Юнус алейхиссалам


Мусул жакындарындагы Нинава  (Нинова) элине жиберилген пайгамбар. Атасы Мата аттуу бир зат болуп, салих инсандардан эле. Юнус алейхиссалам өзүн балык жуткандыгы үчүн Зиннун жана Сахиб-и Хут аттары менен дагы эскерилген.

Юнус алейхиссалам Ассирия мамлекетинин баш калаасы жана маанилүү соода борбору болгон Нинава шаарында туулган. Атасы Мата жана энеси Аллаху таалага дуба кылып, өздөрүнө бир эркек бала ихсан кылуусун тилешти. Жанабы Хак аларга Юнусту ихсан кылды. Бирок, Юнус алейхиссалам энесинин боюндагы кезде атасы көз жумду. Энеси анын туулган учурунда жана балалык кездеринде бир нече адаттан тыш көрүнүштөргө күбө болду. Юнус алейхиссалам Нинавада чоңойду. Коомунун ичинде ишенимдүү, жалган сүйлөбөгөн, жардам сүйгөн адам катары атагы чыкты.

Отуз жашка келгенде Нинава элине пайгамбар болуп жиберилди. Буттарга сыйынган Нинава калкын жылдар бою Аллаху таалага ыйман жана ибадат кылууга чакырды. Коому ага ыйман келтирбегендиги сыяктуу эле бир топ кыйынчылыктарды көрсөтүштү, жапа чектиришти. Аны мазакташты. Бирок, Юнус алейхиссалам кетенчиктебестен, үмүтсүздүккө түшпөстөн аларды хак динге чакырды. Аллаху тааланын азабы менен коркутту. Бирок, Нинава калкы «Бир кишинин гана урматы үчүн баарын жок кыла турган болсо уруксат бер, бул азап келсин» деп мазакташты.

Юнус алейхиссалам коомунун күфүрдөн кайтпоосунан улам кайгырып, алардан бөлүнүп чыгып кетти. Аллаху таала ага вахий кылып, «Кулдарымын арасынан айрылууда шашылдың. Артка кайт, кырк күн дагы аларды ыйманга чакыр», - деп буюрду. Юнус алейхиссалам бул илахий буйрук менен коомуна кайтып барып, аларды хак динге чакырууну улантты. Отуз жети күн алардын арасында калды. Коому дале ыйман келтирбеди. Ушундан кийин Юнус алейхиссалам: «Андай болсо үч күнгө чейин башыңарга келе турчу азапты күткүлө. Мунун белгиси – алгач жүзүңөр саргаят», - деди да, илахий бир буйрук келе электе кайгыруу менен алардын арасынан чыгып кетти.

Юнус алейхиссалам кабар берген күн келгенде Нинавалыктардын жүздөрү саргайды. Асман карайды. Шаарды капкара түтүн каптады. Баарын коркуу менен башаламандык каптады. Мындан улам ызы-чууга түшүштү. «Юнус алейхиссалам арабызда болсо коркпогула, эгер биздин арабыздан чыгып кеткен болсо азап бизди курутат», - деп бири-бирине айтып жатышты. Ошол кезде Аллаху таала көңүлдөрүнө өкүнүү сезимин берди. Алар тообо кылуу арзуулары менен карыган бир заткан келишип, эмне кылуулары керек экендигин сурашты. Ал зат болсо али азаптын келүүсүнө эки күн бар экендигин, азаптын алынуусу үчүн дуба кылууларын сунуштады.

Ошондо Нинава калкы шаардын жакынындагы бийик бир дөбөгө чыгышып, Аллаху таалага жана Анын пайгамбары Юнус алейхиссаламга ыйман келтиришти. Аллаху таалага дуба кылып, азаптын алынуусу үчүн дуба кылып жалбарышты. Ошол кезге  чейин кылган ар түрдүү жамандык жана адилетсиздикке дагы тообо кылышты. Атүгүл, үйлөрүндөгү башка бирөөнө тандык болгон таштарды омкоруп чыгарып алып, ээлерине кайтарып беришти. Ушундан кийин Аллаху таала тооболорун кабыл кылып, азапты үстүлөрүнөн алып таштады. Дуба кылынган күн Жума күнү болуп, Ашура күнү эле. Кийин кубаныч ичинде шаарга түшкөн Нинава калкы шаарда Юнус алейхиссаламды издей башташты.

Юнус алейхиссалам болсо ал жерден кеткенинен бир нече убакыттан кийин коомунун абалын билүү үчүн Нинавага жакын бир жерге келгенде азаптын рахматка айлангандыгын көрдү. Бирок, шаарга кирбеди. «Эгер шаарга кире турган болсом мени жалганчылык менен айыпташат», - деп чөл тарапка бурулуп, ал жерден алыстап Дижла дарыясынын жээгине барды. Бирок, бул жерге Аллаху тааладан буйрук албастан келген эле. Дижла дарыясынын жээгинде турганда жолчуларга толо болгон бир кемеге түшкөн эле. Кеме жүрүп, жээктен алыстады. Кеме бир канча убакыт жүргөн соң токтоп, кыймылдабай калды. Кемедегилер таң калышты. Канчалык аракет кылышса да кемени эч жүргүзө алышпады. Кийин: «Арабыздагы бир күнөөкөрдөн улам бул кеме жүрбөй жатат», - деп кобуранышты. Кеме чөгүп кетет деп коркуп, далбастай башташты. Бул абалды жолсуздук деп кабылдашып: «Бул жерде кожоюнунан качып келген бир кул бар. Кура тарталы, ал белгилүү болот», - деп сүйлөшүштү.

Ал убакка чейин адаттары кура кимге чыкса аны жазалоо катары деңизге ыргытышчу эле. Ошентип адаттарына ылайык кура тартышты. Кура Юнус алейхиссаламга чыкты. Ошол кезде Юнус алейхиссалам мунун өзү тууралуу илахий бир сыноо экендигин кабыл кылып, тобокелдик менен «Ал аси кул менмин!» - деди. Кемедегилер Юнус алейхиссаламды карап, анын салих адам экендигин түшүнүшүп: «Бул зат кулга окшобойт», - дешип, кайрадан кура таштышты. Кура кайрадан Юнус алейхиссаламга чыкты. Үчүнчү жолу тартылган кура кайрадан Юнус алейхиссаламга чыкты. Кээ бирлери: «Күмөнсүз, бул кишинин күнөөсү болуусу керек!» - дешти.

Юнус алейхиссалам жолчуларды Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырды. Бирок, кемедегилер Юнус алейхиссаламды деңизге ыргытышты. Ал кезде түнкү маал эле. Юнус алейхиссаламды бир балык жутту. Ошол замат Аллаху таала балыкка буйрук кылып, аны жаралабоосун, сөөктөрүн сындырбоосун билдирди. Балык бул абалдан кийин Хазрети Юнусту алып, деңиздин тереңдиктерине чөмүп жок болду. Юнус алейхиссалам балыктын курсагында аман-эсен, эс-акылы ордунда абалда турду. Балыктын караңгы болгон ичинде өтө кайгыруу менен: «Йа, Рабби! Эмир жана өкүм сеники. Бирок, Нинавага кайтууга жана коомумду ыймандуу абалда көрүүгө үмүтүм чексиз. Булардын баарына карабай сенин берген тагдырың кандай болсо ага ыраазымын», - деди.

Ошол кезде кээ бир үндөрдү укту. «Кызык, бул эмне болду экен?» - деп сүйлөндү. Аллаху таала ага балык курсагында экендигин вахий кылып: «Эй, Юнус! Бул үндөр - мени деңизде зикир кылган жандуулардын үндөрү!» - деди.

Юнус алейхиссалам балыктын курсагында дагы дайыма зикир кылууну улантты. Периштелер анын үнүн угуп Аллаху тааладан сурашты. Аллаху таала: «Бул – кулум Юнустун үнү. Бир абалдан улам аны деңизде бир балыктын ичине камадым», - деди. Юнус алейхиссалам «Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназзалимин» (Сенден башка эч бир илах жок. Сени бүткүл кемчиликтерден танзих кылам. Чындыгында мен акысыздык кылгандардан болдум» (Анбия сүрөсү 87) дубасын улантты. Бул дубасы менен таспихи анын кутулуусуна себеп болду. Балыктын курсагында үч, жети же кырк күн калгандан кийин кутулууга жетти. Юнус алейхиссалам балыктын курсагынан Мухаррам айынын онунчу (Ашура) күнү чыкты.

Балык аны чыгарып, жээкке калтырганында Юнус алейхиссалам арыктаган, чарчаган, оорукчан бир абалда коргоого муктаж эле. Жанабы Хак ихсаны менен ал жерде Хазрети Юсуфту күндүн баш куйкалаган ысыгынан көлөкөлөй турчу кең жалбырактуу, тез чоңоюп өскөн бир бак же өсүмдүктү өстүрдү. Бул бак чымын жана курт-кумурскалардан да сактачу эле. Жанабы Хак бир риваятта ал өсүмдүктөн Хазрети Юсуфка сүт тамчылатты. Башка бир риваятта тоо эчкисин анын буйругуна тапшырды. Жакшылап кубаттанганга чейин ал тоо эчки таңда жана кечте келип, Хазрети Юсуфту эмизди. Юнус алейхиссалам өзүнө келгенде Аллаху таалага шүгүр кылып, ибадатын баштады. Бир күнү өзүнө көлөкө берип турган бактын куругандыгын көрүп кайгырды. Аллаху таала ага вахий кылып, коомуна кайтуусун буйрук кылды жана коомунун тооболорун кабыл кылгандыгын билдирүүсүн буюрду.

Юнус алейхиссалам коомуна баруу үчүн жолго чыгып, Нинава шаары жакындарына келгенде көргөн бир чабандан коомунун кандай абалда экенин сурады. Чабан болсо: «Пайгамбары болгон Юнус алейхиссалам аларга таарынып кеткендиктен алар жалгыз калышты. Жанабы Хак аларга азап жиберди. Азап булуттары алардын баштарынын үстүндө үч күн, үч түн турду. Бирок, алар миң бир өкүнүү менен ыйлашты. Юнус алейхиссаламды издөөлөрүнө карабай эч жерде таба алышпады. Натыйжада Аллаху таала аларды кечирди. Алардын үстүнөн азапты алды. Азыр жол карап, өздөрүнө Аллаху тааланын буйрук менен тыюуларын үйрөтө турчу Юнус алейхиссаламдын келүүсүн күтүшүүдө», - деди. Юнус алейхиссалам алар күтүп жаткан адам өзү экендигин жана барып аларга кабар берүүсүн айтты. Чабан Нинавага барып, Юнус алейхиссаламдын келгендигин кабар берди.

Алгач Юнус алейхиссаламдын келгендигине ишенбеген Нинава калкы бактын жана койдун тилге келип, сүйлөөсүнөн кийин ишеништи. Юнус алейхиссалам турган тарапка барышты. Юнус алейхиссаламды намаз окуп жатканда көрүштү. Намаздан кийин аны сагынуу менен кучактап, кечирим сурашты. Бирге шаарга кайтып келишти. Мындан кийин Юнус алейхиссалам аларга Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын үйрөттү. Коому бакытка жана жакшылыктарга бөлөнүштү. Юнус алейхиссалам сексен үч жашында ибадат кылып жатканда Нинавада көз жумду. Көз жумган жер тууралуу башка дагы риваттар бар.

Юнус алейхиссаламдын мужизалары:

1-Юнус алейхиссалам Курани каримде билдирилгендей балыктын курсагында үч, жети же кырк күн жашаган.

2-Юнус алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен булуттардан от чыкчу эле. Бир күнү Нинаванын эли андан булуттардан от чыгаруусун суранышканда дуба кылды, булуттардан от түшүп, ошол мекендин бир бөлүгүндөгү бактарды өрттөдү.

3-Юнус алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен тоодон суу чыккан.

4-Юнус алейхиссаламдын пайгамбарлыгына бир кескелдирик шахадат кылган эле. Нинавалыктар Юнус алейхиссаламдан мужиза сурашканда Аллаху тааланын буйругу менен тоого ишарат кылды. Тоодон чыккан бир кескелдирик тилге келип: «Эй, адамдар! Билип койгула, Юнус хак пайгамбар. Силерди Жаннатка, Раббибиздин магфиратына чакырууда», - деди.

5-Юнус алейхиссалам Нинаванын акимин ыйманга чакырды. Ал кезде аким: «Эшигимдеги мына бул темир чынжыр алтын болсо ыйман келтирем», - деди. Юнус алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен колун эшиктин чынжырына койду. Темир чынжыр алтынга айланды.

6-Юнус алейхиссалам отун жок болсо да суу үстүндө от жаккан.

7-Юнус алейхиссалам Давуд алейхиссалам сыяктуу сулуу үндүү болгондуктан, анын таттуу үнү жапайы жана жырткыч жаныбарларга да таасир кылып, аны угуу үчүн тегерегинде жыйналышчу.

Юнус алейхиссаламдын өмүрү жана башына келген окуялар тууралуу Курани каримдин Саффат, Ниса, Юнус, Анбия, Калем сүрөлөрүндө кабар берилүүдө. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам дагы хадиси шарифте мындай деген:

«Балыктын курсагында турганда Юнустун (алейхиссалам) кылган дуба: «Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназ-залимин» эле. Мусулман бир адам бул дубаны эмне үчүн окуса да Аллаху таала албетте аны кабыл кылат. Эч бир кулга Юнус бин Матадан (алейхиссалам) дагы кайырлуумун дегендик жарашпайт.» (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш