Ибрахим алейхиссалам


Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан, улулазм аты берилген алты пайгамбардан бири болуп, Калдани коомуна жиберилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбарлардын жана адамдардын эң үстөмү. Аллаху таала аны Халилим (досум) дегендиги үчүн Халилуллах же Халилуррахман болуп таанылат. Атасы момун болгон Тарух, энеси Амила. Ибрахим алейхиссалам Пайгамбарыбыздын аталарынан болуп саналат. Себеби, биринчи уулу Исмаил алейхиссалам араптардын, экинчи уулу Исхак алейхиссалам болсо исраилуулдарынын ата-бабасы болуп саналат. Калдани мамлекети болгон Бабилдин (Вавилондун) чыгыш тарабында жана Тигр менен Ефрат дарыяларынын арасындагы аймакта туулган. Жүз жетимиш беш жашта Кудуста кайтыш болду.

Энеси Амила же Уша Ибрахим алейхиссалам боюнда бар кезинде атасы Тарух кайтыш болду. Энеси Ибрахим алейхиссаламдын атасынын бир тууганы Азар менен үйлөндү. Азар өгөй атасы болуп, бутпарас эле. Тиричилигин бут жасап өткөрчү.

Тафсир аалымдары Анам сүрөсүнүн Азардын аты өткөн 74-аятын тафсир кылып жатып, Азардын Хазрети Ибрахимдин авасы жана өгөй атасы экендигин так белгилешкен. Себеби, Пайгамбарыбыздын ата-бабалары Адам алейхиссаламдан бери момун болушкан. Курани каримде: «Сен, сенин нуруң дайым сажда кылгандардан өтүп отуруп сага жеткен», - деген мааниде айтылган. (Шуара сүрөсү: 219) Ахли сүннөт аалымдары бул аяти каримны тафсир кылып жатып, Пайгамбарыбыздын бүткүл эне жана аталарынын момун экендигин түшүнүшкөн. Абдуллах ибни Аббас билдирген хадиси шарифте: «Менин аталарымын эч бири зына кылган эмес. Аллаху таала мени таза аталардан, таза энелерден алып келди. Аталарымын эки уулу болсо, мен алардын эң кайырлуусунда, эң жакшысында болчумун», - делген.

Аяти карима жана хадиси шарифтерден түшүнүлгөндөй жана миңдеген Ислам китептеринде жазылгандай Пайгамбарыбыздын энелери жана аталары арасында болуу менен сыймык тапкан бактылуулардын баары өз замандарынын жана мекендеринин эң асыл, эң абыройлуу, эң сулуу жана таза адамдары болушкан. Баары кадырлуу болгон. Ибрахим алейхиссаламдын атасы Тарух дагы ушундай момун эле. Жаман ахлактан, жаман сапаттардан алыс зат болгон.

Нух алейхиссаламдан көп убакыт өтүп Бабилде өкүм сүргөн, жылдыздарга жана буттарга сыйынган Калдани коомунун ошол доордогу королу болгон Намруд адамдарды өзүнө жана буттарга табындырып жаткан эле. Бир түнү көргөн түшүн түш жоркучтар «Туула турчу бир эркек баланын жаңы бир дин алып келе тургандыгы жана анын бийлигин жыга тургандыгын» жорушканда, Намруд жаңы туулган эркек балдардын өлтүрүлүүсүн жана боюнда бар аялдардын камалуусун буйрук кылды. Ошол учурда Хазрети Ибрахим боюнда бар болгон энеси анын авасы Азар менен үйлөнгөн эле. Көрүнүштө боюнда бар экендиги белгилүү болбогондугу үчүн байкашкан жок, күйөөсүнө дагы: «Бала туулганда уул болсо өз колуң менен Намрудга тапшырып берип сыйлыгын аларсың», - деди. Энеси убагы келгенде шаар сыртындагы бир үңкүрдө төрөдү да, Азарга болсо бала төрөлүп өлгөндүгүн айтты. Уулун үңкүрдө жашырып, ошол жерде чоңойто баштады. Анын жанына барганда манжаларын эмип жатканын жана тойгонун көрчү. Манжаларынан сүт менен бал чыкчу. Аллаху таала Жабраил алейхиссаламды жиберип, бул азыктарды Жаннаттан манжаларынан агызчу.

Ибрахим алейхиссалам чоңоюп, үңкүрдөн чыкканда күнгө, айга, жылдыздарга жана ааламга карап, буларды жараткан теңи жана окшошу жок бир жаратуучунун бар экендигин түшүндү. Калдани коомуна келип, табынган жылдыздардын жана буттардын илах эместигин алар түшүнө ала тургудай ачык далилдер менен түшүндүрүп жатты. Бабил эли бала жашта болгон жана буттарына каршы чыккан Хазрети Ибрахимди өгөй атасы Азарга арызданышты. Азар Ибрахим алейхиссаламды жемелеп, бул иштен баш тартуусун талап кылса да Ибрахим алейхиссалам бул сөздөргөн алдырбастан: «Менден далил сурагыла көрсөтөйүн. Мага хидаят берген, туура жолду көрсөткөн Аллаху таала мени силерден ажыратты. Силер ичине түшкөн адашуучулукка мени түшүрбөдү. Силерди жана буттарыңарды жактырбаймын», - деди. Буттардан табынуунун эч бир мааниси жок экендигин Азарга түшүндүрдү. Азар болсо ачууланып, Ибрахим алейхиссаламдын жанынан кетүүсүн талап кылды.

Жаш куракт а Калдани коомуна пайгамбар болуп жиберилген жана өзүнө он барак (форма) китеп берилген Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу меннен улуу-кичүү баарын Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырды. Адамдарды жалпы жана ачык түрдө Аллаху таалага ыйманга чакырууну, буттардын маанисиз жана алсыздыгын, аларга табынуунун адашуучулук экендигин өтө ачык түрдө көрсөтүүнү каалады. Ал кезде Калдани коому бир күнү майрам кылуу үчүн бир жерге жыйналышты. Алар кеткен кезде Ибрахим алейхиссаламдын өгөй атасы жана буткананын кароолчусу болгон Азар аны дагы майрам өткөрүлгөн жерге барууга кыйнады. Ибрахим алейхиссалам ооруп тургандыгын айтып, ал жерге барган жок. Адамдар майрам кылган жерге жыйналышканда жетимиш чакты бут бар болгон бутканага кирди. Алып келген бир балта менен буттардын баарын сындырып, таш-талканын чыгарды. Болгону эң чоң бутту гана сындырбады жана балтаны анын мойнуна асып, ал жактан кетти.

Калдани коому майрашдан кайтышканда бутканага кирип, буттарынын сынып, жанчылып жатканын көрүп таң калышты. Муну ким кылды деп ызы-чуу салып кыйкыра башташты. Муну Ибрахим кылса керек деп, аны кармап элдин ортосуна чыгарып сурак кыла башташты. «Эй, Ибрахим! Буттарыбызды сен сындырдыңбы?» - дегенде Ибрахим алейхиссалам эгер болсо-болсо «Мен турсам ушул майда буттарга таюынышат» деген мына бул бут кылса керек деген эле. «Силер андан сурагыла», - дегенде бутпарастар: «Сен андан сурагыла дейсиң, буттар сүйлөмөк беле!» - дешти. Ошондо Ибрахим алейхиссалам: «Андай болсо өздөрүн дагы талкалануудан куткара албаган, силерге эч бир пайдасы болбогон бул буттарды илах деп эмне үчүн ага табынуудасыңар? Такыр акылга келбейсиңерби? Силерге жана бут табынган буттарыңарга убал болсун!» - деди. Буттарын Ибрахим алейхиссалам сындыргандыгын түшүнгөн Калдани коому аны камап коюшту. Абалды болсо кудаймын деп жаткан королу Намрудга билдиришти.

Намруд Ибрахим алейхиссаламды жанына алып келүүлөрүн буйрук кылды. Ибрахим алейхиссалам Намрудду Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырды. Намруд муну четке каккандай эле Ибрахим алейхиссаламды өзүнө сажда кылуусун талап кылды. Сажда кылбаган соң каматып, отко күйгүзүлүүсүн буйрук кылды. Күндөр бою аянтка жыйылган отундар тутантылып, ысык табынан улам жакын баралбаган бул эбегейсиз оттун ортосун карай Хазрети Ибрахимди манжынык менен ыргытышты. Отко ыргытылып жатып: «Хасбияллах ва нимал вакил», башкача айтканда, «Мага Аллах жетишет». Ал кандай жакшы өкүл, жардамчы» - деди. Отко түшүп баратканда Жабраил алейхиссалам келип: «Кандайдыр бир каалооң барбы?» - деп сураганда: «Бар, бирок, сенден эмес, Раббим мени көрүүдө, билүүдө», - деди. Анын бул абалы Курани каримде макталып: «Сөзүнүн эри болгон Ибрахим», - делген.

Аллаху таала Курани каримде отко: «Эй, от! Ибрахимге карата серүүн жана саламатта бол!» - деген мааниде буйрук кылды. (Анбия сүрөсү: 69) Оттун ичи жапжашыл бакчага айланды. Жабраил алейхиссалам болсо ага жолдош болду. Жаннаттан көйнөк жана дасторкон алып келип, аны Жаннат ниматтары менен тойгузду. Алоолонуп жанып турган отто жети күн калгандыгы риваят кылынат. От өчкөндө мужизаны көздөрү менен көргөндөрдөн тууганы Харан авасынын кызы жана кийин аялы болгон Хазрети Сара жана кээ бир адамдар ыйман келтиришти. Ибрахим алейхиссалам оттон кутулгандан кийин Калдани коомун дагы бир канча убакыт ыйманга чакырды. Бирок, заалым Намруд жана бутпарас болгон эли ыймансыздыктарынан баш тартышпады. Аллаху таала Намруд менен элине чиркейлерди жиберди. Чиркейлер алардын кандарын соруп, сөөгү менен терилери гана калды. Чиркейлерден бири Намруддун мурдунан кирип, мээсине барып отурду. Көп убакка чейин азап чектирди. Атүгүл, башын токмок менен урдуруп жатып өлдү. Аллаху таала кудайлык жарыялаган Намрудду эң алсыз макулуктарынан бири болгон чиркей менен жазалады.

Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен Бабилден Харранга (Урфанын түштүгүндөгү бир жер) хижрат кылды. Бул жолчулукта бир тууганынын уулу Лут алейхиссалам, аялы Сара Хатун жана калган ыйман келтиргендер дагы бирге болушту. Харранда бир канча убакыт жашагандан кийин Шамга, ал жерден Мысырга баруу үчүн жолго чыкты. Бул жолчулук учурунда бир тууганынын уулу Лут алейхиссаламдын Седум аймагындагы элге пайгамбар болуп вазыйпаланганы билдирилди. Лут алейхиссалам Седумга карай жолго чыккандан кийин Мысырга кеткен Ибрахим алейхиссалам риваят боюнчу бул учурда отуз сегиз жашта болгон.

Мысырга барганында Синан бин Улван аттуу заалым бир Фараон бар эле. Ибрахим алейхиссалам менен жубайы Хазрети Саранын Мысырга келгендигин кабар алган Фараон карөзгөйлүк кылып Сараны алууну каалады. Бул заалым өкүмдар Хазрети Сараны сарайына чакыртты. Ага кол салгысы келгенде деми буулуп, колдору менен буттары иштебей калды. Бул абалына өкүнүп, кол салуудан баш тартты. Хазрети Сарадан өзү түшкөн бул абалдан кутулуусу үчүн дуа кылуусун тиледи. Хазрети Сара болсо өкүмдарды ушул аял өлтүрдү деген күнөөлөөдөн корккондуктан дуа кылды. Кайра мурунку абалына келген Фараон Хажар аттуу бир жарияны Хазрети Сарага белек кылды. Бул окуядан кийин Ибрахим алейхиссалам жубайы Сара жана белек кылынган Хажар айым менен бирге Мысырдан чыгып, Палестинге келди.

Палестин аймагындагы жан турбаган, какыраган кургак жер болгон Себуга отурукташты. Бир канча убакыт бою ушул жерде турду. Убакыт өтүп көп малга ээ болду. Жарым миллион уйлары, койлору талааларды, өрөөндөрдү толтурду. Өтө бай болду. Себу делген жерге кийин келип отурукташкан адамдар Ибрахим алейхиссаламды капа кылууларынан улам ал жерден чыгып Шам тараптагы Кыст деген жерге көчүп барды. Өтө жоомарт болгон Ибрахим алейхиссалам адамдарга өтө көп сыйлыган тартуулачу эле.

Ибрахим алейхиссалам баласы болбогондугу үчүн аялы Хазрети Саранын каалоосу жана уруксаты менен Хазрети Хажар менен үйлөндү. Бул никеден Исмаил алейхиссалам төрөлдү. Мухаммед алейхиссаламдын нуру Хазрети Хажар аркылуу Исмаил алейхиссаламга өткөндүгү үчүн Хазрети Саранын көңүлүндө Хазрети Хажарга карата кайрат пайда болду. Ибрахим алейхиссалам Хазрети Сараны капа кылбоо үчүн Аллаху тааланын буйругу менен Хазрети Хажар жана уулу Исмаилди (алейхиссалам) жанына алып, ал кездерде эч ким жашабаган, суусуз бир жер болгон Меккеге алып барды. Аларды ошол жерде калтырып, Шамга кайра кайтып барды. Хажар энебиз менен уулу Исмаил алейхиссалам ошол жерде жашап турганда ыйык Замзам суусу жерден атырылып чыкты.

Ибрахим алейхиссалам мурда бир уулдуу болсом Аллах жолуна курман кыламын деп адак атап койгон эле. Ибрахим алейхиссалам Хазрети Хажар жана уулу Исмаил алейхиссаламды зыярат кылуу үчүн Меккеге келген учурда үч күн удаа-удаа көргөн бир түшүнөн кийин Исмаил алейхиссаламды курман кылууну каалады. Так курмандыкка чала турчу учурда Аллаху таала Ибрахим алейхиссаламга түшүнө садык болгондугун (моюн сунгандыгын) билдирип, курмандык чалуу үчүн бир кочкор ихсан кылды. Ушундайча Исмаил алейхиссалам курмандыкка чалынуудан кутулду. Аллаху таала Ибрахим алейхиссаламга карыган жашта Хазрети Сарадан Исхак аттуу уулун ихсан кылды. Ибрахим алейхиссалам бир канча жолу Хазрети Хажарды жана уулу Исмаилди зыярат кылды. Бир жолкусунда уулу Исмаил менен бирге Байтуллахты (Кааба-и муаззаманы) тургузду. Жаннат жакуттарынан болгон Хажар-ул-Асвад аттуу ташты Жабраил алейхиссаламдын билдирүүсү менен алып, Кааба-и муаззаманын дубалына жерлештирди. Каабанын дубалын тургузуп жатып, азыркы Макам-ы Ибрахим деп аталган таштын үстүн басты. Каабаны жасап бүтүргөндө Аллаху тааланын Жабраил алейхиссалам аркылуу билдиргениндей Исмаил алейхиссалам жана Меккеге келип отурукташкан Журхумдуктар менен бирге ажылык ибадатын орундады.

Исмаил алейхиссалам менен биргеликте ажылыктын рукундарын орундагандан кийин уулуна Каабаны кароосу жана аны коргоосу үчүн осуятын айтты. Шамга кетүүнү каалады. Кетүүдөн мурда Арафатка чыгып, Исмаил алейхиссаламдын урпагына дуа кылды да Шамга кайтып кетти. Эртеси жылы ажылык мезгилинде аялы Хазрети Сара жана уулу Исхак алейхиссаламды дагы алып Меккеге келди. Ажылык ибадатын кылгандан кийин бирге Шамга кайтышты.

Ибрахим алейхиссалам кайтыш болуудан мурда уулу Хазрети Исмаилге мындайча осуятын калтырды: «Эй, уулум! Маңдайыңда жаркыраган бул нур – соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын нуру. Бүткүл ата-бабаларыбыздын осуяты бул нурду жакшы сактап, ылайык болгон бирөөгө тапшыруу. Бул мубарек нурду жакшы сакта. Никелүү, аруу жана таза аялдарга тапшыр. Балаңа да ушинтип осуят кыл», - деди. Жүз жетимиш беш жашта Хазрети Хажар жана Хазрети Сарадан кийин Кудуста көз жумду. Кудус айланасындагы Хабрун деген жерде бир үңкүргө коюлду. Бул жер Ибрахим алейхиссаламдын Халил (Аллаху тааланын досу) деген ысыма карата Халилуррахман деп таанымал болгон. Хазрети Лут, Хазрети Исхак жана Хазрети Якуб менен дагы көптөгөн пайгабарлардын ушул жерде болгондуктары риваят кылынат. Мусулман өкүмдарлар ал жердеги мечиттерди жана күмбөздөрдү өз доорлорунда оңдоп, жасалгалап турушкан. Халилуррахманда мечит жана күмбөздөр болсо эң акыркы болуп Османлы Султаны Экинчи Абдулхамид Хан тарабынан жасалгалатылган.

Ибрахим алейхиссалам улулазм пайгамбарлардын экинчиси болуп, Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын кийин бүткүл пайгамбарлардан жана расулдардан үстөм. Ибрахим алейхиссаламдан кийин келген бүткүл пайгамбарлар анын урпактары болуп саналат.

Аллаху таала Хазрети Ибрахимди илахи сырларга ээ кылды жана аны отко ыргытылганда напси менен, уулу Хазрети Исмаилди Аллах үчүн курман кылуусун билдирип перзенти менен сынады. Малы менен сыналуусу мындайча болгон; Ибрахим алейхиссалам ушунчалык бай болгондуктан бир гана уйлары жарым миллион болуп, койлору талааларды, өрөөндөрдү толтурган эле. Жабраил алейхиссалам ага адам келбетинде келип: «Эй, Ибрахим, бул үйүрлөр кимдики?» - дегенде: «Аллахтыкы, бирок, менин колумда аманат. Аллаху тааланы таспих кыл, ысымын эскер, аны зикир кыл, бул үйүрлөрдүн баары сеники болсун», - деп малынын баарын багыштады. Жабраил алейхиссалам өзүн тааныштырганда Хазрети Ибрахим: «Мен Аллах үчүн багыштаганымды кайра ала албайм», - деп, малынын баарын сатып, Аллах жолунда сарптады.

Хазрети Ибрахим өзүнө түшүрүлгөн буйрук жана тыюуларды толугу менен адамдарга билдирди. Аллахтан башка нерселерге табынуунун батыл (өтпөй турган) нерсе экендигин ачык түрдө түшүндүрдү. Ширкке (Аллахка орток кошууга) жол ача турчу эшиктердин баарын жапты. Балалыгынан өлүмүнө чейин хак дин менен жашагандыгынан, адамдарга хак динди билдиргендигинен улам анын миллетине ишарат үчүн Курани каримде «Ханифан» (хак динде болгондор) деп эскерилген. Хазрети Ибрахимдин касиеттери Курани каримде Нахл сүрөсү 120, 121, 122 аяттарында билдирилген. Конок жандуулугу жана жоомарттыгы ооздон оозго айланган. Коногу жок болсо тамак жебей, бир конок табуу үчүн узак жерлерге чейин барчу эле. Бул өзгөчөлүгүнөн улам аны Абуд-Дуюф (коноктордун атасы) деп аташкан. Кыбыласы Кааба эле. Намазга турган кезде жүрөгүнүн толкундоосу, добушу алыстан угулчу.

Ибрахим алейхиссаламдын мужизалары:

1- Ибрахим алейхиссаламдын мубарек денесине от таасир кылбады. Намруд аны отко ыргытканда Аллаху таала: «Эй, от! Ибрахимдин үстүнө серүүн жана саламат бол!» - деп буюрганда от аны күйгүзгөн жок.

2- Жансыз болгон, бөлүктөргөн бөлүнүп башка-башка жерлерге коюлган куштар (төрт куш) Ибрахим алейхиссаламдын чакыруусу менен жаңыдан тирилишкен.

3- Ибрахим алейхиссаламдын мужизасы менен таштар көмүр сымал күйгөн. Риват боюнча Ибрахим алейхиссалам Шам тарабына хижрат кылганда көк майсаң шибердүү жерге конуш алган эле. Ал жерде күйгүзө турчу эч нерсе таба албаган, тапкан аз бир нерселери менен муктаждыктарын камсыздаган эли бул ахыбалдарын Ибрахим алейхиссаламга айтып кайрылышты. Ибрахим алейхиссалам таштарды жыйнатып, күйгүздү. Бул мужизаны көргөн көптөгөн адам ыйман келтиришти.

4- Кээде жырткыч жана жапайы жаныбарлар Ибрахим алейхиссалам менен бирге ээрчип, тилге келип, ачык түрдө аны менен сүйлөшүшчү. Бир жолкусунда аялы Хазрети Хажар жана уулу Исмаил менен көрүшүү, аларды зыярат кылуу үчүн Меккеге кеткен эле. Шамга кайра кайтканда бир канча жапайы жаныбарлар Ибрахим алейхиссалам менен бирге басып, аны менен ачык сүйлөшүшкөн.

5- Ибрахим алейхиссалам дубалдардын жана тоолордун артын дагы көрө алчу. Бул мужизасы Мысырга барганда аялы Хазрети Сарага кол салууну каалаган ошол замандын королу Фараон Хазрети Сараны сарайына киргизгенде, Ибрахим алейхиссалам сырттан ичти карап турган эле. Сарайдын дубалдары ага тунук айнек сыяктуу болуп, көзүнөн парда алынган эле. Ушундайча Хазрети Сарага кол салууга белсенген Фараондун колдору куруп, буттары шал болуп жерге жыгылгандыгына күбө болгон эле.

6- Ибрахим алейхиссалам баскан таштын үстүндө бак өнүп, жашылданган. Ыйманга чакырган бир жердин элинин суранычынан улам дуа кылып, аларга ушул мужизаны көрсөткөн.

7- Ибрахим алейхиссалам отурган жерден жыпар жыттар таркачу. Ал жерден кеткенден кийин дагы жылдар бою жыпар жыты ал жерден кетчү эмес. Хазрети Исмаил дагы атасынын үйүнө келип кеткендигин анын жытынан билген эле.

Ибрахим алейхиссаламдын дини: Ибрахим алейхиссаламдын дини Ханиф дини. Жаңылыш жана бузук болгон нерсеге эч берилбестен туурага жөнөлгөн деген маанини билдирет. Ибрахим алейхиссалам Калдани коому табынган буттарга эчч табынбастан, аларды кордоп, Аллаху таалага ибадат кылгандыгы үчүн Ханиф делген. Айрыкча, өзүндө ийрилик жок болгон, туртуура болгон деген мааниде да Ханиф делген. Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы билдирилүүдөн мурдагы араптардан бир канча адам Ханиф динин карманышчу эле.

Ибрахим алейхиссаламга билдирилген Ханиф дининин негиздеринен кээ бирлери мына булар: Эч ким эч кимдин күнөөсүн жүктөнбөйт. Эч ким башка бирөөнүн күнөөсүнөн жоопкер болбойт. Адамдар акыретте бир гана ихлас менен кылган амалдарынын жана ниеттеринин пайдасын көрүшөт. Ар бир адамдын жакшылык жана жамандыктан турган амалы кыямат күнү мизанында тартылат. Адамга эмгегинин каршылыгы толук берилет. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш