Имам Малик бин Анас


Имам Малик бин Анас бин Малик бин Аби Амир Асбахи х.90-жылы (м.708) Мединада туулган. Хижрий 179-жылы (м.795) ошол эле жерде кайтыш болгон. "Жетимиш имам бата бермейинче фатва берүүгө баштаган жокмун”, - деген Имам Малик: "Устаздарыман өтө аз киши менден фатва албаган”, - дечү эле. Имам Йафии айтат: "Имамдын бул сөзү мактануу үчүн эмес, тескерисинче, Аллаху тааланын ниматтарын көрсөтүү үчүн айтылган”.

Заркани "Муатта” деген китебине шарх (түшүндүрмө) жазган кезде мындай дейт: "Имам Малик – атактуу мазхаб имамы. Ал улуулардын улуусу, өтө бийик даражадагы адам. Пайгамбарыбыздын хадистеринин мурасчысы. Аллахтын кулдарына Анын динин түшүндүрчү эле. Тогуз жүз аалымдын мажлисинде болуп, илимдеринен пайдаланган. Өзү жүз миң хадисти  далилдери менен жыйнап, жазган. Он жети жашында сабак бере баштады. Анын сабактарына катышкандардын саны устаздарынын сабактарына катышкандардын санынан да көп эле. Хадис жана фикх үйрөнүү үчүн анын эшигинин алдына өтө көп адам жыйналчу эле. Ошондуктан, жыйналгандарга кызмат кылуу үчүн кызматкерлер жалдоого да туура келди. Илим издеп келгендерден алгач шакирттерине, анан элдин ичинен каалагандарга ичкери кирүүгө уруксат берилчү эле. Имамдын өзү дааратканага үч күндө бир жолу барчу эле. "Дааратканага көп барууга, ал жерде көп болууга уяламын”, - дечү эле. "Муатта” деп аталган китебин жазып бүтүргөн кезде өзүнүн ыкыласына шектенип, китепти сууга салат. "Эгер суу болуп калса, бул китеп мага керек эмес”, - деген. Китептин эч бир жери суу болгон эмес.

Абдурахман бин Анас мындай дейт: "Хадис илиминде азыр дүйнө жүзүндө Маликтен да өткөн ишеничтүү адам жок. Андан да өткөн акылдуу адам көргөн жокмун. Суфйан Севри хадис илиминде имам, бирок сүннөттө имам эмес. Авзаи сүннөттө имам, хадисте имам эмес. Ал эми, Имам Малик болсо – хадисте да, сүннөттө да имам”. Яхия бин Саид: "Имам Малик Аллаху тааланын кулдарына жер бетиндеги далил”, - деген. Имам Шафии айтат: "Хадис окулган жерде Малик асмандагы жылдыз сыяктуу. Илимди үйрөнүүдө, түшүнүүдө жана коргоодо эч ким Маликке жете алган эмес. Аллахтын илиминде мага эч ким Малик сыяктуу ишенимдүү эмес. Аллаху таала менен менин ортомдогу далил – Имам Малик. Малик жана Суфйан бин Уйайна болбогондо, Хижазда илим калмак эмес”.  Абдуллах атасы Ахмед бин Ханбалдан: "Захринин шакирттеринин ичинде эң мыктысы ким?” - деп сураганда: "Малик бардык илимдерде мыкты”, - деп жооп берет. Ибни Ваххаб: "Малик менен Лайс болбогондо, баарыбыз адашар элек”, - дейт. Авзаи Имам Маликтин атын укканда: "Ал аалымдардын аалымы. Мединанын эң чоң аалымы  жана Харамейндин муфтийи”, - дечү эле. Суфйан бин Уйайна Имам Маликтин кайтыш болгонун укканда: "Жер бетинде ага теңдеш адам калган жок. Ал ааламдын имамы эле. Заманынын далили, Хижаздын аалымы эле. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн күнү эле. Анын жолун карманалы”, - деген. Ахмед бин Ханбал Имам Маликтин Суфйан Севриден,  Лайстан, Хаммаддан жана Авзаиден жогору экенин айтчу эле.

Суфйан бин Уйайна мындай дейт: "Пайгамбарыбыздын: "Адамдар катуу кыйналган кездерде Мединадагы аалымдан да артыгын таба албайт”, - деген хадисинде Имам Малик тууралуу айтылган”. Имам Малик: "Ар түнү Пайгамбарыбызды түшүмдө көрөмүн”, - дейт. Мусаб мындай деген: "Атамдан уккан элем. Малик менен Масжиди Набавийада элек. Бейтааныш бирөө жаныбызга келип: "Кайсы бириңер Абу Абдуллах Малик болосуңар?” - деп сурады. Көрсөттүк. Жанагы киши ага салам берди да кучактап маңдайынан өптү: "Түшүмдө Расулуллах алейхиссаламды көрдүм. Маликти чакыргыла деди. Ушул маалда сиз келдиңиз. Титиреп турганыңызды көрүп, Пайгамбарыбыз: "Коркпо, эй, Абу Абдуллах! Отур да, көкүрөгүңдү ач!”  - деп айтты. Ачкан кезде айланага жыпар жыт тарады”, - деп айтты. Имам Малик ыйлады, анан: "Бул түшүңүздүн мааниси - илим”, - деп айтты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш