Хызыр алейхиссалам


Ибрахим алейхиссаламдан кийин жашаган бир пайгамбар же олуя. Европа жана Азияны колуна алган Искендер Зулкарнайн алейхиссаламдын аскер башчысы жана таежесинин уулу. Атынын Балка бин Малкан, куниясы Абул-Аббас экендиги жана ат-теги Нух алейхиссаламдын Сам аттуу уулуна барып такалгандыгы билдирилген. Кээ бирлери Хызыр алейхисааламдын Исраил уулдарынан болгондугун айтышкан.

Хызыр лакабы менен атактуу болуусунун себеби куураган жерге отуруп турганда, ал жердин жапжашыл жерге айлануусунан улам эле. Сахих Бухариде билдирилген бир хадиси шарифте Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Хызыр (алейхиссалам) чөпчүз куураган бир жерге отурганда ал жер дароо жапжашыл болуп жайкалчу», - деген. Муса алейхиссалам менен көрүшүп жолчулук кылды. Бирок, көз жумганынан кийин руху адам келбетинде көрүнүп, карыпка туш болгон адамдаарга жардам берүүдө.

Хызыр алейхиссалам Аллаху тааланын сүйүктүү кулдарынан эле. Туулуп, өсүп, көз жумду. Бирок, Аллаху таала анын рухуна адам келбетинде көрүнүү жана кыяматка чейин жардам сураган мусулмандардыын жардамына жетип баруу, жардам көрсөтүү, сүйлөө, илим үйрөнүү жана үйрөтүү өзгөчөлүктөрүн берди. Кээ бир аалымдар «наби» (пайгамбар), кээ бир аалымдар болсо «олуя» болгон дешкен. Хызыр алейхиссаламда жашап турган адамдарда көрүнгөн абалдар болгондугу үчүн тирүү деп ойлонулат.

Хызыр алейхиссалам жакшы ахлак ээси, жоомарт жана адамдарга карата өтө мээримдүү эле. Аллаху тааланын уруксаты менен керемет ээси болуп, химия илимин билчү. Хак тааланын билдирүүсү менен ладунни илимге ээ эле.

Хызыр алейхиссаламдын Муса алейхиссалам менен кезигүүсү, көрүшүүсү жана жолчулук кылуусу Курани каримде Кахф сүрөсү 60 жана 80 аяттарында жана хадиси шарифтерде билдирилген.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Асхабы кирам менен Табук согушунда болгондо асыр намазын окушкандан кийин эки бейт угушту. Бирок, ал бейтти (ырды) айткан ким экенин көрө алышпады. Расулуллах алейхиссалам: «Бул эки бейттин айтуучусу бир тууганым Хызыр эле. Силерди мактоодо», - деп буюрду.

Хызыр алейхиссалам бир канча заттын тасаввуфта өсүп жетилүүсүнө жол башчылык кылган, пейз берген. Хызыр алейхиссалам тасаввуфта жетилдирген эң атактуу аалым жана олуялардан бири – Абдулхалык Гиждувани хазреттери.

Хызыр алейхиссалам Илияс алейхиссалам менен биргеликте Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) көз жумуусунда ыйык үйүнө келип, Ахли байтка сабыр тилеп, көңүл айтты. Алардын келгендиктерин жана сабыр тилегендиктерин Хазрети Абу Бакр Ахли байтка билдирди. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш