Худ алейхиссалам


Йемендеги Ад коомуна жиберилген пайгамбар. Нух алейхиссаламдын уулу Самдын урпагынан. Дагы бир аты Абир болуп, лакабы Набиййуллах. Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан болуп саналат.

Йеменде Аден менен Умман арасындагы Ахкаф диярында туулуп-өстү. Балалык чагынан тарта Аллаху таалага ибадат менен алек болду. Кээде соода менен дагы алектенген Худ алейхиссалам абдан мээримдүү жана жоомарт эле.

Нух топонунан кийин неберелеринен бири болгон Ад Йеменде Хадрамут чөлкөмүндө Ахкаф делген жерге келип отурукташты. Аддын урпагынан келген адамдар көбөйүп отуруп чоң урууга айланды. Булар Ад коому деп аталды. Алар отурукташкан жер өтө берекелүү бир жер эле. Көк майсаңы, багы-бакчасы туш тарапты койнуна алган бул жер Ирем Бактары делип аты алыска таанылган эле. Бала-бакырасы, түркүн туяк малы-мүлктөрү, көз жоосун алган кооз сарайлары бар эле. Күчтөрү, кубаттары, бойлору, келбеттери менен атагы чыккан бул адамдар байлыктары, материалдык күч-кубаттарынын көптүгүнө көөп-манчыркап, туура жолдон, карманган диндеринен чыгышты. Жер бетинде менмесине басышты. Аллаху тааланы унутуп, түркүн буттарга табына башташты. Колдорундагы материалдык мүмкүнчүлүктөр менен айлана-чөйрөсүн коркутуп, кедей-кембагалдарды жана бөтөн элдерге зулумдугу менен азап көрсөтүштү. Аларды кул сыяктуу иштетишип, түркүн кыйноолор менен өлтүрүп жатышкан эле.

Аллаху таала Ад коомуну туура жолго жеткирүү үчүн Худ алейхиссаламды аларга пайгамбар кылып жиберди. Бул тууралуу Курани каримде мындай мааниде буюрулду:

«Ад коомуна боордоштору Худду пайгамбар кылып жибердик. Худ (алейхиссалам) аларга: «Эй, коомум! Аллаху таалага ибадат кылгыла. Ибадат кылына турчу Андан башкасы жок. Дагы эле Анын азабынан коркпойсуңарбы?» - деди.» (Араф сүрөсү, 65)

Худ алейхиссалам коомун туура жолго жеткирүү үчүн аларды ыйманга чакыруу милдетин баштады. Аларды буттарга табынуудан, зулумдуктан, күнөөдөн тообо кылып баш тартууга жана Аллаху таалага шүгүр жана ибадат кылууга чакырды. Бирок, Ад коомунун адамдары Худ алейхиссаламды тыңдабай, ага карата орой мамиле көрсөтүштү.

Худ алейхиссаламдын коомунун бул мамилесинен кийин: «Эгер туура жолго кирбей турган болсоңор кабарыңар болсун, мен силерге ыйманга чакыруу милдетин кылуудамын; Раббим силерге ачуу азап жөнөтөт да, баарыңар куруп жок болосуңар!» - деп буюрду. Кутуруп кеткен Ад коому Худ алейхиссаламга: «Сен бизге мужиза көрсөтмөйүн буттарыбызга табынуудан баш тартпайбыз», - дешти. Худ алейхиссалам аларга: «Кандай мужиза каалайсыңар?» - деп сурады. Алар болсо: «Шамалды каалаган тарапка бур!» - дешти. Худ алейхиссалам дуба кылды. Аллаху таала: «Кайсы тарапка бургуң келсе колуң менен ишарат кыл!» - деп буюрду. Ал колу менен ишарат кылганда шамал ал көрсөткөн тарапка жүрүп жатты. Чоң тоолордун топуракка айлантылуусун каалашты. Худ алейхиссаламдын дубасы менен бул дагы болду. Бул мужизаларды көрүшкөнү менен буга да ишенишпей, койлордун жүндөрүнүн жибек болуусун суранышты. Худ алейхиссалам дуба кылды. Койлордун жүндөрү жибекке айлынды.

Ад коому көрсөтүлгөн бул мужизаларга ишенишкен жок. «Сен бизди буттарыбыздан ажыратканы үчүн келдиңби? Эгер айткандарың чын болсо бизге айтып жаткан азаптарды алып кел, көрөлү!» - деп кекетишти.

Худ алейхиссалам өз коомун ыйманга чакырууну уланта берди. Саналуу санда аз киши ыйман келтирди. Коому болсо акарат кылып, эс-учун жоготконго чейин ур-токмокко алышты. Коомунун оңолбой турганын түшүнгөн Худ алейхиссалам: «Йа, Рабби! Сен баарын билүүчүсүң. Мен аларга пайгамбарлыгымды билдирдим. Эй, Раббим! Аларга сабак алууларына себеп боло турчу биз азап бер?» - деп баддуба кылды. Худ алейхиссаламды баддубасын кабыл кылган Аллаху таала Ад коомуна алгач какыраган кургакчылык, ачарчылык азабын жиберди. Үч жыл бою агып турган суулар, булактар кургады. Жапжашыл болгон жерлер бозоруп соолуду. Атагы чыккан Ирем Бакчалары жок болду. Адамдар бир жутум сууга, бир үзүм нанга зар болушту. Мал-жандыктары суусуздуктан кырылып жок болду. Эч токтобостон кишинин эсин оодарган кургак шамал согуп турду. Адамдар ооздорун араңдан зорго ачып, араң деп алып жатышты. Каптаган чаңдан улам көз көздү көралгыс абалга тап болушту.

Бул учурда Худ алейхиссалам коомун ыйманга, тообо жана истигфарга чакырууну уланта берди. Худ алейхиссаламдын коомуна карата мындай дегендиги билдирилген:

«Эй, коомум! Раббиңерден кечирим тилегиле. Кийин Ага тообо кылгыла, үстүңөргө асмандан мол береке (эгинди өстүрө турчу жамгыр)түшүрсүн жана күчүңөргө күч кошуп, силерди көбөйтсүн. Күнөөлөрдү токтотпой, ыймандан бетиңерди бурбагыла.» (Худ сүрөсү: 52)

Худ алейхиссаламдын бул акыркы чакыруусу дагы алардын эс-акылдарын жыйноолоруна жетиштүү болгон жок. Худ алейхиссаламга кыйноо көрсөтүү жана аны өлтүрүүгө умтулушту. Эми аларга курута турчу азаптын келе жаткандыгы Худ алейхиссаламга билдирилди. Бир күнү таңерте Худ алейхиссалам ыйман келтиргендерди бир жерге жыйнады. Күн агарып келатканда асмандан капкара бир булут пайда болду. Муну көргөн Ад коому кубанып, мына бизге жамгыр келе жатат дешти. Худ алейхиссалам болсо: «Жок, ал жан куйкалай турчу азап шамалы. Бүт нерсени жок кылмакчы», - деди. Айткандай эле шамал коркунучтуу үн менен өрөөндү кучагына алды. Айтып жеткиргис даражада суук болуп катуу соккон бул шамал астынан чыккан бардык нерсени самандай сапырып жатты.

Фуссилат сүрөсүнүн 16-аяти каримасында бул шамал «сарсар» (кууруган шамал), азап күндөрү болсо «аййам-ы нахисат» деп аталган. Ад коому шамалдан кутулуу үчүн карманган бактары, таштары менен бирге асманга учуп таш-талкандары чыкты. Баары өлүп, жерге жайылды. Кийин шамал буларды шыпырып, деңизге ыргытты. Мал-мүлктөрүнөн эч бир жан калбады, баары тыптыйпыл болуп курутулду. Ад коомунун ушундайча курутулуусу Курани каримде мындайча билдирилген:

«Акыры Худду жана жанындагы ыйман келтиргендерди рахматыбыз менен куткардык жана аяттарыбызды четке кагып, жалганга чыгарып ыйман келтирбегендердин түп тамырын кестик.» (Араф сүрөсү: 72)

Худ алейхиссалам жана ага ыйман келтиргендер бул катуу шамалда Аллаху таала тарабынан корголушту. Капырларды куруткан катуу шамал аларга сергитүүчү жеңил шамал сыяктуу жүрдү.

Худ алейхиссалам Ад коому куруп жок болгондон кийин өзүнө ишенгендер менен бирге Меккеге барды. Кааба болгон жерде ибадат менен алек болду жана ошол жерде кайтыш болду. Кабырынын Харам-и шарифте (Каабанын тегерегиндеги мечитте) Хижр делген жерде болгондугу риваят кылынууда.

Худ алейхиссалам жана пайгамбар болуп жиберилген Ад коому тууралуу Курани каримдин Араф, Худ, Муминун, Фуссилат, Ахкаф, Зарият, Камар, Хакка, Шуара жана Фажр сүрөлөрүндө маалымат берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш