Локман Хаким


Пайгамбар же олуя. Давуд алейхиссалам заманында Арабстандын Умман тарабында жашаган. Давуд алейхиссалам менен көрүшүп, андан илим үйрөндү. Давуд алейхиссаламга пайгамбарлык билдирилүүдөн мурда муфтий болгон Локман Хаким Давуд алейхиссаламга пайгамбарлык билдирилгенден кийин фатва берүүнү таштады. Давуд алейхиссаламга үммөт болду. Өзүнө хикмат берилди. Аййуб алейхиссаламдын таежесинин уулу болгондугу да риваят кылынган. Француз окумуштууларынын Галиностун (Галендин) бир аты дагы Локман Хаким болчу деп айтуулары жаңылыш. Себеби, Локман Хаким Давуд алейхиссаламдын заманында, Галинос (Гален) болсо андан миң жылдай кийин өмүр сүргөн. Локман ысымы Курани каримде өтүп, бир сүрөгө (отуз биринчи сүрөгө) Локман ысымы берилген. Бул сүрөнүн он экинчи аятында: «Биз Локманга хикмат бердик», - деген мааниде буюрулууда. Бул жердеги хикмат (даанышмандык) сөзүнүн акыл, түшүнүк, илим, илим менен амал кылуу жана туура чечим берүү деген маанидеги сөз экендиги тафсир китептеринде жазылган.

Локман Хаким - табыптардын пири. Даанышман сөздөрү жана уулуна берген насааттары атагы чыккан. Курани каримде Локман сүрөсүнүн 3. аяти каримасынын маанисинде: «Бир убак Локман уулуна үгүт берип мындай деген эле: «Балам! Аллахка орток кошпо, себеби, ширк өтө чоң зулум», - деп буюрулууда.

Локман Хакимден: «Сен бул абалга кантип жеттиң» деп сурашканда: «Туура сөздүү болуу, аманатты орундоо, керексиз сөз жана ишти таштоо менен», - деген жоопту берген. Адамдар андан насаат сурашты, ал болсо минтип насаат кылды: Мурункулардын жана кийинкилердин илимдери менен амал кыла алуулары үчүн сегиз нерсеге дыкат болуу ар кимге зарыл. Төрт убакта төрт нерсени коргоо керек; Намазда көңүлдү, эл арасында тилди, жеп-ичүүдө тамакты, бирөөнүн үчүнө киргенде көздү коргоо. Эки нерсени эч качан эстен чыгарбоо керек. Булар: Аллаху тааланын улуктугу жана өлүм. Эки нерсени болсо толук унутууга аракет кылуу керек. Булар: бирөөнө кылынган жакшылык менен дос жана жакындардан көрүлгөн жамандык.»

Локман Хакимдин уулуна насааттарынын бир бөлүгү мындай:

«Эй, балам! Дүнүйө терең деңиз сыяктуу. Көп адамдар анда чөгүшкөн. Кемең такыбаа, жүгүң ыйман, абалың тобокел болсун, кутулууң үмүт кылынат.»

«Эй, балам! Аалымдарга карата мактануу, акылсыздар менен тартышуу жана мажлистерде, жыйналыштарда көрсөтүү үчүн илим үйрөнбө! Муктаждыгым жок деп да илимди таштаба.»

«Эй, балам! Аллаху тааланы эстеген адамдарды көрсөң алар менен отур. Аалым болсоң да илиминин пайдасын көрөсүң жана илимиң артат, сен ахил болсоң сага үйрөтүшөт. Аллаху таала аларга болгон рахматынан сени да пайдалантат. Аллаху тааланы зикир кылбагандарды көрсөң алардан узак тур.»

«Эй, балам! Короз сенден да акылдуу болбосун! Ал ар таңда зикир жана таспих кылууда, сен болсо уктап жатасың.»

«Эй, балам! Тандалган кулдарга таслим бол, жамандар менен дос болбо.»

«Эй, балам! Адамдарга жакшылыктарды буюруп жана насаат кылып, өзүңдү унутпа! Болбосо шам сыяктуу болосуң. Шам адамдарга жарык берип, бирок, өзүн күйгүзүп  ээритет.»

«Эй, балам! Жалгандан өтө сактан! Себеби, диниңди бузат жана адамдардын жанында абыроюңду азайтат. Муну менен уятыңды, кадырыңды жана ордуңду жоготосуң.»

«Эй, балам! Жаман мүнөздөн, көңүл чаржайыттыгынан сактан. Сабырсыз болбо, болбосо дос таба албайсың. Ишиңди сүйүү менен кыл, кыйынчылыктарга чыда. Бардык адамдарга карата жакшы мүнөздүү бол.»

«Эй, балам! Дайым кайгылуу болбо, көңүлүңдү дарттуу кылба. Адамдардын колундагы нерсеге көз артуудан сактан. Казага ыраазы бол жана Аллаху тааланын сага берген ырыскыга канаат кыл.»

«Эй, балам! Дүнүйө өткүнчү жана кыска. Сенин дүнүйө өмүрүң болсо аздын азы. Мунун да азынын азы калган, көбү кеткен.»

«Эй, балам! Тообону эртеңкиге калтырба, себеби, өлүм кокустан келип кармайт.»

«Эй, балам! Унчукпоо менен өкүнбөйсүң. Сөз күмүш болсо, унчукпоо – алтын.»

«Эй, балам! Адал тамак же жана иштериңде аалымдар менен кеңеш, иштериңди кантип кыла тургандыгыңды алардан сура.»

«Эй, балам! Аалымдардын мажлисине барууну улант. Жаз жамгыры менен жер бетин жашылданткан Аллаху таала аалымдардын мажлисиндеги хикмат нуру менен болсо момундардын көңүлдөрүн нурдантат.»

«Эй, балам! Амал бир гана йакин (Аллаху таалага болгон илим жана марифат) менен кылынат. Ар ким йакининчелик амал кылат. Амал кемчилиги йакин кемчилигинен келет.»

«Эй, балам! Бир ката кылганыңда дароо тообо кыл жана садака бер.»

«Эй, балам! Өлүмдөн күмөндөнгөн болсоң уктаба. Уктагандыгың жана уктоого мажбур болгонуңдай эле өлүмгө да туткунсуң. Тирилүүдөн дагы күмөндөнгөн болсоң уйкудан ойгонбо. Уйкудан ойгонгондой эле өлгөндөн кийин дагы тирилесиң.»

«Эй, балам! Адал табыш менен жокчулуктан коргон. Жокчулуктагы адам бул үч кайгы менен каршылашат: Дин алсыздыгы, акыл алсыздыгы жана абыройдун жоголуусу.»

«Эй, балам! Мээримдүүлүк кылган адам мээримдүүлүк табат. Унчукпаган адам саламаттыкка жетет, жакшы сүйлөгөн адам пайда табат, жаман сүйлөгөн адам күнөөкөр болот, тилине ээ болбогон адам өкүнөт.»

«Эй, балам! Дүнүйө малынан жетеринчелигин ал, артыгын акырет үчүн жакшылыкка сарпта, кыйынчылыкка түшө турганчалык жана башка бирөөнүн үстүнө жүк боло турганчалык дагы жалкоолук кылба.»

«Эй, балам! Эч кимди төмөн көрүп, акаарат кылба. Себеби, анын дагы, сенин дагы раббибиз бир.»

Локман Хакимдин уулу атасынан: «Атаке, адамдагы кайсы сапат эң жакшы?» - деп сураганда: «Таза, халис дин», - деди. «Эгер эки сапат болсочу?» «Дин жана мал.» «Үч сапат болсочу?» «Дин, мал жана уяттуулук.» «Төрт сапат болсочу?» - деди. «Дин, мал, уяттуулук жана жакшы мүнөз», - деди. «Беш сапатты саноо керек болсочу?» - деп сураганда: «Дин, мал, уяттуулук, жакшы мүнөз жана жоомарттык», - деп буюрду. «Алты сапатты санасакчы», - дегенде: «Эй, балам! Аллаху таала кимге бул беш жакшы сапатты берген болсо, ал адам момун жана муттаки. Аллаху тааланын астында олуя жана сүйүктүү. Шайтандын жамандыгынан узак», - деди. Уулу: «Атаке, адамдагы эң жаман сапат эмне?» - деди. «Аллаху тааланы инкар», - деди. «Эки болсо?» - деди. «Инкар жана текебердик», - деди. «Үч болсочу?» - деп сурады. «Инкар, текебердик жана шүгүр аздыгы», - деди. «Төрт болсочу?» - деди. «Инкар, текебердик, шүгүр аздыгы жана сараңдык», - деди. «Беш болсочу?» - деп сураганда: «Инкар, текебердик, шүгүр аздыдыгы, сараңдык жана жаман мүнөз», - деп буюрду. «Алты болсочу?» - деп сураганда: «Эй, балам! Бул беш жаман сапаты бар адам мунафык, шаки жана Аллаху тааладан узак», - деди.

Локман Хакимден: «Хикматка кантип жеттиң?» - деп суралганда: «Менден жашырылган нерсени издештирбедим. Милдетим болбогон нерсенин үстүндө турбадым», - деди.

Хафс бин Омардан риваят кылынат: Локман Хаким жанына бир таруу мүшөгүн коюп, уулуна насаат кыла баштады. Ар бир насаатында бир тоголок таруу чыгарды. Акыры таруулар түгөндү. Кийин: «Эй, балам! Сага ошончо насаат кылдым, эгер бул насааттар бир тоого айтылганда тоо жарылып, бычыранды болмок», - деди. Уулу болсо бул насааттарды карманды.» (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш