Зулкарнайн алейхиссалам


Пайгамбар же олуя болгон. Курани каримде баяндалып, чыгышка жана батышка чыккан сапарлары жайлуу айтылган. Асыл ысымы – Искендер. Чыгышка жана батышка баргандыгы үчүн Искендер Зулкарнайн деп эскерилген. Нух алейхиссаламдын уулу Яфастын урпагынан. Пайгамбар болгондугу же болбогондугу билдириген эмес. Йеменде жашаган Мунзир Искендер менен Аристотельдин шакирти болгон Македониялык Искендерден мурда жашаган.

Салих бир зат болгон Зулкарнайн алейхиссаламды Аллаху таала жер жүзүндөгү адамдарга буйрук жана тыюуларын билдирүү үчүн милдеттендирди. Зулкарнайн алейхиссалам Аллаху таалага нияз кылып, өзүнө күч-кубат берүүсүн, адамдар арасында кайсы илим жана адилеттик менен өкүмдарлык кылуусун билдирүүсүн тиледи.

Аллаху таала мындайча буюрду: «Сага берген милдетти кыла алууң үчүн кубат ихсан кылам. Көкүрөгүңдү ачам. Бардык нерсеге күчү жете турчу абалга келесиң. Түшүнүгүңдү ачып, сүйлөөңдү кеңейтем, кулагыңда ачам, тээ алыстагыларды да угасың. Парасатыңды кеңейтем, өтө узакты көрүп, бардык нерсеге жетесиң. Бардык нерсени мыкты кыласың. Каалаган нерсеңди ихсан кылам. Сага айбат беремин, сага эч ким жаман көз менен карай албайт. Мен сага жардам беремин. Эч бир нерсе сага зыян бере албайт. Сени кубаттандырамын. Эч бир нерсеге жеңилбейсиң. Көңүлүңө кубат беремин, эч бир нерседен коркпойсуң. Жарыктыкты жана караңгылыкты сенин буйругуңар тапшырып, аларды сенин аскериң кылам. Жарыктык сенин астыңда жол көрсөтөт, караңгылык аркаңдан сени коргойт.»

Аллаху таала Хазрети Зулкарнайндын буйругуна булуттарды жана башка куралдарды берди. Ага илим жана кудурет, адамдардын үстүндөгү тасарруф ээлигин берди. Айрыкча, ак жана кара түстөгү эки байрак ихсан кылды. Түнт караңгыда ак байракты ачканда айлана-тегерек жарыкка бөлөнчү. Күндүз согушуп жатканда душман аскерлеринин караңгылыкта калуусун тилесе, кара байрагын ачканда душман тарабын караңгылык басып, өз тарабы жарык болуп, ушундайча душмандын үстүнөн кыска убакытта жеңишке жетчү. Ар сапарга чыккан сайын алды жарыктык, аркасы караңгылык болчу эле. Көп өтпөй мамлекети кеңейди. Дөөлөтү кубаттанды. Аллаху тааланын буйруктарын жана тыюу салган нерселерин дүнүйөгө жайууга тырышты.

Таежесинин уулу болгон Хызыр алейхиссаламды өзүнө вазир, аскерлерине башчы кылып дайындады. Аллаху тааланын буйругу менен момундардан куралган чоң ордосу менен алгач батышка сапарга чыкты. Барган жерлеринде мусулман эместерди хак динге чакырды. Адамдарга жакшылык жана ихсандарды кылды. Ишенбегендер менен согушту. Батыштын адам баласы мекендеген, жер бүтүп, деңиздер башталган жерлерине чейин барды. Ошол жерге барган учурда бир коомду кезиктирди. Бул коом капыр коом болуп, жапайы жаныбарлардын терисинен кийим кийишкен, деңизден жээкке чыгып калган балык түрдөгү нерселерди жеп тиричилик кылышчу. Зулкарнайн алейхиссалам бул коомду жакшы мамиле менен хак динге чакырды. Бул коомдун бир бөлүгү ыйман келтирүү менен сыймыктанып, бир бөлүгү болсо ыйман келтирүүдөн бет бурушту. Зулкарнайн алейхиссалам ишенбегендердин үстүнө жүрүш жасап, аларды караңгыда калтырды. Караңгыда калган адамдар эмне кыларын билбей калышты. Акыры өкүнүп тообо кылышты да, Аллаху тааланын барлыгына, бирлигине ыйман келтиришти.

Зулкарнайн алейхиссалам момундардан кураган ордосу менен барган ар түркүн мекендердеги адамдарды хак динге чакырды. Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууга чакырды. Ыйман келтирбегендер болсо жазаларын тартышты. Жөө ыйык Меккеке барып, ажылык ибадатын орундады. Ибрахим алейхиссалам менен көрүшүп, анын кайыр дубаларын алды. Насааттарын укту. Кийин чыгышка карай сапар алды. Күндүн алгачкы нурлары түшкөн эң узактагы жердин четине чейин барды. Зулкарнайн алейхиссалам ал жакта жер астында жашаган бир коомду хак динге чакырды. Кийин түндүккө бир сапар кылды. Эки тоонун арасына барды. Ал эки тоонун жакынында жыш жашаган бир коомго учурады. Ал коомду дагы хак динге чакырды. Коомдун падышасы Зулкарнайн алейхиссаламды жакшылык менен күтүп алып, ага белектерди тапшырды. Бүткүл коому менен биргеликте хак динди кабыл кылды. Зулкарнайн алейхиссаламды жакшылыктарына ээ болду. Яжуж жана Мажуж аттуу коомдон көрүп жаткан зыян тууралуу арызданды. Зулкарнайн алейхиссалам ошол коом менен биргеликте Яжуж жана Мажуждун зыянынан коргонуу үчүн дубал жасашты.

Зулкарнайн алейхиссалам бир сапары учурунда эч бир дүнүйө мал-мүлкү, байлыгы болбогон, ырыскыларын жашылчалардан таап жеген бир коомго туш болду. Айрыкча, бул коомдо ар ким өз мазарын казып, ар күн мазарын тазалап, ибадаттарын ошол жерде орундашчу эле. Зулкарнайн алейхиссалам ал коомдун өкүмдары менен дагы көрүштү. Өкүмдар өздөрүнүн дүнүйөлүк нерселерге эч маани беришпегендигин, акыретти эстетүү үчүн ибадаттарын кабырларда орундап жатышкандыгын айтып берди.

Зулкарнайн алейхиссалам Аллаху тааланын жардамы менен чыгыш менен батыш жана түндүктөгү бүткүл жерлерди багындырып, Аллаху тааланын буйруктарын жана тыюу салган нерселерин жайуу милдетин толуктагандан кийин аскерлерине уруксат берди. Өзү Медина менен Шамдын ортосундагы Думат-уль-Жандал делген жерде адамдардан бөлүндү. Аллаху таалага ибадат жана таат менен алек болду.

Кайтыш болуудан мурда жакындарына: «Мен кайтыш болгондо усулуна ылайык түрдө жууп, кепендегиле. Кийин табытка койгула. Бирок, колдорум сыртка чыгып турсун. Казыналарымды болсо качырларга жүктөгүлө», - деп осуят керээзин айтты. Айткандары так орундалды. Аз мезгил өткөндөн кийин көз жумду. Меккеге жана Мекке чөйрөсүндөгү Тахама тоолорунда бир жерге коюлду.

Искендер Зулкарнайн ушундайча осуятын айтуу менен «Артымда чоң аскер ордосу менен чыгыш жана батышка ээ болдум. Кызматчыларым буйругуман чыгышпады. Дүнүйөнү эки учунан кармадым. Сансыз казыналарым бар эле. Бирок, бүткүл бул дүйнөнүн жакшылыктары адам баласынын колунда калуучу эмес. Көрүп турганыңардай мазарга колдор бош барышат. Дүнүйө мүлкү дүнүйөдө калат. Силер акыретте дагы пайдалуу боло турчу нерселерди кылгыла» деп айтууну көздөгөн эле.

Зулкарнайн алейхиссалам ак-кызыл жүздүү, орто бойлуу эле. Көркөм ахлак ээси, Хакка толук таслим болгон, элине карата карапайым, кичи пейил жана адилеттүү эле. Казат жана жихадга чыгууда, жерлерди тургузуп, гүлдөтүүдө абдан аракетчил эле. Дүнүйө малы-мүлкүнө көңүл байлабай, колунун эмгеги, маңдайынын тери менен тиричилик кылчу эле. Бул үчүн зембил курап, өзүнө, бала-бакырасына ушундай сарптап, артканынан кедейлерге садага берчү. Яжуж жана Мажуж коомунун зыянынан коргоо үчүн дубал жасаткан эле.

Ал дубал риваяттарга караганда Азиянын чыгышын мекендеген момун Түркий элдердин сурануулары менен курулган эле. Эки тоо арасында таш жана темирден жасалган бул дубал - азыркы күндөгү Кытай Дубалынан башка дубал.

Курани каримдин Кахф сүрөсүнүн 83-98 аяти карималарында Зулкарнайн алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилүүдө. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) дагы мындай деген:

«Силер атын уккан адамдардан жер жүзүнө төрт киши ээ болду. Экөө момун, экөө капыр эле. Момун болгон экөө Зулкарнайн менен Сулайман (алейхиссалам) эле. Капыр болгон экөө болсо Намруд менен Бухтуннасар эле. Бешинчи болуп жер жүзүнө менин балдарыман бири болгон Махди ээ болот.» (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш