Хазрети Абу Бакр Сыддык


Абу Бакр Сыддык "радыяллаху анх" - пайгамбарлардан кийин адамдардын эң улуусу. Ашъараи мубашшаранын, б.а., Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын биринчиси. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кайын атасы, хазрети Айшанын атасы. Хазрети Абу Бакр Расулуллахка өзгөчө берилгендик жана махабат менен байланган болчу. Анын кайтыш болуусуна Пайгамбарыбыздан айрылып калуудан туйган кайгысы, муңу жана убайымы себеп болгон эле. Анткени, Расулуллах алейхиссаламга карата болгон махабаты жана берилгендиги сөздөр менен түшүндүрүү мүмкүн болбой турган даражада күчтүү эле. Пайгамбарыбыз дагы аны өтө жакшы көрчү.

Хазрети Абу Бакр (радыяллаху анх) Пайгамбарыбыз кайтыш болгон күнү мусулмандардын халифасы болуп шайланды. Халифалык мөөнөтү 2 жыл, 3 ай, 10 күн уланды. 63 жашында хижраттын 13 (м.634) жылы Жамазиал-ахир айынын жетисинде, Дүйшөнбү күнү ооруп калып, 15 күн жаткандан кийин кайтыш болду. Жаназа намазын Хазрети Омар окутту. Пайгамбарыбыздын кабыры жайгашкан Хижра-и Саадатка коюлду.

Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын эң жакын досу эле. Андан эч качан айрылчу эмес. Алардын ошол жакындыгы Меккеден Мединага көчүү учурунда дагы уланды. Пайгамбарыбызга үңкүрдө дагы дос болду. Үңкүрдө үч күн калгандан кийин экөө бир төөгө минип, жолго чыгышты. Мединага жетип барганга чейин Расулуллахка толугу менен кызмат кылды. Мединада мечит курулуп жатканда Расулуллах менен бирге эмгек кылды. Эч бир кызматтан, кайрымдуулуктан узак болбоду. Хазрети Абу Бакр Пайгамбарыбыз менен бардык согуштарда бирге болгон, кээ биринде кошуунга кол башчылык кылуу милдети ага берилген эле. Өтө оор согуштарда Расулуллахтын коргоосунда болгон. Расулуллахка өз денесин калкан кылган. Бадр, Ухуд жана Хандак согуштарында чоң баатырдык көрсөткөн. Табук саогушунда тууну көтөрүүчү милдетин аткарган.

Расул алейхиссалам катуу ооруп жаткан акыркы күндөрдө үч күн үммөткө имамдык кылып, он жети маал намазды окуткан. Булардын үч маалында Пайгамбарыбыздын өзү дагы Хазрети Абу Бакрга иктида кылып (уюп), аркасында намаз окуган.

Хижри 10 (м.632) жылы Пайгамбарыбыздын кайтыш болуусунун артынан сахабалардын ижмасы (сөз бирдиги) менен халифа болуп шайланды. Пайгамбарлардын акыркысы болгон Мухаммед алейхиссаламдан кийин мусулмандардын халифасы, б.а., Пайгамбардын жер бетиндеги өкүлү жана мусулмандардын башчысы хазрети Абу Бакр Сыддык болду.

Сахабалардын арасында эң көп илимге ээ болгондордун бири эле. Ар бир илимде чоң адис болчу. Ислам илимдеринин бардык маселелерин билчү. Чындыгында Расулуллах ал зат тууралуу: "Өзүмдөгү марифаттардын, илимдердин бардыгын Абу Бакрга агыздым”, - деп айткан эле. Ошентип ал зат Мухаммед алейхиссаламдан кийин адамдардын эң улуусу болду. Хижрат жолунда Аллах Расулунун жолдошу, үңкүрдө жакын досу эле. Өмүрү боюнча Пайгамбарыбыздан эч качан айрылган эмес. Ар бир ишинде Анын орун басары болгон. Расулуллах бир маселеде сахабалар менен кеңешип турганда Хазрети Абу Бакрды оң жагына, Хазрети Омарды сол жагына отургузчу. Талкууланып жаткан бир маселеде алгач экөөнүн ой-пикирин сурачу, анан башка сахабалардын ой-пикирин укчу.

Расулуллахтан өтө көп пейздерге (руханий нурларга) ээ болду. Курани каримдин мааниси жана акыйкатына тийиштүү бардык билимдерди түздөн-түз Расулуллахтын өзүнөн алган. Курани каримден өкүм чыгаруу маселесинде өтө жогору кудурет жана чебердик ээси эле. Аяттар менен хадистердин маанисин жана акыйкатын толук үйрөнгөн болчу. Сахабалар жана Табеиндердин аалымдары көптөгөн аяттардын тафсирлерин Хазрети Абу Бакрдан алып билдиришкен.

Хазрети Абу Бакр Сыддык тасаввуф илиминин бардык жогору марифаттарына ээ болгон эле. Расулуллахтын жүрөгүнө келген пейздердин, марифаттардын бардыгы Ага дагы берилген эле. Расулуллахтан кийин Аллаху тааланы эң жакшы тааныган жана эң көп ибадат кылган киши – Ал. Тасаввуф – Расулуллахтын жолунда болуу, Ал көрсөткөн жолдон айрылбоо дегенди билдирет. Адамдардын жаратылышы ар түрдүү болгондуктан тасаввуф жолдору дагы түрлөргө бөлүнгөн. Бул үммөттүн кийин келген олуялары Расулуллахтан келген пейздерге, нурларга эки жол аркылуу жетишет. Биринчиси нубувват жолу, экинчиси вилаят жолу. Мусулмандар нубувват жолунун бардык марифаттарына Хазрети Абу Бакр Сыддык аркылуу жетишет. Сахабалардын баары Аллаху таалага (махабаты менен ыраазычылыгына) мына ошол жол аркылуу жетишкен.

Хазрети Абу Бакрдын улуулуктары, касиеттери өтө көп. Булардын ар бири Курани каримдин, хадиси шарифтердин жана сахабалар менен башка дин аалымдарынын кабар берүүсү аркылуу маалым. Бул үммөт ичинде даража жагынан Пайгамбарыбыздан кийин туруу мартабасына ээ болгон киши – Хазрети Абу Бакр. Анткени, динди кубаттандыруу жана Пайгамбарыбызга жардам берүү үчүн байлыгын сарптоо, жихад кылуу, б.а., душмандар менен катуу согушуу жана атагын, аброюн аябоо маселесинде эң биринчилерден эле. Хазрети Абу Бакрдын бардык мусулмандардын эң улуусу болушунун себеби ыйман келтирүү, мал-мүлкүнүн көп бөлүгүн жана жанын аябоо, башка түрдүү кызматтарда башкалардан дайым алдыда болуусу эле.

Расулуллах адамдарды ыйманга чакырды. Абу Бакр Сыддык чакырууга ошол замат жооп берип, ыйман келтиргендердин биринчиси болду. Ошентип куттуу ыйман жолунда Расулуллахтан кийин экинчи адам болду. Анан Хазрети Абу Бакр адамдарды Аллах менен Расулуна ыйман келтирүүгө чакырды. Көпчүлүк бул чакырыкты кабыл кылды. Ошентип чакырууда дагы экинчи болду. Ар бир согушта Расулуллахтын жанында даяр турду. Бадрда дагы Анын көлөкөсү сыяктуу айрылбай жүрдү. Расулуллах ооруп калганда үммөткө имамдык кылып, алардын алдына өттү. Бул маселеде дагы Пайгамбарыбыздан кийин экинчи киши болду. Расулуллахтан кийин анын күмбөзүнө жерге коюлуу маселесинде дагы экинчи болду. Булардын бардыгы Расулуллахка өтө жакын болгондугунун далили. Аллаху таала Расулунун досу катары Хазрети Абу Бакрды Курани каримде атап: "Ошондо Расулум досуна кайгырба деди”, - деп билдирди. Ошол экөөнүн үчүнчүсү Аллаху таала эле. Аллаху таала менен бирге болгон киши, күмөнсүз, мартаба жана аброй жагынан башкалардан жогору.

Хазрети Абу Бакрдын куттуу ысымы аталганда Хазрети Омар ушундай деген:

"Өмүрүмдө бардык амалдарымдын Абу Бакрдын бир күндүк жана бир түндүк амалы сыяктуу болушун каалоочумун. Ал ушундай бактылуу бир түн эле; ал түнү Расулуллах менен бирге үңкүргө кирген эле. Үңкүрдүн оозуна келгенде: "Аллах үчүн, эй, Расулаллах! Үңкүрдүн ичине кирбей туруңуз! Алгач мен кирип көрөйүн, ичинде бир зыяндуу нерсе болсо мага тийсин, ыйык затыңызга эч кандай кыйынчылык, оору келбесин!” – деди да, үңкүрдүн ичине кирди. Ичин шыпырып тазалады. Ичинде көптөгөн чоң-кичине тешиктер бар эле. Үстүндөгү чапанын жыртып, тешиктерди бекитти. Кийин Расулуллахты чакырды. Расулуллах үңкүрдүн ичине кирип, куттуу башын Абу Бакрдын кучагына коюп уктады.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

"Бизге ар кандай нимат берип, кандайдыр бир жакшылыгы тийген ар бир адамдын сыйлыгын бердик. Бирок, Абу Бакр кылган жакшылыктарынын сыйлыгын, жообун бере албадык. Аллаху таала Кыяматта ага сыйлыгын берет. Мага Абу Бакрдын мал-мүлкү сыяктуу эч кимдин мал-мүлкү пайда берген жок. Эгер мен дос кармана турган болсом Абу Бакрды дос кылмакмын. Бирок, билип алгыла, силердин ээңер – Аллаху тааланын досу.” (Масабих)

"Аллах Ибрахим алейхиссаламды дос кылганы сыяктуу мени дагы халил (дос) кылды. Эгер үммөтүмөн бирөөнү халил кыла турган болсом Абу Бакрды тандамакмын.” (Муслим, Тирмизи)

Хазрети Омар мындай дейт:

"Абу Бакр биздин сеййидибиз, эң кайырлуубуз, Аллах аны Расулуна баарыбыздан да сүйүктүүрөөк кылды.”

Хазрети Абу Бакр Расулуллах кайтыш болгондон кийин күндөн күнгө алсырап, арыктаган эле. Бир күнү кызы Айша-и Сыддыка энебиз мунун себебин сурады. Жооп катары: "Расулуллахтан айрылуу бизди ушинтип алсыратты”, - деди.

Хазрети Абу Бакрдын баа жеткис насааттары:

"Такыбаа – акыл менен кылына турган иштердин эң мыктысы. Хакка душман болуу – акмактык менен жасалган иштердин эң жаманы. Берилген аманатты сактоо эң үлкөн тууралык болуп саналат. Ал эми кыянат катары эң башта жалгандык келет.”

"Өлүмдү өзүңө сүйдүр. Себеби, качан болсо дагы келет.”

"Өмүрүн пайдасыз, бош нерселер менен өткөргөн адам талаага урук себүү мезгилин өткөрүп жиберген адам сыяктуу. Ал эми убакында урук себе албаган адам түшүм ала турган убакытта өкүнөт.”

"Эмнени сүйлөй турганыңа жана качан сүйлөй турганыңа көңүл бур!”

Кошуун кол башчыларын бир жерге жиберип жатып аларга:

"Аялдарды өлтүрбөгүлө, балдарга жана карыяларга тийбегиле, мөмөлүү бактарды кеспегиле, түздөлгөн жерлерди бузбагыла, кол салбагыла, коркпогула жана тамактануудан башка максатта кой-төөнү сойбогула жана чиркөөлөргө кирип коргонгон адамдарга зыян бербегиле!” - деп буйрук жана насааттарды кылчу.

Бир хутбасында айтты:

"Эй, адамдар! Аллахтан кечирим жана афият (ден-соолук, бейпилдик) тилегиле! Анткени, момунга Исламдан кийин кечирим менен афиятдан жакшыраак нерсе берилген эмес.”

"Эч бир мусулман башка бир мусулманды төмөн көрбөсүн. Анткени, мусулмандардын төмөнү Аллахтын алдында жогору.”

"Аллаху тааладан Кыямат күнү Тозок отунан коргонууну сураган адам момундар менен өтө мээримдүү жана жумшак мамиледе болсун!”

Күндөрдүн биринде сахабаларга карата мындай деди:

"Аллаху таала силерге ааламды алдырды, эшиктерин ачты. Силер өзүңөргө керегинен артыгын издебегиле!”

"Билип койгула, багымдат намазын окуган адам Аллахтын коргоосунда. Аллахтын акысын төмөн көрбө, анткени, Ал сени уят кызып Тозокко ыргытат.”

"Аллаху таалага карата чыныгы махабаттын даамын таткан адам дүнүйөлүк нерселерди таштайт жана бардык адамдардан бетин бурат.”

"Адамдын айткан сөзү – акылынын баяны жана касиетинин котормочусу.”

Дагы бир хутбасында айтты:

"Бардык мактоолор Аллаху таалага гана таандык. Ага мактоо айтып, Андан жардам тилеп, Андан кечирим сураймын. Ага ыйман келтиремин, Ага сыйынамын! Туура Жолду Андан гана күтөмүн, бузукулук, күмөн жана кордуктан Ага сыйынамын. Аллаху таала туура жолдо жүрүүнү каалаган киши туура жолдо жүрөт. Ал адаштырган адам дос да, устаз да таба албайт... Бүткүл нерсем менен ишенемин, Аллахтан башка кудай жок. Ал жалгыз, шериги жок. Мүлк жана салтанат Аныкы, алкыш-мактоо Ага. Тирилтүүчү да, өлтүрүүчү да Ал. Ал эч качан өлбөй тургандай тирүү. Тилегенин улуу кылат, тилегенин кор кылат. Бардык жакшылыктар Анын колунда. Анын бардык нерсеге кудурети жетет.

Бардык нерсем менен ишенем, Мухаммед алейхиссалам Анын кулу жана Пайгамбары. Аны бүткүл ааламдарга ырайым, инсандарга жол баштоочу жана далил катары жиберди. Ал жиберилген учурда адамзат тарыхтын эң төмөн күндөрүн жашап жаткан эле. Жахилдик жана төмөндүк баткагына баткан эле. Диндери ойлоп табылган, чакырыктары жасалма жана жалган эле. Аллаху таала чыныгы динин Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам менен барктуу кылды.

Эй, момундар! Аллаху таала силердин көңүлдөрүңөрдү бири-бириңерге жакын кылды. Анын ниматтарынан улам силер ага-инилердей болдуңар. Мурда от жагылган жардын жээгинде элеңер. Силерди ал жерден куткарып чыгарган жалгыз гана - Аллах. Андай болсо эй ыйман келтиргендер! Аллах жана Анын Расулуна моюн сунгула! Аллаху таала: "Расулга моюн сунган, чындыгында Аллахка моюн сунган!” - деп айтты. (Ниса сүрөсү, 3)

Эй, ыйман келтиргендер! Силерге бардык иштерде, бардык маселеде Аллаху тааладан коркууну насаат кыламын! Силер жактырган иштериңерде болгону сыяктуу кыйналган иштериңерде дагы акыйкатка жармашкыла! Билип койгула, чын сөздөн башка эч бир сөз жакшылык, пайда келтирбейт. Жалган сүйлөгөн киши жаратылыштын максатын бузду, мындай кылган киши куруду. Эй, адамдар! Текебердик кылуудан сактангыла! Топурактан жаратылып, дагы топуракка кайта турган адамдын текебердик кылышы эмне дегенди билдирет? Бүгүн бар эртең жок боло турган бир жандуунун өзүн-өзү жактыруусу кандай гана маанисиз!...

Эй, адамдар! Мээнет кылгыла жана напсилериңерди акырет үчүн даярдагыла! Чечими кыйын болгон маселелерди Аллахтын илимине койгула! Аркы ааламга кетүүдөн мурда ушундай нерсе дайындагыла; ал жерге барганыңарда алдыңардан чыксын.

Аллахтан корккула! Анын буйрук жана тыюуларын жакшылап тыңдагыла! Силерден мурда келип кеткендерден үлгү алгыла! Ушуну унутпагыла; Раббиңердин алдына албетте чыгасыңар жана жасаган кичине-чоң амалдарыңардын эсебин бересиңер.

Ушуну менен бирге Аллаху таала каалаганын кечире алат. Ал Кечиримдүү Зат.

Өзүңөрдү гана жакшы билгиле жана өзүңөрдүн кемчилигиңерди гана түзөткүлө! Жардам сурай турган жалгыз кудурет ээси – Аллаху таала. Андан башка эч бир күч кура албайт дагы, буза албайт дагы.”

Хазрети Абу Бакрдын касиеттерин билдирген хадиси шарифтер:

"Абу Бакр Сыддык – адамзаттын эң жогоркусу жана эң жакшысы. Бирок, ал пайгамбар эмес”. (Дайлами)

"Абу Бакрды сүйүү жана ага шүгүр кылуу ар бир момунга важиб.” (Дайлами)

"Аллаху таала Абу Бакрга "Сыддык” ысымын ыйгарды.” (Дайлами)

"Кыямат күнү адамдардын бардыгы суракка тартылат. Бир гана Абу Бакр суракка тартылбайт.” (Хатиб)

"Бүткүл адамдардын ыйманы тартылса, Абу Бакрдын ыйманы баарынан оор келет.”(Манакыби Чхари Йари Гузин)

"Өзүмдөгү марифаттардын, илимдердин баарын Абу Бакрга агыздым.” (Радды рафавиз)

"Ар бир пайгамбардын досу болот. Менин досум – Абу Бакр.” (Дайлами)

"Жабраил келип колуман кармады. Үммөтүмүн биринин Бейиштин эшигинен кирип жатканын көрсөттү. Абу Бакр айтты: "Йа, Расулаллах! Ошол жерде сиз менен бирге болгум келет.” Эй, Абу Бакр Бейишке эң алгач сен киресиң деди.” (Тирмизи)

Бир затка карата сүйүү канчалык күчтүү болсо, ал заттан материалдык-руханий пайдаланууда да ошончолук күчтүү болот. Ошондуктан Хазрети Абу Бакр бардык сахабалардын эң улуусу болду. Анткени, Расулуллахка болгон жакындыгы жана опаасы баарынан артык эле. "Абу Бакрдын улуулугу намаз жана орозосунун көптүгү менен эмес, жүрөгүндөгү нерсе менен” деген хадиси шарифте айтылган нерсе Расулуллахтын махабаты болуп саналат. (И. Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш