Салих алейхиссалам


Семуд коомуна жиберилген Пайгамбар. Адам алейхиссаламдын он тогузунчу урпактан небереси.

Худ алейхиссалам пайгамбар болуп жиберилген Ад коому Аллаху таалага каршылыктары менен чоң азапка дуушар болуп, жер бетинен курутулган эле. Ыйман келтиргендиктери үчүн бул азаптан кутулган адамдар болсо өздөрүнө жаңы мекен куруу үчүн ар кайсы аймактарга тарап кетишти. Бул тараган адамдардан бир бөлүгү - Семуд делген биринин урпактары. Семуд коому Шам менен Хижаз арасындагы Хижр делген аймакты журт кылып туруп калышты. Бул себептен улам «Асхаб-уль-Хижр» деп дагы аталган бул коом күн өткөн сайын көбөйүштү. Тогуз уруудан турган чоң элге айланды. Көп эмгек кылып, нечендеген кооз бакчаларды өстүрүштү. Чөлдүн какырыган ысыгынан кутулуп, тоолордун боорлорун оюп, бийик жерлерге укмуштуудай сарайларды курушту. Өнөрчүлүктө жана байлыкта абдан илгерилешти. Бирок, напсилеринин кумарына берилип, мурда өздөрүнө Худ алейхиссалам тарабынан билдирилген хак динден бара-бара алыстай башташты. Уруу башчыларынын дагы зулумдук жана адилетсиздик кылуулары менен барган сайын ыдыраган Семуд коому акыры жыгачтан жана таштан буттарды жасап, аларга сыйына башташты. Кирген бул жаман жолдо бир Аллаху таалага ыйман келтирүүдөн толук алыстап кетишти. Жахил жана чегин билбеген коомго айланышты.

Салих алейхиссалам бул коомдун ичинде бардык адамдар менен жакшы мамиледе өмүр сүргөн, кедейлерге жардам кылган, алсыздарды коргогон жана бийик адамгерчилик ахлагы менен сүйүлгөн инсан эле. Кырк жаштарына келгенде Аллаху таала аны Семуд коомуна туура жолду көрсөтүү үчүн пайгамбар кылып жиберди. Салих алейхиссалам коомун ыйманга чакырып, буттарга сыйынуудан, зулумдан жана башка бүткүл жамандыктардан узак турууларын бекем эскертти. Коомуна: «Чындыгында мен силерге жиберилген пайгамбарлардан бир пайгамбармын. Эми Аллахтан корккула, мага моюн сунгула», - деп динге чакыруусун ачыктады. Салих алейхиссаламдын бул ыйманга чакыруусуна өтө аз киши ыйман келтирди. Коомундагылардын көбү ыйман келтиришпеди. Байлыктарына ишенген, ырахаттануу ичинде өздөрүн жоготуп, зулумдукка берилген бул инкарчылар Салих алейхиссаламга: «Сен дагы биз сыяктуу адамдан башка нерсе эмессиң!» - деп, аны «сыйкырланган, жалганчы» деп жатышты. Салих алейхиссалам болсо коомун ыйманга чакырууну улантып мындай деп жатты:

«Эй, Семуд коому! Силер мына ушул ичинде жашап турган кооз бакчалар, мына бул жапжашыл эгиндер, алтын машактар, сулуу хурмалар жана шылдырап аккан суулар менен бирге түбөлүк ушул жерде кала турганыңарды ойлоп жатасыңарбы? Бул үйлөрдү ким салган эле. Азыр болсо анда ким жашап жатат, муну ойлодуңарбы? Бул бакчалардын биринчи кожоюндары ким эле, азыр болсо ким жашап жатат. Балким, алар дагы өздөрүн силер сыяктуу бул жерде түбөлүк жашап калабыз деп ойлошкон. Бирок, баары өлдү, кетти. Силер дагы келип-кеткендер сыяктуу өлөсүңөр. Булар силерге калбайт. Акыретте кылган иштериңерден бирден эсепке тартыласыңар. Али мүмкүнчүлүк колуңарда турганда мага баш ийгиле. Мына муну жакшы билип койгула, бүгүн силерди алдап Аллахка каршы чыгаргандар илахий азаптан өздөрүн дагы, силерди дагы куткара алышпайт. Себеби, алар дагы силер сыяктуу алсыз адамдар.»

Аллаху таала Семуд коомуна  каршылык кылуудан жана чектен чыгуудан баш тартуулары үчүн аялдарын кысыр калтырды. Бактары кургап жемиш бербеди. Семуддуктардын бир кудуктан башка бардык суулары соолуп кургады. Салих алейхиссаламга жек көрүү жана кек менен келген Семуддуктар: «Эй, Салих! Арабызга бүлүк салдың. Малыбызга, бала-бакырабызга, бизге зыян келтирдиң. Бул жерден чык да, кет. Болбосо сени өлтүрөбүз», - дешти. Салих алейхиссалам бир нече убакыт алардан бөлүнүп, көздөн далдоо жерлерге кетти. Бир канча убакыт өтүп кайра кайтып келип, Семуддуктарды ыйманга чакырды. Семуд коому Салих алейхиссаламдан мужиза көрсөтүүсүн талап кылышты. Бирок, мужиза көрүшсө дагы ыйман келтиришкен жок.

Дагы бир күнү Салих алейхиссаламга келип: «Эгер айткандарың чын болсо мына бул тоодогу бийик аскалардан кызыл жүндүү, бооз, ургаачы төө чыксын. Мына ошондо сага ыйман келтиребиз», - дешти. Муну суроодо максаттары – акылга сыйбай турчу, адамдардын мээсин чаташтыра турчу бир ишти сурап, аны орундай албай уят болуусун ойлонушкандыктары эле.

Салих алейхиссалам: «Аллаху таала бардык нерсеге эгедер, ушундай мужиза көрсөңөр, тоодон аккан булак суусунун бир күнү төөгө, бир күнү силерге тийиштүү болуусуна ыраазысыңарбы?» - деди. Семуд коому болсо мындай нерсе болуусу мүмкүн эмес деп ойлоп: «Бул шартты дагы кабылдайбыз», - дешти.

Салих алейхиссаламдын бул шартты коюудагы максаты – тоодон келген булак суусунун аз болуусу жана бул кутурган адамдардын ээлик кылып алууларынан улам кыйын абалда калган адамдарга жардамчы болуп, төөнүн үлүшү болгон сууну кедей жана алсыздарга таратып берүү эле.

Салих алейхиссалам аларга: «Мени менен сөз алышкандыгыңарды унутпагыла, себеби, төө чыкканда ага бир зыян тийгизе турган болсоңор жана берген сөзүңөрдө турбасаңар ачуу азапка тап болосуңар», - деди. Семуд коому: «Сен төөнү чыгар, каалаганыңдын баарын кабыл кылабыз. Буга кайчы бир иш кыла турган болсок азапты дагы кабыл кылабыз», - дешти. Акыры төө чыга турчу аска зоонун алдында жыйналып, күтө башташты.

Салих алейхиссалам ушундай бир мужиза берүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылды жана дубасы кабыл болду. Аска зоо жарылып, арасынан алар каалагандай төө чыга келди. Төө эки тарапка тизилип, таң калуудан эс-мас болуп катып калган Семуд коомунун арасынан салмактуу кадамдар менен баса баштады. Кийин бул төө бир бото тууду. Бул мужизаны көргөндөрдүн бир бөлүгү ыйман келтиришти. Калган бир бөлүгү болсо өз кызыкчылыктарынын жана зулумдуктарынын бүтө тургандыгын көрүшүп, көшөрүп ыйман келтиришпеди. Салих алейхиссалам аларга сөздөрүндө турууларын, болбосо оор азапка дуушар боло тургандыктарын айтты. Бирок, алар бул инкарларынан баш тартышкан жок. Сууну бөлүштүрүү иши дагы өздөрүнө оор сезилип, өз билгендериндей бир чара издей башташты.

Мужиза катары аскадан чыккан төө ботосу менен бирге ар тарапты кыдырып, суу ичүү кезеги келген күнү суунун чекесине келип, суунун баарын иччү. Анын суу ичүүсү дагы өзүнчө бир мужиза болуу менен бирге, тонналаган суу ичип, ичкен суу болсо денесинде жок болуп кетчү эле. Сууну ичип бүтүргөндө суу чыккан жерге отурчу. Ыйман келтиргендер андан бир урууга жете турганчалык көп сүт саап алып, андан ичүү менен бирге башка дагы тамактарды жасашчу. Ушундайча ишенгендердин ыймандары кубаттанып, инкарчылардын болсо кектери чыңалчу. Бул мужизанын жанында алсыз калган Семуд коому төөнү өлтүрүүнүн амалын көрө башташты. Чындыгында эле, Салих алейхиссаламдын насаат кылып, ыйман келтирүүгө чакырган учурунда алар суу ичип жаткан төөнү көрсөтүшүп: «Эгер биз ушул төөнү өлтүрө турган болсок, баарыбыз куруп жок болот имишпиз! Аны өлтүрөлү, ошондо көр!» - дешти.

Акыры түрдүү амал курушуп, төөнү өлтүрүштү. Кийин Салих алейхиссаламга: «Мынакей, төөнү  өлтүрдүк. Эгер өзүң айткандай эле пайгамбар болсоң айткан азабыңда алып кел», - дешти.

Салих алейхиссалам бул кутурган коомго мээрим менен насаат кылып: «Эй, коомум! Бул кылганыңар эмне? Силер үчүн сыноо болгон бул төөнү өлтүрдүңөр. Инкардан жана күнөөкөрлүктөн баш тартпадыңар. Буга карабастан тообо эшиги ачык. Эмнеге азаптын башыңарга түшүүсүн күтүп жатасыңар, андан көрө тообо кылгыла!» - деди. Бул акыркы чакырыкка дагы орой жооп берген Семуд коому Салих алейхиссаламды, үй-бүлөсүн жана ыйман келтиргендерди да өлтүрүүнүн амалын көрө башташты.

Салих алейхиссалам бул кутурган коомго мындай деди: «Жериңерде дагы үч күн тургула, биринчи күнү бетиңер саргаят, экинчи күнү кызарат, үчүнчү күнү караят, төртүнчү күнү болсо үстүңөргө азап келип, силерди курутат!»

Салих алейхиссалам айткан бул күндөр жетип келди. Бул учурда Семуд коому Салих алейхиссаламды жана ага ишенгендерди өлтүрүүгө киришишти. Алар аракеттерин баштоодон мурда Жабраил алейхиссалам келип, абалды Салих алейхиссаламга билдирди. Салих алейхиссалам болсо ыйман келтиргендерди алып, азап түшө турчу ал жерден алыстап кетишти.

Биринчи күнү кээ бир таң калыштуу абалдар байкалды. Төөнүн баскан жеринен кан атырылганын, бактардын жалбырактарынын кызаргандыгын, кудуктун суусунун кан түсүндө жана адамдардын жүздөрүнүн сапсары болгондугу көрүндү. Экинчи күнү Семуддуктардын беттери канга боёлгондой кыпкызыл болду. Бул белгилерди көргөн Семуддуктар азаптын келе тургандыгына көздөрү жетип, чыңыра башташты. Беттери карайган үчүнчү күнү үйүн курчап кол салышкан Салих алейхиссаламдын шаардан чыгып кеткендигин түшүнүштү. Ошол күнү түн жартысынан кийин, таңга жуук катуу силкинүү жана тоолордон атырылган от менен Семуд коомунун мекенинде жер астын-үстүн болду. Сайханын (силкинүүнүн) катуулугунан баарынын өттөрү жарылды. Баары курутулду. Мындан кийин бул жерлерде оңолгон жок. Бул жер мурда адам баласы жашап көрбөгөндөй болуп калды.

Семуд коому курутулгандан кийин Салих алейхиссалам ыйман келтиргендер менен бирге келип, жер менен жексен кылынган жерлерин ибрет көзү менен карап: «Эй, коомум! Силерден эч бир акы сурабастан, силерди бир гана Аллаху таалага ибадат кылууга чакырдым жана муну силерге түшүндүрдүм. Бул абалга түшүп калбооңор үчүн силерге нечен насаат кылдым. Бирок, силер кулак аспадыңар. Эми минтип бул азапка тап болдуңар!» - деди.

Салих алейхиссалам коомунун курутулуусунан кийин өзүнө ыйман келтиргендер менен бирге Мекке же Шам тарапка кетти. Ремле деген жерге барып отурукташты. Хадрамут тарапка баргандыгы тууралуу дагы риваттар бар.

Курани каримдин түрдүү аяти карималарында Салих алейхиссалам жана коому тууралуу айтылып, Семуд коомунун курутулуусу мындайча мааниде билдирилүүдө:

«Семуд коомуна келгенде: Биз аларга туура жолду көрсөттүк, бирок, алар сокурлукту (жахилдикти жана адашуучулукту) хидаятка алмашышты. Ушундан кийин аларды тапкан (кылган) күнөөдөн улам катуу азап чагылганы кармады. Ыйман келтирүү менен азабыбыздан корккондорду болсо куткардык.» (Фуссилат сүрөсү: 17-18)

Салих алейхиссаламдын мужизалары:

1- Аскадан төө чыгаруусу.

2- Салих алейхиссаламдын коому жашаган жерде хамт делген жемишсиз бактардан башка бактар жок эле. «Хак пайгамбар болсоң бул бактар жемиш берсин!» - деп андан мужиза көрсөтүүсүн суранышты. Салих алейхиссалам дуа кылганда бул бактардын бардыгы түркүн-түркүн жемиштерди берди.

3- Салих алейхиссаламдын дуасынын берекеси менен чоң таштан суу чыккан.

4- Салих алейхиссаламдын чатырына от таасир кылган эмес. Ал мындайча болгон эле; Коому койлорду күтүшчү эле. Жылдын кээ бир айларын талааларда, жайлоолордо чатыр тигип, ошол жерлерде өткөрүшчү эле. Ыйман келтирбегендерден бири жашыруун Салих алейхиссаламдын чатырына от койгондо чатыр өрттөнө баштады. Ошондо коомундагы капыр болгондор: «Хак пайгамбар экенсиң, анда чатырыңдагы отту өчүрчү!» - деп мазактап, буга маашырлана башташты. Хазрети Салих оттун өчүүсү үчүн дуа кылганда өзүнүн чатыры кутулуп, от капырлардын чатырына өтүп, эч бир чатырлары калбастан, ичиндеги оокаттары менен күйүп күлгө айланды. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш