Исмаил алейхиссалам


Арабстанда Журхум уруусуна жиберилген пайгамбар. Ибрахим алейхиссаламдын улуу баласы жана Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аталарынан болуп саналат. Энесинин аты Хажар.

Хазрети Ибрахим Намруддун отунан кутулгандан кийин Бабилден чыгып, Мысырга барганда аялы Сарага Фараон көз тиккен эле. Бирок, Сарага жакындамакчы болгондо колдору катып, деми кысылып, сара оорусуна окшогон дартка учураган эле. Ошондо Фараон коркуп, Ибрахим алейхиссалам менен Сараны бошотуп, Хажар аттуу бир жарияны дагы ага белек кылган эле. Ибрахим алейхиссалам Фараон коркуп жария кылып берген Хажарды да бирге алып, Палестинге кеткен эле. Ал жерден Шам тарапка барды. Ошол жерде турганда Сара Хатундун каалоосу менен Хазрети Хажар менен үйлөндү. Бул никеден Хазрети Исмаил дүйнөгө келди.

Аллахтын буйругу менен уулу менен бирге Кудустан Хижазга алып барып, бүгүнкү Мекке шаары турган жерге таштап кайтты. Меккенин үстү тарабындагы Саниййа деген жерге келгенде колдорун ачып дуба кылганы Ибрахим сүрөсүнүн 37 жана 38.аяттарында билдирилүүдө. Бир да жан жок, кайрак өрөөндө бир канча хурма, бир челек суу жана эки жаштагы уулу Исмаил менен жалгыз калган Хазрети Хажар бул иштин Аллахтын буйругу менен болгондугун түшүнүп, тобокел менен сабыр кылып: «Аллаху таала бизге жетет. Ал бизди коргойт. Бизди жалгыз калтырбайт», - деди. Самра багынын бутактарынан жасаган кичине бир турак жайда турушту. Азык заттары менен иче турчу суулары бүткөндө Хазрети Исмаил суусуздуктан ыйлай баштады.

Хазрети Хажар суу табуу үмүтү менен Сафа чокусуна чыкты. Учу-кыйыры жок чөлдөн жана бак-дараксыз дөбөлөрдөн башка эч нерсе көрө алган жок. Сафадан түшүп, жүгүрүп Марва чокусуна чыкты. Сафа жана Марва чокулары арасында суу табуу үмүтү менен жети жолу жүгүрүп барып-келди. Бул учурда Исмаил (алейхиссалам) бутун урган же Жабраил алейхиссалам урган жерден суу атырылып ага баштады. Хазрети Хажар толкунданып, агып жаткан суу текке кетпесин деп: «Токто! Токто!» деген маанини туюнткан «Зам! Зам!» деп суунун тегерегин курчады. Суудан уулу Исмаилге (алейхиссалам) ичирип, өзүн да ичти. Пайгамбарыбыз бир хадиси шарифинде: «Аллах Исмаилдин энеси Хажарга рахмат кылсын. Ал замзамды өз абалына калтырып, курчабаганда сөзсүз Замзам агып дарыя болмок», - деген.

Меккенин жакынына келип тынып алган Журхум уруусу замзам суусун көргөндө Хазрети Хажардан уруксат алып, ошол жерге отурукташып калышты. Ушундайча Мекке шаары курулду. Бир канча убакыттан кийин Хазрети Ибрахим уулу менен жубайын зыярат кылууга келгенде аларды молчулук менен береке ичинде турушканын көрдү. Хазрети Исмаил сүйлөй баштаганда Хазрети Ибрахим үч күн арты-артына көргөн түшү менен аны курман кылууга чечим чыгарды. Зилхижжа айынын 9 жана 10.күнү дагы ошол эле түштү көргөндө сахих болгондугун түшүндү. Бир шылтоо менен энесинен уруксат алып, курман кылуу үчүн алып кетти. Шайтан адам келбетинде энеси Хажарга, Хазрети Исмаилге жана Хазрети Ибрахимге көрүнүп, васваса берүүгө аракет кылган болсо да угушпады.

Хазрети Исмаил шайтандын аркасынан жети даана таш ыргытты. Хазрети Ибрахим бүгүн Мина делген жерге келгенде уулуна түшүн жана Аллахтын буйругунун өзүн курман кылуу болгондугун түшүндүрдү. Хазрети Исмаилди тобокелге даярдады. Жерге жаткырып, бычакты мойнуна чалса дагы бычак Аллахтын буйругу менен кескен жок. Ташка урду, ташты кести. Акыры Жабраил алейхиссалам Жаннаттан бир кочкор алып келди. Жабраил алейхиссалам макамынан «Аллаху акбар, Аллаху акбар» деп келди. Хазрети Ибрахим бул такбирди укканда: «Ла илаха иллаллаху валлаху акбар», - деди. Хазрети Исмаил болсо: «Аллаху акбар ва лиллахил хамд», - деп такбирди толуктады. Хазрети Ибрахим кочкорду курман кылды. Алардын бул абалы Курани каримде баяндалып, «Чындыгында бул ачык бир сыноо эле» деген мааниде билдирилген. Хазрети Ибрахим курмандык окуясынан кийин Саранын жанына кайтып кеткен.

Хазрети Исмаил чоңойгондо Журхум уруусунан бир кыз менен үйлөндү. Энеси Хазрети Хажар дагы көз жумуп, Каабанын пайдубалы бүткөн жерге коюлду. Хазрети Ибрахим андан кийин да кээде келип-кетип турган эле. Аллаху таала Каабанын курулуусун буйрук кылганда ата-уул Каабанын эски пайдубалын таап, жаңыдан тургузуп, мындайча дуба кылышты: «Эй, Раббибиз, бизден бул кайырлуу ишти кабыл кыл. Акыйкатта сен дубабызды угуучу, ниетибизди билүүчүсүң.»

Хазрети Исмаил атасы Хазрети Ибрахимдин катыш болуусунан кийин Йеменден келип Меккеге отурукташкан Журхум уруусуна пайгамбар болуп жиберилди. Өзүнө башка китеп жана дин берилбестен, атасы Ибрахим алейхиссаламдын динин адамдарга түшүндүрдү. Адамдарды элүү жыл динге чакырды, бирок, өтө аз адам ыйман келтирүү менен сыймыктанда. Палестинге барып, Хазрети Ибрахимдин кабырын зыярат кылды. Кийин Шамга барып, бир тууганы Исхак алейхиссалам менен көрүштү. Хазрети Исмаил 12 уулдуу жана көптөгөн неберелүү болду. Анын дини Исламият жиберилгенге чейин туура бойдон уланып келди. Мухаммед алейхиссаламдын бүткүл ата-бабалары Хазрети Исмаилдин урпагынан болуп, анын дининде болушкан. Кайтыш болуусуна жакын бир тууганы Исхак алейхиссалам жанына чакырып, кызын уулу Ыйс менен никелеп, бир канча осуяттарын калтырды. Меккеде 133 же 137 жаштарында кайтыш болду. Масжид Харамда Кааба-и муаззаманын түндүк дубалынын астындагы жана энеси Хажардын да кабыры бар болгон Хатим делген жерге коюлду.

Исмаил алейхиссаламдын жумизалары:

1- Тикендүү бир жерде жашаган мушриктердин сунушунан кийин дуба кылганында, тикендүү бактарда түркүн жемиштер өскөн.

2- Журхумилерди ыйманга чакырганда алар кысыр койдон сүт чыгаруусун каалашты. Ал колун койдун далысына коюп: «Мени пайгамбар кылып жиберге Аллаху тааланын ысымы менен...», - дээр замат койдун желининен сүт ага баштады.

3- Исмаил алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен койлордун жүндөрү жибек болуп, сандары көбөйдү.

4- Өзүнө конок болуп келген эки жүз Йемендик конокторго сыйлык кылып берүүгө бир нерсе таба албаганда багы абдан ыңгайсызданды. Ошол кезде дуба кылды. Жанындагы кумдар ун болду. Муну көргөн конокторунун баары ыйманга келишти.

Курани каримдин Бакара, Ал-и Имран, Ниса, Анам, Ибрахим, Мариям, Анбия жаан Сад сүрөлөрүндө Исмаил алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш