”, - деп уруксат алат. Меккеге барып, ошол жерде 5-6 жыл турат.

767-жылы Аббаси халифасы Абу Жафар Мансур сунуштаган казылык милдетин кабыл кылбагандыгы үчүн зинданга (абак) ташталат. Күн сайын 10 камчы көбөйтүп, урулат. Камчы саны 100-гө жеткен күнү шейит болот. Көзү өтөөрдө сажда кылды. Жаназа намазына элүү миңдей адам катышты. Жыйырма күн бою өтө көп адамдар келип, кабырын жанында намаз окуду. Селчук падышасы Султан Алпарсландын баласы, үчүнчү Селчук султаны Меликшахтын вазири Абу Саад Мухаммед бин Мансур Харезми Абу Ханифанын мазарына күмбөз тургузат. Кийин Осмон падышалары бул күмбөздү бир канча жолу рестоврациялап, кооздошкон.

Абу Ханифа фикх илимин алгачкы жолу бөлүмдөргө бөлүп чыккан жана ар бир бөлүмгө тийиштүү илимдерди жыйнап, "Фараиз” жана "Шурут” деп аталган китептерди жазган. Фикх жаатындагы жогорку билимин жана кыястагы (салыштырма) таң калардык талантын, күчүн харамдар жана шектүү нерселерден сактангандыгын, Ислам динин көркөм мүнөзүндө теңсиз үстөмдүгүн баяндаган өтө көп китептер жазылган. Анын шакирти өтө көп болгон, алардын арасынан  мужтахиддер чыккан.

Ханафи мазхабы Осмон мамлекети доорунда бүт тарапка жайылган. Мамлекеттин расмий мазхабы болуп эсептелген. Азыркы учурда жер бетиндеги мусулмандардын жарымынын көбү жана ахли сүннөттүн көпчүлүгү Ханафи мазхабы боюнча ибадат кылышат.

Имам Харезминин Абу Хурайрадан риваят кылган (билдирген) хадиси шарифинде: "Үммөтүмөн Абу Ханифа деген бир адам чыгат. Ал кыямат күнү үммөтүмдүн чырагы болот”, - деп айтылган. Дагы бир хадисте: "Нуман бин Сабит аттуу Абу Ханифа деп аталган бир адам келет, Аллаху тааланын дини менен менин сүннөтүмдү жандандырат” жана "Ар бир кылымда үммөтүмдүн ичинен улуу адамдар чыгат. Абу Ханифа - өз доорунун эң улуу адамы”, - деп кабар берилген. Ушул үч хадиси шариф "Мавдуат-ул-улум” жана "Дурр-ул мухтар” (2) китептеринде жазылган.

"Дурр-ул мухтар” китебинин кириш сөзүндө мындай жазылган:

"Хадиси шарифте: "Адам пайгамбар мени менен сыймыктанганы сыяктуу мен да үммөтүмдөн чыга турган аты Нуман, лакабы Абу Ханифа деген адам менен сыймыктанамын”, - деп айтылган. Бир хадисте: "Пайгамбарлар мени менен сыймыктанышат. Ал эми, мен Абу Ханифа менен сыймыктанамын. Аны сүйгөн киши мени сүйгөн болуп эсептелет. Ага душманчылык кылган адам мага душманчылык кылган болот”, - деп жазылган.  Ибн Хажер Мекки хазирети "Хайрат-ул хисан” деп аталган китебинде мына бул хадисти келтирет: "Дүйнө жүзүнүн сулуулугу жүз элүүнчү жылы кетет”. Улуу фикх аалымы Шамс-ул-аимма Абдулгаффар Кардари: "Бул хадиси шарифтин Имам Азам Абу Ханифаны көрсөтүп турганы анык. Себеби, 150-жылы кайтыш болду”,  -деген. "Бухари” менен "Муслим” хадис жыйнактарында келген хадиси шарифте: "Ыймандуулук Чолпон жылдызына кетсе, Фарис уулдарынан бири аны алып келет”, - деп билдирилген. Шафии мазхабынын аалымы Имам Суйути: "Бул хадиси шарифтин Имам Азам тууралуу айтылганын аалымдар бир добуштан кабар беришкен”, - деп айткан. Нуман Алуси "Галийа” китебинде бул хадистин Абу Ханифаны мүнөздөй тургандыгын, чоң атасынын фарси тегинен чыккандыгын жазат. Имам Газали (рахметуллахи алейх) "Ихйа-ул улумид-дин” китебинде Имам Азамды такыбаалуу, Аллах ашыгы, олуя адам деп деп мактайт. Сахабалардын жана дин аалымдарынын бири-биринен өзгөчөлөнгөн сөздөрүн бири-бирин жактырбагандыктан айтылган деп эсептөөгө болбойт. Мужтахиддер (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) Аллах үчүн, динге көмөктөшүү үчүн ижтихаддарында бири-биринен өзгөчөлөнөт.

Имам Азам жаш кезинде эле калам илими менен алектенип, чоң ийгиликтерге жеткен. Анан Имам Хаммадка 28 жыл кызмат кылып жетилген. Хаммад кайтыш болгондон кийин анын ордуна мужтахид жана муфтий болду. Анын билими, жакшылыктары, акыл-эси, такыбаасы, динди кармануусу, чынчылдыгы бардык адамдардан жогору болуп, өзүнүн замандаштары жана андан кийин келген мужтахиддер, жада калса, христиандар да аны макташкан. Имам Шафии: "Фикх илиминде адамдардын баары Абу Ханифанын балдары болуп саналат”, - деген. Ошондой эле, ал: "Абу Ханифаны касиеттүү киши деп эсептейм. Аны менен берекеттенемин. Күн сайын анын мазарына барып зыярат кыламын. Татаал жагдайга дуушар болсом, анын кабырына барып, эки рекет намаз окуйм. Аллаху тааладан суранам. Тилегимди берет”, - деген. Имам Шафии - Имам Азамдын шакирти болгон Имам Мухаммеддин шакирти эле. Ал: "Аллаху таала мага илимди эки киши аркылуу берди: Хадисти Суфйан бин Уйайнадан, фикхти Мухаммед Шайбаниден үйрөндүм”, - деген. Ошондой эле: "Дин илими жана дүнүйөлүк иштерде бир адамга карызмын, ал – Имам Мухаммед”, - деген. Дагы: "Имам Мухаммедден үйрөнгөн нерселерим менен бир жаныбарга жүк болорлук китеп жаздым. Эгер ал болбогондо андай илим эч алалмак эмесмин. Илимде бардык адам Ирак аалымдарынын шакирти болуп саналат. Ал эми Ирак аалымдары – Куфа аалымдарынын шакирттери. Куфа аалымдары болсо Абу Ханифанын шакирттери болуп эсептелет”, - деп айткан.

Имам Азам төрт миң адамдан илим алган. Имам Азамдын улуулугун таанытуу максатында аалымдар көптөгөн китептерди жазган. Ханафи мазхабында беш жүз миң дин маселеси өз чечимин тапкан.

Хафиз-и кабир деп таанылган Абу Бакр Ахмад Хорезми "Муснад” деген китебинде мындай дейт: "Сайфул аимма айты: Имам Азам Абу Ханифа Курани карим жана хадиси шарифтерден бир маселени чыгарган кезде аны алгач устаздарына айтчу эле, бардыгы макулдамайынча суроо ээсине жообун айтчу эмес”. Куфа шаарынын мечитинде сабак берген маалда, ар бир сабагына миң шакирти катышчу эле. Алардын кыркы мужтахид эле. Бир маселенин чечимин табууда аны ушул шакирттерине айтчу. Бардыгы биригип караштырчу эле. Курани каримге, хадиси шарифтерге жана сахабалардын сөздөрүнө бир добуштан ылайыктуу болсо, кубанып: "алхамдулиллахи валлаху акбар”, - дечү. Шакирттери да ушинтип айтышчу. Анан аны жаздырчу.

Хадиси шарифте: "Үммөтүмдүн эң жакшылары – менин доорумда жашагандар. Алардан кийинки жакшылар – алардан кийин келгендер. Алардан кийин жакшы болгондор – алардан кийин келгендер”, - деп айтылган. Бул хадис табииндердин табаи табиинден жакшыраак, жогору экенин билдирет. Имам Азам Абу Ханифанын кээ бир сахабаларды көргөндүгүн жана алардан хадистерди тыңдаганын, ошондуктан да, анын табиин экенин Ислам аалымдары бир добуштан билдирген. Мисалы: "Аллах ыраазычылыгы үчүн мечит салган адамга Бейиштен сарай берилет”, - деген хадиси шарифти Имам Азам Абу Ханифа Абдуллах бин Авфа деген сахабадан уккан. Шафии аалымдарынан Жалалиддин Суйути "Табйидус сахифа” деп аталган китебинде Шафии аалымы Имам Абделкаримдин Имам Азамдын көргөн сахабалары тууралуу китеп жазганын айтат. "Дуррул мухтар” китебинде Имам Азамдын жети сахабаны көргөндүгү тууралуу жазылган. Төрт мазхаб имамдарынын ичинде табиин болуу бакыты Имам Азамга гана насип болгон. Бир нерсени кабылдаган адамдардын сөзүн аны кабылдабаган адамдардын сөзүнөн жогору билүү "илми усул” илиминин эрежеси болуп саналат. Мындан да белгилүү болгондой, Имам Азам Абу Ханифа табиин болгондуктан мазхаб имамдарынын эң жогорку даражалуусу болуп эсептелет. Мусулмандардын халифасы болгон Умар (радиаллаху анх) хутба окуган кезде: "Эй, мусулмандар! Азыр менин силерге айтып турганым сыяктуу Расулуллах (алейхиссалам) да бизге хутбасында: "Адамдардын эң жакшысы – менин сахабаларым. Алардан кийинки жакшылар – алардан кийин келгендер. Алардан кийин адамзаттын эң жакшылары – алардан кийин келгендер. Ал эми, андан кийин келгендердин ичинде жалган сүйлөөчүлөр да кездешет”, - деген”. Азыркы кезде мусулмандардын карманган төрт мазхабы – Расулуллахтын "адамзаттын эң кайырлуусу (жакшысы)” деп билдирген адамдардын мазхабдары (жолдору) болуп саналат. Ошол төрт мазхабдан башка жолдорду карманууга болбой тургандыгын Ислам аалымдары бир добуштан билдиришкен.

"Бахрур раик” китебинин автору Ибну Нужайм Мысри (рахметуллахи таала алейх) "Эшбах” деген китебинде мындай дейт: "Имам Шафии: "фикх жаатында адис болууну каалаган адам Абу Ханифанын китептерин окусун”, - дейт”. Абдуллах ибни Мубарак: "Фикх илиминде Абу Ханифадан да өткөн адис адамды көргөн жокмун. Улуу аалым Мисар да Абу Ханифанын жанында таазим кылып, билбегенин сурап үйрөнчү эле. Миң аалымдан сабак алдым. Бирок, Абу Ханифаны көрбөсөм грек философторуна алданып калаар элем”, - деген. Абу Юсуф: "Хадис илиминде Абу Ханифадай аалым адам көргөн жокмун. Хадиске тафсир жасоодо андан да өткөн адам жок”, - дейт. Улуу аалым жана мужтахид Суфйан Севри: "Биз Абу Ханифанын жанында шумкардын жанындагы торгой сыяктуу элек. Абу Ханифа – аалымдардын башчысы”, - дейт. Али бин Асым: "Абу Ханифанын илими замандаштарынын илимдери менен салыштырылганда, Абу Ханифанын илими ашып түшөт”, деген. Йазид бин Харун: "Миң адамдан сабак алдым. Алардын ичинен Абу Ханифадай динге бекем, такыбаа жана акылы андан артык болгон адам көргөн жокмун”, - дейт.

Шам (Дамаск) аалымдарынан Мухаммед бин Юсуф Шафии "Укуд-ул жуман фи манакибин Нуман” деп аталган китебинде Хазрети Абу Ханифаны мактап, анын улуулугун көп баяндап, аны мужтахиддердин башчысы деп сыпаттайт. Абу Ханифа: "Расулуллахтын хадиси шарифтери – башыбыздын таажы, көзүбүздүн нуру. Сахабалардын сөзүн издеп, таап, аларга моюн сунгула. Табииндердин сөздөрү болсо, биздин сөздөрүбүз сыяктуу”, - деген.

Имам Захаби жана Ибни Хажар Макки: "Имам Азам Абу Ханифа хадис аалымы эле. Төрт миң аалымдан хадиси шарифтерди жыйнаган. Алардын үч жүзү табиин доорунун хадис аалымдары эле”, - деп жазат. Имами Шарани "Мизан” деп аталган китебинин 1-томунда: "Имам Азамдын муснад (хадис жыйнактары) китептеринин үчөөсүн изилдеп чыктым. Бардыгы табииндин атактуу аалымдарынан алынган”, - дейт. "Хадаик” китебинде мындай дейт: "Имам Азам Абу Ханифа жаттаган хадистерин жазып койчу. Жазган хадис китептерин сандыкка салып сактачу. Ушундай бир нече сандыгын өзү менен алып жүрчү эле. Аз хадис риваят кылганы анын жаттаган хадистеринин санынын аз экенин көрсөтпөйт”. Ибни Хажар Макки Шафии мазхабынын аалымы болуп туруп "Калаид” аттуу китебинде мындай дейт: "Улуу хадис аалымы Амеш Имам Азамдан бир нече маселелер тууралуу сурады. Имам Азам ар бир суроого башка хадиси шарифтер менен жооп берди. Амеш Имам Азамдын хадис илиминдеги жогорку илимин көрүп: "Эй, фикх аалымдары! Силер чыныгы дарыгерсиңер. Биз, хадис аалымдары болсо дарыларды сактай турган дарыканачы сыяктуубуз. Хадистерди жана аларды риваят кылгандарды биз кабар беребиз. Бирок, биздин айткандарыбыздын маанилерин силер түшүнөсүңөр”, - дейт.

Имам Азам (рахметуллахи алейх) күнүнө багымдат намазын мечитте окуп, түшкө чейин шакирттеринин суроолоруна жооп берер эле. Бешим намазынан кийин куптанга чейин шакирттерине илим үйрөтчү эле. Куптандан кийин үйүнө келип, бир аз эс алып, мечитке кайра барчу эле жана багымдат намазына чейин ибадат кылчу. Бул тууралуу салафи салихинден болгон Мисар бин Кедам Куфи жана башка атактуу адамдар кабар берген. Мисар х.115-жылы (м.733) кайтыш болгон.

Ал соода-сатык менен алектенип тиричилик кылчу эле. Башка жерлерге товар жиберип, пайдасына шакирттерине керектүү нерселерди алчу эле. Өз үй-бүлөсүнө да көп жумшагандыгы сыяктуу ушунча көп акчаны кедейлерге да садага да кылчу эле. Ар жума сайын ата-энесинин рухуна деп кедейлерге 20 алтын таратчу эле. Устазы Хаммаддын (рахметуллахи таала алейх) үйү жети көчө узакта болушуна карабастан, ошол тарапка бутун узатчу эмес. Шериктештеринен биринин көп өлчөмдөгү товарды Исламга кайчы жол менен сатканын угуп, бул соодадан түшкөн токсон миң акчанын баарын кедейлерге тараткан. Куфа шаарынын айылдарына каракчылар чабуул жасап, койлорун уурдап кетишет. Такыбаасы ушунчалык эле, бул уурдалган койлор союлуп, сатылышы мүмкүн деген ой менен ошол күндөн баштап, жети жыл кой этин алып жеген эмес. Анткени, бир кой эң көп дегенде жети жыл жашай тургандыгын сурап билип алган болчу. Харамдан ушунчалык деңгээлде сактанчу эле.

Имам Азам (рахметуллахи алейх) кырк жыл бою куптан намазынын даараты менен багымдат намазын окуду (б.а., куптандан кийин уктаган эмес). Элүү беш жолу ажыга барган. Соңку ажылыкка барганда Каабанын ичине кирип, эки рекет намаз окуйт. Намазда Курани каримди баштан аяк окуйт. Анан ыйлап туруп, "Эй, Раббим! Сага ылайыгы менен ибадат кылалган жокмун. Бирок, сени акыл менен түшүнүүгө болбой тургандыгын түшүндүм. Кызматымдагы кемчиликтерди ушул түшүнүгүмдүн урматын кечире көр”, - деп дуба кылат. Ошол кезде бир үн угулат: "Эй, Абу Ханифа! Сен Мени жакшы тааныдың жана мага жакшы кызмат кылдың. Сени жана кыяматка чейин сенин мазхабыңды кармангандарды кечирдим”. Имам Азам күндүзү бир жолу жана түнкүсү бир жолу Курани каримди башынан акырына чейин окуп чыкчу эле.

Имам Азамдын такыбаасы ушунчалык эле, 30 жыл бою (харам болгон беш күндөн башка) күн сайын орозо кармаган. Көбүнчө бир рекетте же эки рекетте Куранды аягына чейин окучу эле. Кээде бир азап же рахмет аятын намазда же болбосо намаздан сырткары жерлерде кайра-кайра окуп, титиреп ыйлачу эле. (Ханафи мазхабында Аллах үчүн ыйлоо намазды бузбайт). Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү ичинде бир рекет намазда Куранды аягына чейин окуу бар гана Осман бин Аффан, Тамим Дари, Саад бин Жубайрга жана Имам Азам Абу Ханифага насип болгон. Эч кимден белек алчу эмес. Кедейлер сыяктуу кийинчү эле. Кээде Аллаху тааланын ниматтарын көрсөтүү үчүн кымбат баалуу кийимдерди кийчү эле. Элүү беш жолу ажыга барып, бир нече жыл Меккеде жашаган. Кайтыш болгон жеринде (зынданда) жети миң жолу Куранды толук окуп чыккан. "Өмүрүмдө бир жолу күлгөм. Ага да өкүнөмүн”, - деген. Аз сүйлөп, көп ойлончу эле. Кээ бир дин маселелери боюнча шакирттери менен аңгемелерди уюштурчу эле. Бир түнү куптан намазын жамаат менен окуп чыгып келе жатканда бир буту эшиктин сыртында, бир буту мечиттин ичинде туруп бир маселе боюнча шакирти Зуфар менен багымдат намазына чейин сүйлөшкөн. Экинчи бутун мечиттин сыртына чыгарбай туруп эле, кайра багымдат намазын окуу үчүн ичкери киргени тууралуу китептерде жазылган. "Имам Али (радиаллаху анх) төрт миң дирхамга чейинки нафака адал деген”, - деп, тапкан акчасынын төрт миң дирхамдан артыгын кедейлерге таратчу эле.

Анын 730 шакирти болгон. Алардын бардыгы жакшылык жана дурус аракеттери менен таанымал болушкан. Көпчүлүгү казы жана муфтий болушкан. Өз уулу Хаммад да (рахметуллахи таала алейх) – көрүнүктүү шакирттеринин арасында эле.

Ижтихад менен түшүнүлө турган маселелерде Имам Азам менен шакирттеринин арасында айырмачылыктар болгон. "Үммөтүмдүн аалымдарынын арасындагы айырмачылыктар – Аллахтын ырайымы”, - деген хадис бул айырмачылыктардын пайдалуу экенин билдирет.

Имам Азам Абу Ханифа Аллаху тааладан катуу коркчу. Курани каримге моюн сунууга ыкылас коюу менен карачу эле. Өз шакирттерине: "Бир маселеде менин сөзүмө кайчы келе турган кандайдыр бир далилге ээ босоңор, менин сөзүмдү коюп, ошол далилге таянгыла!” - деген. Бардык шакирттеринин ант берип, айтуулары боюнча: "Устазыбыздын сөзү менен бирдей болбогон өкүмдөрүбүздү да ошол кишинин өзүнөн эле уккан жана үйрөнгөн башка далилдерге таянып чыгардык”.

Ханафи мазхабындагы муфтийлер Имам Азамдын сөзү менен фатва берүүгө тийиш. Анын сөзү табылбаса, Имам Абу Юсуфка багынуу керек. Андан кийин Имам Мухаммеддин сөзү менен амал кылынат. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин сөзү бир тарапта, ал эми Имам Азамдын сөзү каршы тарапта болсо, муфтий эки тарап боюнча тең фатва бере алат. Кажет болгон зарурат кезде муфтий мужтахиддердин эң оңой сөзүнө ылайык да фатва бере алат. Бирок, эч качан эч бир мужтахиддин сөзүнө терс фатва берүүгө болбойт. Берилсе, ал - фатва болуп эсептелбейт. (Фатва – каалаган бир нерсенин Ислам өкүмдөрүнө ылайык же ылайык эместигин көрсөтүү дегенди билдирет. Аны көрсөтө турган ахли сүннөт аалымы "муйтий” деп аталат).

(1) Камалиддин Мухаммед, Ташкөпрүзада Мухаммед бин Ахмад Усамаддин.х. 1032 (м.1623) жылы Стамбулда кайтыш болгон.

(2) Алауддин Хаскафий, Мухаммед бин Али. х. 1088 (м.1677) жылы каза болгон. Дамаск шаарынын муфтийи болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш