Юсуф алейхиссалам


Мысыр элине жиберилген пайгамбар. Якуб алейхиссаламдын уулу. Энесинин ысымы Рахил. Исраил уулдарынан (Якуб алейхиссаламдын) урпагынан жиберилген биринчи пайгамбар.

Кичине жашында энеси кайтыш болгон Юсуф алейхиссаламды жана кичине бир тууганы Буняминди аталары Якуб алейхиссалам мээрим менен карап чоңойтууда эле. Себеби, алар эне мээриминен куру калышкан эле. Энесинин кайтыш болуусунан кийин Юсуф алейхиссалам атасынын кыз бир тууганынын жанында калды. Ал эжеси кайтыш болгондо кайра атасынын жанына кайтып келди. Якуб алейхиссаламдын калган аялдарынан төрөлгөн Рабил, Шамун, Лави, Яхуда, Исахар, Заблун, Дан, Нафтали, Жад жана Ашир аттуу уулдары Юсуф менен бир тууганы Буняминди аталарынын өздөрүнөн да көп жакшы көргөндүгүн кызганып жүрүшчү.

Юсуф алейхиссалам жети же он эки жаштарында он бир жылдыз, ай жана күндүн өзүнө сажда кылгандыгын түшүндө көрдү. Бул түшүн келип атасына айтты. Уулу Юсуфтун айткандарын уккан Якуб алейхиссалам он бир жылдыздын калган балдары экендигин, күндүн өзү, айдын аялы экендигин айтып жоруду. Келечекте Хазрети Юсуфтун чоң нематтарга жете тургандыгын жана ага пайгамбарлык бериле тургандыгын түшүндү. Бул түштү уга турган болушса ого бетер кызгана тургандыктарын жана шайтандын васвасасы менен ага бир жамандык бере тургандыктарын ойлоп, түшүн калган бир туугандарына айтпоосун хазрети Юсуфка эскертип айтты.

Якуб алейхиссаламдын уулу Хазрети Юсуфту өздөрүнөн да артык сүйүүсүнөн улам кызгануулары күчөгөн калган уулдары жыйналып, өз араларында сүйлөшүштү. Юсуфту аталарынан алыстатууга чечим чыгарышты. Бул үчүн эки жолду тандашты: «Өлтүрөбүз же аны атабызга жете албагыдай бир жерге таштап келебиз. Ушундайча атабыздын сүйүүсүн өзүбүзгө тартабыз», - дешти.

Араларынан бирөө (Рабил же Яхуда): «Эгер менин сөзүмө макул болсоңор Юсуфту өлтүрбөгүлө. Аны терең бир чуңкурга таштап койгула, ал жерден өткөн жолчулардан бири аны чыгарып, башка бир тарапка алып кетет», - деди. Калгандары бул пикирди жактырышып, Хазрети Юсуфту чуңкурга таштоого чечим чыгарышты.

Эртеси күнү баары бирге Якуб алейхиссаламга барышып, койлорун оттотууга кете тургандыктарын, бир туугандары болгон Юсуфту дагы абдан сүйүшкөндүктөн өздөрү менен бирге ала кетүүнү каалашкандыктарын айтышты. Бир туугандырынын Юсуфка бир нерсе кыла тургандыктарынан шектенген Якуб алейхиссалам: «Аны алып кетсеңер кайгырам. Силер андан кабарсыз калып, карышкыр жеп кетеби деп коркомун», - деди.

Уулдары болсо аталарына карата ант беришип: «Биз күчтүүбүз, аны карышкырга жедирсек алсыз-күчсүз болобуз», - дешип, куулук аркылуу Хазрети Юсуфту атасынан алып кетишти. Якуб алейхиссалам болсо балдарынын улам сурануулары, анын үстүнө Юсуфтун дагы алар менен кеткиси келгендигинен улам бул тагдырга ыраазы болду. Бир туугандар атасынан алыстаганда Юсуфка кыйынчылык тарттыра башташты. Бир канча убакыттан кийин таштай турчу чуңкурдун жанына барышты. Бир туугандары Юсуф алейхиссаламдын үстүндөгү кийимин чечишти. Жипке байлып, чуңкурга салышты. Жарымына берген кезде жипти кесишти. Юсуф алейхиссалам суунун ичине түшкөндө мына бул дубаны окуду: «Эй, кайып болбогон Шахит! Эй, узак болбогон Кариб! Эй, жеңилбеген Галиб! Мени бул азаптан куткар. Бул үчүн мага бир чыгуу жолун насип кыл!»

Юсуф алейхиссалам чуңкурда дуба кылып, Аллаху тааланы зикир кыла баштады. Юсуф алейхиссаламдын зикирин уккан периштелер анын айланасына топтолуп, көңүлүн жубатышты. Жабраил алейхиссалам дагы келип ага жолдош болду.

Юсуф алейхиссаламдын бир туугандары болсо үстүнөн чечип алган кийимдерин өздөрү сойгон бир жаныбардын каны менен булгап, аталары Якуб алейхиссаламга алып барышты. «Эй, ата, чынында биз бардык. Жарыша турган болдук. Юсуфту болсо буюмдарыбыздын жанына калтырып кеткен элек. Аны карышкыр жеп кетиптир», - дешти. Өздөрү сойгон жандыктын канына булганган көйнөгүн алып келишти. Якуб алейхиссалам алардын жалган айтып жатышкандыктарын түшүнүп: «Жок, напсиңер силерди алдап, ушундай ишке силерди жетелептир. Эми мага түшкөн иш – сабыр кылуу. Силердин бул кылганыңарга карата сабыр менен Аллаху тааладан жардам тилеймин», - деди. Юсуф алейхиссаламдын канга боёлгон көйнөгүн жүзүнө, көзүнө сүрдү. Көйнөктүн эч жыртылбагандыгын көрүп: «Ал карышкырдын Юсуфума болгон мээрими силердин ага болгон мээримиңерден да көп экен. Валлахи, бүгүнкү күнгө чейин бул карышкырдай жумшак мүнөздүүсүн көрбөдүм. Уулумду жептир да, үстүндөгү көйнөгүн дагы жыртпаптыр», - деп, тагдырга ыраазы болуп, сабырдын өзү үчүн эң жакшы жол экендигин айтты.

Юсуф алейхиссалам чуңкурга ташталгандан бир канча убакыттан кийин Мадияндан келип, Мысырга бара жаткан бир кербен ошол чуңкурдун жанына келип конуш алды. Суу алуу үчүн жооптуу болгон бир киши чакасын чуңкурга салганда Юсуф алейхиссалам чакага бекем жармашты. Чака жогору тартылганда Юсуф алейхиссалам дагы чака менен кошо сыртка чыкты. Чаканы тарткан киши сулуу жүздүү бир баланын чакага жармашып сыртка чыкканын көргөндө таң калды. Аны ээрчитип, кербен тобундагылардын жанына алып барды. Ушундайча  Юсуф алейхиссалам чуңкурдан чыгып кутулду. Бул учурда Хазрети Юсуфту чуңкурга ыргыткан бир туугандардын бири ага тамак берүү үчүн чуңкурдун жанына келген эле. Анын кербенчилер тарабынан чуңкурдан чыгарылгандыгын көргөндө калган бир туугандарына кабар берди. Кербенчилердин жанына келген бир туугандар: «Бул биздин кулубуз болчу, качып кетти. Кааласаңар аны сатып алып, башка бир мамлекетке алып кеткиле», - дешти. Юсуф алейхиссаламды болсо: «Биздин сөзүбүздү жалганга чыгара турган болсоң сени өлтүрөбүз», - деп коркутушту. Кербенчилер акчаларына товар сатып  алгандыктарын, жандарында калган бир нече дирхамды гана бере ала тургандыктарын айтышты. Негизги максаттары Юсуф алейхиссаламды сатуу эмес атасынан алыстатуу болгон бир туугандар кербенчилердин ошол бир нече дирхамына да ыраазы болуп, хазрети Юсуфту аларга сатышты.

Кербенчилер хазрети Юсуфту Мысырга алып барып, базарга чыгарышты. Бир нече адам аны сатып алууну каалаганда баасы көтөрүлдү. Ошол учурда Мысыр Азизи, б.а., казына башчысы болгон Кытфир (же Изфир) Юсуф алейхиссаламды кербенчилерден өтө чоң баага сатып алды. Үйгө барганда аялына ага жакшы мамиле кылуусун, келечекте өздөрүнө пайдалуу боло тургандыгын айтты. Юсуф алейхиссаламды сатып алган Мысыр Азизинин аялы Залиха (же Зулайха) эле, ал такыр балалуу болгон эмес эле. Ошондуктан, Азиз Юсуф алейхиссаламды бала кылып алууну ойлоду. Юсуф алейхиссалам Азиздин үйүндө абдан рахат жашады. Азиздин аялы жаш жана сулуу аял эле. Азиз болсо күчсүз (алсыз эркек) эле.

Юсуф алейхиссалам болсо көргөндү эстен тандыра тургудай даражада сулуу эле. Жүзүндө жаркыраган пайгамбарлык нуру ар кимди таң калтырды. Бул абал Зулайханын ага ашык болуусуна себеп болду. Юсуф алейхиссаламга карата кооздонуп, аны өзүнө тартууга абдан аракет кылды. Бирок, Юсуф алейхиссалам Аллаху тааланын жардамы менен ага эч этибар берген жок. Зулайха акыры эшиктердин баарын жаап, андан муратын алууну каалады. Юсуф алейхиссалам: «Мырзайым, (Кытфир) жакшы карооң үчүн мени сага калтырды. Буга каршы анын харемине кыянаттык кылуудан Аллахка сыйынамын», - деди.

Юсуф алейхиссаламдын өзүнө этибар кылбагандыгын көргөн Зулайха ага жалаа жапты. Зулайханын Юсуф алейхиссаламга кылгандары бир канча убакыттын кийин Мысыр элине дагы угулду. Кабар сарай ичинде кызматтагы адамдардын аялдары тарабынан дагы угулганда, аялдар: «Зулайха Кенандык кулу Юсуфтун напсинен мурат алууну каалап жаткан экен. Ал жаш жигитке болгон сүйүү анын жүрөгүнө кадалыптыр, аны акылдан алыптыр. Азиздин аялы болуп туруп Зулайханын бул кулга көңүлүн берүүсүн апачык бир ката катары көрөбүз», - дешти.

Зулайха Мысырлы аялдардын өзү тууралуу сөздөрүн укту. Ал аялдардын да Юсуф алейхиссаламды көрүүлөрү үчүн бир зыяпат уюштурду. Өзүн айыптаган аялдар менен бирге шаардын алдыңкыларынын кырк чактыдай аялын чакырды. Алар үчүн бычак менен кесип желе турчу тамактарды даярдатты. Зулайха башка бөлмөдө отурган Юсуф алейхиссаламга чыгып аялдарга көрүнүүсүн буйрук кылды.

Юсуф алейхиссалам Зулайхадан тартынгандыгы үчүн анын буйругуна каршы чыкпастан аялдарга көрүндү. Аялдар Юсуф алейхиссаламды көргөндө анын жамалынын айбатынан, жүзүнүн сулуулугунан эстери танды. Астыларында турган мөмө жемиштин ордуна колдорун кесип, мунун оорусун да сезишкен жок. Андагы сулуулук менен жамалынын айбатын эч бир адамда көрүшкөн эмес. Ушундайча, анын периште эмес экендигин билип турушса да «Бул периште» деп айтуудан өздөрүн ала алышкан жок. Алардын бул эс-мас абалын карап турган Зулайха: «Мына, көрдүңөрбү? Силер менден да көп жемеленүүгө, айыпталууга ылайыксыңар. Себеби, силер аны бир көрүү менен өзүңөрдү жоготуп, колуңарды кантип кескениңерди да сезген жоксуңар. Мен болсо узак мезгилден бери аны мененмин. Бирок, эч качан силердин бул абалыңарга түшүп, эсимди жоготкон эмесмин. Азыр көргөнүңөрдү мурда көргөнүңөрдө мени айыптамак эмессиңер», - деди.

Кийин аларга: «Укканыңардай эле мен андан бул иш үчүн талап кылдым. Ал болсо бул тууралуу сунушумду кабыл кылбады. Эгер ага буйругумду кылбай турган болсо сөзсүз зынданда кыйналат», - деди. Конок болуп келген аялдар Юсуф алейхиссаламдын тегерегинде жыйналышып: «Азиздин аялынын буйругуна каршы чыгууң сага бир пайда алып келбейт», - дешип, Зулайханын каалоосуна баш ийүүнү сунуш кылышты. Юсуф алейхиссалам болсо аялдардын фухушту (зынаны) сулуу көрсөткөн куулуктарына карата Аллаху таалага сыйынып дуба кылды. Башына түшкөн бул кайгыдан коргонуусун үмүт өттү:

«Эй, Раббим! Зындан мага бул (Мысырлык) аялдардын мени чакырган нерседен да сүйкүмдүү. Эгер сен алардын куулуктарын менден кайтарбасаң (мени исмат ичинде бекем кылуу менен коргобосоң, мен эрк менен болбогон табигый бир берилүү менен) аларга берилип, ушундайча сафихтердин тобуна кошулам. Мындан кийин Рабби анын дубасын кабыл кылды. Аялдардын куулуктарын, жамандыктарын андан кайтарды. Себеби, Ал (Аллаху таала өзүнө тазарру жана илтижа кылгандардын дубаларын) угуучу жана (абалдарын) билүүчү.» (Юсуф сүрөсү: 33)

Зулайханын күйөөсү Азиз Юсуф алейхиссаламдын кылынган териштирүү натыйжасында күнөөсүздүгүн түшүнгөндүктөн кандайдыр бир жаза берүүнү зарыл деп көргөн эмес эле. Бирок, жайылган ушактарды токтотуу үчүн жана Зулайханын басымдарына моюн сунуп, Юсуф алейхиссаламдын камалуусуна чечип чыгарды. Ушундайча хазрети Юсуф зынданга салынды. Узак убакыт бою зынданда калды. Зынданда канча убакыт калгандыгы так белгисиз.

Юсуф алейхиссалам менен бирге Мысыр Фараонунун наавайчысы менен шербетчиси дагы түрмөдө эле. Юсуф алейхиссалам зындандагы кезинде оорулууларды зыярат кылып, түндөрү дайыма намаз окуп, Раббин зикир кылчу эле. Өзүнө Аллаху таала түш жоруу илимин үйрөттү. Юсуф алейхиссалам Фараондун наавайчысы менен шербетчиси көргөн түштөрүн жоруду. Бул түшүндө жүзүм сыккандагын, экинчиси болсо башынын үстүндө нан ташыгандыгын жана бул нанды куштардын жегендигин көргөн эле. Юсуф алейхиссалам түшүндө жүзүм сыккандын боштондукка чыга тургандыгын, нан ташыганынын болсо өлүм жазасына тартыла тургандыгын айтты. Ал адамдардын түштөрү ал жоругандай чыкты. Шербетчи бошотулуп, мурдагы ишине кайтып, наавайчысы болсо дарга асылып, башынын этин куштар жеди.

Юсуф алейхиссалам зындандагы кезинде Мысыр өкүмдары бир түш көргөн эле. Коркуу менен уйкусунан чочуп ойгонуп: «Мен түшүмдө жети семиз уйдун жети арык уйду жегендигин жана жети жашыл машак менен жети куураган машак көрдүм. Эй, элдин чыгаандары, эгер түш жоруганды билсеңер бул түшүмдү жоругула», - деди. Алар: «Биз мындай түштөрдү жоруганды билбейбиз», - дешти. Бул учурда мурда Юсуф алейхиссалам менен зынданда чоогу турган шербетчи өзүнүн түшүн жоруткандыгын эстеп: «Мен бул түштү жорутам. Мени Юсуфтун (алейхиссалам) зынданына алып барып, аны менен көрүштүргүлө», - деди. Шербетчини Юсуф алейхиссаламдын жанына алып барышты. Ал Юсуф алейхиссаламга Мысыр өкүмдарынын түшүн айтып берип, жоруусун суранды.

Аллаху таала Юсуф алейхиссаламга зындандагы кезинде пайгамбарлык буйругун билдирди. Юсуф алейхиссалам Мысыр өкүмдарынын түшүн жоруудан мурда Аллаху тааланын пайгамбары экендигин айтып, мужиза көрсөттү. Келе турчу тамактар келе электен мурда алардын түрүн жана даамын кабарлады. Пайгамбар үй-бүлөсүнөн чыккандыгын, ата-бабаларынын пайгамбар болгондуктарын билдирди. Зындандагы кезинде адамдарды таухид ишенимине чакыра баштады. Зындандагыларга: «Эй, зындан досторум! Көп сандаган буттарыңар кайырлуубу же (затында жана сыпатында) жалгыз жана бардык нерсеге ээ болгон Аллаху таалабы?» - деди. Досторуна таухид ишенимин, ишенүүнүн керек экендигин жана хак диндин буйрук жана тыюулары эмнелер экендигин түшүндүрдү.

Юсуф алейхиссалам өкүмдардын түшүн жоруп: «Жети жыл молчулук, кийин жети жыл ачарчылык болот. Молчулукта сактагыла, ачарчылыкта буларды жейсиңер», - деп айтты. Өкүмдар бул түш жорууну укканда Юсуф алейхиссаламды чакыртты. Юсуф алейхиссалам Мысыр өкүмдарынын элчисине: «Мырза, баргын да, колдорун кескен ал аялдардын абалдары эмне эле? Өзүнөн сура. Менин Раббим алардын куулуктарынын эмне болгондугун (эмне айтышкандыктарын, эмне кылышкандыктарын) албетте билет», - деди. Элчи өкүмдардын жанына кайтып барып, Юсуф алейхиссаламдын тилегин айтты. Маселени изилдеген өкүмдар ал аялдарды жанына алып келдирип: «Юсуфтун напсинен мурат алууну каалаган убакта кандай абалда элеңер? Аны Зулайханын буйругуна баш ийүүгө үндөп жатканда силерге карата бир берилүүсүн сездиңер беле? Өзүндө бир жамандык, шек туудура турчу кыймыл-аракет көрдүңөр беле?» - деди. Аялдар: «Хааша! Биз анын эч бир жаман абалына, эч бир күнөөсүнө күбө болгон жокпуз», - дешти. Ал жыйналышта болгон Азиздин аялы Зулайха дагы: «Азыр хак (туура) ортого чыкты. Мен анын напсинен мурат алууну каалаган болчумун. Ал болсо күмөнсүз туура сүйлөгөндөрдөн», - деди. Ушундайча Юсуф алейхиссаламдын күнөөсүздүгү жана жылдар бою зынданда күнөөсүз тургандыгы белгилүү болду.

Мысыр өкүмдары Юсуф алейхиссаламга кайрадан элчи жөнөтүп: «Аны мага алып келгиле, аны өзгөчө кеңешчим кылып, иштеримди ага тапшырайын», - деди. Өкүмдардын чакыруусун кабыл кылган Юсуф алейхиссалам зындандан чыкты. Зындандын эшигине: «Бул жер балээ, кайгы жана капа үйү, тирүүлөрдүн кабыры, душмандардын сүйүнүч, достордун тажрыйба жери», - деп жазды.

Юсуф алейхиссалам өкүмдардын сарайына барганда өкүмдар ага көп сый-урмат көрсөттү. Өкүмдар көргөн түш менен байланыштуу кандай чаралар көрүлүүсү керек экендигин сурады. Юсуф алейхиссалам: «Молчулук жылдары көп эгип, эгиндерди сабак жана машактары менен бирге кампаларга сактооң керек. Ушундайча эгиндер бузулбастан сакталат, сабактары болсо мал-жандыктарыңар үчүн тоют болот. Элге дагы эгиндеринен муктаждык өлчөмүндө гана колдонууларын, артканын сактап коюуларын буйрук кылышың керек. Бул азыктар ачарчылык болгон жылдары силердин жана айланаңардагы адамдардын муктаждыктарын камсыздайт», - деди. Юсуф алейхиссаламдын кеңештерин жактырган өкүмдар: «Бул иштерди кылууда мага ким жардам берет?» - деди. Юсуф алейхиссалам ага: «Жердин (Мысырдын) казыналарынын башкаруу ишин мага калтыр. Мен аны коргоого күчүм жетет. Үнөмдөө жолдорун билем, бул ишти мен орундай алам», - деди.

Юсуф алейхиссаламдын сунушунан бир жыл өткөндө Мысырдын Азизи (Казына вазири) өлдү. Өкүмдар хазрети Юсуфту анын ордуна Казына вазири кылды. Асыл таштар менен кооздолгон такты жана таажылар менен бирге казыналардын ачкычтарын ага тапшырды. Өкүмдар бардык бийлик укутарын ага берди. Мамлекеттин ар тарабында Юсуф алейхиссаламдын буйругу өтө турган болду. Юсуф алейхиссалам Азиздин өлүмүнөн кийин сарайдан кетип, чарасыз абалга түшкөн жана Аллаху таалага ыйман келтирген Зулайханы Аллаху тааланын буйругу менен өзүнө никелеп, аны менен үйлөндү. Юсуф алейхиссалам Зулайхага: «Бул сенин каалаган нерсеңен да кайырлуу эмеспи?» - деди. Зулайха болсо ага: «Эй, Сыддык! Мени айыптаба. Билгениңдей мен мал-мүлк, сулуулук сыяктуу дүнүйө нематтарына ээ болгон аял элем. Бирок, күйөөм аялдарга жакындоодон алсыз эле. Сен болсо мен көргөн эң сулуу жан элең» - деп жооп берди. Юсуф алейхиссаламдын Зулайхадан эки уулу менен Рахмат аттуу бир кызы болду.

Юсуф алейхиссалам бийлик укугун колуна алганда ачарчылык замандардын келе тургандыгын ойлонуп, керектүү чаралардын камын көрдү. Зарыл азык запастарын жасатты. Бул үчүн чоң кампаларды салдырып, жайналган азык заттарды ушул кампаларга жыйнатты. Адамдарга чоң жакшылыктарды кылды. Жети жыл болгон молчулук жылдары өтүп, артынан катуу ачарчылык башталды. Ачарчылыктын алгачкы жылы адамдар камдап алган азык заттарын бүтүрүштү. Юсуф алейхиссаламдан акча менен азык сатып ала башташты. Юсуф алейхиссалам ким болсо болсун эч кимди кайырбастан азык алууга келгенге бир төө жүктөн артык азык берчү эмес. Бул маселеде адилеттиктен эч тайбас эле. Мысыр өкүмдары жана көптөгөн адамдар анын адилеттиги жана көркөм мүнөзү үчүн Аллаху таалага ишенишкен эле.

Мысырдан жана айланадагы өлкөлөрдөн адамдар агылып келип, Юсуф алейхиссаламдан азык-түлүк ала башташты. Атасы Якуб алейхиссаламдын жана бир туугандыры жашаган Кенан жергесинде дагы катуу ачарчылык болгондуктан Якуб алейхиссалам Юсуф алейхиссаламдын эне-атасы бир болгон бир тууганы Буняминден башка он уулун Мысырга азык алып келүүгө жөнөттү. Якуб алейхиссаламдын уулдары Мысырга барганда хазрети Юсуф аларды тааныды. Алар болсо хазрети Юсуфту тааный алышпады. Бирок, хазрети Юсуф алардын ким экендиктерин, каерден келгендиктерин сурады. Алар: «Биз Кенан жергесинен келдик. Карыган бир атанын балдарыбыз. Атабыздын аты Якуб. Жергебизде ачарчылык бар. Атабыз бизди бул жерге азык алып келүүгө жөнөттү», - дешти. Юсуф алейхиссалам: «Азыр атаңар каерде жана ким менен бирге?» - деп сураганда: «Кенан жергесинде биздин эң кичүү бир тууганыбыз менен бирге калды. Атабыздын кичүү бир тууганыбыз менен бир энеден болгон өтө жакшы көргөн дагы бир уулу бар болчу. Талаада кайтыш болду. Анын кайгысынан улам Бунямин аттуу кичүү уулун жанынан эч чыгарбайт. Уулу Юсуфка болгон кайгысынан улам көздөрү көрбөй турган болду», - дешти.

Юсуф алейхиссалам бир туугандардын ар бири үчүн бирден төө жүк азык даярдатты. Алардан алган акчаларды дагы жашыруун кайра жүктөрүнүн ичине салдыртып койду. Келерки сапар үйдө калган бир тууганын да ала келүүлөрүн эскертти. Эгер алып келишпесе азык бербей тургандыгын билдирди. Якуб алейхиссаламдын уулдары атасына Мысырга барганда казына вазири тарабынан чоң жакшылык, сый-урмат көргөндүктөрүн айтып беришти. Казына вазиринин кийинки келгенде өздөрү менен бирге Буняминди дагы бирге алып келүүлөрүн айткандыгын, болбосо азык бербей тургандыгын айткандыгын билдиришти. Якуб алейхиссалам Буняминди жөнөтүүнү каалабады. Жүктөрүн түшүрүп ачышты. Арасында берген акчаларынын кайра жүктөрүнүн арасына салынып койгондугун көрүштү. Ошондо аталарына: «Эй, ата! Дагы эмне сурайлы, берген акчабыз дагы кайра бизге кайтарылыптыр. Биз аны менен кайра үйүбүзгө азык алып келебиз. Бир тууганыбызды да коргоп калган болобуз. Бир тууганыбызды алып бара турган болсок бир төө артыкча жүк алабыз. Бул жолку алган азыгыбыз ал өлчөмдө, бизге жетпейт» - дешти. Буняминди алып келе тургандыктарына тийиштүү сөз алгандан кийин алар менен бирге Мысырга жиберди. Аларга: «Мурда Юсуфка эмне болгонун билесиңер. Бирок, Аллаху таала эң жакшы коргоочу. Мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсү», - деди.

Якуб алейхиссаламдын уулдары экинчи жолу Мысырга барышты. Буняминди Юсуф алейхиссаламдын жанына алып барышты. Юсуф алейхиссалам бир туугандырына жакшылык кылып, сый-урматын көрсөттү. Башка бир туугандарынан өзүнчө болгон маалда бир тууганы Буняминге өзүнүн ким экендигин айтты. Бир амал менен аны кетирбей алып кала тургандыгын билдирди. Бир туугандардын ар бири үчүн бир төө жүк даярдатты. Бир тууганы Буняминдин жүгүнүн ичине Мысыр өкүмдарынын алтындан жасалган суу кумганын жашыртып койду.

Якуб алейхиссаламдын уулдарынын жүктөрү даярдалып, жолго чыга турчу кездеринде сарайдан бир кызматкер келип: «Эй, кербенчилер! Токтогула! Силер сөзсүз уурусуңар», - деди. Юсуф алейхиссаламдын бир туугандары артка кайтып: «Эмне жоголду? Издегениңер эмне?» - деп сурашты. Кызматкер: «Өкүмдардын кумганы жоголду. Аны алып келгенге бир төө жүк азык берилет. Мен буга кепилмин», - деди. Юсуф алейхиссаламдын бир туугандары: «Валлахи, силер дагы албетте билесиңер, биз бул жерге бүлүк чыгарууга келген жокпуз. Биз ууру да эмеспиз», - дешти. Кызматчы жана жанындагылар: «Эгер сөзүңөрдө жалганчы чыга турган болсоңор силердин диниңерде анын жазасы эмне?» - деп сурашты. Якуб алейхиссаламдын уулдары: «Суу кумганды уурдагандын жазасы кимдин жүгүнөн табылса, уурдаган адам мүлк ээсинин кулу болот. Биз уурулук кылгандарды ушинтип жазалайбыз», - дешти.

Сарай кызматкерлери Якуба алейхиссаламдын уулдарынын жүктөрүн издешти. Суу кумганы эң акыркы издеген Буняминдин жүгүнөн чыкты. Ошентип, Якуб алейхиссалам билдирген диндин өкүмүнө ылайык Бунямин Мысырда калды. Якуб алейхиссаламдын уулдары: «Эй, Азиз! Чынында анын (Буняминдин) кары жана өтө кадырлуу бир атасы бар. Жоголгон бир тууганыбыздын кайгы-азабын аны менен унутат. Аны бизден артык сүйөт. Ордуна бирөөбүздү алып калып, аны эркин коё бер. Биз сөзсүз сени ихсан кылгандардан деп көрүүдөбүз. Бул ихсаныңды толукта!» - дешти.

Юсуф алейхиссалам: «Буюмубузду кимдин жанында тапкан болсок ал кишиден башка бирөөнү алып калуудан Аллаху таалага сыйынабыз. Себеби, бул тагдырга (динге ылайык берген фатвага карата) биз албетте заалымдардан болобуз», - деди.

Якуб алейхиссаламдын улуу баласы жана Шамун да атам мага уруксат бергенге чейин келбейм деп Мысырда калды. Якуб алейхиссаламдын калган балдары Мысырдан чыгып, уялып, кысталып, атасынын жанына келишти: «Эй, ата! Уулуң Бунямин уурулук кылды. Биз көргөнүбүзгө гана күбөлүк кылабыз. Жоголгон суу кумгандын Буняминдин жүгүнөн чыккандыгын көрдүк. Биз кайыпты, башкача айтканда, чындап эле уурдадыбы же анын кабары жок буюмдарынын арасына салындыбы, билбейбиз. Эгер бизге ишенбесең биз барган шаарга (Мысыр элине) бирге барган кербендегилерден сура. Биз чындыгында туура айтуучуларбыз», - дешти. Якуб алейхиссалам бул кабарга катуу кайгырып, айтылгандарга ишенбеди. Бирок: «Эми мага түшкөн иш - сабыр кылуу. Үмүтүм, Аллаху таала уулдарымды мага алып келер. Шексиз, Аллаху таала Аалим, Хаким», - деди.

Аллаху таала өзүн бул кыйынчылыктан жакында куткара тургандыгына ишенген Якуб алейхиссалам ушунчалык кайгылуу, капалуу болуусуна карабай, абалын Аллаху тааладан башка бирине арызданбады. Башына түшкөн кайгыларга карабай, дайыма сабырдуу болду. Бир күнү уулдарына жете тургандыгына үчүт кылган Якуб алейхиссалам: «Эй, уулдарым! Мысырга баргыла, Юсуф менен бир туугандарынан кабар алгыла. Аллаху тааланын фазыл жана ихсанынан үмүт үзбөгүлө. Себеби, чындыгында, капырлар тобунан башкалар Аллаху тааланын фазыл жана рахматынан үмүт үзбөйт», - деди.

Якуб алейхиссаламдын уулдары аталарынын сунушу менен үчүнчү жолу Мысырга барышты. Юсуф алейхиссаламдын алдына барышып: «Эй, Азиз! Бизге жана үй-бүлөбүзгө тарчылык, каатчылык жана ачкачылык түштү. Өтө аз акча менен келдик. Бизге мурда толук бедел менен бергениңдей толук өлчөк бер. Акчабыздан кем болгон бул өлчөмгө каршылык болгон азыкты берүү менен же бир тууганыбызды кайтарып берүү менен бизге кошумча жакшылык кыл. Себеби, Аллаху таала садага бергендердин сыйын берет. Юсуф алейхиссалам аларга: «Силер маселенин каерге бара тургандыгын билбестен Юсуфка жана бир тууганына кылган иштин жамандыгын түшүнүп, ага тообо кылдыңарбы?» - деди.

Бул сөздөрдү укканда алар бул адамдын бир тууганы Юсуф болуусу мүмкүн экендигин ойлонушту. Андан Юсуф эмессиңби деп сурашты. Алардын жалбарууларын, чарасыз калгандыктарын көргөндө жүрөгү ийиди. Мээриминен улам өзүнүн алардын бир тууганы Юсуф экендигин айтты. Бир туугандары: «Сен чындап эле Юсуфсуңбу?» - дешти. Юсуф алейхиссалам: «Ооба, мен Юсуфмун жана бул менин бир тууганым Бунямин. Аллаху таала бири-бирибизге жеткирип ихсан көрсөттү», - деди. Бир туугандары Юсуф алейхиссаламдын үстөмдүгүн жана ага кылгандыктарынан улам күнөөкөр экендиктерин кабыл кылышты. Юсуф алейхиссалам аларга: «Бүгүн силерге айыптоо жок», - деди.

Бир туугандарына көп изат жана сый көрсөттү. Атасы Якуб алейхиссаламдын абалын, өзүнүн жоктугунан кийин кандай абалда тургандыгын сурады. Алар болсо: «Сен үчүн өтө кайгырды, ыйлады. Ушундан улам көздөрү көрбөй калды», - дешти. Юсуф алейхиссалам көйнөгүн чечип аларга берди да: «Бул көйнөгүмдү атама алып баргыла, жүзүнө сүртсүн. Ал менин жытымды жыттап, көйнөгүмдү көздөрүнө сүртсүн. Атам эми ырахаттык менен көрө баштайт. Кийин бардык үй-бүлөңөрдү мага алып келгиле», - деди. Юсуф алейхиссалам бир туугандарынын жол даярдыктарын жасатты. Атасы Якуб алейхиссаламга берилүүсү үчүн бүткүл үй-бүлө жана бир туугандары менен бирге Мысырга келүүлөрүн каалаган бир катты кошо берди.

Якуб алейхиссалам уулдары Мысырдан жолго чыккандан кийин уулу хазрети Юсуфтун жытын сезгендигин айтты. Бирок, жанындагылар Юсуф алейхиссаламга ашыкча сүйүүсүнөн улам ушундай жыт сезүүдөмн деп ойлоп жатсаң керек деп айтышты. Акыры Якуб алейхиссалам уулдары Кенан жергесине жакындаганда, алардан бирөө сүйүнчүлөп келип, Юсуф алейхиссаламдын көйнөгүн атасына алып келди. Якуб алейхиссалам көйнөктү алып жүзүнө, көзүнө сүрттү. Көздөрү дароо ачылды. Якуб алейхиссалам бүткүл уулдарын жана бир туугандырын алып, Кенан жергесинен Мысырга баруу үчүн жолго чыкты. Юсуф алейхиссалам Мысыр өкүмдары жана эли менен бирге Якуб алейхиссаламды жана аны менен бирге келгендерди утурлай тосуп чыкты. Атасын сарайына алып барды. Атасын жана өгөй энесин тагынын үстүнө чыгарып отургузду. Баары (атасы, өгөй энеси, бир туугандары ага жеткендиктери үчүн) саджа (шүгүр сажда) кылышты.

Юсуф алейхиссалам атасына: «Эй, Ата! Бул - мурда көргөн түштүн тавили (жоруму). Чындыгында Раббим ал түштү ишке ашырды. Мени зындандан чыгарып, мүлк ихсан кылды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын арасын (көралбастык менен) бузгандан кийин Аллаху таала силерди чөлдөн (Кенан диярынан) алып келди. Чындыгында, Раббим тилеген нерселерди хаккы менен билген, бардык нерсени хикматына ылайык убакыт жана шекилде кылган ал», - деди. Бир туугандарын кечиргендигин билдирди.

Якуб алейхиссалам Юсуф алейхиссалам менен бирге он жылдан көп жашагандан кийин кайтыш болду. Осуятына ылайык Кудуска жакын Халилуррахман делген жерге коюлду. Юсуф алейхиссалам атасынын кайтыш болуусунан кийин бир канча убакыт жашагандан кийин кайтыш болду. Мысырда элдин ар кими Юсуф алейхиссаламды өз махалласына жерге бергиси келип жатты. Иш араздашууга чейин барды. Акыры мрамордон бир сандык коюшуп, Нил дарыясынын жээгине (же Нил дарыясынын ортосуна) жерге берүүгө макулдашышты. Бир риваят боюнча андан төрт жүз жылдан кийин келген Муса алейхиссалам анын кабырын таап, мубарек денесин ал жерден алып, Якуб алейхиссалам жерге берилген Халилуррахманга алып барып жерге берди.

Юсуф алейхиссаламдын сулуулугу артыкча эле. Адам алейхиссаламга өтө окшочу эле. Мысыр көчөлөрүндө баратканда жүзүнүн жаркыраганы күндүн жарыгындай дубалдарга чагылышчу эле. Бир адам анын жүзүн карагысы келсе дароо көздөрүн бурууга мажбур болчу эле. Булардын бардыгына карабай Юсуф алейхиссаламга сулуулуктардан бир бөлүк гана берилген эле. Мухаммед алейхиссаламга болсо бардыгы берилген эле.

Асхабы кирам Пайгамбарыбыздан (алейхиссалам): «Сиз сулуу белеңиз же Юсуф алейхиссаламбы?» - деп сурашканда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Боордошум Юсуф менден сабих (сулуу), мен андан малихмин (сүйкүмдүүмүн). Анын көрүнгөн сулуулугу менин көрүнгөн сулуулугуман көп», - деп буюрду. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) көрүнбөгөн сулуулугу көрүнгөндө эч ким кароого чыдай алмак эмес.

Асхабы кирамдын жаштары хазрети Айша энебизден Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сулуулугун сурашканда, хазрети Айша мына бул ыр саптарын айткан:

Ва лав самиа ахлу Мысра авсафа хаддихи,

Лама базалу савми Юсуфа мин накдин.

Лавима Залиха раайна жабинаху,

Ла асарна билкатил кулуби алал айди.

Мысырдагылар анын жүзүнүн сулуулугун угушканда Юсуф алейхиссаламдын базарлыгында эч акча беришмек эмес. Башкача айтканда, бүткүл мал-мүлктөрүн, анын жүзүн көрө алуу үчүн сакташмак. Залиханы жамандаган аялдар анын жаркыраган маңдайын көрүшкөндө колдорунун ордуна жүрөктөрүн кесишмек (да ооруганын сезишмек эмес).

Юсуф алейхиссалам көркөм мүнөздүү болуп, Мысыр Азизинин акысын сактап, Зулайханын сунушун четке какты жана жакшылык көргөн кишисине кыянаттык кылбады. Эч бир мүдөө жана зыян анын туураны айтуусуна кедерги болгон жок. Аллаху таала аны Курани каримде «Сыддык= өтө туура сөздүү» деп мактады. Өзүнө кыянаттык жана зулумдук кылгандарды кечирүүчү эле. Адамдардын түшүн туура жоручу эле. Адамдарга кызмат кылып, алардын муктаждыктарын камсыздачу. Юсуф алейхиссалам уяттуулук ээси болуп, уяттуулугун коргоодо кайраттуу эле. Мысыр аялдары менен арасында болгон окуя таанымал.

            Мужизалары:

Юсуф алейхиссаламдын үч түрдүү мужизасы бар эле:

1- Хазрет Юсуфтун сүйлөөсү өтө таттуу болгондугу үчүн ар кимдин жүрөгү ага жылычу эле. Анын таттуу сөздөрүнүн алдында ыйман келтиргендер көп эле.

2- Хазрети Юсуфтун жүзү күн сыяктуу нурдуу эле. Атүгүл, бир адам жүзүн карагысы келсе дароо көздөрүн бурууга мажбур болчу. Бул нурдун таасири менен, башкача айтканда, башка бирөөнө өтүүсү менен алдына алып келинген көзү көрбөгөн адамдын көзү дароо көрө баштаган эле.

3- Юсуф алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен бактардын жалбырактарынан сулуу кездеме болгон эле. Алдына бир чоң киши келип, мына бул биз көрүп турган бактардын жалбырактары бири-бири менен биригип, сулуу кездеме болсун деп мужиза сунуштаган эле. Хазрети Юсуф алгач дуба кылганда баа бычылгыс кездеме болгон эле.

Юсуф алейхиссаламдын өмүр баяны, башынан өткөргөн окуялар жана хикматтары Курани каримде Ахсан-уль-Касас (кыссалардын эң жакшысы) деп макталган Юсуф сүрөсүндө билдирилген. Бул сүрөдө Юсуф алейхиссаламдын башына түшкөндөр, ээ болгон  ихсандары тууралуу баяндалат. Көралбастыктын кемчилик жана Аллаху тааланын жардамынан куру калууга, сабырдын болсо кыйынчылык жана кайгы-кападан кутулууга себеп болгондугу, Якуб алейхиссаламдын сабыр кылгандыгы үчүн максатына жеткендиги, Юсуф алейхиссаламдын сабыры жана тууралыгы баяндалууда. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш