Лут алейхиссалам


Курани каримде билдирилген пайгамбарлардан. Ибрахим алейхиссаламдын бир тууганынын уулу. Ибрахим алейхиссалам жана ага ишенгендер менен бирге Намруддун өлкөсүнөн Шамга көчүп баргандан кийин Лут көлүнүн жанындагы Седум шаар калкына пайгамбар жиберилди. Адамдарга Ибрахим алейхиссаламдын динин түшүндүрдү.

Ибрахим алейхиссалам менен бирге Бабилден көчүп, Шам аймагына келишкенде Жабраил алейхиссалам келип, Лут көлү чөлкөмүндөгү пайгамбар болуп жиберилгендигин билдирди. Ибрахим алейхиссаламдан айрылып, Седум аймагына кетти.

Бул аймакта ахлаксыз жана бузуку бир эл пайда болгон эле. Буттарга табынышып, эл тоноп, алсыз-күчсүздөрдү кыйнап жатышты. Ливата (гомосексуалдык, бүгүнкү күндө эмделүүсү мүмкүн болбогон ооруга себеп болгон жыныстык бузукулук) кылышып, Лут алейхиссалам аларды бул ыплас иштерден тыйып, туура жолго чакырды. Бул тууралуу Курани каримде Шуара сүрөсү 161-164 аяттарда мындай мааниде билдирилүүдө: «Туугандары болгон Лут аларга: «Аллахка каршы чыгуудан сактанбайсыңарбы? Туурасы мен силерге жиберилген ишенимдүү бир пайгамбармын. Эми Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула! Буга жооп катары силерден бир акы талап кылбаймын. Менин акым ааламдардын Раббине таандык», - деди.»

Седум калкы Хазрети Луттун чакыруусуна уюшкан жок. Каршы чыккандар арасында өз аялы да бар эле. Ал дагы күйөөсү Хазрети Лутка ишенбеген эле. Капырлар менен бир болуп, ага кыянаттык кылган эле. Бул азган жана жыныстык бузукулук менен алектенген коом ыйман келтиришпегендей эле Хазрети Лутту жана ага ишенгендерди өлкөлөрүнөн кууганга белсеништи. Лут алейхиссалам бул коомго нассат кылып, туура жолго кайтышпаса Аллаху тааланын азабына дуушар боло тургандыктарын билдирди. Буга карабастан Аллахка каршы чыгуудан жана уятсыздыктан (фухуштан) баш тартышпады. Атүгүл, Хазрети Лутка: «Туура сөздүү болсоң өзүң айткан азапты алып кел да, көрөлү» - дешти.

Бузуку коомунун Аллаху таалага каршы иштеринин барган сайын көбөйүп, Аллаху  таала аларды жазаландыруу үчүн периштелерди милдеттендирди. Бул периштелер Жабраил, Микаил, Азраил алейхиссалам, бир риваят боюнча Жабраил алейхиссалам менен бирге он эки периште эле. Периштелер алгач Ибрахим алейхиссаламга кайрылып, өзүнө бир уул бала (Хазрети Исхак) бериле тургандыгын сүйүнчүлөштү жана азгын Седум калкын курутуп жок кылуу үчүн келгендиктерин айтып, кетишти. Бешим же шам убактысы Седум аймагына барып, Хазрети Лутту табышты.

Периштелер нур жүздүү жаш жигит келбетинде Хазрети Луттун үйүнө келгенде Хазрети Луттун баш ийбес аялы бул тууралуу кабарды кутурган Седум калкына барып билдирди. Кутурган Седум калкы Хазрети Луттун үйүнүн тегерегин курчап, конокторуңду бизге тапшырып бер деп жабыша башташты. Хазрети Лут аларга насаатына кулак аспай, эшикти тарта башташты. Ошондо периштелер: «Эй, Лут! Чындыгында биз Раббиңдин элчилерибиз. Көңүлүңдү алардан келе турчу коркуу жана зыян менен алек кылба. Алар сага эч качан тийе алышпайт. Жабраил алейхиссалам мындай деди: «Дароо түндүн бир бөлүгүндө үй-бүлөң менен чыгып кет жана араңардан эч ким артта калбасын, бирок, аялыңан тышкары, себеби, коомуңар тийе турчу азап ага да келет. Алардын куруй турчу убактылары таңкы убакыт.»

Кутурган коом үйдүн ичине кирүү үчүн эшикти сындарганда Жабраил алейхиссалам: «Эй, Лут, эшикти ачып артка чегин, киришсин», - деди. Лут алейхиссалам эшикти ачып, артка чегинди. Жабраил алейхиссалам канаттарын астыларына керип, ичке атырылып кирген кутурган капырлардын көздөрү бир заматта сокур болду да, далбастан кача башташты. Бул тууралуу Курани каримде Камар сүрөсү 37.аятта мындай мааниде билдирилген:

«Луттан анын коому конок болгон периштелерди сурашты! Биз дароо алардын көздөрүн сокур кылдык. (Энеден туулгандай көр болушту) мына азабымды жана коркутууларымдын даамын таткыла дедик.»

Лут алейхиссалам өзүнө баш ийгендер менен түнү Седум аймагынан чыгып, Сар шаарына кетти. Жабраил алейхиссалам Седум аймагын канаты менен астын-үстүн кылды. Төбөлөрүнө катуу таш жаай баштады. Акыры баары курутулуп жок кылынды. Бул тууралуу Курани каримдин Камар сүрөсүнүн 38.аяти каримасында мындай мааниде билдирилген: «Жалалымдын акысы үчүн, бир таң маалы бир азап аларды басып калды.» Жана да Хижр сүрөсүнүн 73-74-75.аяттарында: «Акыры аларды күндүн туулчу маалында коркунучтуу добул кармады. Дароо шаарларынын үстүн астына оңтордук жана үстүлөрүнө ылайдан бышкан таш жаадырдык. Албетте, мында өткүр түшүнүктөр үчүн ибрет белгилери бар», - деп буюрулган.

Лут алейхиссаламдын коому жашаган жана курутулган жерлер Курани каримде жер асты-үстү болгон өлкө деген маанини билдирген «Аль-мутафикат» деп айтылган. Седум аймагы асты-үстү болгондон кийин кайнаган суулар атырылып, көлгө айланды. Бүгүнкү күнү бул аймак Лут көлү деген ат менен таанымал. Яхуди булактарында болсо бул аймак «Содом» деген ат менен кездешет.

Лут алейхиссалам коомунун курутулуусунан кийин Шам аймагына барып, авасы Ибрахимдин (алейхиссалам) жанында жети жыл турду. Кийин Хижазга барып, сексен жашта ошол жерде кайтыш болду. Кабыры Ибрахим алейхиссаламдын дагы кабыры болгон Палестиндеги Халилуррахманда же Мекке-и мукаррамада Каабанын жанында Хатим делген жерде экендиги риваят кылынган.

Курани каримде жыйырма жети аятта Лут алейхиссалам тууралуу баяндалууда:

Лут алейхиссаламдын мужизаларынан кээ бирлери мындай:

1- Булутсуз жамгыр жаадырган. Коомун туура жолго чакырган кезде мужиза катары булутсуз жамгыр жаадыруусун сурашты. Дубасы кабыл болуп, колдору менен асманга ишарат кылуусу вахий кылынды. Асманга ишарат кылганда жамгыр жаап баштады.

2- Дубасынын берекеси менен чөп чыкпаган бир тоодо чөп чыккан. Коому Лут алейхиссаламдын койлорун чөпчүз тоого айдашып, башка жерге айдашпады. Койлор ачкалыктан кырыла баштаган эле. Хазрети Лут какыраган тоодо чөп чыгуусу үчүн дуба кылганда жашылга айланып, чөп чыкты. Кутурган коомунун койлору ошол тоодон чөп жешсе жароо өлчү. Бул мужиза менен кырк киши ыйман келтирген.

3- Таштар, шагылдар жана кумдун дааналары Лут алейхиссалам менен сүйлөшүшкөн. Коомунун каршы чыгуусунда таштар тилге келип: «Коомуңдун ыйман келтирбей тургандыгы сизче анык болсо Жанабы Хакка дуба кыл, аларды күйгүзүү үчүн бизди от кылсын» - дешти.

4- Коому ага азап тарттыруу үчүн үстүнө майда таштарды ыргытышчу. Аллаху тааланын коргоосу менен эч бири ага тийчү эмес.

5- Үстүнө ыргыткан таштар төшөк сымал жумшак болгон эле. Коому аны өлтүрүү үчүн чечим чыгарганда илахий буйрукка баш ийип, алардан алыстап бир тоого кетти. Абдан чарчагандыктан бир жерде уктап кеткен эле. Артынан келген жети киши аны чалкалап жаткан абалда астындагы таштардын төшөк сымал чуңкурлашып турганын көрүшкөн эле. Аны аңдып келген жети киши муну көргөндө ыйман келтиришкен.

6- Лут алейхиссалам алыс жерлерде болгон нерселерди көрүп, кабар берчү. Баласы жоголгон бир адам келип, каерде экендигин сураганда дуба кылды. Аллаху таала баланын каерде экендигин ага билдирди. Баланы сурап келген киши баласынын каерде экендигин укканда ыйман келтирди.

Ахмед бин Ханбал жана Ибни Мажа билдирген хадиси шарифтерде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Лут коому тууралуу мындай деди:

«Он нерсе бар, Лут коому аларды кылып, ошондон улам курутулган. Үммөтүм болсо аларга бирөөнү өздөрү кошот. Булар: ливата (эркектин эркек менен катнашы), фундуктай таштарды чоймо (рогатка) менен атуу, көгүчкөн менен (кумар) ойноо, даф чертүү, ичкилик ичүү, (үзүрсүз) сакал кесүү, (буйрук кылынгандан артык) мурут узартуу, ышкыруу, кол чабуу, (эркектер үчүн) жибек көйнөк кийүү, дагы бирин үмөөтүм кошот, ал болсо аял-аял менен катнашуусу. Лут коомунун ишин (ливата) кылган малун. Менден кийин үммөтүм тууралуу эң корккон нерсем – Лут коомунун кылганын кылуулары.» [Эск.: Аялдар үчүн тойлордо даф чертүүгө уруксат бар.(www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш