Аляса алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Иса алейхиссаламдан кийин жиберилген. Экөө тең Муса алейхиссаламдын динин жайылтуу менен вазыйпаланган наби болушкан.

Илияс алейхиссалам Исраил уулдарын Аллаху таалага ыйман келтирүүгө жана ибадатка чакырды. Аны угушпады, атүгүл, мекенинен кубалашты. Бал аттуу бутка сыйынууну улантышты. Алардын бул каршылыктары жана чектен чыгууларынан улам Аллаху таала алардын үстүнө балээ жана азап жиберди. Түркүн кыйынчылыктар менен жазаланышты. Мекендеринен береке кетти. Жамгыр жаабас болуп, ачарчылык башталды жана эгин ала алышпады. Жегенге тамак таба албай калышты. Ачкалыктан тарп жей башташты. Акыры Илияс алейхиссаламды таап, насаатын угушту. Ыйман келтиргендиктери үчүн үстүлөрүнөн балээ жана кайгылар алынды. Бир нече убакыттан кийин кайрадан динден кайтышып, буттарга сыйынып, түрдүү күнөөлөрдү кыла башташты. Күфүрдү улантып, ыйман келтирүүгө жакындашпады.

Илияс алейхиссалам Аллаху тааланын уруксаты менен Балбекте жашаган бул уруунун арасынан чыгып кетти. Башка жерлерде жашагандарды Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууга чакырды. Бул чакыруу учурунда туш келген бир жердин эли тарабынан абдан сүйүлүп, ошол жерде  калуусун каалашты. Ошентип бир нече убакыт ошол жерде турду. Бул учурда карыя бир аялдын үйүндө конок болуп турчу эле. Бул аял Аляса алейхиссаламдын энеси эле. Аляса алейхиссалам ал кезде жаш болуп, оорукчан эле. Энеси Илияс алейхиссаламдан уулунун ден-соолукка жетүүсү үчүн дуа сурады. Илияс алейхиссалам болсо дуа кылды. Аляса алейхиссалам оорусунан кутулуп, ден-соолукка жетти. Мындан ары карай Илияс алейхиссаламдын жанынан эч ажырабады. Андан ыйык Тооратты үйрөндү. Илияс алейхиссаламдан кийин Аляса алейхиссалам Аллаху таала тарабынан пайгамбар болуп милдеттендирилди.

Аляса алейхиссалам Исраил уулдарынын түзөлүүлөрү үчүн аракет кылды, динге чакырды. Күндөн күнгө кутурган бул коом Аллаху тааланын өздөрүнө жиберген китептин көрсөткөн жолунан чыгышты. Уруулар мамлекеттин башына отуруу үчүн жарышка түшүштү. Араларындагы ажырымдан жана башка мамлекет маселелеринен улам бири-бирине кол салышты. Исраил уулдарынын арасындагы фитнанын, уруш-тирештин акыры бүтпөй турган болду. Акыры Аллаху таала алардын башына Ассирия мамлекетин жиберди. Туткун болуп, кор-азаптуу жашоону баштарынан өткөрө башташты. Бул окуялар болгон учурда Юнус алейхиссалам ассириялыктардын баш калаасы болгон Ниновада дүнүйөгө келген эле.

Аляса алейхиссалам тууралуу Курани каримде: «(Йа, Мухаммед!) Исмаилди, Алясаны, Зулкифлди да эсте. (Коомуңа айт.) Булар кайырлуулардан эле», - деген мааниде билдирилген. (Анам сүрөсү: 86)

Мужизалары:

Ариха шаарынын элинин ичүүчү суулары ачуулашып кеткен эле. Бул абалды Аляса алейхиссаламга билдирип, өздөрүнө жардамчы болууларын суранышкан эле. Ошондо Аляса алейхиссалам ачуулашкан суунун ичине бир бөлүк туз таштап: «Таттуу бол!» - дегенде, Аллаху тааланын уруксаты менен суу таттуу жана даамдуу болгон эле.

Карыздар жана жесир болгон бир аял Аляса алейхиссаламга келип, кедейлик арыз-муңун айткан эле. «Үйүңдө эмнең бар?» - дегенде аял: «Бир кашыктай майым бар», - деди. Аляса алейхиссалам ал аялга: «Барып ал майды бир идиштин ичине сал», - деп буюрду. Аял болсо барып, майды бир идиштин ичине салды.  Аляса алейхиссаламдын мужизасы менен ал май ушунчалык көбөйүп, көптөгөн идиштер майга толду. Кедей аял ушулар менен карыздарын өтөө менен бирге бай да болду.

Исраил уулдары Аляса алейхиссаламга кээде баш ийип, билдирген буйруктарын орундашты. Кээде каршы чыгышты. Аляса алейхиссалам көз  жумарга жакын Зулкифл алейхиссаламды жанына чакырып, өзүнөн кийин ордуна халифа кылып дайындады. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш