Идрис алейхиссалам


Курани каримде ысымы өткөн пайгамбарлардан. Шит алейхиссаламдын неберелеринен. Асыл аты Ахнух же Ханух. Курани каримде Идрис деп билдирилди. Өзүнө пайгамбарлык, хикмат, султандык берилгендиги үчүн «Мусаллас бин-Нима» (өзүнө үч немат берилген) деп дагы аталган. Атасынын аты Ярд, энесини аты Барра же Ашват. Бабилде же Мысырда Муниф делген жерде туулгандыгы риваят кылынган. Өзүнө отуз сухуф (форма) китеп берилген. Тирүү абалда асманга чыгарылды.

Адам алейхиссаламдан жана Шит алейхиссаламдан кийин адамдар материалдык жана руханий жактан бузулушкан. Идрис алейхиссалам арасында өзү жашаган Кабилдин урпагынан бир коомго пайгамбар кылып жиберилди. Ар кандай каршы чыгуучулук, жамандык жана күнөөлөр кылынган бул коомго Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын билдирди жана Аллаху таалага кулдук кылууларын сабыр менен түшүндүрдү. Аллаху таала ага отуз бет (форма) китеп жиберди. Жабраил алейхиссалам төрт жолу келип, Аллаху тааланын буйрук тыйууларын үйрөттү.

Идрис алейхиссалам коомуна өзүнөн кийин келе турчу пайгамбарларды, Мухаммед алейхиссаламдын сыпаттарын билдирдди. Өзүнөн кийин келе турчу Нух топонун жана Акыр заман пайгамбары Мухаммед алейхиссаламды толук түшүндүрдү. Пайгамбар экендигин далилдеген бир канча мужизаларды көргөздү. Бирок, коомунан өтө аз киши ага баш ийди, көбү ага каршы чыгышты. Ошондон кийин Идрис алейхиссалам өзү жашап турган Бабил жеринен Мысырга хижрат кылды. Өзүнө ыйман келтиргендер менен бирге ушул жерге отурукташты. Аллаху таала ага жетимиш эки тилде сүйлөөнү насип кылды. Ар коомду алардын өз тилдери менен хак динге чакырды. Согуш куралдарын жасап, капырлар менен жихат кылды.

Адамдарга шаар куруу өнөрүн жана башкаруучулук илимин үйрөттү. Жүз шаар курду. Булардын эң кичинеси Диярбакыр калаасынын жанындагы Раха деген шаар. Ар ким үйрөнгөн бул эрежелерге карай өз мекендеринде да көптөгөн шаарларды курушту.

Адамдарга түркүн илимдерди үйрөттү. Көп кишиге хикмат жана риязия (математика) сабактарын берди. Техника илимдери, медицина жана жылдыздар менен байланыштуу өтө назик жана терең маселелерди түшүндүрдү. Аллаху таала ага асмандардын түзүлүштөрүн, эмнеден тургандыктарын, жылдыздарга байланыштуу терек маалыматтарды, жыл санын жана эсеп илимин үйрөттү. Идрис алейхиссалам коомуна калем менен жазуу жазууну, ийне менен тигүү өнөрүн үйрөттү. Үйрөткөн илимдери Аллаху тааланын билдирүүсү менен болду. Болбосо адам баласынын акылы менен зээни бир гана изилдөө жолу менен бул маалыматтарга жетүүсү мүмкүн эмес эле. Эски гректер жана кийин келген философтор физика, химия жана медицина маалыматтарын Идрис алейхиссаламдын китебинен алышкан.

Идрис алейхиссалам көп жылдар бою адамдарды хак динге чакырды. Жер жүзүнүн жакшы жерлерин төрт аймакка бөлүп, ар бирине бир өкүл дайындады. Бир канча убакыттан кийин Ашура күнү асманга чыгарылды. Дүнүйөдөгү өмүрүнүн акырына карай өлүм периштеси Азраил алейхиссалам Идрис алейхиссаламды зыярат кылууга келди. Идрис алейхиссалам Азраилге: «Бир нече убакытка менин рухумду ал», - деди. Ошондо Аллаху таала Азраил алейхиссаламга: «Анын рухун ал!» - деп вахий кылды. Азраил алейхиссалам рухун алды. Аллаху таала Идрис алейхиссаламдын рухун кайра кайтарып берди. Идрис алейхиссалам Азраил алейхиссаламга: «Мени асмандарга алп бар. Жаннатты жана Жаханнамды көрөйүн», - деди. Аллаху таала Азраилге аны асмандарга алып баруусун, Жаханнамды жана Жаннатты көрсөтүүсүн вахий кылды. Идрис алейхиссаламга Жаханнам көрсөтүлдү. Жаннатка алып барылды. Жаннатка киргенде чыккысы келбеди. Өзүнөн «Эмне үчүн чыккың келбей жатат?» деп суралганда: «Аллаху таала: «Ар напси өлүм даамын татат», - деп буюрду. Мен болсо өлүм даамын таттым. Дагы Аллаху таала: «Ар ким Жаханнамга бир кайрылат», - деп буюрду. Мен ал жерге кайрылдым. Аллаху таала: «Алар ал жерден (Жаннаттан) чыгышпайт», - деп буюрду. Ошон үчүн мен Жаннаттан чыккым келбейт», - деди. Ошондо Аллаху таала Азраилге вахий кылып, Идрис алейхиссаламдын Жаннатта калуусун билдирди. Идрис алейхиссалам ушундайча Жаннатта калды. Бул тууралуу Курани каримде Мариям сүрөсү 57. ыйык аятында «Биз аны бийик бир мекенге чыгардык» деген мааниде билдирилген. Тафсир аалымдары бул ыйык аятта билдирилген «бийик мекен» деген сөздүн мааниси пайгамбарлык жана Аллаху таалага жакындык мартабасы же Жаннат же алтынчы же төртүнчү кабат асман экендигин билдиришкен.

Чындыгында Бухари жана Муслимде билдирилген хадиси шарифте Пайгамбарыбыз алейхиссалам Миражга чыккан кезде Хазрети Идристи төртүнчү кабат асманда көргөндүгүн билдирген эле. Идрис алейхиссалам тирүү абалда асманга чыгарылганда аны абдан сүйгөн адамдар Идрис алейхиссаламдан ажыроонун кайгысына чыдай алышпады. Эстеп туруу үчүн сүрөтүн тартышты. Кийинки келген урпактар бул сүрөттү теңир деп эсептеп, түркүн айкелдер жасалып аларга сыйынышты. Мына ушундайча бутпарастык пайда болду.

Идрис алейхиссалам бактардын жалбырактарынын санын билчү. Дуба кылып жатканда (Би ададил-аврак) «Бактардын жалбырактарынчалык» деп таспих окучу. Жылдыздарга байланыштуу илимди билчү. Коомун ыйманга чакырганда жылдыздардын тобу, абалы жана калган өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүнү суранышты. Идрис алейхиссалам муну кеңири түшүндүрдү. Жылдыздардын жагдайларын түшүндүрдү. Ошондуктан «нужум илими» Хазрети Идристен калган деп айтылат. Периштелер топ-топ болуп аны зыяратка келип, көрүнүшчү. Ар биринин атын, милдетин, таспихин билчү. Асманда учуп баратканда аларды көрчү. Асмандагы булуттарга тароону буйрук кылганда булуттар таркап, тилге келип аны менен сүйлөшчү. Булар - Аллахтын Идрис алейхиссаламга берген мужизалары.

Идрис алейхиссаламдын хикматтуу сөздөрүнөн кээ бирлери мына булар:

«Акылдуу кишинин мансабы бийиктеген сайын жөнөкөйлүгү көбөйөт».

«Жахил кишинин мансабы бийик болсо да даанышман заттарды кор жана төмөн көрөт».

«Достор арасындагы чыныгы сүйүү - ичинде бир жеке пайда көрүү жана өзүнөн бир зыянды кетирүү оюу болбогон сүйүү».

«Адамда болгон эң пазилеттүү гаухар – анын акылы. Ээсин өкүнтпөгөн эң баалуу нерсе – салих амалы».

«Жакшы сапаттарды эң үстөмү – ачуулуу кезде тууралык, кыйналып турганда жоомарттык, жаза берүүгө күчү жетип турса да кечирүү».

Курани каримдин Мариям, Анбия сүрөлөрүндө Идрис алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш