Давуд алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Ар пайгамбар ошол эле учурда султан, өкүмдар эле. Ата-теги жагынан Якуб алейхиссаламдын Яхуда аттуу уулуна таянат. Сулайман алейхиссаламдын атасы. Кудуста туулган. Ошол жерде өмүр сүрүп, ошол жерде көз жумду. Өзүнө ибрани тиринде Забур китеби берилди. Үнү өтө сулуу жана таасирдүү эле. Ысымы Курани каримде он алты жерде өткөн.

Аллаху таала Муса алейхиссаламдан кийин Исраил уулдарына бир нече пайгамбарларды жиберди. Бул пайгамбарлар адамдарды Тоораттын өкүмдөрү менен амал кылууга чакырышты. Бирок, убакыт өткөн сайын чектен ашкан Исраил уулдары Тоораттын өкүмдөрүн өзгөртүштү, пайгамбарларын угушпады, ахлактары толук бузулду. Аллаху таала Амалика коомунун өкүмдары Жалутту аларга балээ катары жиберди. Жалут Исраил уулдарын мекендеринен сүрүп чыгарды. Кийин Талут аттуу бир өкүмдар келип, мамлекет иштерин жана аскер ордосун калыпка салды. Жалутка карай жүрүш кылды. Талуттун аскер ордосуна катышкан Давуд алейхиссалам Жалутту өлтүрдү. Талуттун өлүмүнөн кийин Давуд алейхиссалам Исраил уулдарынын өкүмдары болду.

Бир канча убакыттан кийин Аллаху таала өзүнө пайгамбарлык милдетти жана Забур аттуу китепти берди. Адамдарды Аллаху тааланын динине чакырды жана адилеттик менен башкарды. Палестин, Сирия жана Арап жарым аралынын бир бөлүгүн алып, мамлекетин кеңейтти. Кудусту баш калаа кылды. Муну менен бирге Амман, Халеб, Нусайбин жана Арменияны дагы алды.

Мечит Акса деген ат менен Курани каримде билдирилген чоң бир мечиттин курулушун баштатты. Мечиттин жасалып, бүтүрүлүү ишин уулу Сулайман алейхиссаламга осуят кылып, жүз жашка келгенде көз жумду. Кабырынын Кудус чебинин сыртында экендиги риваят кылынат.

Давуд алейхиссаламдын өтө сулуу жана таасирдүү үнү бар эле. Өзүнө ибрани тилинде Забур китеби келди. Бул китеп манзум түрүндө болуп, эски манзум китептеринин эң атактуусу. Забур атактуу төрт илахий китептен бири болуп, Тоораттан кийин жиберилген. Вааз жана насаат түрүндө болуп, Тооратты кубаттандырган. Аны ачыктап, аны менен амал кылууга чакыргандыктан Тоораттын өкүмдөрүн алдырбады. Давуд алейхиссалам Хазрети Муса алып келген динди кубаттандыргандыктан расул болбой, Бани Исраилге жиберилген пайгамбарлардан бири.

Давуд алейхиссалам көп ыйлап, көп ибадат кылчу. Күндүз орозо менен, түндү намаз окуу менен өткөрчү. Түндүн үчтө биринде гана уктачу. Бир күнү орозо кармап, экинчи күнү кармачу эмес. (www.islamdini.kg)

Аллаху таала мужиза катары тоолорду, таштарды, куштарды анын буйругуна берген эле. Муңдуу үнү менен Забурду окуп баштаганда куштар асмандан бактарга конуп, окулуп жаткан Забурду аны менен биргеликте кайталашчу.

Аллаху таала Давуд алейхиссаламга темирди отко салбастан жана урбастан каалаган шекил бере алуу мужизасын берген эле. Темирден зоот жасап, колунун эмгеги менен күн көрүп, мамлекет казынасынан эч нерсе алчу эмес. Жырткыч жаныбарлар Хазрети Давуддун алдына келип, ага толук баш ийүү менен кызмат кылышчу.

Курани каримде Бакара, Ниса, Маида, Анам, Исра, Анбия жана Саад сүрөлөрүнүн бир канча аяти карималарында Давуд алейхиссалам тууралуу баяндалууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш