Зекериййа алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Ысымы Зекериййа бин Азан бин Муслим бин Садун болуп, теги Сулайман алейхиссаламга барып такалат. Яхия алейхиссаламдын атасы. Муса алейхиссалам алып келген диндин буйрук жана тыюуларын адамдарга насааттады. Жыгач усталык менен алейтенип, колунун эмгеги менен тиричилигин өткөрчү. Коому тарабынан шейит кылынды.

Зекериййа алейхиссалам заманында Шам вилаяты Балтамйусилердин колунда эле. Алар Кудустагы Байт-ул-Макдиске урмат көрсөтүшчү. Байт-ул-Макдис жасалгаланып, күнү-түнү ошол жерде ибадат кылынчу. Мечитте Харун алейхиссаламдын тегинен чыккан дин улуктары бар эле. Ошол замандарда Исраил уулдары арасында пайгамбар жок эле. Булар бир пайгамбар жиберүүсү үчүн күнү-түнү Аллаху таалага дуба кылышты. Аллаху таала Байт-и Макдисте Тоорат жазып жана курмадык чалууну башкарган Зекериййа алейхиссаламды пайгамбар кылып милдеттендирди. Зекериййа алейхиссалам адамдарга насаат кылып, туура жолго чакырды. Исраил уулдарынан анын билдиргендерине ишенгендер болгондой эле, ишенбестен каршы чыккандар да көп болду.

Зекериййа алейхиссалам Имран бин Масан аттуу бир досунун кызы болгон Элиса менен үйлөндү. Элиса менен Хазрети Мариям бир тууган болуп, аталары Имран эле. Имран алгач Элисанын энеси менен, кийин мунун башка эркектен болгон кызы Хунна менен үйлөнгөн эле. Хазрети Мариямдын энеси болгон Хунна: «Жанаб-ы Хак мага бир уул ихсан кылса Байт-ул-Макдиске кызматчы кыламын», - деп адак (атоо) кылды. Кыздуу болду. Атын Мариям деп койду. Хазрети Мариям төрөлө электе атасы Имран кайтыш болду. Хунна кызы Мариямды тапшырып берүү үчүн Байт-ул-Макдиске алып барды. Ошол жердеги аалымдарга ниетин түшүндүрүп, назиринин кабыл болуусун өтүндү. Мариям Байт-и Макдиске кабыл кылынды. Бирок, Мариядын кимдин коргоосунда кала тургандыгы тууралуу Байт-и Макдис кызматчылары болгон аалымдар арасында келишпестик болду. Зекериййа алейхиссалам: «Баланы коргоомо мен аламын. Туугандык жагынан балага эң жакын болгон менмин», - деди.

Калган аалымдар дагы баланы коргоолоруна алууну каалашты. Тартылган кура натыйжасында Хазрети Мариямпдын Зекериййа алейхиссаламдын коргоосунда калуусуна чечим кылынды.

Зекериййа алейхиссалам Хазрети Мариямды үйүнө алып барды. Аны аялы Элиса чоңойтту. Кийин Хазрети Мариям үчүн Байт-и Макдисте бийик бир бөлмө жасатты. Хазрети Мариям бул бөлмөдө Аллаху таалага ибадат кылды, ошону менен бирге, Зекериййа алейхиссаламдан Тоорат окуду. Зекериййа алейхиссалам ага ар күнү тамаш-аш алып келип, ибадаттардан бир нерсе үйрөтчү эле. Бир кыш күнү бөлмөсүнө киргенде астында дүнүйө тамак-аштарына окшобогон түркүн-түркүн нематтарды көрдү. Каерден келгендигин сураганда: «Аллаху таала тарабынан келүүдө», - деп жооп берди. Бул тамактар Аллаху тааланын кудуретинен Хазрети Мариямга берилген бир керемет эле.

Зекериййа алейхиссалам 99 же 120 жашка келсе да урпагын улай турчу бир баласы жок эле. Аялы да 98 жашта болуп, бала төрөгөн эмес эле. Зекериййа алейхиссаламдын дагы, аялынын дагы бала көрө турчу жаштары өткөн эле. Бирок, ичине бир бала сүйүүсү түшүп, өзүнө салих бир перзент ихсан кылуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Аллаху таала ага Яхия аттуу бир уул бала ихсан кыла тургандыгын Жабраил алейхиссалам аркылуу билдирди. Бир күнү Зекериййа алейхиссалам бөлмөсүндө намаз окуп жатканда ак кийимдер менен Жабраил алейхиссалам келип, Аллаху тааланын өзүнө Яхия аттуу бир уул ихсан кыла тургандыгын сүйүнчүлөдү. Айрыкча анын Хазрети Исаны тастыктай тургандыгын, ошол замандын улууларынан болгон жана бүткүл жамандыктардан узак, нубувват менен (пайгамбарлык менен) муттасыф болгон, салихтер тобунан бир зат боло тургандыгын кабарлады.

Зекериййа алейхиссалам бул сүйүнчүгө кубанып, арзуусунун тездигин билдирип: «Йа, Рабби! Мага убада кылган баланын чыга тургандыгына далил жана белги кылып, бул көңүлүмө отуруусу жана көңүлүмдүн мага убада кылган нерседе мутмаин болуусу үчүн бир нишан бер. Ал белги менен бул нематты шүгүр менен каршылайын», - деп мунажат кылды. Аллаху таала Зекериййа алейхиссаламдын дубасын кабыл кылып: «Сен үчүн белги биринин артынан бири үч түн (үч күндүз) адамдар менен сүйлөшпөөң.» Бир оору жана себеп болбостон сен ден-соолукта болсоң да үч түн (жана күндүз) тилиңди сүйлөөдөн алып коюуң», - деп буюрду. Яхия алейхиссалам эне курсагына түшкөндө Зекериййа алейхиссалам сүйлөй албай турган болду. Айчту нерсесин бир гана ишарат менен түшүндүрүп жатты. Ал бул үч күн ичинде дайыма ибадат жана зикир менен алек болду. Жанаб-ы Хакка карата хамд жана шүгүр милдетин орундады.

Мөөнөт толгондо Зекериййа алейхиссаламдын уулу Яхия алейхиссалам дүнүйөгө келди. Яхия алейхиссаламдын төрөлүүсү менен Зекериййа алейхиссалам жана үй-бүлөсү кубанычка бөлөнүштү. Яхия алейхиссаламдан алты айдан кийин Иса алейхиссалам дүнүйөгө келди. Исраил уулдары Иса алейхиссалам бешиктеги кезде Аллаху тааланын кудурети менен сүйлөөсүнө карабай, анын атасыз дүйнөгө келүүсүнө байланыштуу Зекериййа алейхиссаламга жалаа жабышты. Зекериййа алейхиссаламды шейит кылуу үчүн издей башташты. Яхудилердин жалааларын жана өзүн өлтүрүүнү каалашкандыгын кабар алганда Зекериййа алейхиссалам «Чыдай албай турчу нерседен алыстоо – пайгамбарлардын сүннөтү» деген эрежеси менен Яхудилер турган жерден алыстады. Яхудилер аны кармоо үчүн аркасынан сая түшүштү. Зекериййа алейхиссалам Байт-ул-Макдис жакындарында бак-шактуу бир бакчага кирди. Бир бактын жанынан өтүп баратканда бак: «Эй, Аллахтын пайгамбары! Мага кел!» - деп чакырды. Бак жарылып, Зекериййа алейхиссалам ичине кирди. Кийин бак жабылып, аны жашырды. Исраил уулдары болсо Зекериййа алейхиссаламдын изин кууп, каерге кеткендигин түшүнө албай калышты. Ошол учурда малун Иблис (шайтан) келип аларга: «Бул бакты араа менен кескиле, ушул жерде болсо чыгат.  Болбосо, эч нерсе жоготпойсуңар», - деди. Капырлар ал бакты кесип, Зекериййа алейхиссаламды шейит кылышты. Зекериййа алейхиссаламдын күмбөзү Халепте.

Мужизалары:

1-Калемдери өзүнөн өзү Тоорат жазчу. Зекериййа алейхиссалам Байт-и Макдисте кол астында жетимиш киши менен Тоорат жазышчу. Яхудилердин бири келип: «Хак пайгамбар болгонуңда колуң менен Тоорат жазууга муктаж болмок эмессиң, сен дагы колуң менен жазып жатасың, кол астыңдагылар менен сенин араңда эч бир айырма көргөн жокмун», - деп сүйлөдү. Хазрети Зекериййа бул сөзгө абдан капаланды жана ойлонду. Жабраил алейхиссалам келип: «Эй, Зекериййа, бул жерден туруңуз! Калемиңизге буйрук бериңиз, өзү жазсын!» - деди. Зекериййа алейхиссалам туруп, буйрук бергенде, калем айтылган нерсени жаза баштады. Ошол саатта калем он эки сүрө жазды. Бул мужиза менен бир канча киши ыйман келтирди.

2-Зекериййа алейхиссалам Хазрети Мариямды өз тарбиясына алган кезде жазылуусу керек болгон кепилдик нааманы калемсиз, сыя капсыз жазышкан.

3-Курани каримде билдирилгендей Зекериййа алейхиссалам жана Байт-и Мукаддастын көзөмөлчүлөрүнөн жыйырма тогуз киши арасында Хазрети Мариямдын кепилдиги тууралуу пайда болгон келишпестиктен кийин ар ким өз калемин Иордан суусуна ыргытышканда, бир гана Зекериййа алейхиссаламдын калеми суунун үстүндө тигилүү бойдон калган.

4-Бактар Зекериййа алейхиссалам менен сүйлөшүшчү. Яхудилерден бир тайпа аны шейит кылуу үчүн издеп жатышканда, өздөрү дагы андан качкан кезде бир бак: «Эй, Аллахтын пайгамбары, кел, менде жашырын, сени мен коргоймун», - деп тилге келген эле.

5-Зекериййа алейхиссалам суу үстүндө басканда мубарек буттары суу болчу эмес. Өзү үчүн суу үстүндө басуу менен жер үстүндө басуу арасында айырма жок болчу.

6-Зекериййа алейхиссаламдан мужиза суралган кезде жакындарындагы бактарга мубарек колу менен ишарат кылган, дароо бактар тамырларынан суурулуп, алдына келип турушкан.

Курани каримдин Ал-и Имран, Мариям, Анбия жана Анам сүрөлөрүндө Зекериййа алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш