Сулайман алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Давуд алейхиссаламдын уулу. Якуб алейхиссаламдын урпагынан. Кудуска жакын Газза шаарында туулган. Пайгамбар жана Султан эле. Балалыгынан тарта билимдүү, жакшылык жана адилеттикти жакшы көргөн инсан катары таанылган. Он эки жашында атасынын ордуна өтүп, султан болду. Кийин өзүнө Аллаху таала тарабынан пайгамбарлык берилди. Дүнүйөнү багындырган төрт төрт кишиден бири. Ага пайгамбарлык берилгендиги Курани каримде Анам сүрөсүнүн 84. аятында билдирилүүдө.

Сулайман алейхиссалам: «Йа, Раб! Мага эч бир жанда болбогон бир кудурет жана дөөлөт ихсан кыл», - деп дуба кылды. Дубасы кабыл кылынып, жиндердин, шамалдардын жана айбандардын дагы адам сыяктуу Сулайман алейхиссаламга баш ийүүлөрү буйрук кылынды. Өзүнө исм-и азам дубасы, бүткүл макулуктардын тили жана аттары үйрөтүлдү. Пайгамбарлык менен бирге ихсан кылынган илим, хикмат жана султандык кудуретин адамдарды туура жолго жеткирүүдө жана дагы жакшы жашоолору үчүн колдонду. Шаарлардын курулуусу, жер жүзүнүн имараттары, жашылдандырылуусу, илим менен техникада илгерилөөсү үчүн кол астындагылардын ар бирине иштерди бөлүштүрдү. Жолдордун жасалуусу, таштардын кертилүүсү, темирчилик жана терең сууларга сүңгүгүчтөр сыяктуу кыйын иштерди жиндерге тапшырды. Дыйканчылык, чабандык, соода, кол өнөрчүлүк сыяктуу иштерди болсо адамдарга берди. Жаныбарлар болсо күзөтчүлүк кылуу, жүк ташуу сыяктуу иштерде милдеттендирилди. Адамдардан, жиндерден жана айбандардан чоң аскер курады. Баары ага баш ийип, буйругуна моюн сунушту. Сулайман алейхиссаламга берилген бул нематтар Курани каримде билдирилүүдө.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам хадиси шарифте анын дубасы тууралуу мындай деген:

«Сулайман алейхиссалам Байти Макдистин имаратын бүтүргөндөн кийин Аллаху тааладан үч тилек тиледи: Өзүнөн кийин эч кимге насип болбогон бир мүлк жана салтанат, Илахий өкүмгө ылайык өкүм берүү кудуретинин тартуулануусу. Бир гана намаз окуу үчүн Масжид Аксаны ойлоп келгендердин энелеринен туулгандай күнөөсүз абалга келүүлөрү. Аллаху таала булардан алгачкы экөөсүн Сулайман алейхиссаламга берген. Үчүнчү тилегинин дагы кабыл кылынган болуусун үмүт кылам.»

Атасы пайдубалын салган Кудустагы Масжид Аксаны курууну улантты. Жети жылда мыкты кол өнөрчүлүк менен бүтүрдү. Кийин Кудуста чоң бир сарай курдуруп баштап, он үч жылда толуктады. Бул имараттардын курулуш учурунда адамдардан жана жиндерден көбү Сулайман алейхиссаламдын кол астында эмгектенишкен.

Сулайман алейхиссаламдын заманында тынчтык, курулуш, кол өнөрчүлүк жана илим абдан өнүккөн эле. Масжид Акса курулуп, суу түтүктөрү, суу каналдары жасалган. Көпүрөлөр, суу сактагычтар жана үйлөр курулган. Хикматынын жана улуулугунун атагы бүткүл дүнүйөгө жайылган эле. Доорундагы бүткүл падышаларды жана алдыңкы катардагы адамдарды туура жолго багыттады.

Анын заманында укмуштуудай салтанатка ээ болгон Йеменде Саба шаарында өкүм сүргөн Балкыска кат жазып, Палестинге чакырды. Ал болсо келип, Сурайман алейхиссалам менен көрүшүп, ыйман келтирди. Балкыстын Сулайман алейхиссалам менен кат алышуусу жана Кудуска келүүсү Курани каримде Намл сүрөсүндө узун баяндалган.

Сулайман алейхиссалам Акаба булуңунан Фырат жээгине чейин кырк жыл адилеттик менен өкүм сүрдү. Калган өкүмдарлар дагы ага берилгендиктерин билдиришти. Соода кемелерин жасатып, Кызыл Деңиз жана Умман Деңизинде соода кылдырды. Шамал анын буйругуна берилген эле. Шамалга минип каалаган жерине тактысы менен кошо кыска убакыт ичинде барчу эле. Макамына отурганында жана мажлис курганында куштар үстүнө келип, канаттарын керишип булут сыяктуу болуп, күндөн жана жамгырдан калкалашчу эле. Сулайман алейхиссалам ак жүздүү, сулуу, нур жүздүү, чачы-сакалы коюу болуп, ак кийим кийер эле. Өтө адептүү, дайыма Аллахтан корккон, карапайым, бийик мартабалуу эле. Кедей-кембагалдар менен отуруп: «Кедейдин кедейлер менен отуруусу ылайыктуу», - дечү эле. Өмүрүнүн акырына чейин Аллаху таала тагдыр кылган сый-урмат менен адамдарды туура жолго үндөдү. Бардык адамдар тарабынан сүйүлүп, эч ким анын айткандарына каршы чыкчу эмес жана анын буйругунан да сыртка чыгышчу эмес.

Сулайман алейхиссалам бир күнү курулуп жаткан чоң бир сарайдын курулушун текшерүүгө барган эле. Бул имарат бир суу жээгинде орун алган эле жана өтө айбаттуу бир сарай эле. Уста ишчилер, жиндер сарайдын бүтүрүлүүсү менен алектенип жатышкан эле. Сарайдын балконуна чыгып, өзүн бул жерде жалгыз калтырылууларын, эч кимдин жанына жакындабоосун буйрук кылды. Кийин балкондун жээгинде аса таягына таянып турду да, айлана-тегерекке көз жүгүртүп ойго чөмүлө баштады. Бул учурда өмүрү бүтүп, ажалы келген эле. Азраил алейхиссалам келип: «Бул учур дүнүйөдөгү жашооңдун акыркы учуру», - деди.

Сулайман алейхиссалам: «Аллаху тааланын тагдыры эмне болсо да хак. Раббиме хамд болсун, эч качан эч кимге зулумдук кылбадым. Раббимдин буйругуна баш ийүүдө кечикпедим. Ар ким Аллаху таалага кайтат. Милдетиңди орунда», - деди.

Сулайман алейхиссалам асасына таянып тике турган абалда көз жумуп, узак убакытка чейин ошол абалда турду. Сарай курулушунда иштегендер болсо ар күн жумуштарын тартип менен орундоону улантышып, элдер дагы ал жерге келип-кетип жатышты. Сулайман алейхиссаламды алыста тике турган абалда көрүп жатышты. Бирок, берген буйругуна баш ийип, жанына эч ким жакындабай жатты. Акыры асасынын жерге тийген бөлүгүн күбө курту жеп аса таяк сынганда денеси жерге жыгылды. Ошондо бул абалын көргөндөр жан тапшыргандыгын түшүнүштү. Бул окуя Курани каримде Саба сүрөсү 14. аятта билдирилүүдө.

Сулайман алейхиссалам бардык жакка өкүм кылгандыктан анын заманында ар ким ыйман келтирип, жер жүзүндө өтө аз  ыймансыз адамдар калган эле. Анын кайтыш болуусунан кийин Исраил уулдарынын арасында ынтымак менен биримдик бузулуп, эки башка мамлекетке бөлүнүп, туура жолдон тайышты. Кийин болсо аларга туура жолду көрсөтүү үчүн Илияс жана Аляса алейхиссалам пайгамбар болуп жиберилишти. Курани каримде Бакара 102; Ниса 163; Анам 84; Анбия 81; 82; Саба 12, 21; Намл 15тен 44кө чейин; Сад 30дан 40ка чейин болгон аяттар Сулайман алейхиссалам тууралуу.

Сулайман алейхиссалам Масжид Аксага Муса алейхиссаламдан бери урпактан урпакка өтүп келген, ичинде Тоорат болгон Ахид Сандыгын (Табут-и Сакинаны) койду. Себеби, Муса алейхиссалам үммөтүнүн аалымдарынан Тоораттын Ахид Сандыгына коюлуп корголуусун каалаган эле. Бул жагдай Масжид Аксанын Бухтуннасар тарабынан жыгылуусуна чейин уланды. Бухтуннасар Кудусту алганда шаарды өрттөп-жыкты. Масжид Аксадагы алтын, күмүш жана башка асыл таштарды алып Бабилге алып барды. Бухтуннасардын Кудусту талап-тоноосу учурунда чыныгы Тоорат жана Забур өрттөлүп, жок кылынды. Кээ бир адамдардын эскерүүлөрүндө калган аяттарын жазуулары натыйжасында Тоорат ысымында бири-бирин тутпаган түркүн рисалалар ортого чыкты. Миладдан болжол менен төрт жүз жыл мурда жашаган Азра буларды топтоду жана азыркы Ахд-и Атиктеги Тооратты жазды.

Сулайман алейхиссаламдын тогуз түрдүү мужизасы бар эле. Булар:

1-Саба сүрөсү он экинчи аятында билдирилгендей шамалдар анын буйругу астында эле.

2-Сулайман алейхиссалам деңизди өтүүнү каалаган кезде суусу тартылып жол ачылат, өткөндөн кийин кайра жабылчу эле.

3-Аяти каримада билдиригендей бүткүл жиндер анын буйругунда эле. Качан кааласа өзүнө чоң-чоң сарайларды, сүрөттөрдү, идиш-аяк шаймандарын жасашчу эле.

4-Сулайман алейхиссаламдын бир мөөрү бар эле. Үстүндө исм-и азам дубасы жазылуу эле. Ал дуба менен бардык тилеги жеңил болор эле.

5-Кумурскаларга чейин ар жаныбардын үнүн угуп, тилдерин түшүнчү.

6-Каякка барууну кааласа шамал буйругунда болгондуктан күрсүсүн көтөрүп, күрсүсүн өзү менен бирге алып кетчү эле.

7-Жиндердин арачылыгы менен деңиздердеги берметтерди, гаухарларды, жердеги казыналарды билчү эле. Өзүнө Аллаху таала тарабынан билдирилбеген нерсе жок эле.

8-Намл өрөөнүндө жан-жөкөрлөрү менен бир тоонун үстүнө конуп, ошол жерде калган учурда ал тоонун жашыл, көк шибер болуусу үчүн мубарек колдоруна бир канча суу алып, алаканы менен ошол тоого серпти. Дароо тоонун үстү көк шиберге айланды.

9-Сулайман алейхиссалам бир жерге барган кезде аны менен бирге дубалдар да кошо кетчү эле. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш