Яхия алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Зекериййа алейхиссаламдын уулу. Энесинин ысымы Элиса болуп, Имрандын кызы эле. Христиандар Элизабет дешүүдө. Давуд алейхиссаламдын урпагынан болуп, Хазрети Мариямдын таежесинин уулу эле.

Аллаху таала аны атасы Зекериййа алейхиссаламдын дубасы менен ихсан кылды. Зекериййа алейхиссалам токсон тогуз же жүз жыйырма жашка келсе дагы урпагын улай турчу бир эркек баласы жок эле. Аялы болсо токсон сегиз жашта эле. Өзү дагы, аялы дагы бала көрө турчу курактан өткөн эле. Бирок, ичине бала сүйүүсү түшүп, өзүнө салих бала ихсан кылуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Аллаху таала Зекериййа алейхиссаламдын дубасын кабыл кылды. Зекериййа алейхиссалам бөлмөсүндө намаз окуп жаткан учурда Жабраил алейхиссалам ага минтип нида кылды:

«Йа, Зекериййа, сөзсүз Аллаху таала сага өзүнөн келген бир калиманы (Иса алейхиссаламды) тастык кылуучу жана керемиңдин сеййиди жана напсине ээ жана салихтерден бир пайгамбар кылып Яхияны сүйүнчүлөөдө.»

Бул окуя Ал-и имран сүрөсү 38-39.аяттарында билдирилген.

Зекериййа алейхиссаламдын карып калган аялынын боюна бүтүп, белгилүү бир убакыттан кийин Яхия алейхиссалам төрөлдү. Риваятка боюнча Яхия алейхиссаламдын төрөлүүсү менен Иса алейхиссаламдын төрөлүүсү бир жылга туш келет. Төрөлүүсүнөн тарта кадимкиден башкача нерселердин ичинде болгон Яхия алейхиссалам атасы Зекериййа алейхиссаламдын кол астында өстү. Кичинесинен Тооратты окуп жана өкүмдөрүн түшүнө баштады. Ансыз да Аллаху таала тарабынан ага кичине жашынан тарта хикмат ихсан кылынгандыгы, Тооратты окуп өкүмдөрүн түшүнүү касиети берилгендиги билдирилген. Тооратты жана өкүмдөрүн кичине жашында үйрөнгөн Яхия алейхиссалам кээде Байт-ул Макдисте (Масжид Акса), кээде көздөн далдоо, эч ким жок жерлерде Аллаху таалага ибадат жана таат менен алек болду.

Үйрөнгөндөрүн Исраил уулдарына түшүндүрүп, аларды Аллаху тааланын буйруктарын орундоого, тыюу салгандарынан сактанууга чакырчу. Өтө карапайым турмушта жашап, кылдан токулган кийим кийип, арпа нанын жечү. Дүнүйөгө көңүл берчү эмес. Күнү-түнү Аллаху таалага ибадат кылып, Аллах коркуусунан улам көп ыйлачу эле. Көз жаштарынан улам нурдуу жүзү жара болчу эле.

Яхия алейхиссалам рушд (жетиктик) чагына жеткенде өзүнө Аллаху таала тарабынан пайгамбарлык буйругу билдирилди. Алгач Муса алейхиссалам билдирген диндин негиздерине уюусу жана Тоораттын өкүмдөрүн адамдарга түшүндүрүүсү буйрук кылынды. Иса алейхиссаламга Инжил түшүрүлүп, Тоораттын өкүмү жоюлганда Исраил уулдарын Инжилдин буйруктарына жана тыюуларына уюуга чакырды. Кийин Шамга барып, адамдарды хак динге чакырды.

Яхия алейхиссаламдын чакыруусун кабыл кылгандар болгондой эле, түрдүү шылтоолор менен ага каршы чыккандар да болду. Пайгамбарларынын мужизаларын көрүшсө дагы ага ишенбей, каршы чыгып жана бир канча пайгамбарды шейит кылган Исраил уулдары Иса алейхиссаламды асманга көтөргөндөн кийин Яхия алейхиссалам Инжилдин өкүмдөрүн адамдарга түшүндүрүүнү улантты. Заалым яхуди өкүмдары Хероддун небереси Биринчи Херод Хазрети Яхияга жакшы мамиле көрсөтчү. Өз бир тууганынын кызы же аялынын мурунку күйөөсүнөн бир кызы бар эле. Яхуди өкүмдары Биринчи Херод бул кыз менен үйлөнүүнү жана никелерин Яхия алейхиссаламдын кыюусун каалады. Яхия алейхиссалам мындай никенин Хазрети Исанын түшүндүргөн Инжил китебинде тыюу салынгандыгын жана мындай никенин болуусу мүмкүн эмес экендигин билдирди. Бул абалга таарынган кыздын энеси Яхия алейхиссаламдын өлтүрүлүүсүн каалады.

Яхия алейхиссаламга каршы жакшы ниеттүү болгон Биринчи Херод дагы аялдын жана король менен үйлөнүүнү каалаган кызынын көшөрүүсү менен Яхия алейхиссаламдын кармалып алып келинүүсүн же өлтүрүлүп башынын алынып келинүүсүн өз кишилерине буйрук кылды.

Хероддун адамдары Яхия алейхиссаламды кармап, башын кесүү менен шейит кылышты. Башка бир риватта болсо кармап алып келишти. Херод өз колу менен башын кесип шейит кылды. Кесилген болуусуна карабай Яхия алейхиссаламдын башы мужиза катары: «Бул кызды алуу сага адал эмес», - деп бир нече жолу айтты. Аллаху таала Яхия алейхиссаламдын кегин алуу үчүн алардын башына түрдүү азаптарды жиберди. Кээ бир риваттарда Херод жана үйлөнүүнү каалаган кызды Карун сыяктуу жер жуткандыгы билдирилүүдө.

Яхия алейхиссалам шейит кылынган кезде отуз төрт жаштарында эле. Яхия алейхиссаламдын мубарек денесинин бөлүктөрү башка-башка шаарларда. Башы болсо Шамдагы Умаййа Мечитиндеги күмбөздө.

Яхия алейхиссалам келбети жагынан өз заманындагы адамдардын эң сулуусу жана хусни Жамал ээси эле. Адамдарга карата жумшак мүнөздүү, карапайым жана мээримдүү эле. Башындагы чачтары сейрек жана үнү ичке эле.

Андан мурда Яхия ысымы менен аты аталгандар болгон эмес жана ысымы Аллаху таала тарабынан билдирилген эле. Бул тууралуу Мариям сүрөсүнүн 7.аятында билдирилген. Яхия алейхиссалам күнөөлөрдөн таза кылынып, такыбаа ээси эле. Карапайым болуп, баш ийген жана жумшак эле. Яхия алейхиссалам туулган, өлгөн жана тирилген күндөрү Аллаху таала тарабынан саламаттыкка жеткирилди. Бул тууралуу Мариям сүрөсү 13, 14 жана 15.аяттарында билдирилген.

Мужизалары:

1-Таштын тилге келүүсү: Исраил уулдары Яхуди өкүмдары Биринчи Хероддун буйругу менен Яхия алейхиссаламды шейит кылуу үчүн издеп жатышкан эле. Бул кабарды уккан Яхия алейхиссалам алардан алыстап жатты. Бул учурда бир чоң таш тилген келип: «Эй, Аллахтын пайгамбары! Мага кел!» - деди. Яхия алейхиссалам ташка жакындаган кезде ичинин челек сыяктуу оюлганын көрдү. Ошол таштын ичине кирди. Яхия алейхиссаламды шейит кылуу үчүн издеген капырлар ал ташка жакындаган кезде, ал таштан капырлардын үстүнө октор атыла баштады. Бул абалды көргөн яхудилер артка бурулуп качышты.

2-Күндүз маалы жылдыз көрсөтүүсү: Яхия алейхиссалам пайгамбар болуп милдеттендирилип Шамга келгенден кийин адамдар ага: «Чындап эле пайгамбар болсоң бизге күндүз көз менен жылдыздарды көрсөт», - дешти. Адамдардын бул каалоолору менен Яхия алейхиссалам дуба кылып, күндүз Күндүн тегерегиндеги жылдыздар көрүнө баштады.

Курани каримде Ал-и имран, Мариям жана Анбия сүрөлөрүндө Яхия алейхиссалам тууралуу баяндалууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш