Хазрети Омар


Хазрети Омар – Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын экинчи халифасы. Ашара-и мубашшарадан. Хижрат болгон жылы 40 жашта эле. Алгач Исламдын душманы болгон. Пайгамбарыбызга пайгамбарлык билдирилгенден алты жыл өтүп кыркынчы же кырк бешинчи киши болуп ыйманга келген. Анын Исламды кабыл кылуусу менен мусулмандар кубаттанган. Куралданып, ачык айкын хижрат кылган. Расулуллахтын келе жаткандыгы тууралуу кубанычтуу кабарды Мединадагы мусулмандарга сүйүнчүлөгөн. Ыйык согуштардын бардыгына катышты. Өтө көп эрдик көрсөттү. "Фарук” лакабын алган. Абу Бакр Сыддыктын халифа болуусуна себепчи болуп, түшүнбөстүктүн чыгып кетүүсүнө тоскоол болгон. 13- жылы Жумазил-ахир айынын 28инде шейшенби күнү халифа болуп шайланган. Көп элдерди баш ийдирген. Исламдагы адилеттикти бүткүл ааламга көрсөткөн. Хижраттын 23-жылынын акыркы айында мечитте таңкы намазды окуп жатканда Хазрети Мугира бин Шубанин кулу Абу Лулу Фируз деген ыймансыз тарабынан бычакталып, 24 сааттан кийин көз жумган. Ал Расулуллахтын жанына жерге коюлган. Айыптуу болгон уулуна дин талабы менен дарра согулуп жазасын берүүгө буюрат. Сахабалар канчалык жалбарышса да, дарра жазасын азайтпайт. Дарра жазасын алган уулу эстен танат. Канчалык кайгырган болсо да бул ишине өкүнбөйт. Ал көптөгөн хадиси шарифтер менен макталган. Ошол хадиси шарифтердин көпчүлүгүн Хазрети Али риваят кылган. Ири денелүү, буудай түстүү, узун бойлуу, көздөрү кызыл, мурутунун учтары сары эле. Кайгыга, ойго батканда мурутунун учтарын бүкчү. Сакал-муруту калын болуп, чекесиндегилер сейрек эле. Сол колун оң колу сыяктуу жакшы колдоно алчу. Ээрди кармабай туруп атка мине берчү. Айбаттуу, кубаттуу эле. Бирок, Расулуллахтын жанында адептүүлүгүнөн улам ушунчалык акырын сүйлөгөндүктөн Пайгамбарыбыз жылмайып: "Катуурак сүйлөсөңчү, Омар, укпай калдым”, - деп калчу. Ал Расулуллахтын кайнатасы, Хазрети Алинин күйөө баласы эле. Бани Ади уруусунан Хаттаб бин Нуфайл бин Абдул – узза бин Рабах бин Курат бин Разах бин Адий бин Каабдын тегинен чыккан.

Тирмизи, Абу Давуд жана Хаким кабар берген хадиси шарифтерде: "Аллаху таала акыйкатты Омардын тили жана жүрөгүнө жайгаштырган”, - деп айтылган.

Бухари менен Муслимде келген хадиси шарифте: "Шайтан Омардын көлөкөсүнөн качат”, - деп айтылган.

Хазрети Омар умра кылуу үчүн Расулуллахтан уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз уруксат берип: "Тууганым, дуба кылганда бизди унутпа”, - деген.

Абдуллах ибн Аббас билдирген бир хадиси шарифте: "Омар ыйман келтирген күнү Жабраил алейхиссалам келди жана периштелер бири-бирине Омардын мусулман болгондугу тууралуу айтып, сүйүнчүлөштү”, - деп айтылган.

Тирмизиде жазылган Акаба бин Амирдин риваятындагы хадиси шарифте: "Менден кийин пайгамбар келе турган болгондо Омар бин Хаттаб пайгамбар болоор эле”, - деп айтылган.

Тирмизиде жазылган дагы бир хадиси шарифте, Имам Зайнал Абидин Али атасы Хазрети Хусейнден, ал атасы Хазрети Алиден риваят кылат: "Расулуллахтын жанында отурган элем. Абу Бакр менен Омар келди. Пайгамбарыбыз аларды көрсөтүп: "Бул экөө пайгамбарлардан башка Бейиштегилердин эң улуулары”, - деп айтты”.

Хазретти Хамзанын мусулман болуусу менен Меккелик мушриктердин коркуу менен тынчсыздануулары чегине жеткен эле. Себеби, көзгө басар баатырлардын дагы бирөө мусулман болуп, Расулуллахтын сабында орун алган эле. Бул күтүлбөгөн окуя мушриктердин толугу менен шаштысын кетирди. Хазрети Омар бул учурда да мусулман боло элек эле. Бир күнү Расулуллах алейхиссаламды көргөн жерде өлтүрүү ниети менен үйүнөн чыкты. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды Масжид Харамда намаз окуп жаткан жеринен таап намазын бүтүрсүн деп уга баштады. Расулуллах алейхиссалам Аль-Хакка ыйык сүрөсүн окуп жаткан эле.

Көңүлүм ийиди

Хаттаб уулу Омар Пайгамбарыбыздын окугандарын таңдануу менен угуп жатты. Өмүрүндө мындай көркөмдүү сөздөрдү уккан эмес эле. Муну кийин өзү мындайча баяндаган:

«Мен уккан бул сөздөрдүн балагатына, уйкаштыгына, тартибине таң калып, ал жерге эмне үчүн келгенимди унутуп койгон элем. Бул окуядан кийин көңүлүмдө Исламга карата каалоо пайда болду.»

Бул окуянын Хазрети Омардын мусулман болуусуна маанилүү таасири болгон эле. Себеби, көңүлүн жумшартып, мусулман болуусуна пайдубал даярдаган эле.

Хахрети Хамзанын мусулман болуусунан үч күндөн кийин Абу Жахил мушриктерди топтоп мындай деди:

- Эй, Курайш! Мухаммед буттарыбызга тил тийгизди. Бизден мурда келген аталарыбыздын Жаханнамда азап тартып жаткандыгын, биздин да ошол жакка кете тургандыгыбызды айтты! Аны өлтүрүүдөн башка чара жок! Аны өлтүрө турчу кишиге жүз кызыл төө менен бирге эсепсиз акча бермекчимин!

Бир заматта Хаттаб уулу Омардын көңүлүнөн Исламга болгон каалоо жоголуп, ордунан атып туруп, мындай деди:

- Бул ишти Хаттаб уулунан башка кыла турчу киши жок.

- Кана эмесе Хаттаб уулу! Көрөлү сени! Бул ишти сенден башка кыла алчу эч ким жок.

Хаттаб уулу Омар кылычын кушанып жолго чыкты. Жолдо бара жатып Нуайм бин Абдуллахка жолукту.

Жолдо Нуайм бин Абдуллах андан минтип сурады:

- Эй, Омар, мындай ачуу-албуут менен каякка баратасың?

- Эл арасына иритки салган, тууганды тууганга чабыштырган кишини өлтүрүүгө баратам.

- Эй, Омар, кыйын ишке баратасың. Анын Асхабы тегерегинде аланкөчөктөй тегеренип турушат. Ага бир нерсе болбосо экен деп убайымданып турушат. Сен анын жанына жакындап зыян келтире албайсың!

Жакындарың менен алектен

Бул сөзгө катуу ачууланган Хазрети Омар кылычын сууруп:

- Же сен да ошолордонсуңбу? Анда эмесе алгач сенин ишиңди бүтүрөйүн.

Нуайм бин Аблуллах жооп берди:

- Сен мени менен алектенүүнүн ордуна тууганың Фатыма менен күйөө балаң Саиддин жанына бар! Алар эбак эле мусулман болушкан. Сен биринчи өз жакындарың менен убара бол!

- Жок, алар мусулман болуулары мүмкүн эмес!

- Мага ишенбесең үйлөрүнө барып өздөрүнөн сура!

Ошондой дегенде Хазрети Омар бир тууганына танчсызданып, ачуулуу абалда үйүнө барды. Ошол учурда Таха сүрөсү жаңы түшүп, күйөө баласы Саид менен бир тууган карындашы Фатыма муну жаздырып, Хазрети Хаббаб бин Арат аттуу сахабаны үйлөрүнө алып келип, окуп жатышкан эле.

Хаттаб уулу Омар эшиктен булардын үндөрүн укту. Эшикти катуу каккылады. Анын белине кылыч кушанып, ачуулуу абалда келгенин көргөндө жазууну жашырып, Хазрети Хаббабды жашынтышты. Кийин эшикти ачышты. Ичкери киргенде сурады:

- Эмнени окуп жатасыңар?

- Эч нерсе окуп жаткан жокпуз.

- Жок, окуп жаткансыңар. Уккандарым туура чыкты, силер да Анын сыйкырына алданган экенсиңер!

Эмне үчүн уялбайсың?

Хазрети Саидди жакасынан кармап жерге ыргытты. Карындашы күйөөсүн кукарайын деп аракеттенгенде аны да ачуулуу түрдө бетке чаап калды. Бетинен кан ага баштаганда карындашына боор ооруду. Фатыманын ичи сыздап, канга боёлгон эле. Бирок, ыймандын кубаты ага кайрат берип, Аллаху таалага сыйынып мындай деди:

-Эй, Омар! Эмне үчүн Аллахтан уялбай, аяттар менен мужизалар менен жиберген Пайгамбарына ишенбейсиң? Мына мен жана күйөөм мусулман болуу менен сыймык таптык. Башыбызды кессең да мындан кайтпайбыз.

Кийин калима-и шахадат окуду.  Хаттаб уулу Омар карындашынын бул ыйманы алдында дароо жибиди да, жерге отурду. Жумшак үн менен мындай деди:

- Кана, ушул окуган китебиңерди чыгаргыла.

- Сен тазаланмайын аны сага бербейм.

Омар бин Хаттаб гусул дааратын алды. Андан кийин Фатыма аяти карима жазылган бетти алып келди. Омар бин Хаттаб көркөм окучу эле.

Таха сүрөсүн окуп баштады. Курани каримдин фасахаты, балагаты, маанилери жана үстөмдүктөрү барган сайын көңүлүн жумшартты.

«Асмандарда жана жер жүзүндө жана булардын арасында жана жети кабат топурактын астындагы нерсенин баары Аныкы» [Таха: 6] деген маанидеги аяти кариманы окуганда терең ойго батты. Мындай деди:

- Эй, Фатыма! Бул бүтпөс-түгөнбөс барлыктардын баары силер тааныган Аллахтыкыбы?

- Ооба, ошондой го! Шегиң барбы?

- Эй, Фатыма! Биздин миң беш жүз чакты алтындан, күмүштөн, жезден, таштан оюлган, кооз айкелдерибиз бар. Эч биринин жер бетинде бир нерсеси жок.

Таңыркоосу дагы да күчөп, дагы бираз окуду:

«Аллаху тааладан башка ибадат кылына турчу, табыныла турчу хак бир илах, бир мабуд жок. Эң сулуу ысымдар Анын» [Таха: 8] деген маанидеги аяти кариманы ойлоду. Кийин мындай деди:

- Чындап эле, канчалык туура.

Омар менен кубаттандыр

Хаббаб бул сөздү укканда жашынып турган жеринен атып чыгып, такбир айткандан кийин сүйүнчүнү айтты:

- Сүйүнчү, эй, Омар! Расулуллах алйхиссалам Аллаху таалага дуба кылып: «Йа, Рабби! Бул динди Абу Жахил же Омар менен кубаттандыр», - деп буюрган. Мына дул дөөлөт, бул бакыт сага насип болду.

Бул аяти карима жана бул дуба Хаттаб уулу Омардын жүрөгүндөгү душмандыкты өчүрүп салды. Дароо:

- Расулуллах каерде? Мени Расулуллахка алып бара аласыңарбы? – деди. Себеби, көңүлү Расулуллахка тутулган эле.

Омар бин Хаттаб Расулуллахты көрүү үчүн жолго чыккан кезинде Пайгамбарыбыз Хазрети Аркамдын үйүндө Асхабына насаат берип жаткан эле. Хаттаб уулу Омардын келе жатканы Аркамдын үйүнөн көрүндү. Кылычы менен эле. Айбаттуу, кубаттуу болгондуктан Асхабы кирам Расулуллахты тегеректеп курчап турушту. Хазрети Хамза мындай деди:

- Омардан тартына турчу эмне бар, жакшылык менен келсе кош келсин. Болбосо кылычын чыгара электе башын ыргыта чабам. Расулуллах алейхиссалам мындай деп буюрду:

- Жол бергиле, ичкери кирсин!

Ыйманга кел, эй, Омар!

Жабраил алейхиссалам буга чейин Омар бин Хаттабдын ыйман келтиргендигин жана жолдо келе жатканын кабарлаган эле. Расулуллах алейхиссалам аны күлүмсүрөө менен тосуп алды. Омар бин Хаттаб Расулуллахтын алдында тизеледи. Расулуллах алейхиссалам аны колунан кармап мындай деди:

- Ыйманга кел, эй, Омар!

Ал болсо таза көңүл менен Калимаи шахадатты айтты. Асхабы кирамдын сүйүнүчтөн айткан такбир үндөрү асманга көтөрүлдү.

Хазрети Омар мусулман болгондон кийин өзүндөгү абалын мындайча баяндаган:

«Мусулман болгон кезимде мусулмандар мушриктерден жашынып, ибадаттарын да жашыруун кылып жатышкан эле. Бул абалга капаланып, Расулуллахтан сурадым:

- Йа, Расулаллах! Биз хак үстүндө эмеспизби?

- Ооба. Аллаху таалага ант кыламын, кааласаңар өлүү, кааласаңар тирүү болгула, сөзсүз хак үстүндөсүңөр.

- Йа, Расулаллах! Биз хак үстүндө, мушриктер жаңылыш жолдо экен, андай болсо эмне үчүн динибизди жашырып жатабыз? Валлахи биз Ислам динин күфүргө каршы ачыктоого дагы да акылуу жана ылайыкпыз. Аллаху тааланын дини Меккеде эч күмөнсүз үстөм болмокчу. Коомубуз бизге карата ынсаптуу мамиле кыла турган болсо кандай жакшы, жок эгер чектен чыга турган болушса алар менен чабышабыз.

Йа, Расулаллах! Сени хак Пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, эч тартынбастан жана коркпостон отуруп айып түшүндүрүп бере албаган бир дагы  мушрик тобу калбайт. Мындан ары ортого чыгалы.

Бул сөзүм кабыл кылынганда эки сап болуп сыртка чыгып, Харами шарифке карай бастык. Саптардын биринин башында Хамза, экинчисинин башында мен бар элем. Катуу кадамдар менен топуракты майдалай басып Мечит Харамга кирдик. Курайштык мушриктер бирде мага, бирде Хазрети Хамзаны селейип карап жатышты».

Мени билген билет

Хазрети Омардын бул келүүсүнө Абу Жахил алдыга чыгып: «Эй, Омар! Бул абалың кандай?» - дегенде Хазрети Омар эч алдырбастан Калимаи шахадат айтты.

- Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух!

Абу Жахил эмне айтарын билбей тайсалдады. Турган жеринде катып калды. Хазрети Омар бул мушрик тобуна бурулуп мындай деди:

- Эй, Курайш! Мени билген киши жакшы билет! Билбеген билип алсын, мен Хаттаб уулу Омармын. Аялын жесир, балдарын жетим калтыргысы келген киши ордунан кыймылдасын! Кыймылдаганын кылычып менен туурап жерге жаям!

Ошондой дегенде Курайштык мушриктер дароо тарап ал жерден алыстап кетишти.

Ушундайча, биринчи жолу Хареми шарифте ачык түрдө намаз окулду.

Хазрети Омар адилетсиздикке карата катуу болгондой эле адилеттиктин орундалуусунда да ошончолук мээримдүү эле. Ушундан улам адилеттиги менен атагы чыккан.

Бир күнү ат сатып алгысы келди. Атты сыноо ниети менен мингичке берди. Атка минген киши ары-бери жүгүртүп жатып, ат төкөрөңдөп кырсыктап калды. Хазрети Омар атты сатуучуга кайра бермекчи болгондо сатуучу алган жок. Кийин окуя Казы Шурайх хазреттерине жетти. Казы сурады:

- Ат кожоюнунун уруксаты менен чабылдыбы?

Хазрети Омар мындай деди:

- Жок, мен сыноо үчүн чаптырдым.

Ошондо казы мындайча өкүм чыгарды:

- Эгер бул ат кожоюнунун уруксаты менен сыналганда кожоюнга кайтарып берүүгө болмок. Бирок, сиз кожоюнунан уруксат албагандыгыңыз үчүн кайтарып бере албайсыз, атты алууга мажбурсуз.

Хазрети Омар:

- Хак жана адилет астында мойнубуз кылдан ичке деп аттын беделин төлөп берди.

Хазрети Омар акыры өкүнүч боло турчу ишти кылчу эмес.

Анын заманында мусулмандар Ирандын ичтерине чейин жайышты. Ирандык атактуу аскер башчы Хармизан баш ийбөө үчүн абдан тирешти, бирок, акыры өмүрү коопко киргенде моюн сунду. Хазрети Омар астына алынып келинген Хурмизандан сурады:

- Бизге айта турчу сөзүң барбы?

- Бар! Бирок, алгач өлөмүнбү же каламбы мына ушуну билишим керек.

- Сүйлө, сага зыян келбейт.

- Эй, улуу халифа, мурда биз ирандыктан араптарды өлтүрүп, кыйноо менен эле мал-мүлкүңөрдү колуңардан тартып алчу элек. Качан Аллах силерге пайгамбар жиберди, мына ошондон кийин биздин үстөмдүгүбүз аяктады. Силер азиз болдуңар, биз болсо кор болдук.

Сөз берген элеңиз

Хазрети Омар Анас бин Маликтен сурады:

- Муну эмне кылалы?

- Өлтүрбөйлү! Себеби, анын аркасында көп эли бар. Балким, алар илгериде мусулман болуулары мүмкүн.

- Бирок, бул Расулуллахтын кадырлуу досторун шейит кылды. Аны аман калтыруубуз туура болобу?

- Эй, Омар, муну өлтүрбөшүбүз керек. Себеби: «Сүйлө, сага менден зыян келбейт», - деп убада да бергенсиң.

Хазрети Омар ким тарабынан айтылса айтылсын туура сөздү дароо кабыл кылчу эле. Анас бин Малик хазреттеринин бул сөздөрүнөн кийин аны өлтүрүүдөн баш тартты. Бир канча сахабанын шейит болуусуна себеп болгон Хурмизандын жанын кыйуудан баш тартты.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин Хурмизан мусулман болду. Айрыкча, анын себепчи болуусу менен бир нече адам ыйманга келди. Хазрети Омар эски жан душманына да айлык бөлдү. Себеби, адилеттиктин талабы ушундай эле. Адилеттик жеке көзкараштын, жеке сезимдин үстүндө эле.

Хазрети Омар Шамды зыярат кылганда аскерлеринин башчысы Абу Убайда бир Жаррах хазреттери калың кол менен күтүп алды.

Хазрети Омар менен кулу бир төөгө кезектеше минип келе жатышкан эле. Шаарга кириште кезек кулга келгенде Халифа төөсүнөн түштү. Орлуна кулун миңгизди. Төөнүн тизгинин кармап, бут кийимдерин чечип дарыяны кечип өттү.

Өтө төмөн бир коом элек

Алыстан караган киши төөгө минип келаткан кишини  халифа, ал эми төөнүн тизгинин кармап келаткан Хазрети Омарды болсо кул болсо керек деп ойлоду. Муну көргөн Абу Убайда бин Жаррах мындай деди:

- Мырзам, бүткүл шамдыктар, өзгөчө румдар мусулмандардын халифасын көрүү үчүн топтолушту. Сизди карап жатышат. Бул кылган ишиңизди кантип түшүндүрөсүз? Сизди кул деп ойлоп, төмөнсүтүшөт.

Хазрети Омар мындай деди:

- Эй, Аба Убайда! Сенин бул сөзүңдү уккандар кишинин кадырын унаага минип келүүдө жана кооз кийимдерди кийүүдө экен деп ойлошот. Биз мурда кор, төмөн бир коом элек. Аллаху таала бизди мусулмандык менен кадырлуу кылды. Мындан башка кадыр-барк издей турган болсок Аллаху таала бизди кор кылып, бардык нерседен төмөн кылат.

Ушул абалда шаарга киришти. Чындыгында анын бул иши кадыр-баркын түшүргөн жок, тескерисинче, көтөрдү. Атүгүл азыр биз дагы ал замандан 1400 жыл өтсө да Хазрети Омардын бул кылганын өрнөк иш деп айтуудабыз. Эгер мунун терси болгондо унутулуп калмак.

Халифа Хазрети Омар Шамга бара жаткан эле. Шамда чума оорусу жүрүп атканын укту. Жанындагылардын кээ бирлери:

- Шамга кирбейли, - дешти. Бир бөлүгү болсо:

- Аллаху тааланын тагдырынан качпайлы, - дешти. Халифа да мындай деди:

- Аллаху тааланын тагдырынан дагы эле Анын тагдырына качалы, шаарга кирбейли. Бир үйүр малын көк шиберге же чөп чыкпаган жылаңач тоого жиберген киши Аллаху тааланын тагдыры менен жиберген болот.

Биринчи карантин

Кийин Абдуррахман бин Авф хазреттерин чакырып сурады:

- Сен кандай дейсиң?

- Расулуллахтан уктум. «Чума болгон жерге кирбегиле жана чума болгон бир жерден башка жерлерге барбагыла, ал жерден качпагыла!» - деп буюрган эле.

Халифа болсо:

- Алхамдулиллах, менин сөзүм хадиси шарифке шай болду деп Шамга киришкен жок.

Ушундайча биринчи жолу карантин тажрыйбасы жасалды. Чума оорусу болгон жерден сыртка чыгууга тыюу салынуусунун себеби дени сак болгондор чыгып кетишссе оорулууларды карай турчу эч ким калбайт, алар куруп жок болушат. Чума оорусу таралган жерде микроптуу аба, чума ар кимдин ичине жукканда качкандар оорудан кутула алышпайт, алар качуу менен болгону ооруна башка жерлерге да алып барып жугузган болушат.

Хазрети Омар мамлекет башчысы болуп шайланганда Хазрети Абу Бакрга дайындалган айлык өлчөмүнчөлүк акы алып турган. Ушундайча бир нече убакытка уланды. Кийин Хазрети Омарда турмуш тарчылыгы болду.

Бул абалын көргөн Асхабы кирамдын улууларынын кээ бирлери жыйналып бул абалы тууралуу сүйлөшүштү. Зубайр бин Аввам хазреттери мындайча сунуш кылды:

- Өзүнө айтып айлыгын көбөйттүрөлү.

Сунушту айталы

Жыйналышка катышкан Хазрети Али мындай деди:

- Бул сунушту кабыл кылат деп ойлобой турам. Иншаллах кабыл кылаар. Барып сунушубузду билдирели.

Бул арада Хазрети Осман сөз алып мындай деди:

- Омардын хак жана адилеттиги канчалык артка баш тарткыс бекемдигин баарыбыз билебиз. Бул сунушубузду жеке өзүбүз эмес өзүн кыялбай турчу бирөөнө айталы. Муну кызы Хафсага айталы, ал сунуштасын!  Хазрети Османдын бул сунушу ылайык көрүлүп, чоогу Хазрети Хафсага барышты. Өз араларында сүйлөшүлгөн сөздү айтышты. Аттарын атабастан кылынган сунушту Хазрети Омарга билдирүүсүн суранышты.

Хазрети Хафса атасынын жанына барып мындай деди:

- Асхабдан кээ бирлери сенин айлыгыңды аз деп эсептешүүдө. Ошондуктан, айлыгыңды көбөйтүүңдү сунуштап жатышат.

Хазрети Омар бул сунушка ачууланып мындай деди:

- Алар кимдер экен?

- Өз пикириңди айтпастан кимдер экенин айтпайм.

- Эгер кимдер экенин билгенимде аларга керектүү жазаларын бермекмин.

Ортодо сен болгондугуң үчүн Аллаху таалага дуба кылышсын.

Кийин кызы Хазрети Хафсадан сурады:

- Сен Расулуллахтын үйүндө болгон кезиңде Аллахтын Расулу кийген эң баалуу кийим эмне эле?

- Эки даана түстүү кийими бар эле. Элчилерди ошолорду кийип күтүп алчу, Жума хутбаларын ошолор менен окучу.

- Макул, жеген эң жакшы тамагы эмне эле?

- Жеген наныбыз – арпа наны эле.

- Сенин жаныңда болгон кездерде жерге жайуу үчүн колдонгон эң кеңири, эң ыңгайлуу төшөк эмне эле?

- Катуу кездемеден жасалган жабуубуз бар эле. Жайында төрт каптап астыбызга төшөчүбүз. Кыш келгенде жарымын астыбызга төөшөп, жарымын болсо жамынчубуз.

Артканын муктаждарга берем

Кийин Хазрети Омар мындай деди:

- Эй, Хафса, сени жибергендерге менин атымын айт! Расулуллах алейхиссалам өзүнө жете турчу өлчөмүн белгилеп, артыгын муктаждарга берчү. Колунда калганын колдончу. Кудай үчүн мен өзүмө жете турганын белгиледим. Артканын муктаждарга беремин. Ушуга ыраазы болом.

Расулуллах алейхиссалам, Хазрети Абу Бакр бир жолдо бараткан үч киши сыяктуубуз. Алардан биринчиси насибин алып, жолдун акырына барды. Экинчиси болсо ошол эле жолдо басып, Ага жетти. Кийин үчүнчүсү жолго чыкты. Эгер ал дагы мурункулар баскан жолдо басып, алар сыяктуу жашаса аларга жетип, алар менен бирге болот. Эгер мурункулардын жолун ээрчибей башка жол менен кете турган болсо алар менен жолуга албайт.

Мусулмандар өздөрү болгон жерлерде жашаган мусулман болбогон калкты коргоого алгандыгындай эле турист катары келген же соода максаты менен келген мусулман эместерди дагы чегарасы ичинде коргоого алышчу. Алардын зыянга учурабоолору үчүн керектүү чараларды көрүшчү. Тарыхта мунун сансыз мисалдары бар.

Бизге баш калкалашты

Мисалы, Халифа Хазрети Омардын заманында бир соода келбени келип, түнү Мединанын сыртына конуш алды. Жолдо чарчоодон улам дароо уктап калышты.

Бул маалда баары уктап жатканда Халифа Хазрети Омар шаарды аралап жүргөн эле. Бул учурда алиги кербендегилерди көрдү.

Хазрети Омар Абдуррахман бир Авфтын үйүнө келип, аны ойготуп мындай деди:

- Бул түнү бир кербен келген экен. Баары капыр. Бирок, бизге келип баш калкалашты. Мал-оокаттары көп, болгондо да баалуу. Чоочун бирөөлөрдүн, жолчулардын буларды талап-тоноп кетүүлөрүнөн чочулайм. Кел барып бирге коргойлу.

Абдуррахман бин Авф жооп берди:

- Өтө жакшы болот, жакшы пикир, дароо чыгам.

Таң атканга чейин кезектеше бул кербенди күзөтүштү. Багымдат намазында мечитке барышты. Кербендеги бир жаш жигит ошол маалда ойгонгон эле. Буларды акмалап, артынан ээрчип келди.

Сураштырып отуруп, өздөрүн түнү күзөткөн кишинин Халифа Хазрети Омар менен досу экендигин билди. Келип, кербендеги жолдошторуна мындай деп айтты:

- Достор! Таң атканга чейин эки мусулман бизди кайтарып, буюмдарыбыздын уурдалып кетпөөчүнө кедерги болушкандыгынан кабарыңар барбы?

- Бизди кайтаргыдай мусулмандардын бишка иштери калбай калыппы? Анын үстүнө биздин христиан экенибизди да билишет.

- Кайтарган киши ким экенин сурабайсыңарбы?

- Ким экен?

- Мусулмандардын Халифасы Омар.

- Сен жаңылыш көргөн болсоң керек. Түндүн бул маалында Халифанын бул жерде эмне иши бар. Ал сарайында куштун жүндүү жумшак төшөгүндө жатса керек.

- Алгач мен дагы силердей болуп буга ишенген жокмун.

- Анан кантип ишендиң?

Таң атып, айланага жарык түшкөндө бул жерден кетишти. Мен дагы кызыгып алардын артынан акмалап бардым. Алар мечитке киришти. Жолдон бирөөнө кезигип, бул ким деп сурадым. «Халифабыз Омар», - деп жооп берди.

Эмне турабыз?

Бул сүйлөшүүнү дыкат угуп турган кербендегилер үнсүз терең ойлонуп турушту.

- Анда эмне турабыз? Бул окуя Исламияттын чыныгы дин экендигине далил катары жетиштүү эмеспи?

Калгандары да бул сөзгө кошулушту. Рим жана Иран аскерлерин жеңген, адилеттиги менен атагы чыккан улуу Халифанын мындай мээримин көрүп Исламияттын хак дин экендигин түшүнүштү да, сүйүү менен баары мусулман болушту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш