Исхак алейхиссалам


Шам жана Палестин элине жиберилген пайгамбарлардан. Ибрахим алейхиссаламдын экинчи уулу. Энеси – Хазрети Сара. Улуу агасы Исмаил алейхиссаламдан канча жаш кичине болгондугу белгисиз.

Ибрахим алейхиссалам Намруддун отунан кутулгандан кийин Бабилден көчүп, эөүнө ишенгендер жана жубайы Сара Хатун менен Мысырга барды. Ал жерден дагы Палестин жана Шам диярына кайтты. Сара Хатун жаштыгында балалуу болгон эмес эле. Ибрахим алейхиссалам уулу Исмаил алейхиссаламды жана энеси Хажар Хатунду Меккеге калтыргандан кийин Шам диярына кайтты. Аллаху таала кары курагында Сара Хатунга бир уул ихсан кыла тургандыгын, Жабраил алейхиссалам аркылуу сүйүнчүлөдү. Исхак аты ибрани тилинде «күлөр» деген маанини билдирет.

Аллаху тааланын Лут коомун кутурууларынан улам куруткан жылы туулду. Шам диярында чоңойгондо атасы жана энеси менен Меккеге барды. Кааба-и муаззаманы зыярат кылып, агасы Исмаил алейхиссалам менен көрүштү. Үчөө бирге Палестинге кайтып келишти. Бул жерде эне-атасына кызмат кылды. Ар жылы ажылык убагында Меккеге барды. Бир риваят боюнча атасынын көзү тирүү кезде, башка бир риваятта болсо көз жумгандан кийин Шам жана Палестин элине пайгамбар кылып жиберилди. Ибрахим алейхиссаламдын дининин өкүмдөрүн жайууну улантты. Коомуна насаат кылып, Аллаху тааланын буйруктарын жана тыюуларын билдирди. Алтымыш жашында Ийс жана Якуб аттуу эки уулдуу болду. Ийс авасы Исмаил алейхиссаламдын кызы менен үйлөндү. Атасынын дуасынын берекеси менен урпагы берекелүү болуп, кыска убакыт ичинде көбөйдү. Исхак алейхиссаламдын башка бир уулу Якуб алейхиссаламга да пайгамбарлык берилди. Уул жана неберелеринен пайгамбарлар чыкты. Бир аты Исраил болгон Якуб алейхиссаламдын урпагынан келгендер кийин «Исраил уулдары» деп аталышты.

Өмүрүнүн акырына карай көздөрүнүн көрүүсү начарлаган Исхак алейхиссалам 120 жыл же андан көп жашагандан кийин Палестинде кайтыш болду. Палестинде Халилуррахман делген жерде ата-энеси дагы коюлган үңкүргө жерленди.

Жүзү жана келбети жагынан, көркөм мүнөзү жана жашоосу атасы Хазрети Ибрахимге өтө окшогон Ибрахим алейхиссалам Курани каримде илим ээси катары баяндалды.

Мужизалары:

1- Жаныбарлар анык тил менен анын пайгамбарлыгына шахадат (күбөлүк) кылышчу.

2- Дуа кылуусу менен тоонун кыймылдоосу: Исхак алейхиссалам Кудуста адамдарды Аллаху таалага ыйманга чакырганда, адамдар: «Эгер мына бул тоону кыймылга келтирсең ыйман келтиребиз», - дешти. Исхак алейхиссалам дуа  кылганда тоо термеле баштады. Кудустун эли баары ыйман келтиришти.

3- Исхак алейхиссалам эшегине минип, бир тоого чыга турган болгондо эшектин алдыңкы буттары кыскарып, арка буттары узарчу. Тоодон төмөн карай түшүп бараткада болсо тескериси болчу.

4- Исхак алейхиссаламдын дуасынын берекеси менен Аллаху таала өлгөн жаныбарларды тирилтчү.

5- Шам элинин каалоосу менен кылган дуанын натыйжасында бир койдун белине колун койгондо дароо козулуу болуп, кийин арты-артына тогуз жолу тууган.

Курани каримдин Бакара, Ал-и Имран, Ниса жана Ибрахим сүрөлөрүндө Исхак алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш