Аййуб алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Хазрети Исхактын уулу Ыйстын урпагынан. Өзүнө жети киши ыйман келтирди. Жүз кырк жыл жашады. Сабыры менен адамзат тарыхында өрнөк менен эскерилген Аййуб алейхиссалам Курани каримде баяндалган.

Аййуб алейхиссаламдын көп мал-мүлкү, байлыктары менен он уулу бар эле. Үйүр-үйүр малы, бакчалары болгон. Шам төгөрөгүндө Басаниййа деген аймакта чарбачылыктарында миңдеген адамдар иштечү эле. Бирок, байлыгынын көптүгү аны Аллах жолунан алаксыткан жок. Аййуб алейхиссалам Шам тегерегинде жашаган адамдарга пайгамбар кылып жиберилди. Аларды Аллаху таалага ыйман келтирип, ибадат кылууга чакырды. Бул жолдо көп кыйынчылыктарды тартты. Кийин мал-мүлкү, бала-чакасы жана жеке денеси менен сыноого алынды. Аййуб алейхиссалам өтө катаал кыйынчылыктарга көкүрөк тозду. Сабыры, кулчулукта кемчилик кетирбей арызданбоосу жана башка жакшы сапаттары менен ибадат кылуучуларга жана акыл ээлерине өрнөк болду.

Аллаху таала Хазрети Аййубду сыноону мурат кылды. Анын малы-мүлкүн түркүн себептер менен колунан алды. Койлорун сел, эгиндерин болсо шамал менен жок болду. Шайтан чабан келбетинде ыйлап Аййуб алейхиссаламдын жанына келди. Ал учурда адамдарга вааз жана насаатта отурган Аййуб алейхиссаламга мал-мүлкүнүн, байлыгынын зыянга учурап жок болгондугун кабарлады. Хазрети Аййуб бул кабарды укканда эч арызданбастан Аллаху таалага хамд жана шүгүрчүлүк кылып: «Кайгырба! Ал мал-мүлктү мага Раббим берген эле. Азыр болсо алды. Себеби, анын ээси – Ал» - деди. Бул сөздөрү жана кыймыл-аракетинен шайтан бушайман болуп, артына кайтты.

Кийин Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын устаздары менен сабак окуп отурган балдарынын дагы жандарын жер титирөө менен алды. Бул сапар молдо келбетине кирген шайтан күйүп-сыздап Аййуб алейхиссаламдын жанына келди да: «Эй, Аййуб! Аллаху таала үйүңдү жет титирөө менен жыкты. Балдарың өлдү. Ар бири жанчылып жан берди», - деди. Балдарына болгон мээриминен улам көздөрүнө жаш толгон Аййуб алейхиссалам сабыр жана тобокел кылып, Аллаху таалага таслимиятын билдирди: «Эй, малун! Сен Иблиссиң. Мени Раббимен каршы келүүгө үндөгүң келүүдө. Ушун билип кой, балдамрым мага аманат эле. Раббимен эмне үчүн капаланайын. Раббиме хамд кылам», - деди. Мындан кийин Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын денесине оору берди.

Хазрети Аййубдун оорусу күн өткөн сайын катуулай берди. Туугандары, кошуналары жана башкалары да жанына келбей турган болушту. Бир гана аялы Рахима Хатун аны таштаган жок. Ага кызмат кылууну улантып, муктаждыгы үчүн эмне бар болсо жумшады. Хазрети Аййуб бул оору абалында дагы арызданбады, сыздабады, хамд кылып сабыр көрсөттү. Бул жолу шайтан Аййуб алейхиссалам турган шаар калкына васваса берип: «Анын оорусу силерге жугат, аны шаарыңардан чыгаргыла», - деди. Шаар эли Аййуб алейхиссалам менен жубайы Рахиманы шаардан сыртка чыгарып салышты. Рахима хатун шаар сыртында бир жерде отурукташып, Хазрети Аййубга кызматын уланта баштады.

Хазрети Аййуб жети жыл дарт жана балээ ичинде калды. Абалынан эч арызданбады. Шайтан бул жолу адам келбетинде Рахима Хатундун алдынан чыгып, аны Аййуб алейхиссаламдын кызматынан алыстатууга аракет кылды. Ага: «Өзүңө убал кылуудасың. Анын оорусу сага өтөт», - деди. Рахима Хатун болсо шайтанга: «Анын үстүмдө акысы көп, өтөй албайм. Немат жана ырахат кездерде аны менен жашадым. Бул оору кезинде аны таштай албайм», - деди. Кайтып келгенде аны Аййуб алейхиссаламга айтып берди. Аййуб алейхиссалам болсо анын Иблис шайтан экендигин жана анын васвасасынан сактануусун эскертти. Шайтан кийин дагы Рахима Хатундун алдынан чыгып, васваса берүүгө аракет кылса дагы буга алдырган жок.

Хазрети Аййубдун оорусу барган сайын катуулай берди. Анын бул абалы денеси, көңүлү жана тили менен кылган кулчулук жана пайгамбарлык милдеттерин абдан кыйындатты. Ошол кезде Аллаху таалага дуба жана нияз кылып: «Мага чындап оору тийди. Сен мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсүсүң», - деди. Аллаху таала анын дуба жана ниязын кабыл кылды.

Бир күнү Аййуб алейхиссаламдын аялы Рахима Хатун тамак-аш издөөгө чыккан эле. Асыр убактысы Аллаху тааланын лутуф жана сүйүнчүсү келип жетти. Жабраил алейхиссалам келип, Аллаху тааладан: «Эй, Аййуб! Балээ бердим, сабыр кылдың. Азыр мен ден-соолук менен жакшылык берем», - деген кабарын алып келди. Аллаху таала: «(Эй, Аййуб!) Бутуңду жерге ур. Чыккан суу менен гусул ал жана муздагынан ич», - деп буюрду. (Сад сүрөсү: 42) Бул илахий буйруктан кийин Аййуб алейхиссалам бутун жерге урду. Бири ысык, бири муздак булак атырылып чыкты. Ысык суу менен гусул алганда денесиндеги, муздак суудан ичкенде ичиндеги оорулардан кутулду жана ден-соолугуна жетти. Күч-кубаты кайра келди. Жапжаш жигиттей болду. Колунан алынган мал-мүлкүн Аллаху таала кайра кайтарып берди. Көптөгөн бала ихсан кылды. Дагы бир риваят боюнча мурда өлгөн балдарын кайра тирилтти. Андан бетин буруп кеткен достору ага кайра сүйүү менен кайрылышты.

Аййуб алейхиссаламдын оорусу саламатка айланганда ал түнү соор маалында ахх деп үн чыгарды. Себебин сурашканда: «Ар түнү соор маалында: «Эй, биздин оорулуубуз, кандайсың?» - деген бир үн укчу элем. Азыр ошол убакыт келди, «Эй, ден-соолуктагы кулум, кандайсың?» деген үндү уга албадым. Ошон үчүн ыйлоодомун», - деди.

Аййуб алейхиссалам өмүрүнүн акырында эң эрезелүү баласы болгон Хавмалды мурасчы кылып дайындады. Кепендөө жана жерге берүү иштерин ага тапшырды. Жүз кырк жыл өмүр сүргөндөн кийин көз жумду. Бишр аттуу бир уулунун пайгамбарлыгында ихтилаф бар. Анын жашына байланыштуу башка риваяттар да бар. Хазрети Аййубдун кабыры Шамда Басаниййа делген жерде.

Мужихалары:

Аййуб алейхиссалам Аллаху тааланын буйруктарын адамдарга түшүндүрүп жүргөндө бир канча мужизаларды көрссөттү. Булардын кээ бирлери мына булар:

1- Аййуб алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен койлордун жүндөрү ийирилчү эле.

2- Аййуб алейхиссалам коомунун акимин ыйманга чакырганда ал: «Үйүмдөгү тиректер алынып, үй болсо абада калкып туруусун сенден мужиза катары сураймын», - деген эле. Хазрети Аййуб дуба кылды. Акыры үйдүн тиректери түшүп, үй абада калкып турду. Аким бул мужизаны көрүп турса дагы ыйман келтирбеди.

3- Аййуб алейхиссаламдын дубасы менен чөлдөгү закымдар менен буулар сууга айланчу эле.

Аййуб алейхиссалам көркөм мүнөздүү, жоомарт жана өтө мээримдүү эле. Кедейлерге, мусапырларга, жетимдерге көп жардам берчү эле. Денесине, малына жана бала-бакырасына келген кыйынчылыктарга сабыр кылып, илахий тагдырга жазмышка сабыр көрсөттү. Ушундан улам адамзат тарыхында «Аййуб алейхиссаламдын сабыры сыяктуу» делген мисал менен өмүрү өрнөк болду. Аллаху таала аны бул жакшы сапаттарынан улам Курани каримде мындай деп мактоодо:

«Биз аны (балээлерге) чындыгында сабырдуу деп таптык. Ал кандай жакшы кул эле. Шек жок, ал толук Аллахка бурулган (бир зат) эле.» (Сад сүрөсү: 44)

Аййуб алейхиссаламга байланыштуу Курани каримдин Анам, Ниса, Сад жана Анбия сүрөлөрүндө маалымат берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш