Имам Ахмед бин
Ханбал Шайбани Марузи (рахметуллахи алейх) хижраттын 164-жылы (м.780) Багдадда
туулган. Хижратын 241-жылы (м.855) ошол жерде кайтыш болгон. Хадис жана фикх
илиминде имам болгон. Сүннөттүн акыйкаты жана назик маселелерде чыныгы адис
эле. Такыбаасы менен таанылган адам болгон. Хадиси шариф жыйноо үчүн Куфа,
Басра, Мекке, Медина, Йемен, Шам жана Алжирге барды. Имам Шафииден фикх илимин
үйрөндү. Ал мындан хадис алды. Ибрахим Харби: "Ахмед ибни Ханбалды көрдүм.
Аллаху таала бардык илимди анын моюнуна жүктөгөн эле”, - дейт. Кутайба бин
Саид: "Эгер Имам Ахмед бин Ханбал Севри, Авзаи, Малик жана Лайс бин Саад
доорунда жашаганда алардан да жогору болмок. Ал бир миллион хадис жаттаган”, -
дейт.
Имам Шафии ага
Мысырдан кат жиберет. Аны окуп ыйлайт. Себебин сурашканда: "Түшүндө
Расулуллахты көрүптүр. Пайгамбарыбыз: "Абу Абдуллах Ахмед бин Ханбалга кат
менен салам айт. Курани каримдин жаратылган нерсе экендиги тууралуу андан элдер
сурашат. Жооп бербесин”, - деп айтыптыр”, - дейт. Анын жаназасына 800 миң эркек
жана 60 миң аял катышкан. Ал дүйнөдөн көз жумган күнү 20 миң яхуди, христиан
жана мажуси Ислам динин кабыл кылган.
Ахли сүннөттүн
ушул төрт имамы хадис аркылуу макталган, экинчи кылымдын эң улуу адамдары болуп
эсептелет.
Төртөө тең "Ихсанда аларга (сахабаларга) таби (ээрчүү) болгондордон
Аллаху таала ыраазы” деген аяттагы бактылуулардын катарына кирет.
Каалаган бир мусулман ошол имамдардын биринин мазхабын, жолун карманбай,
хадисте "жалгандар таралат” деген эң жаман доордогу
сабатсыз жана төмөн адамдардын биринин айтканын ээрчисе, бул анын акылсыздыгын
көрсөтөт. Аллаху таала "Улул-амрга багынгыла!” - деп
айтты. Улул-амр – "аалымдар же болбосо аалымдардын өкүмдөрүн аткаруучу
өкмөттөр”, - деп тафсир кылынган. Эки тафсир боюнча да, мазхаб имамдарына моюн
сунуу важиб. Мутлак мужтахид(1) болбогон аалымдардын да белгилүү бир мазхабды
кармануулары шарт болгон мукаллидге(2) жата тургандыгын усул аалымдары бир
добуштан билдирген. Мужтахиддердин бир добуштан айткандарынан айрылуунун харам
экенин Ниса сүрөсүнүн 114-аятынан көрүүгө болот.
(1) Бир мазхаб
кура ала турган деңгээлдеги улуу аалым. Сахабалардын бардыгы жана белгилүү төрт
мазхабдын имамдары мутлак мужтахид эле.
(2) Мутлак
мужтахид болбогон жана белгилүү бир мазхабды кармануусу важиб болгон адамдар.