Илияс алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан болуп саналат. Муса алейхиссаламдын адамдарга билдирүү үчүн Аллаху таала тарабынан милдеттендирилди.

Хазрети Мусадан кийин Бани Исраил коомуна жиберилген пайгамбарлардын бардыгы Тоораттын өкүмдөрүн унуткан, орундабаган адамдарга буларды билдирүү үчүн жиберилди. Бани Исраил ал кезде Шам жана айланасында чачыранды болгон майда мамлекеттер болуп жашап турушкан эле. Себеби, Юша бин Нун Шам аймагын багындырып, Бани Исраил арасында бөлүштүргөн эле. Бир урууга болсо Баалбек менен айланасын берди. Илияс алейхиссалам Баалбектин уруусунда эле.

Бани Исраил бара-бара жолдон тайып, араларында бүлүк, башаламандык башталган эле. Тоораттагы Аллаху тааланын буйруктарын унутушуп, буттарга сыйына башташкан эле. Илияс алейхиссалам пайгамбар болуп жиберилген кезде Бал аттуу 8-10 метр болгон чоң бир  бутка табынып жатышкан эле. Хазрети Илияс: «Бал бутунан баш тарткыла, бардык нерсенин жаратуучусу болгон Аллахка ибадат кылгыла», - деп насаат кылды. Бирок, угушпады. Аларды Аллахтын азабы менен коркутса дагы моюн сунушпай, кайра өзүн коркутуп, мекенинен чыгарып ташташты. Аллаху таала болсо алардан пейз жана берекени алып таштады. Жамгырлар токтоду, каатчылык башталды. Мал-жаныбар суусуздуктан кырылды. Баштарына түркүн балээлер түштү.

Илияс алейхиссалам бул каатчылык жылдары жашыруун элге ыйманды түшүндүрүп жатты. Бардык үйлөрдө каатчылык бар кезде ишенип ыйман келтиргендердин үйлөрүнө Илияс алейхиссаламдын мужизасы катары молчулук жана береке келген эле. Баары жыттанып кеткен тарп жеп жатышканда, булардын үйлөрүндө тамак-аш толо эле. Баалбек өкүмдарынын казыналары толо эле. Бирок, сатып ала турчу азык таба албай жатышты. Акыры кылган каталарын түшүнүшүп, Хазрети Илиясты таап кечирим сурап ыйман келтиришти. Илияс алейхиссаламга сен бизге дуба кыл дешти. Эмне айта угуп, ага баш ийе тургандыктарын убада кылышты. Хазрети Илияс Аллаху таалага дуба кылды. Балээ жана азап-кыйынчылыктын алынуусун тиледи. Аллаху таала Хазрети Илиястын дубасын кабыл кылды. Ал аймак кайрадан пейз жана берекеге чөмүлдү. Мол жамгыр жаады. Бардык жер жапжашыл болду. Мекендеринде чоң ырахатчылык пайда болду. Исраил уулдары кийин Хазрети Илияска: «Сенин дубаң менен кутулдук. Бирок, эге турчу уругубуз жок. Дуба кыл, урукка жетели», - дешти.

Хазрети Илияс дуба кылды. Аллаху таала аларга туз эгүүлөрүн билдирди. Талааларга уруктун ордуна туз эгишти. Мужиза катары жерден буурчак өнүп чыкты. Исраил уулдары бул абалдан кийин бир канча убакыт Илияс алейхиссаламга таби болушту. Бирок, хак жолдо бекем болуулары узакка барбады. Кайрадан шүгүрсүздүк кылышып, туура жолдон чыгып кетишти. Бул абалдан кийин Хазрети Илияс Аллаху тааланын уруксаты менен алардын арасынан кеткенде бул каршылыктарынан улам бара-бара азапка тап болушту. Курани каримде Саффат сүрөсүндө булардын каршылыктарынын себеби менен Жаханнамга бара тургандыктары билдирилүүдө.

Абдуллах ибни Аббастан риваят кылынуусу боюнча Хазрети Илияс Баалбектен чыкканда, илахий буйруктарды билдирүү үчүн кыдырып жүргөндө жолу бир айылга түштү. Бул айылдагы адамдарга насаат айтты. Аларды ыйманга чакырды. Айыл эли аны жактырып, айылда бир канча убакыт туруп кетүүсүн суранышты. Ал болсо бул өтүнүчтөрүн кабылдап, Исраил уулдарынан карыган бир кемпирдин үйүндө конок болду. Бул кемпирдин оорукчан бир уулу бар эле. Оорусуна эч кандай шыпаа табылбаган эле. Карыган кемпир бул уулунун абалын Хазрети Илияска айтып, баласынын шыпаа таап бул дарттан кутулуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылуусун суранды. Хазрети Илияс: «Кайгырба, шыпаа Аллаху тааладан», - деди. Даарат алып, эки рекет намаз окуду. Оорулуу балага шыпаа берүүсү үчүн Аллаху таалага жалбарды. Аллаху таала дубасын кабыл кылды. Ооруган бала сакайды. Бул баланын аты Алйаса эле. Шыпаа тапкандан кийин Хазрети Илияска ыйман келтирди. Жанынан чыкпады. Андан Тооратты үйрөндү. Хазрети Илияс кайтыш болгондон кийин Исраил уулдарына пайгамбар болуп жиберилди.

Курани каримдин Саффат жана Анам сүрөлөрүндө Илияс алейхиссалам тууралуу кабарлар бар. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш