Юша алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Муса алейхиссаламдан кийин жиберилип, Муса алейхиссаламдын жээни же өкүлү эле. Аты Юша болуп, христиандар Йешу дешет. Юсуф алейхиссаламдын урпагы болгон Нундун уулу. Энеси Муса алейхиссаламдын кыз бир тууганы. Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламга билдирилген диндин негиздерин адамдарга насааттады.

Мысырда туулган Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламдын өзгөчө шакирти, калыс кызматчысы жана эң жакын досторунан эле. Муса алейхиссалам Фараондун зулумдугунан улам Аллаху тааланын буйругу менен өзүнө ишенген жана баш ийгендер менен бирге Мысырдан Тих чөлүнө хижрат кылып баратканда Юша алейхиссалам дагы аны менен бирге болду. Муса алейхиссаламдын Хызыр алейхиссалам менен көрүшүүгө чыккан жолчулугунда аны менен бирге болду. Муса алейхиссалам Хызыр алейхиссалам менен кезигишкенде Юша алейхиссалам артка кайтты.

Аллаху таала Муса алейхиссаламдын коомуна Арз-ы Мавудду (Палестин менен Шам аймагын) ихсан кыла тургандыгын билдирди. Бирок, Исраил уулдары ал аймактарда заалым жана зөөкүр бир коом болгон Амаликалыктар жашашкандыгын айтышып, ал жакка баргылары келишпеди. Аллаху таала Муса алейхиссаламга вахий кылып: «Эй, Муса! Мен бул жерди силер үчүн мамлекет жана отурукташа турчу жер кылып жаздым; тагдыр кылдым. Ал жерге бар жана душмандардан ким бар болсо алар менен согуш. Себеби, аларга карата силердин жардамчыңар менмин. Коомуңан ар колдон бир өкүл (накиб) танда. Алар опаалуу жана баш ийүүчү болушсун», - деп буюрду.

Ошондо Муса алейхиссалам ар бир колдон жакшы кабар жыйнаган, сөзүндө чынчыл жана опаалуу бирден өкүл тандады. Буларды Ариха шаары менен тургундары тууралуу маалымат жыйноо үчүн жиберди. Араларында Юша бин Нун да бар болгон кабар жыйноо менен милдеттенген адамдар Арихага барышты. Ал жердин элинин чоң далылуу, кубаттуу жана көптүгүн көргөндө коркушту. Артка кайтып келишип коомуна көргөндөрүн айтып беришип, алардын согушуу үчүн барууларына кедерги болушту. Муса алейхиссаламдын коому келген өкүлдөрдүн айтып бергендерин угуп, алар менен согушуудан баш тартышты. Ичтерине коркуу түшүп ызы-чуу сала башташты: «Аттиң, Мысырда өлсөк болмок. Же бул жерде өлсөк, ошентип Аллах бизди ал заалымдардын мекенине киргизбесе, болбосо аялдарыбыз, балдарыбыз жана мал-мүлкүбүз аларга олжо болуп калат», - дешти.

Өкүлдөрдүн ичинде болгон, Аллаху тааланын өздөрүнөн «Исмат жана тавфик» менен кабар берген Юша бин Нун менен Калиб бин Юкна болсо коомдоруна келип, Ариха жергесинин тургундарынын жаман абалдары тууралуу айтышпады. Калган уруулардан ал жердин эли тууралуу кабарларды уккандарга болсо корко турчу нерсе жок экендигин, Аллаху тааланын жардам жана инаяты менен Ариханын алына тургандыгын билдирип, Муса алейхиссаламга жардамчы болууга аракет кылышты. Аларга мындай дешти: «Эй, Исраил уулдары! Жаббарлардын (заалымдардын) шаарынын эшигинен дароо киргиле (алардын дене-бойлорунун чоңдугунан коркпогула. Биз аларды барып көрдүк. Алардын денелери чоң жана кубаттуу болгону менен жүрөктөрү алсыз. Силер менен согушууга рухий чыдамдыктары жок.) Бир жолу эшиктен кирдиңерби (Аллаху тааланын убада кылган жардамы силерге келүүсү менен) албетте силер жеңүүчүлөрдөн болосуңар. Силер чындыгында ишенген, Аллаху тааланын убадасын тастыктаган адамдар болсоңор (Аллаху тааланын кудуретине, силерге жардам бере тургандыгы тууралуу убадасына, Муса алейхиссаламдын пайгамбар экендигине ишенип, ыйман келтирген болсоңор душмандардын дене-боюна алданбагыла. Алардан коркпогула. Силерге илахий жардамдын келе тургандыгы тууралуу жана бүткүл ар абалыңар менен) Аллаху таалага тобокел кылгыла. (Ага маани бергиле. Жалгыз ага ишенгиле жана жихаддан арттка калбагыла)» (Маида сүрөсү: 23)

Бирок, Исраил уулдары алардын айткандарына ишенишпеди жана Муса алейхиссаламдын насааттарына баш ийишпеди. Юша бин Нун жана Калиб бин Юкнага таш ыргытып, Муса алейхиссаламга каршы чыгып, Аллаху таалага каршы баш көтөрүшкөндө Муса алейхиссалам капаланды. Аллаху таала Исраил уулдарын кырк жыл бою Арз-ы Мавуд делген аймакка кирүүлөрүн харам кылгандыгын жана алардын Тих чөлүнөн чыкпай тургандыктарын билдирди. «Биз согушка барбайбыз», - деп баш көтөргөн адамдар кырк жыл бою Тих чөлүндө каңгып тегеренип жүрүштү. Кырк жыл ичинде өлүштү. Кырк жылдын акырына карай Харун алейхиссалам жана андан үч жыл кийин бир тууганы Муса алейхиссалам өз жумду.

Муса алейхиссалам кайтыш болордо ордуна Юша алейхиссаламды халифа кылып калтырды. Аллаху таала Юша алейхиссаламды дагы Исраил уулдарына пайгамбар кылып милдеттендирди. Бул учурда Муса алейхиссаламга каршы чыгып, «Биз согушка барбайбыз» деген адамдар өлүп, алардын ордуларына уулдары жана неберелери көбөйгөн эле. Аллаху таала Юша алейхиссаламга Исраил уулдарын топтоп, Тих чөлүнөн чыгарууларын жана Арз-ы Мавуд делген аймакка барып жаббарлар (заалымдар) менен согушуусун буйрук кылды.

Юша алейхиссалам Исраил уулдарын топтоп, Ариха шаарын курчоого алды. Курчоо алты ай уланды. Акыры бир Жума күнү шам астында мужизаларды көрсөтүп, шаарды алды. Юша алейхиссалам жана Ага ишенгендер Ариханы алгандан кийин Илйа (Аулия) шаарын дагы алышты. Бул шаардын Юша алейхиссалам тарабынан алынгандыгын уккан тегеректеги шаарлардын өкүмдарларынан бешөө бир жерге жыйналышып, Исраил уулдары менен жапырт согушка киришти. Акыры баары жеңилип, ыдырап жок болушту.

Юша алейхиссалам Ариха жана Илйа шаарларын жана айланасын алгандан кийин Балка шаарына жүрүш кылды. Балка шаарын дагы алып, Балак аттуу өкүмдарын жана Исм-и Азам дубасын билсе дагы Юша алейхиссаламдын аскерлерине карата баддуба кылууга белсенген, бирок, ибрет үчүн тили көкүрөгүнө салаңдап калган Белам бин Баураны өлтүрдү. Ушундайча Балка шаары дагы алынган болду.

Ариха, Илйа жана Балка шаарларынын алынуусунан кийин Арз-ы Мавуд деп билинген Палестин жана Шам аймагы дагы Исраил уулдарынын колуна өттү. Согуштук жүрүш менен шаарларды алуулар жети жыл уланып, Кудус шаары дагы Юша алейхиссалам жана ага ишенгендер тарабынан алынды. Бул аймактагы калган шаарларды дагы алган Юша алейхиссалам батышта беш шаарга барып, ал жерлерди дагы душмандардан алды. Кийин Шам аймагына барып, ал жерге отурукташкан отуз биз өкүмдарлыктын жерлерин алды. Бутпарас жана Аллаху таалага каршы баш көтөргөн өкүмдарларды өлтүртүп, өлкөлөрүн Исраил уулдары арасында бөлүштүрдү. Исраил уулдарын Арз-ы Мавудга жайгаштырган Юша алейхиссалам аларга Муса алейхиссаламга түшүрүлгөн Тооратты окуп, өкүмдөрүн ачыктады. Алардын Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылуулары үчүн аракет кылды.

Юша алейхиссалам Муса алейхиссалам көз жумгандан кийин жыйырма жети жыл адамдарга Аллаху тааланын буйруктарын билдирди. Өмүрүнүн акырына карай ооруга чалдыкты. Ордуна Калиб бин Юкнаны халифа кылып дайындады. Жүз жыйырма жети жашында кайтыш болду. Кабырынын Наблус же Халебге жакын Маарра шаарында болгондугу риваят кылынат.

Юша алейхиссалам Стамбулга эч келген эмес. Стамбулдагы Бейкоз чокусунда зыярат кылынып жаткан кабыр Юша пайгамбарга таандык экендиги айтылганы менен тарыхый маалыматтарга төп келбейт. Бул бир олуянын же хаварилерден бирөөнө таандык болуусу мүмкүн. Мындай болсо дагы ал жер кадырлуу. Кабырдын Юша алейхиссаламга таандык эмес экендигин кесе айтуу ылайыктуу эмес.

Юша алейхиссалам орто бойлуу, сулуу жүздүү, көздөрү чоң, көкүрөгү кең келбеттүү эле. Жүзүнүн сулуулугу Юсуф алейхиссаламга өтө окшочу эле. Өткүр, баатыр, согуш тактикасы жана техникасын мыкты өздөштүргөн эле. Муса алейхиссаламга жиберилген Тоораттын өкүмдөрү менен амал кылып, адамдарга аларды насааттоо менен милдеттендирилген. Тафсир аалымдары Маида сүрөсү 123.аятында билдирилген Аллаху таалага ыйман келтирип, Андан корккондордон эки адамдан биринин жана Кахф сүрөсү  60-65.аяттарында билдирилген Муса алейхиссаламдын Хызыр алейхиссалам менен көрүшүү үчүн жолчулук кылган учурда жанында болгон жаш жигиттин Юша алейхиссалам экендигин билдиришкен.

Юша алейхиссаламдын мужизалары:

1-Юша алейхиссалам Ариханы алуу үчүн Исраил уулдарын жыйнады. Жолчулук учурунда Шариа (Иордан) дарыясынын суусу чоң болгондугу үчүн өтө алышпады. Дарыянын үстүндө көпүрө дагы жок эле. Юша алейхиссалам дуба кылганда Шариа дарыясынан бир жол ачылды. Исраил уулдары ал жол менен өткөндөн кийин суу кайрадан мурдагысындай ага баштады.

2-Бир шаарды алуу учурунда курчоо узак убакытка созулган эле. Бардык аракеттерге карабай шаар чебинен тешик ачылбай жатты. Юша алейхиссалам дуба кылды. Аллаху тааланын кудурети менен жер силкинип, чептин дубалдары жыгылды. Юша алейхиссалам менен ага ишенгендер ошол жер аркылуу кирип шаарды багындырышты.

3-Юша алейхиссалам Кудус шаарын алуу үчүн курчады. Бир Жума күнү күн батар маалда күндүн дагы бир нече убакытка чейин батпоосу үчүн Аллаху таалага жалбарды: «Эй, Аллахым! Күндү артка ал!» - деп дуба кылды. Аллаху тааланын буйругу жана тагдыры менен батып бараткан күн кайра көтөрүлдү. Бир нече убакыт күндүз маалы уланып, Кудус шаары алынгандан кийин батты.

Ахмед бин Ханбалдын Муснад китебинде билдирген хадиси шарифте: «Күн эч бир адам үчүн батуудан кармалбайт. Бирок, Байти Мукаддасты алуу үчүн барган кечтердин биринде Юша алейхиссалам үчүн батырылбай кармалды», - делген. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш