Нух алейхиссалам


Идрис алейхиссаламдан кийин жиберилген пайгамбарлардан. Аллахтан коркуудан дайым ыйлагандыктан ысымы көп ыйлаган деген маанини туюнткан «Нух» деп аталган. Идрис алейхиссалам адамдарга пайгамбар катары жиберилип, аларга туураны көрсөткөндөн кийин тирүү абалда асманга чыгарылды. Анын асманга чыгарылуусунан кийин адамдар туура жолдон айрылышты. Анын жакшы көргөндөр андан ажыроонун кайгысына чыдай алышпады. Сүрөтүн тартып, ушундайча өздөрүн сооротушту. Кийинки келгендер бул сүрөттөрдү теңир деп эсептешип, түрдүү айкелдерди жасап, аларга сыйына башташты. Ушундайча адамдардын арасында бутпарастык пайда болду. Адамдар буттарга сыйына башташкандан кийин күн өткөн сайын араларында зулумдук, зөөкүрлүк, фитна, ахлаксыздык сыяктуу жамандыктар жайылды.

Хазрети Нух ушундай бир жамияттын ичинде балалагындан бери туура жолдо болгон, Аллаху таалага ибадат кылган салих кул эле. Сугат иштери менен, дыйканчылык менен, мал багуучулук менен, жыгач устачылыгы жана үй куруу иштери менен алек болду. Туура жолдон тайган адамдардын жамандыктарынан толугу менен узак турду. Элүү жашында Аллаху таала анын адамдарга пайгамбар кылып жиберди. Өз заманында жашаган бүткүл адамдарга пайгамбар кылып жиберилген Нух алейхиссалам өмүрүнүн акырына карай адамдарды Аллаху таалага ыйман келтирүүгө, Анын буйруктарына баш ийүүгө чакыра тургандыгына сөз (мисак) берди. Ага жаңы бир дин жана китеп берилбестен өзүнөн мурдагы пайгамбарлардын диндериндеги өкүмдөрдү тогуз жүз элүү жыл адамдарга түшүндүрдү, аларды хидаятка чакырды. Пайгамбар катары жиберилген адамдар Курани каримде бутка сыйынган, күнөөкөр, жаман жана көңүлдөрү карайган бир эл катары сыпатталган. Курани каримде мындай мааниде билдирилди: «Албетте, биз Нухту (алейхиссалам) коомуна расул кылып жибердик». (Араф сурөсү 59)

Нух алейхиссалам коомуна аларга пайгамбар кылып жиберилгендигин, буттарга сыйынуудан, уурулуктан жана зулумдуктан баш тартып, Аллаху таалага ыйман келтирип, Анын буйруктарына уйууну билдирди. Бирок, зулум жана кыйноого үйрөнгөн жана башкаларды кыйноо астына алгылары келген адамдар ишенишпеди жана ага душман болушту. Нух алейхиссалам аларга насаат кылып: «Мен силерге туура жолду көрсөтүү, зулумдукту кетирип, адилеттикти жайуу үчүн Аллах тарабынан жиберилдим. Баарыңар буттарга сыйынуудан баш таптып, бир болгон Аллахак ибадат кылууңарды, кулчулук кылууңарды билдирүүдөмүн», - деди. Коому болсо бул чакырууга ишенбей, буйруктарда баш ийбестиктен жана адашуучулуктан баш тартышкан жок. Өтө аз киши ыйман келрилген эле. Бирок, Нух алейхиссалам динди түшүндүрүү милдетин орундап, өз коомун тартынбастан, чаалыкпастан дайыма Аллахка ыйман ыйман жана кулдук кылууга чакырып, карчы чыга турган болсо азапка түшө тургандыктарын билдирип жатты. Коому болсо бул чакырууга баш ийбегендей эле Нух алейхиссаламды өздөрүнө туураны, хакты түшүндүрүп жатканда кулак аспоо үчүн манжалары менен кулактарын бүтөп, аны көрбөө үчүн кийимдерине баштарын жашырып жатышты. Бир тараптан болсо ага ишенгендерге да азап көрсөтүп жатышты.

Хазрети Нухтун чакыруусу күндөн күнгө алыс-жакындан угулуп, бардык жакта ал тууралуу сүйлөшүлүп жатты. Ага ыйман келтирбегендер болсо буга тынчсызданышып, душмандыктарын барган сайын күчөтүп жатышты. Нух алейхиссалам улам кутурган коомуна: «Мен силерге кыйын болгон бир нерсени сунуштап жаткан жокмун. Бутка сыйынуудан баш тартып, Аллаху таалага ибадат кылгыла. Силердин ар бир тобуңар башка бир топтон коркуп зулумдук көрүп жатасыңар жана өзүңөр да зулумдук кылып жатасыңар. Аллахтан корккула, зулумдук кылгандардан жана зулумдук көргөндөрдөн болбогула», - деп жатты.

Жылдар өтүп жатты, Нух алейхиссалам болсо динге чакыруу вазыйпасын тынбастан орундап жатты. Өтө аз киши ага ыйман келтирген эле. Калган адамдар болсо иши бар заалымдар, жаман иштер менен алектенген ыплас адамдар же туткун, муктааж адамдар эле. Күн өткөн сайын бетпактыктарын көбөйткөн бул адамдар бүлүк чыгаруудан, бузукулуктан эч тыйылбай жатышты. Нух алейхиссалам ушул даражага чейин түшкөн адамдарга жан ачып, мээрим жана сабырдуулук менен аларды куткарууга аракет кылып жатты. Алар болсо муну түшүнбөстөн каршы чыгып, Хазрети Нухка таш ыргытышып, аны шаардан кууп, үйүн талкалап, жолдон адашкан адам деп жалаа жаап жатышты. Кылган жамандыктарын эч түшүнбөй, булардан баш тартышкан да жок. Алардын бул каршы чыгуулары үчүн Аллаху таала буларга ачуусун жиберди. Жылдар бою жамгыр жаадырган жок. Мал-жандары кыйрап жатты. Эгиндери, бакчалары куурап, байлыктарынан кол жуушту, тукум улоолору токтоду. Эң төмөн муктаж, кедейликке тап болушту.

Алардын бул абалдарынын каршысында Нух алейхиссалам: «Эй, коомум, башыңарга түшкөн мынчалык балээлер силердин кылган күнөөлөрүңөрдөн улам болду. Буттарга сыйынып, Аллахка ибадат кылуудан баш тарткандыгыңар үчүн Аллаху таала силерге ачууланды. Бул себептен жамгыр токтоду. Чоң кыйынчылык жана азапка дуушар болдуңар. Бирок, Раббиңерден күнөөлөрүңөрдүн кечирилүүсүн тилегиле, силерди кечирип, үстүңөргө рахмат жамгырын жөнөтсүн. Силерге мал-мүлк, наристе ихсан кылып жардам берсин. Акыры бир күнү өлүп, кабырга киресиңер. Раббиңер силерди бир мөөнөт кабырда күттүргөндөн кийин тирилтет жана амалдарыңардын жазасын жана сыйлыгын берет», - деп дагы бир канча нерсени жакшылап түшүндүрүп, аларга бекем насаат айтты. Аллахка каршы чыгуудан баш тартышпаса дагы да оор азаптарга тап боло тургандыктарын билдирди.

Нух алейхиссаламга ишенбей, буттарга сыйынган бил эл: «Эй, Нух, чындыгында биз менен көп күрөштүң, мындан баш тартпадың. Бул ишти баштаган күндөн тарта бизди токтобостон азап менен коркутуп келатасың. Эми жетет, айткан сөзүң туура болсо ошол айтып аткан азабыңда алып кел көрөлү. Эмне болсо ошо болсун», - деп, анын насааттарын, чакырууларын эч кабыл кылышпагандыгы Курани каримде Худ сүрөсүндө (32. аят) билдирилүүдө.

Нух алейхиссалам коомунун бул мамилесинен эч жылбастан динге чакыруу милдетин орундаса дагы алардын эч ыйман келтирбей тургандыктарын абдан жакшы түшүндү. Ошондо мындай мааниде дуа кылгандыгы Курани каримде билдирилүүдө:

Нух (алейхиссалам) мындай деди: «Эй, Раббим! Жер жүзүндө кыймылдаган эч бир капырды калтырба! Эгер сен аларды калтырсаң кулдарыңды адашуучулукка, бузукулукка жетелешет. Мындан кийин да алардын бала-бакырасы болбойт. Болсо да ал балдары күнөөдө жана күфүрдө алдыңкылардан болушат. Эй, Раббим! Мени, энемди, атамды, момун болуп үйүмө келгендерди, эркек, аял бардык момундарды магфират кыл, кечир, заалымдардын (капырлардын) болсо бир гана курууларын жана кыйроолорун көбөйт». (Нух сүрөсү, 26-28. Аят) жана «(Нух алейхиссалам дуа кылып) мындай деди: «Йа, Рабби! Чындыгында коомум мени жалганга чыгарды. Эми мени менен алардын арабыздагы өкүмдү сен бер. Мени жана мени менен бирге болгон момундарды куткар». (Шуара сүрөсү, 117-118)

Нух алейхиссаламдын бул дуасынан кийин Курани каримде Аллаху тааланын ага мындай мааниде вахий кылгандыгы билдирилүүдө:

«Нухка вахий кылынды, коомунан мурда ыйман келтиргендердин сыртында эч ким ыйман келтирбейт. Андай болсо сен коомуң сени жалганга чыгаргандыгы үчүн жана сага кыйынчылык тарттыргандыгы үчүн капа болбо, кайгырба, алардан өч алуу убагы келди. Көзөмөлүбүз астында жана вахий кылганыбыздай, билдиргенибиздей бир кеме жаса! Заалымдар (капырлар) тууралуу мага дуа кылба. Себеби, алар (сууда) чөгүшөт.» (Худ сүрөсү, 36-37)

Нух алейхиссалам өзүнө жиберилген вахий менен дароо бир кеме жасай баштады. Кеменин жасалуусунда Жабраил алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен жардамчы болуп, кантип жасалуусу керек экендигин көрсөтүп жатты. Нух алейхиссалам жана ыйман келтирген момундар дагы кеменин жасалуусунда эмгектеништи. Кеменин курулуусун көргөн бутпарастар «Эми жыгач усталык кыла баштадыңбы?» дешип мазактап жатышты. Хазрети Нух болсо: «Мени мазактап жатасыңар, бирок, шерменде кыла турчу азаптын кимге келе тургандыгын жана кимге тынбай азап түшө тургандыгын көрөсүңөр», - деп жатты.

Нух алейхиссалам кылымдар бою адамдарды Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырганына карабастан ыйман келтирбегендиктери үчүн куру турчу кездери жакындаганда акыркы жолу мындай деди: «Эй, адамдар! Мен силерге туура жолду көрсөтүү үчүн Аллах тарабынан милдеттендим. Өмүр бою силерге насаат кылдым. Укпадыңар, мени мазактадыңар, сабырдуулук кылдым. Мага ишенгендерге кыйынчылык тарттырып, көңүлдөрүн ооруттуңар, Аллаху таала жер жүзүн зулум менен күфүрдөн тазалайт. Келгиле, чакыруумду кабылдагыла. Жахилдик кылбагыла. Аллаху таалага моюн сунгула. Мен силердин жакшылыгыңарды каалайм. Силер билбейсиңер, бирок, Аллахтын азабы эң кыска убакытта чоң бир топон абалында келет. Менин билдиргендериме ишенбеген ар ким курутулат. Мына бул мен жасаган кеме – ыймандуулар отуруп, кутула турчу кеме. Аллахка ыйман келтирбегендер сууда чөгүшөт. Кутулууну каалаган адам ыйман келтирсин жана мени менен жолчу болсун. Бул менин – ар ким угуусу керек болгон акыркы сөзүм.»

Нух алехиссаламдын соңку айткан бул сөздөрүнө дагы баш ийбеген адамдар: «Эй, Нух, көп жылдардан бери бул сөздөрдү айтып жатасың. Азыр болсо куруган бир чөл ортосунда чоң кеме жасадың. Бизди топон менен коркутуудасың, биз болсо сага дагы, айткан сөздөрүңө дагы ишенбейбиз», - дешти.

Акыры кеменин жасалуу иштери аяктады. Хазрети Нух жасаган үч кабаттуу экендиги айтылган бул кеме от жагылып, казаны кайноо менен кыймылдагандыгы (буу менен иштеген кеме экендиги) Курани каримде ачык билдирилген. Худ сүрөсүнүн 40. ыйык аятында мындай мааниде билдирилди:

«Акыры курута турчу буйругубуз, азабыбыздын убагы келген, таннурдун (очоктун) ташып атырылган (же кеме казаны кайнаган) кезде биз Нухка минтип буйрук кылдык, пайдаланылчу айбандардын ар түрүнөн эркек жана ургаачы бирден жуп айбанды кемеге сал. Үстүнө чөксүн деген буйрук тагдыр кылынгандардан сырткары үй-бүлө калкың менен ыйман келтиргендерди кемеге жүктө. Ансыз да, Нухка ыйман келтиргендер өтө аз эле.»

Кемеге мине турчулар даяр болгондо Хазрети Нух аларга Аллаху тааланын ысымы менен кемеге отурууларын айтты. Бүткүл момундар ошол кутурган капырлардын көз алдыларында Хазрети Нух менен кемеге түшүштү. Чындыгында, Курани каримде мындай мааниде айтылган:

«Нух (алейхиссалам) кемеге түшө турчуларга: «Аллаху тааланын ысымы менен киргиле, кеменин жүрүүсү жана токтоосу Аллаху тааланын ирадасы менен. Менин Раббим момундарды кечирүүчү жана мээрими менен топондун балээсинен куткаруучу», - деди». (Худ сүрөсү, 41) Дагы Курани каримде мындай мааниде айтылды:

«Эй, Нух, сен жана жаныңдагылар кемеге жайгашканда «Бизди заалым (капыр) элден куткарган Аллахка хамд болсун. Раббим мени аракеттүү бир жерге түшүр, сен түшүргөндөрдүн эң кайырлуусусуң» де.» (Муминун сүрөсү, 28, 29)

Нух алейхиссалам ар жаныбардан бирден жуп алып, ыйман келтиргендер менен бирге кемеге жайгашкандан кийин асмандан катуу жамгыр жаай баштады жана жерден да суулар атырылып чыга баштады. Бардык жерди суу баса баштады. Суулар көтөрүлүп, тоолорду басып калды. Кеме болсо тоолордой болгон толкундардын ортосунда калды. Нух алейхиссаламга ишенбеген бутпарас коом сууга чөгүп, курутулду. Бул топон окуясы Курани каримде Камар сүрөсү, 11 жана 12. Аятта билдирилген.

Топон башталган учурда Нух алейхиссаламдын ыйман келтирбеген уулу Йамга (Кенан) ыйман келтирип кемеге түшүүсүн айтса да уулу: «Тоого чыгып суудан кутулам», - деп түшпөдү. Бир толкун келип аны да алып кетти. Сууга чөккөндөрдүн арасында Хазрети Нухтун аялы да бар эле. Ал дагы ыйман келтирбеген эле. Топон алты ай уланды. Алты айдан кийин Аллаху тааланын «Эй, жер! Сууңду жут жана эй, асман, сууңду карма..» деген маанидеги буйругу менен (Худ сүрөсү, 44) жамгыр токтоп, суулар тартылды.

Нух алейхиссаламдын кемеси Мухаррам айынын онунда ашура күнү Хаккариде Жуди тоосунун үстүнө отурду. Мындан кийин адамдар Нух алейхиссаламдын үч уулунан тарашты. Бул жагынан караганда Нух алейхиссалам экинчи Адам деп аталды. Нух алейхиссалам миң жашта кайтыш болду. Нух алейхиссаламдын Сам аттуу уулунан Арап, Фарс жана Рум коому, Хам аттуу уулунан Индустан, Хабаш жана Африка калкы, дагы бир уулу Яфастан Азиялыктар жаана Түрктөр тарады. Акыры адамдар убакыт өтө көбөйүп, Азияга, Европага, Океанияга жана Беринг кысыгы аркылуу Америкага өтүп, бүткүл жер жүзүнө тарашты.

Нух алейхиссалам Курани каримде шакур (көп шүгүр кылган кул) сыпаты менен эскерилип, бир нече аяти каримада ал тууралуу эскерилген. Айрыкча Курани каримдеги сүрөлөрдөн бири Нух сүрөсү болуп, бул сүрөдө Нух алейхиссалам тууралуу баяндалган. Улулазм пайгамбарлардын арасында Нажийуллах (Аллаху таалага карата дайым таважжухта жана мунажаатта болуп, илахий пейздерди алган) делген Нух алейхиссалам тууралуу Пайгамбарыбыз алейхиссалам ахдиси шарифтерде мындай деген: «Өлүм периштеси (Азраил алейхиссалам) Нухка (алейхиссалам) келгенде мындай деди: «Эй, Нух, эй, пайгамбарлардын эң улуусу, эй, узун өмүрлүү жана эй, дубасы кабыл кылынган! Дүнүйөнү кандай көрдүң?». Нух (алейхиссалам) мындай деди: «Өзүнө эки эшиги бар бир үй жасалып, бирөөнөн кирип экинчисинен чыккан бирөө сыяктуу».

Мужизалары:

1- Нух алейхиссаламдын коомунан бир топ келип, жашаган аймактарындагы чоң таштарды топурак кылуусун суранышкан эле. Аллаху таала Жабраил алейхиссаламды жиберип: «Расулума айт, ал таштарды колу менен ишарат кылсын», - деп буюрду. Нух алейхиссалам буюрулгандай кылып колу менен ишарат кылганда ошол аймактагы бүткүл таштар дароо топурак болду. Муну көргөн он эки киши ыйман келтирди.

2- Алыстагы жана көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон нерселерди көрүп кабар берчү.

3- Суусуз жерлерден суу чыгарчу.

4- Ишараты менен бактар тамыры менен суурулуп башка жерге өтчү.

5- Дуасы менен куураган бактар дароо мөмө берчү.

6- Дуасы менен булутсуз болуп туруп жамгыр жаачу.

7- Кум, топурак, чопо сыяктуу нерселер анын дуасы менен азык заттарына айланчу. Кемеси Жуди тоосунун үстүнө отурганда адамдар ачкалыктар кутулуу үчүн тамак сурашканда дуа кылып, бир канча топурак жана кум тамакка айланган, кемедегилер бул тамакты жешти.

8- Ыйман келтирип, кемесине отуруп топондон кутулган адамдар өтө аз болсо да анын дуасы менен кыска убакытта адамдар көбөйдү.

9- Колу менен жерге отургузган бактын көчөтү ошол замат түркүн түстө мөмө берди. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш