Шит алейхиссалам


Адам алейхиссаламдан кийин жиберилген пайгамбар. Адам алейхиссаламдын уулу. Адам алейхиссаламдын уулдарынан Хабил менен Кабилдин ортосунда чыккан келишпестиктин натыйжасында Кабил Хабилди өлтүргөндө Аллаху таала Хазрети Адамга, Хабилге карата ихсан катары жаңы бир уул берди. Адам алейхиссаламдын бардык балдары эгиз туулса да Шит алейхиссалам жалгыз туулду. Шит аты берилген жаңы уулунун ысымы Ибраниче болуп, Арапча мааниси «Аллахтын белеги» деген мааниде. «Шис» деп да аталган.

Адам алейхиссаламдын уулдарынан Кабил Хабилди шейит кылгандан кийин туулган Шит алейхиссалам акыркы пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын нурун маңдайында алып жүрдү. Бул себептен Адам алейхиссалам аны абдан сүйчү эле. Бардык балдарынын үстүнө аны башчы кылгандай эле кайтыш боло турчу кезинде да бүткүл жер жүзүнүн халифалыгына аны дайындады. Бул тууралуу ага осуятын айтты. Айрыкча, илахий сырларды билдирип, бардык илимдерди үйрөттү.

Пайгамбарыбыздын нуруна байланыштуу Шит алейхиссаламга мындай деп осуят айтты: «Уулум! Маңдайыңда жаркыраган бул нур акыркы пайгамбар болгон Мухаммед алейхиссаламдын нуру. Бул нурду момун, таза жана намыстуу аялдарга тапшыр жана өз уулуңа да ушинтип осуят кыл.»

Шит бул осуят аркылуу салиха бир кызга үйлөндү. Кийин балдарына да ушундай осуят айтты. Алар дагы бул осуятка баш ийип, ушундайча улана берди.

Адам алейхиссалам көз жумгандан кийин Аллаху таала Шит алейхиссаламга пайгамбарлык берди. Элүү бет (форма) кичи китеп түшүрдү. Бул китептерде хикмат илими, математика, курулуш билимдери, химия илими жана башка бир нече илимдер билдирилди.

Шит алейхиссаламдын заманында адамдар көбөйүп, ар тарапка жайылышты. Аларга Аллаху тааланын буйруктарын билдирип, ыйман келтирүүгө чакырды.

Шит алейхиссаламдын дининин негиздери Адам алейхиссалам билдирген диндин негиздерине ылайык эле. Шит алейхиссалам көбүнчө Шамда жашап, адамдарга Аллаху таалага ыйман келтирүүнү жана буйруктарына биш ийүүнү билдирүү менен таблиг милдетин орундады. Миң шаар куруп, чегараларын белгиледи. Шит алейхиссаламдын балдары жана неберелери ал курган шаарларды жашап, Аллаху таалага ибадат менен алектеништи. Абдан бейпил өмүр сүрүштү. Араларында душмандык жана көралбастык жок эле. Жамандыктардан, арамдардан жана баш көтөрүп каршы чыгуучулуктан алыс турушчу.

Шит алейхиссалам Шамдан Йемен тарапка барып, чектен чыгып, бузуку өмүр сүргөн Кабилдин уулдарын Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууга чакырды. Бирок, бул коом Шит алейхиссаламдын чакыруусун кабылдабай, бузукулуктарын уланта беришти. Шит алейхиссалам алар менен согушту. Бул согушта кылыч колдонду. Алгачкы болуп кылыч колдонгон адам – ал. Йемендеги бул көпкөн коомдун бир бөлүгүн кылычтан өткөрдү, бир бөлүгүн болсо туткундады. Атасы Адам алейхиссалам менен же бир туугандары менен Каабаны ылай колдонуп, таштан тургузду.

Соңку пайгамбар болгон Мухаммед алейхиссаламдын нуру Шит алейхиссаламдан анын уулу Анушка өттү. Шит алейхиссалам уулу Анушка атасы Адам алейхиссаламдын Мухаммед алейхиссаламдын нуруна байланыштуу өзүнө айткан осуятын кылды жана Анушту жер жүзүнө халифа кылып дайындап көз жумду. Өмүрүнүн тогуз жүз он эки же тогуз жүз элүү же тогуз жүз жыл болгондугу риваят кылынган. Пайгамбарлыгынын болсо эки жүз сексен эки же эки жүз он эки же эки жүз кырк эки жыл болгондугу риваят кылынган.

Шит алейхиссаламдан кийин көбөйүп, жер бетинин туш тарабына таралган адамдар бара-бара туура жолдон алыстап, көп жамандыктарды кыла башташты.  Аллаху таала аларга Идрис алейхиссаламды пайгамбар кылып жиберди.

Шит алейхиссалам Адам алейхиссаламдын калган балдарынын баарынан жакшы жана пазилеттүү эле. Келбети жана ахлагы  атасына окшогондуктан Адам алейхиссалам аны калган балдарынан да көбүрөөк сүйчү эле. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш