Имам Шафии


Имам Шафинин (рахметуллахи алейх) чыныгы аты – Мухаммед бин Идрис бин Аббас бин Осман бин Шафии, сегизинчи атасы – Хашим бин Мутталиб бин Абди Манаф. Расулуллахтын аталарынын бири болгон Хашим – ошол Хашимдин агасы. Бешинчи атасы Саиб Бедир согушунда душман тарабында эле. Кийин баласы Шафии экөө ыйман келтирип, сахаба болушат. Ошол себептен Имам Шафии деген ат менен таанымал болгон. Энеси Хазрети Хасандын тегинен чыккан. Имам Шафии хижраттын 150-жылы (м.767) Газзада дүйнөгө келди. х.204-жылы (м.820) Мысырда (Египед) кайтыш болгон. Эки жашында Меккеге алып барылып, кичинекей кезинде Курани каримди, 10 жашында Имам Маликтин "Муатта"  китебин жаттады. Он беш жашында фатва бере баштады. Имам Маликтен илим жана фейз алды. Хижраттын 185-жылы Багдадга барат. Эки жылдан кийин Меккеге ажыга, 198-жылы Багдадга, 199-жылы Мысырга барып ошол жерде жайгашып калат. Кайтыш болгондон кийин көп убакыт өтүп сөөгүн Багдадга алып барууну каалагандар болду. Ошентип, кабыры казылган кезде бүт тарапка жыпар жыт тарады. Ошол жердегилер мас болуп, казуудан баш тартышты. Илим, ибадат, такыбаа, акылдуулук жана зэйректик жагынан доорундагы имамдарга караганда өтө жогорку даражада эле. Өзүнөн мурункулардын да көбүнөн жогору эле. Мазхабы бүт тарапка тарады. Харамейн (Мекке-Медина) жана Палестина толугу менен Шафии мазхабына кирди. "Курайш аалымы жер бетин илим менен толтурат", - деген хадиси шариф Имам Шафини билдирет. Абдуллах атасы Ахмед бин Ханбалдын Имам Шафии үчүн көп дуба кылганын көрүп, анын себебин сурайт. Ошондо Имам Ахмед бин Ханбал: "Балам, Имам Шафинин адамдар арасындагы орду асмандагы күндөй. Ал – рухтардын шифаасы", - деген. Ал кезде "Муатта" китебинде 9500 хадис болгон. Кийин кыскартылып, 1700 хадистен турган абалга келтирилген. Ага "Насыр-ус-сунна" (диндин жардамчысы) деген ат берилген. Төрт жылдай кыска убакыттын ичинде бир мазхаб калыптандыруу таң калардык жагдай эле. Имамдын өмүр баяны менен үстөмдүктөрүнө арналган кырктан ашуун китеп жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш