Якуб алейхиссалам


Кенан диярында, б.а., Фаника делген Сайда, Сур жана Бейрут менен Палестин жана Сириянын бир бөлүгүнөн турган аймакта жашаган адамдарга жиберилген пайгамбар. Ысымы Якуб болуп, ибрани тилинде Саффатуллах, б.а., «Аллаху тааланын саф (таза) кылган кулу» деген маанини билдирет. Башка аты Исраил болуп, «Аллахтын кулу» деген маанини билдирет. Ибрахим алейхиссаламдын кичүү уулу болгон Исхак алейхиссаламдын уулу.

Якуб алейхиссаламдын он эки уулу бар эле. Ушундан улам анын он эки уулунун урпактары Бани Исраил, б.а., Исраил уулдары деп аталган. Уулдарынын ар биринин уруусу «Сыбт», баарын жалпы неберелер деген маанини билдирген «Асбат» деп аталган. Кийин Яхуди деген ат берилген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан бир нече пайгамбар чыккан: Муса, Харун, Давуд, Сулайман, Закариййа, Яхия жана Иса алейхиссалам булардан.

Якуб алейхиссалам Шамда же Мадиянда туулган. Анын Ийс аттуу бир тууганы бар эле. Балалыгы атасынын жанында өттү. Атасы Исхак алейхиссалам Якуб алейхиссалам үчүн: «Йа, Рабби! Урпагыман пайгамбар келе тургандыгын буюрган элең. Ал убадаңды ушул уулума чыгар», - деп дуба кылды. Анын урпагынан нечен пайгамбарларды жиберүүсү үчүн Аллаху таалага нияз кылды.

Якуб алейхиссалам атасынын кайтыш болуусунан кийин энесинин сунушу менен Харрандагы таекесинин жанына кетти. Ал жерде узак убакыт турду. Таекесинин улуу кызы Лая менен үйлөндү. Бул никеден Рабил, Шамун, Лави, Яхуда, Исахар жана Заблун аттуу уулдары менен Динар аттуу кыз төрөлдү. Ибрахим алейхиссалам билдирген динде эки кыз бир тууган менен үйлөнүү жаиз болгондуктан биринчи никесинен жети жыл кийин таекесинин кичүү кызы Рахил менен дагы үйлөндү. Бул жубайынан болсо Бунямин жана Юсуф аттуу эки уул төрөлдү. Балха жана Зулфа аттуу эки жариясы бар эле. Балха аттуу жариядан Дан жана Нафтала, Зулфа аттуу жариясынан Жад жана Ашир аттуу уулдары төрөлдү. Ушундайча он эки уулдуу болду.

Кырк жылга жуук таекесинин жанында турган жана ага кызмат кылган Якуб алейхиссаламга Аллаху тааладан вахий келип, Кенан диярынын элине пайгамбар болуп милдеттендирилгендиги билдирилди. Таекесинен уруксат алып, аялдарын, балдарын жана өзүнө баш ийгендер менен бирге Харрандан чыгып, Кенан диярына келип ошол жерге отурукташты. Өзү жана уулдары үчүн үйлөрдү салдырды. Бул учурда Юсуф жана Бунямин аттуу уулдарынын энеси болгон Рахил кайтыш болду.

Якуб алейхиссалам адамдарды хак динге жана бир болгон Аллаху таалага ишенүүгө жана Ага ибадат кылууга чакырды. Кенан дияры элинен көп адам ага ыйман келтиришти. Кенан диярын башкарган Шужайм бин Даран аттуу король Якуб алейхиссаламга каршы чыккан болсо да ийгиликке жете алган жок.

Якуб алейхиссалам энелери кайтыш болгон уулдары Бунямин жана Хазрети Юсуфту калган уулдарынан да көбүрөөк жакшы көрчү эле. Себеби, бул экөө эне мээриминен куру калышкан эле. Якуб алейхиссаламдын өзгөчө Хазрети Юсуфка карата ашыкча сүйүүсү болгондугу үчүн аны бүткүл уулдарынан да жогору кармап, аны эч жанынан чыгарчу эмес. Хазрети Юсуф жети жашында түшүндө он бир жылдыз, ай жана күндүн өзүнө сажда кылгандыктарын көрдү. Бул түшүн атасына айтып берди. Түш жорууну мыкты билген Якуб алейхиссалам уулуна келечекте көп нематтарга жете тургандыгын жана өзүнө пайгамбарлык бериле тургандыгын айтып, түшүн бир туугандарына айтпоосун сунуштады.

Якуб алейхиссаламдын уулу Юсуфка карата ашыкча сүйүү мээримин көрсөтүүсүн кызганган берки уулдары ага карата көралбастык кылышты. Баары чоогу Хазрети Юсуфка тузак куруп, ушундайча аны өлтүрүүнү каалашты. Аталарынан коркушкандыктан кандайча жамандык кыла тургандыктарын аныктай алышкан жок.

Кийин өз араларында сүйлөшүп, Юсуф алейхиссаламды жол жээгиндеги бир чуңкурга салууга чечим кылышты. Юсуф алейхиссаламды атасынан алып, өздөрү менен бирге ээрчитип кетүүнүн амалын табышты. Юсуф алейхиссаламды талаага алып барышып, кербендер өткөн жолдун жээгиндеги бир кудукка таштап жиберишти. Үстүндөгү көйнөгүн чыгарып, өздөрү сойгон бир жаныбардын каны менен боёшту. Кеч киргенде кандуу көйнөгүн атасына алып келишип: «Биз талаада жарышып ойноп жатып Юсуфту буюмдарыбыздын жанында калтырып койгон элек. Аны карышкыр жеп кетиптир», - дешти.

Якуб алейхиссалам канга боёлгон, бирок, эч жыртыгы же чийиги болбогон көйнөгүн карап, уулу Юсуфту карышкыр жебегендигин жана анын тирүү экендигин түшүндү. Калган балдарына: «Ал карышкырдын Юсуфка болгон мээрими силердин ага болгон мээримиңерден көп экен. Валлахи, азыркыга чейин бул карышкырдай жумшак мүнөздүү бир да карышкыр көрбөдүм. Уулумду жесе дагы үстүндөгү көйнөгүн жыртпаган экен. Бул айткандарыңар жалган. Юсуфка эмне кылган болсоңор да силер кылдыңар. Бирок, колуман эмне келсин. Мен үчүн сабыр кылуудан да жакшы нерсе жок», - деди. Ичинен сыздап ыйлап, көңүлүн Аллаху таалага байлап отурду. Юсуф алейхиссаламдан ажыроодон улам кайгыга батып, бирок, бул кайгысын эч кимге билдирбей, эч кимге арыз-муңун айтпастан уулуна жете турчу күндү касырет менен күтүп жүрдү. Кайгы-касыретинен ыйлоосунан улам көздөрүнө ак түшүп, акыры көрбөй турган болуп калган эле.

Ташталган кудуктан бир кербенчи тарабынан чыгарылып, Мысырга алып барылып, кул деп сатылган Юсуф алейхиссалам Мысырдын Казына вазири тарабынан сатылып алынды. Казына вазиринин сарайында өзгөчө кароо менен чоңойтулган Юсуф алейхиссалам вазир өлгөндөн кийин анын ордуна Казына вазири болду. Жети жыл бою уланган ачарчылык учурунда көрсөткөн экономикалык чаралары аркылуу Мысыр калкынын бейпилчилик, бакубатчылык ичинде жашоосун камсыздаган эле.

Якуб алейхиссалам Буняминден башка балдарын буудай, азык зат алып келүү үчүн Мысырга жөнөттү. Юсуф алейхиссалам аларды таанып, көп сый тартуулап, колдоруна азык заттарын бердирди. Экинчи жолку келүүлөрүндө тууганы Буняминди дагы алып келүүлөрүн айтты. Алар дагы экинчи келүүлөрүндө бир тууганы Буняминди бирге алып келишти. Атасы-энеси бир болгон бир тууганы Буняминди бир амал менен өз жанына алып калды. Якуб алейхиссаламдын уулдары үчүнчү жолу Мысырга келгенде Юсуф алейхиссалам аларга өзүн таанытты. Атасын жана бардык бир туугандарын Мысырга чакырды. Якуб алейхиссалам көйнөгүн жүзүнө көзүнө сүрткөндө көздөрү ачылды.

Якуб алейхиссалам уулунун чакыруусу менен бардык туугандарын алып Мысырга барып, уулу Юсуф алейхиссаламга жетти. Юсуф алейхиссалам атасына жана жанындагыларга чоң сыйлыктарды тапшырды. Бир туугандарын кечиргендигин айтты. Якуб алейхиссалам уулу Хазрети Юсуфка жеткенден кийин уулдары менен бирге он жылдан ашык Мысырда жашады. Абдан карылык басканда балдарын жанына жыйнап, осуятын айтты. Уулдарынан бир болгон Аллаху таалага ибадат кыла тургандыктарына байланыштуу сөз алгандан кийин кайтыш болду. Уулдары жаназа намазын окушту. Осуятын орундоо үчүн Кудуска жакын Халил-ур-Рахмандагы атасы Исхак алейхиссаламдын жанына жерге берилди. Риват боюнча бул жерде төрт кабыр бар. Булар Ибрахим алейхиссаламга, Исхак алейхиссаламга, Сара энебизге жана Якуб алейхиссаламга таандык.

Якуб алейхиссалам чоң атасы Ибрахим алейхиссаламга жиберилген китептеги (барактардагы) буйрук жана тыюуларды адамдарга түшүндүрдү.

Якуб алейхиссалам Аллаху таала тандаган, өз заманында жашаган адамдардын келбет (көрүнүш) жана сират (мүнөз, жашоосу) жагынан эң үстөмү эле. Буудай түспөл, узун бойлуу, назик жаратылыштуу денеге ээ эле. Атасы Исхак алейхиссалам сыяктуу жумшак мүнөздүү, туура сөздүү, кең пейил жана жоомарт эле. Курани каримде Якуб алейхиссаламдын динде кубаттуу болгондугу, ихлас ээси болгондугу, салихтерден болгондугу, бүтпөгөн мыкты сабырга ээ болгондугу, тандалган, жакшылыктуу адамдардан болгондугу жана түш жорууну жакшы билгендиги айтылган.

Якуб алейхиссаламдын беш түрдүү мужизасы бар эле:

1- Дубасынын берекеси менен бир кой төрт козу тууган эле. Бир коом келип: «Эй, Аллахтын Пайгамбары, өткөн жылы койлорубуз эч төлдөгөн жок. Жанабы Хакка дуба кылыңыз, бул жылдыкы менен өткөн жылдын козуларын тең бирге берсин», - деп өтүнүштү. Якуб алейхиссалам дуба кылганда ар бир койдон төрттөн-төрттөн козу туулуп, көбөйдү.

2- Үнү үч конуштук жерден да угулчу. Душман аскерине кыйкырганда корккондон качып кетишчү.

3- Хазрети Якуб ыргыткар нерсе өтө алыска учуп барчу. Уулдарын Амалика уруусу менен согушууга жибергенде согуш учурунда Яхуда аттуу уулунун сүнгү жана найза менен куралы сынып калган эле. Яхуда: «Атаке, куралым сынды, бир курал жөнөтүңүз», - деп үн салганда Хазрети Якуб муну угуп бир тоонун башынан мурункусундай куралды ыргытып, үн салды. Яхуда үнүн угуп, куралды алды да, дароо душманга чабуулга өтүп жеңишке жетишти. Атасы менен арасында 360 кмлик аралык бар эле.

4- Якуб алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен чоң жана кичине тоолор ордунан козголушкан. Кенан элин динге чакырган кезде ошол жерде болуп, чөлкөмдүн эки тарабын тарайткан тоолордун башка жерге көчүүсү менен жерлеринин кеңири болуусун каалашкан эле. Якуб алейхиссалам дуба кылганда алардын максаттары орундалып, жерлери кеңири түз аймакка айланып, абасы дагы жакшы болуу менен Хижаздагы сулуу жер катары таанылган.

5- Кенан элин ыйманга чакырган кезинде жашаган жерлериндеги тоо-таштуу жерлердин, дөбөлөрдүн баарынын топурак болуусун сунушташкан эле. Якуб алейхиссалам дуба кылганда алар каалагандай жерге кубулган болчу.

Якуб алейхиссаламдын эң улуусу Рабил болуп Шамун, Лави, Яхуда, Заблун (Ялун), Исахар, Дан, Нафтали, Ашир, Жад, Юсуф жана Бунямин аттуу он эки уулу бар эле. Исраил уулдары бул он эки уулунан көбөйүшкөн. Юсуф алейхиссаламдан кийин акыл жагынан эң үстөмү болгон Яхудадан Давуд алейхиссалам жана Бани Исраил (Исраил уулдары) өкүмдарлары чыккан. Бул себептен Исраил уулдары жалпысынан Яхуди деп да аталышкан. Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардын көбү Юсуф алейхиссаламдын урпагы болуп саналышат. Курани каримде айтылган Талут болсо Буняминдин урпактарынан болуп саналат.

Курани каримде Юсуф сүрөсүндө жана Бакара сүрөсү 132, 133, 140; Ал-и Имран сүрөсү 84-93; Ниса сүрөсү 163; Анам сүрөсү 84; Худ сүрөсү 71; Мариям сүрөсү 6, 49, 58-аяттарында Якуб алейхиссалам жана анын пазилеттери тууралуу баяндалган. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш