Зулкифл алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлыгы анык белгилүү эмес болуп, аалымдардын көпчүлүгү пайгамбар экендигин айтышкан. Асыл аты Бишр болуп, лакабы Зулкифл эле. Аляса алейхиссаламдан кийин ачууланбастан, сабыр көрсөтүп, диндин буйруктарын жана тыюуларын Исраил уулдарына билдирүүнү үстүнө алгандыгы, кепил болгондугу үчүн кепилдик ээси деген мааниде Зулкифл делген. Аляса алейхиссаламдын атасынын эркек бир тууганынын уулу. Исраил уулдарына Муса алейхиссаламдын дининин буйрук жана тыюуларын билдирген.

Аллаху тааланын Исраил уулдарына жиберген пайгамбарлардан Аляса алейхиссаламдын ажалы келип, өлүмү жакындаганда Аллаху таала рухун ала тургандыгын вахий менен билдирди жана «Мүлкүңдү Исраил уулдарынан түнү таңга чейин ибадат кылган, намаз окуган, күндүзү орозо кармаган жана адамдар арасында ачууланбастан өкүм чыгара турчу бирөөнө бер», - деп буюрду. Бул пайгамбар өзүнө берилген буйрукту Исраил уулдарына билдирди. Араларынан бир жаш жигит туруп: «Бул ишке мен кепил болом, үстүмө аламын», - деди. Пайгамбар ал жаш жигитке: «Бул коомдун ичинде сенден да улуулар бар, сен отур», - деди. Кийин экинчи жолу ошол сунушту айтканда баягы жигит дагы туруп: «Кепил боломун», - деди. Үчүнчү жолу бул сунуш кайталанганда жооп берген дагы эле ошол жаш жигит болду. Ошондо Аляса алейхиссалам аны ордуна халифа кылып калтырды. Бул жаш жигит Бишр эле. Бул себептен улам ал жаш жигитке Зулкифл деген лакаб берилди.

Бул жаш жигит алган милдетин кемчиликсиз түрдө орундоо үчүн эмгектенип жатканда Иблис (шайтан) аны кызганып, бул милдетти кылдырбоо үчүн түрдүү куулуктарды кылды. Бирок, бул жаш жигит Иблистин куулуктарына алданбастан, алган милдетин кемчиликсиз орундады. Бул абалынан улам Аллаху таалага шүгүр кылды.

Аллаху таала Зулкифл алейхиссаламга пайгамбарлык милдетти берди. Зулкифл алейхиссалам Муса алейхиссаламдын дининин буйрук жана тыюуларын адамдарга билдирди. Тооратты окуп, өкүмдөрүн орундады. Динге чакыруу милдетин тийиштүү түрдө орундагандан кийин Шам жергелеринин биринде кайтыш болду.

Курани каримдин Анбия сүрөсүнүн 85-86 аяти карималарында, Сад сүрөсүнүн 48.аятында Зулкифл алейхиссалам тууралуу кабарлар  берилүүдө.(www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш