Ишмоил алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Харун алейхиссаламдын урпагынан болуп, Муса алейхиссаламдын динин түшүндүргөн.

Ишмоил алейхиссалам пайгамбар болуп жиберилүүдөн мурда Мысыр менен Кудус арасындагы Бахр-и Рум (Рум деңизи) жээктеринде жашаган Амаликалыктар Исраил уулдарына коркунуч туудурушкан эле. Амаликалыктар Исраил уулдарына кол салып, көп адамды өлтүрүп, он миңдегенин туткунга алышкан эле. Муса алейхиссаламдан бери ичинде Тоорат бар болгон жана Исраил уулдары үчүн биримдик менен ынтымактын символу болгон Табутту дагы алышты. Өзгөчө Табуттун кетүүсүнө өтө кайгырган Исраил уулдары таркап, бечара абалга түшүштү. Өздөрүн бул абалдан куткара турчу бир пайгамбар жиберүүсү үчүн дуба кылышты.

Аллаху таала Ишмоил алейхиссаламды пайгамбар кылып жиберди. Исраил уулдарына Тоораттын буйрук жана тыюуларын билдирди. Исраил уулдарын алгач Ишмоил алейхиссаламды жалганга чыгарып, кийин ага баш ийишти. Ишмоил алейхиссалам Исраил уулдарына Аллаху таала тарабынан Талуттун өкүмдар болуп дайындалганын билдирди. Исраил уулдары Талуттун өкүмдарлыгын кабыл кылышпады. Акыры түркүн каршылыктардан кийин Талуттун өкүмдарлыгын кабыл кылышты. Ичинде Тоорат бар болгон Табутту Амаликалыктардан алып, Исраил уулдарына алып келген Талут Исраил уулдарынан чоң кол курады. Амаликалыктарга каршы согушка даярдады.

Ишмоил алейхиссалам Амаликалыктарга каршы согушка бара жатканда бир дарыядан суу ичип ичпөө менен сынала тургандыктарын билдирди. Айтылган дарыяга келишкенде Талуттун буйругун угушпай, дарыядан суу ичкен Исраил уулдарынан кээ бирлери сыноодөн өтпөй, бечара жана кор болгон абалда артка кайтышты. Араларында Давуд аттуу бир жаш жигит дагы бар болгон Талутка баш ийген аз сандагы адамдар дарыяны кечип, Амалика коомунун үстүнөн жеңишке ээ болушту. Амалика коомунун өкүмдары Жалутту Давуд аттуу жаш жигит өлтүрдү. Акыры Исраил уулдары душмандарын жеңип кубаттанышты.

Ишмоил алейхиссалам Исраил уулдарына он бир жыл пайгамбарлык кылды. Пайгамбарлыгынын 11. жылынан кийин Талутту Исраил уулдарына өкүмдар кылып дайындап, элүү эки жашында көз жумду. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш