Шуайб алейхиссалам


Мадиян жана Айка элине жиберилген пайгамбар. Ибрахим алейхиссаламдын же Салих алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Ата-теги эне тарабынан Лут алейхиссаламдын кызына жеткендиги жана Аййуб алейхиссалам менен бөлө болгондугу риваят кылынат. Муса алейхиссаламдын кайын атасы. Коомуна жакшы сөздөрдү айтуусу, таттуу жана таасирдүү насаат менен кайрылууларды кылгандыгы үчүн Хатиб-уль-Анбия деп аталды (Пайгамбарлардын хатиби). Адамдарга Ибрахим алейхиссаламга билдирилген диндин буйруктарын жана тыюуларын түшүндүрдү.

Арабстан жарым аралынын түндүк-батышында Хижаз менен Палестин арасында, Кызыл Деңил жээгинде орун алган Акаба булуңундагы Хумус өрөөнүнө чейин созулган Мадиян аймагында туулуп чоңойгон Шуайб алейхиссалам ал коомдун тектүү бир үй-бүлөсүнөн чыккан эле. Жаштыгы аталарынан Мадиян аттуу бир адамдын айланасында жыйналышкандыгы үчүн бул ат менен эскерилген Мадиян элинин арасында өткөн Шуайб алейхиссалам чектен ашкан, бузулган коомунун жамандыктарынан алыс жашап, атасынан калган койлор менен алек болуп, көп намаз окучу эле.

Мадияндыктар ата-бабаларынын туура жолунан чыгышып, жаман жолдорго кирип кетишкен эле. Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууну таштап, өз колдору менен жасаган буттарга жана айкелдерге сыйынып жатышкан эле. Мадиян жергеси соода кербендери өткөн тогуз жолдун тоомунда болгондуктан соода менен алектенишчү. Бул соода иштерине сөзсүз куулук иштерди аралыштырышчу эле. Азык-түлүк заттарын алып, кампаларга сакташып (сток кылышып), кымбаттаган мезгилде фахиш баа менен сатышчу эле. Тараза өлчөө иштерин эки башка тараза менен кылып, алып жатканда чоң өлчөм менен алып, сатып жаткан кезде кичине өлчөм менен беришчү эле. Жол кесүүчүлүк кылып, адамдардын мал-мүлкүн кыйноо менен тоноп алышчу эле.

Жол четинде туруп, өзгөчө чет жердик жана карып кишилердин мал-мүлкүн түркүн куулуктар менен колдорунан тартып алышчу эле. Айрыкча, колдорунда бар болгон жакшылыктарга шүгүр кылбай, алардын кадырын билишчү эмес.

Аллаху таала аларды туура жолго чакыруу үчүн Шуайб алейхиссаламды пайгамбар кылып жиберди. Шуайб алейхиссалам аларга насаат кылып, Аллаху таалага ширк кошпоолорун жана жалгыз Ага ибадат кылууларын, соодада, алышып-беришүүдө, өлчөө жана тартууда куулук кылбоолорун, алдабоолорун, жер жүзүндө бузукулук кылбоолорун айтты. Эгер жамандыктарды токтотпой уланта турган болушса азапка тап боло тургандыктарын, мындан баш тартышса сыйлыкка жете тургандыктарын эскертти. Бирок, чектен чыккан Мадиян коому Шуайб алейхиссаламдын сөздөрүн укпай ага каршы чыгышты. Ага ишенгендерди коркутушту.

Шуайб алейхиссалам бүткүл кыйынчылык, кыйноо жана кордоолорго карабай Мадияндыктарды туура жолго чакырууну улантты. Ибрет катары Аллаху таалага каршы чыгууларынан улам жер бетинен курутулуп жок кылынган Нух алейхиссалам жиберилген коомдун, Худ коомунун, Лут коомунун башына түшкөн азаптарды жана кантип азапка учурагандыктарын айтып берди. Бул каршылыктан баш тартып, ыйман келтирүүлөрүн, кечирим тилөөлөрүн, болбосо мурда жок кылынган коомдор сыяктуу азапка түшө тургандыктарын апачык тил менен түшүндүрдү. Анын пайгамбарлыгы Шамга чейин угулган эле. Көптөгөн адамдар келип, Шуайб алейхиссаламга ыйман келтирүү менен сыймыктанышты. Бирок, Мадияндыктар жолдо туруп, Шуайб алейхиссаламга келгендерге тоскоол болууга аракет кылышты. Шуайб алейхиссаламды жана ага ишенгендерди бул диндеринен баш тартып, эски бузук диндерине кайтпай турган болушса мекендеринен чыгара тургандыктарын айтып коркутушту.

Шуайб алейхиссалам чектен чыккан Мадиян калкын бардык насааттарына карабай ыйманга келүүлөрүнөн үмүтүн үзгөндө аларды Аллаху таалага тапшырды. Шуайб алейхиссалам Аллаху таалага: «Йа, Рабби! Биз менен коомубуз арасында хак менен өкүм бер. Сен өкүм берүүчүлөрдүн кайырлуусусуң», - деп дуба кылды.

Бузукулуктарын жана ишенгендерге каршы душмандыктарын уланткан Мадиян элинин үстүнө Аллаху таала азап жөнөттү. Жабраил алейхиссаламдын бир сайхасы (катуу доол) жана бир зилзала менен алардын баарын курутту. Мурда ал жерде эч ким жашабагандай кылып жер жүзүнөн жок кылынды.

Шуайб алейхиссалам жана ага ишенгендер кутулуп, Мадиянга жакын жерде жашыл, бак-шактуу, береке-молчулук ичиндеги шаар болгон Айкага барып, ал жердеги адамдарга туура жолду көрсөтүү менен милдеттендирилди. Айка эли дагы бардык жагынан мурдагы Мадиян элине окшоо менен бирге, соодада, алышып-беришкенде сөзсүз маңдайындагы адамды зыянга учуратып, алдашчу эле. Алып жатканда арзан жана көп-көп алып, сатып жатканда кымбат жана кем беришчү. Жолчуларды тоноп, буттарга сыйынышчу. Шуайб алейхиссаламга ишенүү үчүн келгендерди баш тарттыруу үчүн аракет кылышып, Шуайб алейхиссаламды жалганчы дешчү эле. Каалоолору жок болсо коркутушуп, түркүн кыйынчылыктарды тарттырышчу.

Шуайб алейхиссалам Айка элин Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууга, бузукулуктарынан баш тартууга чакырды. Айка эли Шуайб алейхиссаламдан мужиза сурашты. Шуайб алейхиссалам айланадагы буттарга кайрылып: «Раббиңер ким? Мен киммин? Айткыла!» - деди. Таш жана жыгачтан жасалган жансыз зат болгон буттар тилге келип: «Раббибиз жана жаратуучубуз – Аллаху таала. Йа, Шуайб! Сен болсо Аллаху тааланын пайгамбарысың!» - деп, турган жерлеринен жерге жыгылып талкаланышты. Бул мужизаны көргөн кээ бир адамдар ыйман келтиришти.

Ишенбегендер болсо бузукулуктарын ого бетер күчөтүштү. Шуайб алейхиссалам акыркы жоолу эскертип, бутка сыйынуудан баш тартууларын, Аллахка ыйман келтирүүлөрүн жана ар түрдүү зулумдуктан баш тартуу аркылуу кутулууларын айтса дагы буга каршы чыгышып, ишенишпеди. Мазакташып, жалгачысың, сыйкырчысың, сыйкырланыпсың дешти. Ыйман келтирбей тургандыктарын ачыкча айтышып: «Эгер сен туура сөздүү болсоң бизге асмандан азап түшүр», - дешти.

Шуайб алейхиссалам бул бузуку коомду Аллаху таалага тапшырды. Аллаху таала аларга каршылыктарынан улам катуу азап жиберип, баарын курутуп жок кылды. Алгач мээ кайнаткан ысыкка какталышты. Суулар шырылдап кайнады. Суусуздуктан туйлап, айласыз ысык суудан ичкенде ичтери бышып күйүп жатты. Көлөкө менен ичүүчү суу издешип, туш тарапка далбастап жүгүрүп жатышты. Бул абал жети күн уланды. Сегизинчи күнү асман кыйырында түнт көлөкөлүү кара булут көтөрүлдү. Муну көргөн Айкалыктар сериндөө үчүн булутту карай жүгүрүштү. Булуттун астына жыйналган кездеринде баштарына булуттардан от жаай баштады. Ушундайча бири калбай от астында жок кылынышты.

Айкалыктар жок кылынган ушул күн Курани каримде (көлөкө күнү) катары айтылып, мындай деген мааниде билдирилүүдө:

«Ал көлөкө (зулла) күнүнүн азабы аларды кармады. Чындыгында ал азап чоң бир күнөө азабы эле.» (Шуара сүрөсү: 189)

Шуайб алейхиссалам Айка калкынын азап менен жок кылынуусунан кийин ыйман келтиргендер менен бирге Мадиянга барып отурукташышты. Элиндеги бир кишинин кызы менен үйлөндү. Эки кыздуу болду. Кыздар бой жетип, өзү болсо карыган эле. Аллах коркуусунан улам көп көз жаштарын төкчү. Көздөрү алсырап, денесинин кубаты кеткен эле.

Бул учурда Мысырдан чыгып Мадиянга келген Муса алейхиссалам кудук четинде койлорун сугаруу үчүн күтүп турган Шуайб алейхиссаламдын кыздарына жардам берип, койлорун сугарды. Шуайб алейхиссалам эмгек акы берүү үчүн аны үйүнө чакыртты. Аны ишеничтүү бир адам экендигин көрүп, койлоруна чабан кылып алды. Сегиз жыл койлорун багуу шарты менен кыздарынын бирин ага никеледи.

Муса алейхиссалам ал жерде жети жыл турду. Балдары болду. Кийин Мысырга көчүп кетти. Ден-соолугу оңолуп, көздөрү ачылган Шуайб алейхиссалам ар жылы Мадияндан Мысырга барып, кызы менен күйөө баласын зыярат кылып турчу. Бир канча мезгил өтүп, касиеттүү Меккеге барып отурукташты. Кийин ошол жерде көз жумду. Көз жумган кезде 300 жашка чыккандыгы риваят кылынган.

Шуайб алейхиссалам көп намаз окучу эле. Тавратта аты Микаил деп билдирилген. Курани каримде Араф, Шуара, Худ жана Анкебут сүрөлөрүндө Шуайб алейхиссалам Мадиян жана Айка коомдору тууралуу аяти карималар бар.

Шуайб алейхиссаламдын алты түрдүү мужизасы болгон:

1- Хазрети Шуайбдын дубасынын берекеси менен койлордон туулган кара козулардын бардыгы ак козуга айланган.

2- Хазрети Шуайбдын дубасынын берекеси менен таштар топуракка айланган. Бул мындай болгон эле; Мадиян жергеси тоолуу, таштак бир жер болгондуктан: «Хак пайгамбар болсоңуз дуба кылыңыз, мына бул тоолор, таштар алынып, жерибиз кең болсун», - деп суранышкан эле. Шуайб алейхиссалам дуба кылганда жанабы Хак дубасын кабылдап, колун ошол тоо менен таштардын үстүнө коюусун буйрук кылды. Колун койгондо топуракка айланды.

3- Шуайб алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен Мадиянда кээ бир таштар кой болгон. Ал мындайча болгон эле; Өздөрүндө эч кой болбогондугу үчүн коому биздин койлорубузду колубуздан алуу үчүн Шуайб бул жерге келиптир деп сөз кылышкан эле. Хазрети Шуайб муну укканда абдан капаланып, өзүндө да койлор болуусу үчүн жанабы Хакка дуба кылды. Жанабы Хак дубасын кабыл кылып, ошол жердеги таштарга колу менен ишарат кылуусун буйрук кылды. Хазрети Шуайб ишарат кылар замат ал таштар койлорго айланды. Ушундайча анын койлору коомунун койлорунан бир канча эсе көп болду. Ал койлорду сегиз же он жылча Хазрети Мусага каратып, кызын болсо ага бергендиги белгилүү.

4- Хазрети Шуайб бир жердин таштарын айланганда ал таштар дароо жезге айланып, эл муну менен өтө бай болгон.

5- Хазрети Шуайбдын дубасынын берекеси менен кум дөбөлөр турган жерлеринен жылган.

6- Хазрети Шуайб бир тоого чыгууну каалаганда тоо төөнүн отуруп тургандыгы сымал Шуайб алейхиссалам чыкканга чейин кичирейип, чыккандан кийин мурдагысындай бийик тоо болчу эле. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш