Иса алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген жана Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында эң жогорулары болгон жана Улулазм делген алты пайгамбардын бешинчиси. Энеси Хазрети Мариям. Аллаху таала аны атасыз жаратты. Кудуста төрөлдү. Отуз жашында пайгамбар болду. Өзүнө Инжил аттуу китеп жиберилди. Отуз үч жашында тирүү абалда асманга көтөрүлдү. Кыяматка жакын жер жүзүнө кайра түшөт.

Иса алейхиссаламдын энеси Мариям Хатун Сулайман алейхиссаламдын урпагы болуп, салиха жана таза аял эле. Хазрети Мариям он беш жашка келген кезде Юсуф Нажжар аттуу бири менен нишан кылынган эле. Бирок, аны менен үйлөнө электе Аллаху таала Хазрети Мариямга атасыз түрдө бир перзент бере тургандыгын сүйүнчүлөдү.

Хазрети Мариям Аллаху тааланын буйругу жана кудурети менен Иса алейхиссаламга боюна бүттү. Мындан бир нече убакыт өтүп, кадимки боюнда болуунун абалдары көрүнө баштады. Бул абалдарын көргөн Исраил уулдары ушак-айың чыгара башташты. Түркүн жалааларды жабышып, адамдын оюна келбеген, оозго алгыс нерселерди айтышты. Бул ушактарга чыдай албаган Хазрети Мариям Кудустун 10 км түштүгүндөгү тынч жер болгон Байт-и Лахмга кетти. Бардык нерсенин Аллаху тааланын тагдыры жана тилөөсү менен болгондугун ойлоп, адамдардын өзү тууралуу айткан сөздөрүнө сабыр кылды.

Иса алейхиссаламдын төрөлүүсү жакындаган кезде өзү турган жердин бакчасында басып баратканда куураган хурма багынын астына келди. Төрөт оорусу катуулагандыктан бул бакка жөлөндү. Бул хурма багы жапжашыл болуп жашарды. Кыш мезгили болуп турса да мөмө берди. Бутунун алдында кичине бир суу арыгы ага баштады. Бул абал Хазрети Мариямдын көңүлүн тынчтандырды. Бул учурда Хазрети Иса дүнүйөгө келди. Иса алейхиссалам төрөлгөн кезде чыгыштагы жана батыштагы бүткүл буттар жыгылып, жерге төгүлдү. Шайтандар дагы бул абалга таң калышты. Акыры чоңдору болгон Иблис аларга Иса алейхиссаламдын дүнүйөгө келгендигин кабар берди. Ал туулганда асманда чоң бир жылдыз көрүндү.

Хазрети Исанын төрөлгөндүгүн кабар алган Исраил уулдары Байт-и Лахмга келишти. Хазрети Мариямдын кучагында жаңы төрөлгөн наристени көргөндө: «Эй, Мариям! Бул эмне? Чындап эле өтө жаман иш кылдың. Сен өтө жаш, бирок, күйөөсү жок кыз болуп туруп бул баланы каяктан алдың? Бул эмне деген таң калыштуу абал?» - дешти. Хазрети Мариям айтылган бардык сөздөрүн сабыр менен укту. Эч жооп бербеди. Бирок «Иштин акыйкатын силерге ал кабар берсин. Сиз аны менен сүйлөшкүлө. Андан сурап түшүнгүлө!» деген мааниде кундакта жаткан Хазрети Исаны ишарат кылды. Алар кундактагы баланын сүйлөй албай тургандыгын айтышканда, кундакта жаткан Хазрети Иса колун көтөрүп мындай деп жооп берди: «Эй жахилдер! Менин бийик абыроюма тил тийгизбегиле жана энемди айыптабагыла. Сөзсүз мен Аллаху тааланын кулумун. Ал мага китеп берип, мени пайгамбар кылат. Каерде болсом дагы мени мубарек кылды жана өмүр бою намаз окуумду жана зекет берүүмдү буйрук кылды. Мени энеме урматчыл кылды... Туулган күнүмдө, өлө турчу күнүмдө жана тирүү абалда кабырымдан тургузула турчу күндө салам менин үстүмө», - деди. Хазрети Исанын кундакта сүйлөөсүнө айран таң калган Исраил уулдары тилдерин жутуп алгандай болушту. Эч бир нерсе сүйлөй алышпады. Буга карабастан ушакташуудан, түркүн-түркүн жалаа жабуудан да баш тартышпады.

Рим императорунун Шам акими атасыз болгондугу үчүн экөөнү тең өлтүрүүнү каалады. Энеси аны алып, Мысырга алып барды. Хазрети Иса он эки жашка келгенге чейин Мысырда турушту. Кийин кайра Кудуска келип, Насыра шаарына отурукташышты. Отуз жашка киргенде Хак таала тарабынан пайгамбар болгондугу билдирилди. Пайгамбарлык буйругу билдирилгенде дароо динин жая баштады. Адамдардын Аллаху таалага ишенүүлөрүн жана буйруктаны орундап, тыюу салган нерселеринен сактанууларын жана каршы чыкпоолорун айтты. Исраил уулдары болсо бул чакыруусун кабыл кылышпады. Иса алейхиссалам ишенбегендерге мужизаларды көрсөттү. Иса алейхиссалам болгон күчү менен аракет кылуусуна карабастан өтө аз киши ишенди. Исраил уулдары ага ыйман келтиришпегендей эле чакыруусуна да каршы чыгышты жана күндөн күнгө өчөшө башташты. Иса алейхиссаламдын жумшактыгын көрүп ишенишпеди. Атүгүл, ого бетер ашынып Иса алейхиссаламды өлтүрүүгө аракет кылышты. Ушундан кийин Хазрети Иса өзүнө ыйман келтиргендер арасынан тандаган хавари деп аталган он эки кишиден Аллаху таалага ыйман жана ибадат кыла тургандыктарына жана өзүнө жардамчы боло тургандыктарына тийиштүү сөз алды.

Яхудилерден бир жамаат Иса алейхиссалам жана энеси Хазрети Марияга тил узатышты. Иса алейхиссалам муну укканда алар тууралуу баддуба (каргыш) кылды. Аллаху таала бул дубаны кабыл кылып, Хазрети Исага жана энесине тил тийгизгендерди маймыл жана доңузга айтлантты. Бул жагдайды көргөн яхудилер окуяны өз араларында сүйлөшүштү. Баары тең Хазрети Исаны өлтүрүү үчүн келишишти. Хазрети Исаны издей башташты. Рим императорунун Кудус акимим Жонс Пилотту алдап, Иса алейхиссаламдын Рим императоруна каршы болуп жаткандыгына жана Палестинде жаңы бийлик курууга аракет кылгандыгына ишендиришти. Хазрети Иса акыркы жолу Хаварилери менен бир түнү жашыруун сукбат кылып, аларга: «Короз кыйкыра электе (б.а., таң ата электе) силерден бириңер мени четке кагат да, өтө аз акчага сатат», - деди. Чындап эле Яхуда аттуу Хавари таң ата электе яхудилерден бир канча акча алып, Хазрети Исанын каерде экендигин кабар берди.

Иса алейхиссаламды кармоо үчүн яхудилер менен бирге үйгө киргенде Аллаху таала Яхуданы Иса алейхиссаламга окшотту. Яхудилер дагы аны Иса алейхиссалам деп кармашып, крестке асуу аркылуу өлтүрүштү. Аллаху таала Иса алейхиссаламды асманга көтөрдү. Иса алейхиссалам бул учурда отуз үч жашта эле. Иса алейхиссалам асманга чыгарылгандан кырк жылдан кийин Римдиктер Кудуска кол салышты. Яхудилердин көбүн өлтүрүшүп, бир бөлүгүн туткунга алышты. Шаарды талап-тоношту. Китептерин өрттөштү. Иса алейхиссаламга кылгандарынын жазасы катары кордукка түшүштү. Христиандар Иса алейхиссаламдын крестке тартылып, ошол жерде өлгөндүгүнө, бирок, кийин тирилип асманга көтөрүлгөндүгүнө ишенишет. Мусулмандар болсо Иса алейхиссаламдын крестке тартылбагандыгына, түз асманга көтөрүлгөндүгүнө ишенишет. Бул тууралуу Курани каримде Ниса сүрөсү 158.аятында мындай мааниде билдирилди:

«Аны асышкан жок, аны өлтүрүшкөн жок. Тескерисинче, Аллаху таала аны катына көтөрдү...»

Ошондой эле, хадиси шарифтерде мындай делген:

«Иса (алейхиссалам) өлгөн эмес. Ал кыяматтан мурда силерге кайтат.», «Мен Мариям уулу Исанын (алейхиссалам) дүнүйө жана акыретте эң жакынымын.», «Мени менен Иса (алейхиссалам) арасында башка бир пайгамбар жок.»

Аллаху таала Иса алейхиссаламды да 33 жашында Идрис алейхиссалам сыяктуу асманга көтөрдү. Адамдарды үч жыл динге чакырды. Осуяты менен Хаварилери таш тарапка тарашты. Исавиликти адамдарга түшүндүрө башташты. Бул хак диндин жайылуусу 80 жыл уланды. Кийин христиандар жолдон адашышты. Инжилди өзгөртүштү. Кандайча яхудилер Хазрети Мариям менен Хазрети Исага жалаа жабышкан болсо, Христиандар дагы ал тууралуу үч жаңылыш ишенимге батышты.

Бир бөлүгү: «Мариям уулу Иса Аллах», - дешти. Кээ бирлери: «Аллахтын уулу», - дешти. Башка бир тобу болсо: «Ата, уул жана рухул-кудустан бири», - дешти.

Иса алейхиссалам эч үйлөнбөгөн. Дүнүйөнү баалаган эмес. Кыяматка жакын Шамда Умаййа Мечитинин мунарасына түшүп, үйлөнөт, балдары болот. Хазрети Махди менен көрүшөт, 40 жыл жашап, Мадинада көз жумуп, Пайгамбарыбыздын кабырынын жанындагы хужра-и саадатка жерге берилет. Ислам дининин өкүмдөрүнө баш ийет, ижтихад кылат.

Европалык китептерде Платондун миладдан 347 жыл мурда өлгөндүгү жазылган. Иса алейхиссалам жашыруун дүнүйөгө келип, дүнүйөдө аз калып асманга чыгарылгандыктан жана өзүн он эки гана хавари билип, Исавилер аз жана кылымдар бою жашыруун жашашкандыктан милад, тагыраагы, ноел түнү (рождество) туура түшүнүлгөн эмес. Миладдын биринчи канундун (Декабрь) жыйырма бешинде же экинчи канундун (Январь) алтынчы же башка күн деп ойлонулгандыгы сыяктуу бүгүнкү милади жылдын беш жыл аз болгондугу түрдүү тилдердеги китептерде жазылган. Андай болсо милади жыл туура жана анык болбостон, күнү дагы, жылы дагы күмөндүү жана жаңылыш. Имам Раббанинин (куддиса сиррух) жана Бурхан Катынын билдиргендерине караганда Грек философу Платон Иса алейхиссалам заманында жашаган. Буга карай милади календар 300 жылдан ашык кемчиликтүү жана Иса алейхиссалам менен Мухаммед алейхиссаламдын арасындагы заман миң жылдан аз эмес.

Иса (алейхиссалам) пайгамбарлыгы менен мужизаларды көрсөткөн.

Мужизалары тогуз түрдүү эле:

1-Бешиктеги кезинде сүйлөдү.

2-Өлгөндөрдү тирилтти. Өзгөчө төрт өлүүнү тирилткендиги атактуу. Булар – Сам бин Нух, Шаддад бин Ад, Масан бин Малан жана Бани Исраилден бир бала.

3-Энеден сокур болуп туулгандарды дени сак кишилер сыяктуу көздөрүн ачып, тери оорусу болгон барас илдетин эмдечү. Колу менен оорулуу адамды кармаганда жакшы болчу. Колу менен масх кылуу аркылуу ооруларды эмдегендиги үчүн өзүнө Иса-и Масих делди. (Маида сүрөсү: 110)

4-Ал-и Имран сүрөсү 49.аятында билдирилгендей коомунун жеген нерселерин же жеш үчүн сактап койгон нерселерин кабар берди.

5-Маида сүрөсү 110.аятында билдирилгендей ылайдан куш жасап, үстүнө үйлөгөндө Аллаху тааланын уруксаты менен жанданып куш болчу.

6-Маида сүрөсү 114.аятында билдирилгендей Хаварилер ичинде тамак-аш бар бир дасторкондун түшүрүлүүсүн сунушташты. Хазрети Иса колдорун көтөрүп дуба кылганда нан жана эт бар болгон бир дасторкон түштү.

7-Иса алейхиссалам уйкудагы кезинде да ар айтылган жана кылынган нерсени билчү.

8-Качан тилесе колдорун асманга көтөрүп дуба кылганда, дароо ошол замат тамак жана жемиштер астына келчү.

9-Иса алейхиссалам яхудилерден (Бани Исраил) алыс болсо да алардын сөздөрүн жана жашыруун сырларын билчү.

Иса алейхиссаламдын дини; Исавилик:

Муса алейхиссаламдын дини Иса алейхиссаламга чейин уланды. Бирок, Иса алейхиссалам келгенде мунун дини болгон Исавилик Муса алейхиссаламдын динин насх кылды, тагыраагы, Тоораттын өкүмү калган жок. Мындан кийин Муса алейхиссаламдын динине уюу жаиз болбой, Мухаммед алейхиссаламдын дини келгенге чейин Иса алейхиссаламдын динине уюу керек болду. Бирок, Исраил уулдарынын көбү Иса алейхиссаламга ыйман келтиришпей, Тооратка уюу үчүн көшөрүштү. Яхудилик менен Исавилик ушундайча ажырады.

Яхудилердин алдыңкыларынан жана Исавилердин эң чоң душмандарынан болгон Паул (Павел) Исавиликти кабыл кылгандыгын, Иса алейхиссалам өзүн яхуди болбогон элдерди Исавиликке чакыруу үчүн шакирт кылып дайындаган деген жалганды чыгарды. Атын Павлос (Болүс) деп өзгөрттү. Өтө жакшы Исави болуп көрүнүп, Иса алейхиссаламдын динин бузду. Таухидди (бир Аллах ишенимин) таслиске (үч теңир ишенимине = Ата-уул-ыйык рух); Исавиликти Христиандыкка айлантты. Инжилди өзгөрттү. Иса Аллахтын уулу деди...

Иса алейхиссаламдын хикматтуу сөздөрүнөн кээ бирлери:

«Дүнүйөгө болгон сүйүү – бардык жамандыктардын башы. Көздө карашты, көңүлдө шахватты чоңойтот. (Адамды ачкөз, тойбос кылат.) Ант кыламын, шахват (напсинин каалоолорун ээрчүү) ээсине узак созулчу кыйынчылык калтырат. Дүйүйөдөн өтүп кетүүнү ойлогула. Аны оңдоо менен алек болбогула.»

«Дүнүйөнү тилеген адам деңиз суусун ичкенге окшойт. Канчалык ичсе чаңкоосу ошончолук көбөйөт, акыры өлөт.»

«Күнөөлөрүн эстеген кезде ыйлаганга, тилин коргогонго жана башын киргизе турганчалык үйү болгонго сүйүнчүлөр болсун.»

«Аллахтын алдында эң жагымдуу нерсе салих көңүлдөр. Аллаху таала алардын урматына дүнүйөнү жашатат. Алар бузулганда жер жүзүн кыйратат.»

«Бактар көп, бирок, баары мөмө бербейт. Мөмөлөр көп, бирок, баары таттуу эмес. Илимдер көп, бирок, баары пайдалуу болбойт.»

«Дүлөйдү, тилсиз адамды айыктырдым, өлүүнү тирилттим. Бирок, жахл-и мураккабдын (жахилдикти илим жана жетиктик деп ойлоо) дарысын таба албадым. (Себеби, мындай адам жахилдигин илим жана кемал деп ойлоодо.)»

Курани каримдин, Ал-и Имран, Ниса, Маида, Тооба, Мариям, Муминун, Зухруф, Хадид, Саф сүрөлөрүндө Иса алейхиссаламга байланыштуу кабарлар берилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш