Харун алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Хазрети Мусанын бир эне-атадан болгон улуу бир тууганы. Атасынын аты Имран бир Ясхар. Ата-теги Якуб алейхиссаламдын уулдарынан Лавиге барып такалат. Мысырда туулган. Муса алейхиссаламдан үч жыл мурда Тур-и Синада кайтыш болду.

Харун алейхиссалам Исраил уулдарынын үстүнө Фараон менен кыбтилердин зулумдугу жана басымы күч алган мезгилде туулган. Балалыгы жана жаштыгы Мысырда өттү. Муса алейхиссаламга пайгамбарлык буйругу билдирилгенден кийин Харун алейхиссаламга да пайгамбарлык буйругу билдирилди. Муса алейхиссалам менен бирге Фараонго баруулары, аны жана жакындарын Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакыруулары буйрук кылынды. Харун алейхиссалам Муса алейхиссалам менен биргеликте Фараонду жана анын адамдарын хак динге ишенүүгө чакырды.

Өзүн кудаймын деген жана адамдардын өзүнө сажда кылууларын каалаган Фараон Муса жана Харун алейхиссаламдын ыйманга чакыруусун жана сөздөрүн кабыл кылбады. Алгач мазактап, акарат толо сөздөрдү айтты. Муса алейхиссаламга ишенгендерге жана Исраил уулдарына коркунучтуу зулумдуктарды жасатты. Исраил уулдары абалдарын Муса жана Харун алейхиссаламга билдиришип, дуба суранышты. Аллаху таала Фараон менен коомуна эскертүү катары азаптарды жиберди. Муса жана Харун алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен Исраил уулдарын Мысырдан чыгарып, Кызыл Деңизди кечип өтүп, Сина жарым аралына чыгышты. Фараон менен аскерлери да деңизден өтүү үчүн деңизге киргенде күфүрлүктөрүнүн жана ашынуучулуктарынын жазасы катары чөгүп өлүштү.

Муса алейхиссалам коому менен бирге Тих чөлүндө жүргөндө Аллаху тааладан келген вахий менен Таврат шарифти алуу үчүн Тур тоосуна кеткен кезде Харун алейхиссаламды ордуна өкүл кылып калтырды. Муса алейхиссалам Тур тоосунда жүргөндө Исраил уулдары Харун алейхиссаламды угушпай, Самири аттуу бир мунафыктын куулуктарына алданышып, өздөрү жасаган алтын музоо айкелине сыйына башташты. Харун алейхиссалам коомунун бул жахил жана чектен ашкан иштеринен улам аларга насааттарын айтты. Аларды бул ишеним менен жаман иштерден алыстатууга аракет кылды. Анын бул насаат менен эскертүүлөрүн бир бөлүгү кабыл кылганы менен бир бөлүгү кабыл кылышпады. Атүгүл Харун алейхиссаламды коркутушту. Харун алейхиссалам өзүнө баш ийген 12.000 киши менен бирге алардын арасынан бөлүнүп кетүүнү же алар менен катуу күрөшүүнү каалады. Бирок, Муса алейхиссаламдын «Исраил уулдарын бөлдүң, бири-биринен ажыраттың!» деп айта тургандыгын ойлоп, бул иштен баш тартты. Муса алейхиссаламдын Турдан кайтып келүүсүн күттү.

Муса алейхиссалам Тур тоосунан кайтып келгенде коомунун алтын музоо айкелине табынып жаткандыгын көргөндө катуу капаланды. Бул абалдын себебин Харун алейхиссаламдан сурады. Харун алейхиссалам болсо Исраил уулдарынын өзүнө кулак аспагандыктарын жана өлтүрөбүз деп коркутушкандыктарын, Самири аттуу бир мунафык кишиге алданып ушундай бузук жолго кирип кетишкендиктерин айтты. Муса алейхиссалам Самириге баддуба кылды (каргыш айтты.) Исраил уулдарын тообо кылууга чакырды. Исраил уулдары Муса алейхиссаламдын айткандарын кабылдап тообо кылышты. Бул күрөш учурунда Харун алейхиссалам дагы Муса алейхиссалам менен бирге кайраттуу күрөш жүргүздү.

Аллаху таала Муса алейхиссаламга коомун топтоп, Арз-ы Мавуд делген аймакка (Палестин менен Шам аймагына) алып баруусун жана бутка сыйынган Амалика коому менен күрөшүүнү буйрук кылды. Исраил уулдары ал чөлкөмдөрдө заалым жана кубаттуу өкүмдарлар бар экендигин айтышып, согушка барбай коюшту. Аллаху таала алардын бул каршы чыгуучулуктарынан улам Исраил уулдары бул кырк жыл ичинде Тих чөлүндө чарасыз каңгып жүрүштү. Бул учурда Харун алейхиссалам дагы Муса алейхиссалам менен бирге Исраил уулдарынын кыйынчылыктарына сабыр кылды.

Харун алейхиссалам Исраил уулдарынын шүгүрсүзлүктөрүнөн кийин Жанабы Хак аларды Тих чөлүндө камалып калууга дуушар кылган кырк жылдын акырларына карай Хазрети Мусадан бир канча жыл же бир риваят боюнча үч жыл мурда көз жумду. Кабырынын каерде экендигине байланыштуу түрдүү риваяттар бар.

Харун алейхиссалам менен байланыштуу Курани каримдин Маида, Араф, Юнус, Таха, Фуркан, Шуара, Касас, Саффат сүрөлөрүндө маалымат берилген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш