Узейр алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан же олуялардан. Ысымы Курани каримде билдирилген болуп, пайгамбар болуп болбогондугу ачык билдирилген эмес. Атасынын аты Шурайха болуп, Харун алейхиссаламдын урпагынан. Исраил уулдарын Тоораттын өкүмдөрүнө уюуга чакырган. Исраил уулдары Аллахтын уулу деп жалаа жабышкан.

Кудуста туулду жана Кудуста кайтыш болду.

Узейр алейхиссалам кичине жашынан тарта Тоорат илимин үйрөнүп, Тооратты жатка билген саналуу кишилерден болду. Аллаху таала илахий буйруктардан жүз буруп, пайгамбарлардын насаат жана эскертүүлөрүнө кулагын жапкан жана түркүн чектен чыгуучулуктарды кылган Исраил уулдарына Бабил өкүмдары Бухтуннасарды жаза катары буларга жиберди. Саны көп аскер менен Шам жана Иордан аймактарын талкалап, коргоосуз калган адамдарды зулумдук менен өлтүрткөн Бухтуннасар Кудусту да талкалады. Масжид Аксаны жыгып, Кудус шаарынын бакчаларын кыйратты. Исраил уулдарынан көбүн өлтүрүп, көптөгөн наристе жана жаштарды туткунга алып, Бабилге алып барды. Бабилге алып барылган жаш туткундардын арасында Узейр алейхиссалам дагы бар эле.

Узейр алейхиссалам Бабилде бир нече убакыт туткунда жашагандан кийин, элүү жаштагы кездеринде бир мүмкүнчүлүгүн таап, мекени болгон Кудуска кетүү үчүн жолго чыкты. Кудуска жакын келгенде бир бакчада конуп, эшегинен жүгүн түшүрүп, бир бакка байлады. Аркадан Кудус шаарына көз чаптырып, шаардын талкаланганын, жолдордун жана бакчалардын кыйрап жатканын көрүп капаланды. Бул учурда курсагы ачкандыктан бираз инжир жана жүзүм үзүп, инжирдин бир бөлүгүн жеди да, жүзүмдү болсо сыгып ширесин ичти. Бир бактын астына отуруп, жыгылган үйлөргө, бузулган жолдорго, чириген денелерге, жыйылып калган сөөктөргө карап, бул ааламдын соңун, жаңыдан тирилүүнү жана Аллаху тааланын кудуретин ойлонду. Өз өзүнө: «Кызык, бул абалдан кийин Хак таала бул шаарды кантип оңдоп, жандантат болду экен», - деп ойго чөмүлүп, уктап калды.

Аллаху таала аны жүз жыл өлтүрдү. Жашоодон куру калтырды. Анын денесин, ичип-жечү нерселерин адамдардын жана жаныбарлардын көзүнөн жашырды. Узейр алейхиссаламды өлүү кылып калтыруусунан жетимиш жыл өтүп, Фарс өкүмдарларынан Нушек аттуу өкүмдардын колу менен Байт-и мукаддасты (Масжид-и Акса) жана Кудус шаарын түзөдү. Бул учурда Бабил өкүмдары Бахтуннасар өлгөндүктөн Исраил уулдары туткундан кутулуп, мекенине кайтып келишти.

Дагы отуз жыл өткөндөн кийин Аллаху таала Узейр алейхиссаламды кайрадан тирилтти. Узейр алейхиссалам өзүнүн бир күн же бир күндөн аз уйкудан ойгонгондугун ойлоду. Себеби, инжир жана жүзүмдүн талынан жаңыжан үзүлүп, жүзүм ширесинин жаңы сыгылган абалда бузулбай турганын көрдү. Аллаху таала Узейр алейхиссаламга вахий кылып, жүз жыл калгандыгын билдирди. Узейр алейхиссалам эшегин караганда анын денесинен сөөктөрү гана калгандыгын көрдү. Аллаху таала ага: «... Жана сени адамдарга бир аят (далил) кылуу үчүн ушинтип өлтүрүп тирилттик. (Сени өлгөндөн кийин тирилүүнүн бар экендигине далил кылдык) жана (эшектин) сөөктөрүн кара! Аларды кандайча бири-бирине бириктирүүдөбүз? Кийин аларга эт кийдиребиз?» - деп буюрду. (Бакара сүрөсү: 259) Аллаху таала өлгөн, эттери чириген, сөөктөрү бөлүк-бөлүк болуп жоголгон эшекти кайрадан тирилтти. Бул абалды көргөн Узейр алейхиссалам: «Мен билемин, шексиз Аллаху таала бардык нерсеге күчү жетүүч. (Бүткүл өлүүлөрдү тирилтүүгө күчү жетет) – деп буюруп, Аллаху тааланын кудуретин көрсөттү.»

Узейр алейхиссалам жаңыдан тирилген эшегине минип, Кудус шаарына кирди. Көрүшкөн кишилерди, көргөн үйлөрдү жана шаардын көчөлөрүн тааный албады. Өзүнүн көчөсү деп ойлогон жерде бир үйдүн астына келип турду. Эшикте көздөрү көрбөгөн, колдору жаша буттары кармабай калган бир кемпирге жолукту. Аялдан: «Узейрдин үйү кайсы?» - деп сурады. Бирок, ал көтөрүм болгон кары кемпир болсо: «Узейрдин үйү бул жер, мен Узейрдин кызматчысымын. Бирок, Узейр жоголгондон бери жүз жылдан көп болду. Андан үмүтүбүз калбады», - деп ыйлап баштады. Ошондо Узейр алейхиссалам: «Мен Узейрмин», - деп, башынан өткөндөрдү баяндады. Узейр алейхиссаламдын дубасынын берекеси менен кемпир ооруларына шыпаа тапты. Ал үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнө жана Исраил уулдарына Узейр алейхиссаламдын келгендигин кабар берди. Үй-бүлө мүчөлөрү Узейр алейхиссаламды таанып ишеништи. Узейр келиптип деп кубаныч жана толкундануу менен келген шаардын эли дагы Узейр алейхиссаламды зыярат кылышып, узак убакыт өтсө дагы өзгөрбөгөндүгүн көрүштү. Карылар андан түркүн суроолорду сурап, сынай башташты.

Бул учурда Узейр алейхиссаламга пайгамбарлык буйругу билдирилди. Исраил уулдарына Тоораттын өкүмдөрүн таблиг кылып, аларды чектен ашуудан сактандырууга аракет кылды. Мурда өздөрүн дүнүйө жана акырет бактысына чакырган пайгамбарлардын апачык мужизаларын көрүшсө дагы, аларды жалганга чыгарган, бир канча пайгамбарды шейит кылган Исраил уулдары Узейр алейхиссаламдын чакыруусун кабыл кылышпады. Окуган Тооратынын ойдон чыгарылгандыгын айткандар чыкты. Кээ бирлери анын окугандарынан Тоорат болуп болбогондугун чалыштыралы дешти. Араларынан бирөө: «Менин чоң атам Бухтуннасардын зулумдук заманында бүтүн Тоораттын нускаларын өрттөлүп жок кылынгандыгын айткан. Бир гана нуска Тооратты баланча тоонун чокусуна көмгөндүгүн айтты. Ошол нусканы алып келип, Узейрдин окугандары менен салыштыралы», - деди. «Көмүлүү болгон жерден Тоораттын нускаларын алып келип, Узейр алейхиссаламдын окугандары менен салыштырышты. Жазылуу нускада болгондор менен Узейр алейхиссаламдын окугандарынан бирдей экендигин көргөндө, мынча узак убакыттан бери Узейрдин Тооратты жатка окуусу мүмкүн эмес деген ой менен Тообо сүрөсүнүн 30.аятында билдирилгендей «Узейр Аллахтын уулу», - деп жалаа жабышты.

Узейр алейхиссалам болсо алардын бул ишенимдеринин күфүр жана адашуучулук болгондугун, мындан баш тартышпаса катуу азапка дуушар боло тургандыктарын билдирди. Кайтыш болгонго чейин Исраил уулдарынын арасында болду. Аларды хак жолго чакырууну улантты. Узейр алейхиссаламдын кайтыш болуусунан кийин Исраил уулдарынан каршылыктары жана бузукулуктары абдан көбөйдү.

Узейр алейхиссаламдын ысымы Курани каримде (Бакара сүрөсү: 259 жана Тообо сүрөсү: 30.аяттарында) эскерилген. Бирок, пайгамбарбы же адамдарды хак жолго чакырган бир олуя болгондугу анык биилдирилбеди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы мындай деген:

«Узейрдин Пайгамбар болуп болбогондугун биле албадым. Туббанын малун болуп болбогондугун биле албаймын. Зулкарнайндын пайгамбар болуп болбогондугун биле албаймын...»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш