Шемун алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген, пайгамбарлардан экендиги риваят кылынган мубарек зат. Шемсундеп дагы эскерилет.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Өткөн заманда Шемун (Шемсун алейхиссалам) аттуу бир пайгамбар бар эле. Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн миң ай тынбай жихад кылып, куралын далысынан чыгарбады», - деген. Асхабы кирам: «Аттиң, биздин дагы өмүрүбүз узун болгондо, биз дагы дин жолунда Аллах үчүн жихад кылганыбызда кана», - дешти. Ушундан кийин Кадр сүрөсү назил болуп: «Силерге берилген Кадыр түнү миң айдан да кайырлуу (Бул түндүн сообу миң ай жихад кылуунун сообунан көп)», - деп буюрулду.

Иса алейхиссалам менен Мухаммед алейхиссалам арасында жашаган Шемун алейхиссалам Инжил ахли эле. Иса алейхиссаламга түшүрүлгөн, али бузулбаган ыйык Инжилге карата амал кылчу. Коому болсо буттарга сыйынчу. Шемун алейхиссалам Аллаху тааланы моюндабаган жана буттарга табынган адашкан коом менен жихад кылып (согушуп), аларды ыйманга чакырды. Абдан күчтүү жана эр жүрөк зат болгон Шемун алейхиссаламды душмандары түркүн куулуктар менен шейит кылууну каалашты. Кандай боо менен байлашча дагы ал боолорду үзүп кутулду.

Жашаган шаарынын өкүмдары аны карматып, сарайынын алдында дарга асылуусун буйрук кылды. Ошондо Шемун алейхиссалам Аллаху таалага жалбарып: «Йа, Рабби! Дүнүйөдө жашоону капырлар менен сенин жолуңда жихад кылуу үчүн каалаймын. Эгер бул каалоом көңүрөктөн чын дилден болсо мени куткар», - деп дуба кылды. Ошол замат бир периште келип байланган боону чечти. Шемун алейхиссалам кутулганда өзүнө азап тарттырган өкүмдарды, анын адамдарын жана өз аялын жазаландырды. Адамдарды хак жолго чакырууну улантты. Ага ишенбегендер менен жалгыз өзү жихад кылды (согушту). Көп олжого ээ болду. Жихад кылып атканда суусаган кезде Аллаху таала ал үчүн таштан даамдуу суу агызчу эле. Суудан ичип суусунун кандырганга чейин бул суу агып турчу эле. Өзүнө өтө чоң күч кубат берилген эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш