Хазрети Осман


 Хазрети Осман "радыяллаху анх" Абуль ас бин Умаййа бин Абди Шамс бин Абди Манафтын урпагынан. Ашараи мубашшарадан. Үчүнчү Халифа. Расулуллахтын эки кызын алгандыктан "Зиннурейн” деп аталган. Төртүнчү болуп Исламиятты кабыл алган. Жубайы Рукыя менен бирге эки жолу Хабашистанга (Эфиопия), андан соң Мединага хижрат кылган. Өтө бай соодагер болгон. Бардык мал-мүлкүн Ислам жолуна жумшаган. Хилми жана хаясы менен (жумшак мүнөзү жана уяттуулугу) аты чыккан. Хижраттын 24-жылы 1-Мухаррамда халифа болуп шайланган. Кипр аралын мусулмандарга алып берген. 35-жылы Зилхижжа айында Курани карим окуп отурган учурда шейит кылынган. Хадиси шарифтерде ага мактоолор айтылган. Орто бойлуу, сакалы калын, саргыч өңдүү, өтө сулуу жүздүү эле. Бадр согушунан башка бардык согуштарга катышкан.

Намаздын бир рекетинде Курани каримди баштан аяк окуп чыккан төрт адамдын бири болуп саналат. Көп окугандыктан эки мусхафты эскиркен. Хазрети Абу Бакрдын жыйнаган Курани каримден дагы алты нуска жаздырып, алты жерге жиберген.

Ислам дини жайыла баштагандан кийин ар тараптан мусулман болгондор Медина-и Мунавварага келе башташат. Масжид-и шариф тар болгондуктан келгендерге орун тар боло баштаган. Талаага чатыр тигип турушат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: "Кимде-ким биздин ушул мечитти бир зра кеңейтсе, Бейишке барат”, - дегенде Осман «радыяллаху анх» "Йа, Расулаллах! Мал-мүлкүм Сиздин жолуңузга курман болсун. Мен кеңейтем”, - деди. Ошентип, мечитти кырк зра кеңейтти.

Ошол окуядан кийин Аллаху таала: "Аллаху тааланын мечиттерин бир гана Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, намазын толук окуган, зекетин берген жана Аллаху тааладан корккон адамдар курушат. Ошол сыпаттагы адамдарга Бейишке алып баруучу амалдарды жасоо керек”, - деген маанидеги Тообо сүрөсүнүн 18-аятын жиберди. 

Хазрети Осман мусулман болуудан мурда соода менен алектенчү. Өтө бай соодагер эле. Жамият ичинде сүйүктүү, мартабасы бийик кадырлуу киши эле. Хазрети Абу Бакрдын дагы жакын досу эле. Маанилүү иштери тууралуу аны менен кеңешип, акыл-пикирин алчу эле. Хазрети Осман жахилия доорунун жамандыктарына аралашкан эмес.

Пайгамбар кызы болсо керек

 Хазрети Осман өзүнүн мусулман болуусун мындайча баяндаган:

- Менин акыл парасаттуу бир таежем бар эле. Ооруп калганда зыярат кылууга барган элем. Мага мындай деди:

- Эй, Осман! Сен ушундай бир кыз менен үйлөнөсүң, ал сенден мурда бир эркек көрө элек, сен да андан мурда бир аял көрө элек болосуң. Бул кыз абдан сулуу жана салиха кыз. Анын үстүнө, бул кыз пайгамбардын кызы болсо керек.

Мен таежемдин бул сөзүнө абдан таң калдым. Себеби, пайгамбар катары тааныган эч кимим жок эле. Айланада мындай нерсе жок болсо да таежем эмес мындай нерсени каяктан билип айтып жатты болду экен? Негизи таежем көп сүйлөчү эле. Бул сөздөрүн угуп таңыркап карап турсам сөзүн минтип улантты:

- Таң калба, Ал кишиге Жанабы Хактан вахий келе баштады. Сен аны табууда кыйынчылык тартпайсың!

- Эң, таеже, сырдуу нерсени айтып жатасың. Мени таң калтырып жатасың. Сөздөрүңдү бираз ачыгыраак айтып, ичимдеги бул бүдөмүк ойдон куткар.

- Мухаммед бин Абдуллахка пайгамбарлыгы билдирилди. Эми ал элди хак динге чакыра баштады. Көп убакыт өтпөй сен да анын динине кирүү менен кутуласың. Анын дини бүткүл ааламга жарык чачат.

Бул маселе менин оюмду ого бетер ээлеп алды. Дайыма барып кеңешип жүргөн Абу Бакрга жүгүрдүм. Таежем айткан нерселерди ага болгонун болгондой айттым. Мага мындай деди:

- Таежең туура айтыптыр. Эй, Осман, сен акылдуу адамсың. Эч көрбөгөн, укпаган, пайдасы да бербеген, зыян да бербеген нерсеге кантип сыйынууга болот? Аны кантип илах деп кабылдоого болот?

- Эй, Абу Бакр, туура айтасың. Мен дагы бул айылга сыйбаган нерсени билип турам. Бирок, чара табалган жок элем.

Кам санаба, эми бизге хак жолду көрсөткөн зат келди. Мен анын пайгамбар экендигине ишендим, ыйман келтирдим. Кел, сени да анын алдына алып барайын, сен да ыйман келтир!

Жаннатка чакырууда

Бирге Расулуллахтын алдына бардык. Мага мындай деп буюрду:

- Эй, Осман, Хак таала сени Жаннатка конокко чакырууда. Сен болсо бул чакырууну кабыл кыл! Мен бүткүл адамдарга хидаят жол көрсөтүүчүсү болуп жиберилдим.

Расулуллах күлүмсүрөгөн жүзү менен ак ниеттүү кылган бул чакырыгына дароо чоң каалоо менен калимаи шахадат келтирип, мусулман болдум.

Кийин Расулуллахка Шамга барганда көргөн түшүмдү айтып бердим. Түшүмдө «Эй, адамдар, ойгонгула! Ахмед Меккеден чыкты» деген үн уккан элем. Кийин Меккеге келгенде да таежем мага Расулуллах тууралуу кабар берген эле.

Хазрети Осман абдан жоомарт эле. Жакшылык кылууну, муктаждарга жардам берүүнү өтө жакшы көрчү эле. Мындай жакшы сапаттарынан улам Расулуллах аны абдан жакшы көрчү эле.

Расулуллах алейхиссалам сахабаларынын алдыңкылары катышкан бир жыйналышта сукбатташып жатып:

- Ар ким досунун жанына барсын, - деп буюрду.

Сен менин сүйүктүүмсүң

Ар ким жакшы көргөн досунун жанына барды. Пайгамбарыбыз болсо Хазрети Османды жанына алып мындай деди:

- Сен дүнүйөдө да, акыретте да менин сүйүктүүмсүң.

Хазрети Айша мындайча баяндай:

- Расулуллах алейхиссалам бир күнү демалып жаткан эле. Бул учурда Хазрети Абу Бакр үйгө кирүү үчүн уруксат сурады. Уруксат берилип ичке кирди. Расулуллах эч абалынан козголгон жок. Кийин Хазрети Омар уруксат алыпКийин Хазрети Осман эшикке келип кирүү үчүн уруксат сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам отурду. Хазрети Османды ушул абалда кабылдады.

Баары кеткенден кийин сурадым:

- Атам Абу Бакр жана Хазрети Омар ичке киргенде эч козголгон жоксуз. Бирок, Хазрети Осман киргенде козголуп отурдуңуз. Мунун себеби эмне?

- Периштелер уялган кишиден мен кантип уялбайын.

Ибни Масуд хазреттери айтат:

- Бир күнү согушта Расулуллах менен бирге элем. Жей турган азык түгөнүп, аскерлер кыйын абалда турушту. Расулуллах бул жагдайды биргенде мындай деп буюрду:

- Аллаху таала силерге күн бата электе ырыскы жиберет.

Хазрети Осман бул сөздү укканда «Расули акрамдын ар айткан сөзү туура чыгат» деп ойлонуп, тамак табууга аракет кылды. Бул ырыскынын келүүсүнө себеп болуу жана Расулуллахты ыраазы кылууну каалап жаткан эле.

Булар эмне?

Бир жерден төрт төө жүгүнчөлүк азык тапты. Муну жогору баага сатып алып Расулуллахтын алдына алып келди. Пайгамбарыбыз Хазрети Османдан сурады:

- Эй, Осман! Булар эмне?

- Османдан Аллаху тааланын Расулуна хадия.

Ааламдардын Мырзасы айткан сөзү кечикпестен орундалганда момундар сүйүнүп, мунафыктар кайгырышты. Расулуллах алейхиссалам мубарек колдорун ачып минтип дуба кылды:

- Йа, Рабби! Османга көп сыйлык бер.

Хазрети Осман муктаж болгондорго көп тамак жедирчү эле. Бирок, өзү үйдө сирка менен зейтин майын жечү эле. Жолго чыкканда төөсүнүн артына кулун да учкаштырар эле. Пайгамбарыбыз минтип дуба кылган эле:

- Йа, Рабби! Османдын өткөн жана келечектеги жашыруун, ачык бардык күнөөлөрүн кечир.

Мусулмандар Мединага хижрат кылганда суудан кыйналып турушкан эле. Рума кудугунан башка ичер суу жок эле. Бул суу кудугу болсо бир яхудиге таандык болчу. Яхуди мусулмандарга кыйын абалда калтыруу үчүн кудуктан ар качан суу бере берчү эмес. Берген күндөрү да өтө жогору баага саткандыктан ар ким алалбай, кедей мусулмандар абдан кыйналып жашап турушкан эле.

Жаннатты сүйүнчүлөдү 

Пайгамбарыбыз бул жагдайды көргөн сайын капаланып жаткан эле. Кудукту сатып алып, мусулмандарга тартуулай турчу адамдын Жаннатта сыйлыгын эселеп ала тургандыгын сүйүнчүлөп, ачык түрдө Жаннатты убада кылып жаткан эле. Бул сүйүнчүнү уккан Хазрети Осман дароо яхудинин жанына барып соодалаша баштады.

Яхуди болсо мусулманбар мажбур түрдө кудукту сатып ала тургандыктарын билгендиктен төлөөгө мүмкүн болбогон бир бааны сурады. Буга Хазрети Осман абдан капаланды. Бирок, канткенде да бул кудукту сатып алып Расулуллахты кубанткысы келип жатты. Яхудиге мындай деди:

-Сен айткан баа менен бул кудукту сатып алалбайм. Сага бир сунушум бар. Кел сени менен бул кудукту ортоктошо иштетели. Ушундайча кудукту колуңан чыгарбаган болосуң.Яхуди бул иштин натыйдасынын каерге бара тургандыгын түшүнө алган жок. Сунуш абдан жакты. Он эки миң дирхамга кудуктун жарым пайын сатты. Кудук башына бир күнү яхуди, экинчи күнү Хазрети Осман туруп суу берип жатышты. Яхуди дагы эле жогору баада сууну сатып жатты. Хазрети Осман болсо бекер таратып жатты. Мусулмандар кудуктун кезеги Хазрети Османга келгенде ошол күнкү суу муктаждыктары менен кошо эртеси күнкү суу муктаждыктарын да толтуруп алып кетип жатышты.

 Ушундан улам эртеси күнү яхудиге суу алууга эч ким келбей жатты. Яхуди кантип оюнга алдырганын түшүндү. Бирок, болор иш болгон эле. Кийин келип кудуктун калган жартысын дагы Хазрети Османга саткысы келди. Бирок, Хазрети Осман кабыл кылган жок. Бир канча убакыттан кийин дагы келип андан да төмөн баага сунуштады. Хазрети Осман дагы кабыл кылган жок. Яхуди кудукту мажбур түрдө сата тургандыгын билип жаткан эле. Себеби, башка чарасы жок эле. Кийин яхудинин кайта-кайта сунушуна чыдабай арзан баага калган жартысын да сатып алды. Мына ушундайча кудук толук бойдон мусулмандардын муктаждыктарын камсыздоого берилди. Пайгамбарыбыз бул кабарга өтө кубанып, Хазрети Османга кайыр дубаларын кылды.

Ар кадамына бир кул 

Хазрети Осман ар мүмкүндүк сайын Пайгамбарыбызды ыраазы кылуу, Анын мубарек дубасына жетүү үчүн аракет кылар эле.

Бир күнү Хазрети Осман Расулуллах алейхиссаламды үйүнө чакырды. Расулуллах мындай деди:

- Бир гана мени чакырып жатасыңбы?

- Асхабы кирам да чакыруунун ичинде.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Билал Хабаши хазреттерин бардык сахабаларга кабар берүү үчүн жөнөттү. Өзү Хазрети Али менен Хазрети Османдын үйүн карай бара жатты.

Хазрети Осман аркадан Пайгамбарыбыздын кадамдарын санап жатты. Расулуллах муну байкап, себебин сураганда минтип жооп берди:

- Йа, Расулаллах! Ар кадамыңызга бир кул азат кылам.

Чакырыктан кийин санаган ар кадам үчүн бир кул азат кылды.

Хазрети Омардан кийин үстөмдүк кезеги Хазрети Осман Зиннурейнге келет. Анын халифалыгы дагы үммүттүн ижмасы менен бекем.

Мусулман болгондон кийин Пайгамбарыбыздын кызы Ракаййа менен үйлөндү. Пайгамбарыбыздын кыздары Рукаййа жана Үммү Гүлсүм мурда Абу Лахабдын уулдары Утба жана Утайба менен кудалашылган эле. Пайгамбарыбыз адамдарды мусулман болууга чакыра баштаганда Абу Лахаб душмандык кыла баштады. Уулдары да душмандык кылып, Расулуллахтын кыздарын алуудан баш тартышты. Ушундайча Расулуллахты кыйык абалга түшүргүлөрү келди.

Османга бермекмин 

Ушундан кийин вахий келип, Рукаййа Хазрети Османга никеленди. Рукаййа Бадир согушунан кийин көз жумганда Пайгамбарыбыздын дагы бир кызы Үммү Гүлсүм дагы Хазрети Османга никеленди. Бул жагынан ал Пайгамбарыбыздын эки кызы менен үйлөнүү нематына жеткендиги үчүн эки нурдун ээси деген маанини билдирген «Зиннурейн» деп аталды.

Расулуллах ага биринин артынан бири болуп эки кызын берген. Экинчи кызы көз жумганда:

- Дагы бир кызым болгондо аны да Османга бермекмин, - деп буюрган эле.

Экинчи кызын бергенде Хазрети Османды абдан мактаган эле. Тойдон кийин кызы мындай деди:

- Эй, менин көзүмдүн нуру атакем! Хазрети Османды абдан мактадыңыз. Айтканыңыздай эмес.

Ошондой дегенде Расулуллах кызына мындай деди:

- Эй, менин кызым! Османдан асмандагы периштелер уялышат. Эй, жаным кызым, Османга көп урмат көрсөт. Себеби, Асхабымын арасында ахлагы мага эң көп окшогону ал.

Дагы бир жолу:

- Мен Аллаху тааланын алдында Османдын душмандарынын душманымын, аларга каршымын, - деп буюрду.

Дагы бир жолу:

- Бүткүл пайгамбарлар өмүрлөрүндө бирөө менен сыймыктанышкан. Мен дагы Осман бин Аффан менен сыймыктанам, - деп буюрду.

Расулуллах Хазрети Османга душмандык кылган бир кишинин жаназа намазын окуган эмес.

Ал тууралуу аят түштү

Исламия жайыла баштаганда ар тараптан мусулмандар көбөйүп, Мединага келип жатышты. Пайгамбарыбыздын мечити тар болуп баштаган эле. Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Биздин мечитибизди бир зра кеңейткен адам Жаннатка барат.

Хазрети Осман мындай деди:

- Йа, Расулаллах, мал-мүлкүм сага курман болсун! Мечитти кеңейтүү ишин өз мойнума алам.

Мечитти 40 зра, б.а., 20 метр кеңейтип, бардык чыгашаларын берди. Ошондо «Аллахтын мечиттерин бир гана Аллаха, акырет күнүнө ишенген, намаз окуган, зекет берген жана бир гана Аллахтан корккондор оңдошот. Мына хидаят үстүндө болгондордон экендиктерине ишенилген ошол адамдар» деген маанидеги Тообо сүрөсүнүн 18. аяты түштү.

Хазрети Осман Пайгамбарыбыздын вахий калемчилеринен эле. Мыкты жазуу жазып, мыкты сүйлөчү. Сөзү кубаттуу эле. Курани каримди көп окучу. Жаттоосу өтө бийик даражада эле. Намазда бир рекетте Курани каримди толук окуган төрт кишиден бири – Хазрети Осман. Көп окугандыктан колунда эки мусхаф эскирген.

12 жыл халифалык макамында отурган Хазрети Осман абдан эр жүрөк эле. Эч бир жамандыктын астында майышкан эмес. Ошондуктан, халифалыгы өтө ийгиликтүү өткөн. Өзгөчө халифалыгынын алгачкы жылдары Ислам тарыхынын алтын жылдары болуп калган. Анын доорунда бир канча жерлер мусулмандарга каратылган. Хорасан, Индустан, Маварауннахр, Кавказ, Кипр аралы жана Түндүк Африканын бир нече жерлери анын доорунда Ислам жерлерине кошулган.

Расулуллах алейхиссалам кабар берди

Хазрети Осман ар кимге өзүнө ылайык милдет тапшырчу. Ал дайындаган акимдер аскерликте жана мамлекеттерди каратууда эң тандалма адамдар эле. Ислам мамлекети батышта Испания, чыгышта Кабул жана Балхка чейин кеңейди.

Бир күнү Расулуллах алейхиссалам Асхаы кирамга пайда боло турчу фитналар тууралуу айтып берип жаткан эле. Ошол маалда өзүн чүмкөгөн бир киши өтүп бара жаткан эле. Пайгамбар алейхиссалам мындай деди:

- Ошол фитна күнү бул киши хидаят ичинде болот.

Туруп ал кишини карашты. Ал Осман бир Аффан эле. Ал кишини Пайгамбарыбызга көрсөтүп мындай дешти:

- Йа, Расулаллах! Бул кишиби?

Расулуллах:

- Ооба – деди.

Дагы ошол тууралуу Хазрети Айша Сыддыкадан риваят кылынган хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Эй, Осман! Аллаху таала сага хилафат деген бир көйнөк кийгизет. Эгер мунафыктар аны чечкилери келсе мага жеткенге чейин аны чечпе!»

Бул хадиси шарифтен улам Хазрети Осман курчалган кезде халифалыктан баш тарткан эмес.

Халифалыгы маалында адилеттик менен иш кылууга өтө дыкат мамиле кылчу эле. Бир күнү бир жаш жигиттин кулагынан кармап чойду. Жаш жигиттин кулагы ооруп мындай деди:

«Мырзам, ар ким бири-биринен акысын ала турчу кыямат күнүн ойлоңуз.»

Менин кулагымды чой

Бул сөз Хазрети Османга катуу таасир этти. Мындай деди:

- Эй, жигит, сен да менин кулагымды чой, акыларыбызды төлөшөлү. Жаш жигит Хазрети Османдын кулагын чойду. Хазрети Осман:

- Дагы бираз чой, - дегенде жигит мындай деди:

- Сиз кыямат күнүн ойлоп корктуңуз. Мен дагы ошол күнкү эсептен корком.

Хазрети Осман мындай деген:

«Он нерсеге өтө убал болду: Суроо суралбаган аалым, амал кылынбаган илим, кабыл кылынбаган туура пикир, колдонулбага курал, ичинде намаз окулбаган мечит, окулбаган мусхаф, Аллах жолунда таратылбаган мал-оокат, минилбеген унаа, дүнүйөлүктү каалаган кишинин ичиндеги зухд илими, ичинде акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр.»

Хазрети Османдын заманында Ислам дүйнөсү абдан кеңейди. Бүткүл Арабстан, Африканын чоң бөлүгү, Ирак, Индустан, Кытай, Бухара, Түркстан, Иран Ислам башкаруусуна кирди. Ислам байрагы Стамбул чептеринин астына чейин алып барылды.

Каратылган жерлердеги эл кубануу менен мусулман болуп жатты. Ушундайча мусулмандардын саны миллиондорго жетти. Мусулмандардын мынчалык көбөйүүсү ар улуттан адамдардын болуусунан улам ар кандай бүлүктөр да чыга баштады. Мунафыктар мусулмандар арасына фитна уругун себе башташты.

Ибни Саба кылып жатты

Яхудилер жана калган Ислам душмандары мусулмандарды бири-бири менен уруштуруу үчүн биргеликте күнү-түнү аракет кылып жатышты. Булардын башчысы Йемендик яхуди Абдуллах бин Саба деген адам эле.

Мысырда фитначы адамдарды өз тегерегине жыйнады. Өзү курган уюм аркылуу жахил, ээнбаш Мысыр кыбтилерин дүнүйөлүк нерселерди убадалап, ээнбашчыл каракчылык тобун түздү.

Он үч миң кишилик бул ээнбаштардын тобу Мединага чейин барып, Халифаны түшүрүүнү каалашты. Хазрети Османдын үйүн курчашты. Хазрети Хасан, Хазрети Хусейин, Хазрети Талха Хазрети Османдын эшигин күзөт кылып турушту.

Хазрети Осман үйүн курчап алган көтөрүлүшчүлөргө үн катып, мындай деди:

- Силерди жетектеген кишилерден эки киши менин жаныма келсин!

Эки киши келгенде алардан сурады:

- Расулуллах алейхиссалам Мединага келгенде мусулмандар суусуздуктан кырылып жатышкан эле. Пайгамбарыбыз Руме кудугун сатып алып мусулмандарга бекер суу берген адамга Жаннатты убада кылды. Бул убададан кийин кудукту сатып алып, мусулмандардфн кызматына тартуулаган (вакф кылган) мен эмесминби?

- Ооба, сен болчусуң.

Мечит тар болгондо Расули акрам алейхиссалам: «Жаннатта андан да кайырлуусун алуу үчүн баланчанын жерин ким алып мечитке кошот», - деп буюрганда аны сатып алып мечитке кошкон мен эмесминби?

- Ооба, сенсиң.

- Расули акрам Абу Бакр, Омар жана мен Сабир тоосунда отурганда тоо силкине баштаганда: «Эй, Сабир тоосу, токто! Себеби, сенин үстүңдө бир Пайгамбар, бир сыддык жана эки шейиттен башка эч ким жок!» - деп буюрган эмеспи?

- Валлахи, туура айтасың. Дал ошондой болгон.

Фитнадан сакта

Хазрети Осман «Аллаху акбар» деп такбир келтирип, кийин:

- Күбө болгула, мен шейитмин, - деп буюрду.

Бул учурда көтөрүлүшчүлөр дубалдан секирип ичке киришти. Хазрети Осман Курани карим окуп отурганда кол салып шейит кылышты. Акыркы демин чыгарып жатканда мындай деп дуба кылды:

- Йа, Рабби, Үммөтү Мухаммедди араздашуудан, фитнадан корго!

Муну үч жолу кайталады.

Асхабы кирамдын улууларынан Абдуллах бин Салам хазреттери минтип баяндаган:

- Курчоо учурунда Хазрети Османдын жанына бардым. Мага муну айтты: «Бул түнү түшүмдө мына бул терезеден Расули акрамды көрдүм. Ортобузда минтип сүйлөштүк:

- Осман, сени курчап алышты, ошондойбу?

- Ооба, йа, Расулаллах!

- Сени суусуз калтырышты, ошондойбу?

- Ооба, йа, Расулаллах!»

Ифтарды биз менен кыл

Андан кийин Расулуллах алейхиссалам мага бир чөйчөк суу берди. Мен болсо бул сууну ичтим. Көкүрөгүмдө суунун муздактыгын али сезип турам. Мага мындай деп буюрду:

- Кааласаң сени алардын үстүндө жеңишке жеткирели, кааласаң ифтарды биздин жаныбызда кыл!

- Йа, Расулаллах, мен сиздин жаныңызда ифтар кылууну тандаймын.»

Абдуллах бин Салам хазреттери Хазрети Османдын жанынан чыккандан кийин көтөрүлүшчүлөргө мындай деди:

- Тарыхта өлтүрүлгөн ар пайгамбар үчүн жетимиш миң аскер өлтүрүлгөн. Өлтүрүлгөн ар халифа үчүн он беш миң киши өлтүрүлгөн. Келгиле, бул иштен баш тарткыла! Болбосо акыретте мунун жазасын өтө катуу тартасыңар! Анын үстүнө Хазрети Османдын үстүбүздө көп акысы бар.

Бирок, көтөрүлүшчүлөр анын сөзүн тыңдашкан жок, бул аз келгенсин ага да акарат келтиришти.

- Көңүлүмө анын сүйүүсү түшүүсүн каалайм. Эгер өлсө көрсөтө турчу сабыр жана кайгыдан улам ала турчу сооп дагы да чоң болот.

Бирге жети жүз бергенге бердик

Бир жолу Мединада каатчылык болду. Ошол учурда Хазрети Османдын Шамдан жүз төө жүгү менен кербени келген эле. Асхабы кирам сатып алуу үчүн жанына барышты. Хазрети Осман мындай деди:

- Силерден да жакшыраак ачуучум бар жана силерден да көп берчү бирөө бар, ошого берем.

Асхабы кирам жагдайды Хазрети Абу Бакрга айтып мындай дешти:

- Каатчылык маалында мындай кылуусу туурабы?

Хазрети Абу Бакр мындай деди:

- Хазрети Осман Расулуллахтын күйөө баласы болуу менен кадырлуу болду жана Жанната анын досу. Силер анын сөзүн туура эмес түшүндүңөр, келгиле жанына баралы.

Хазрети Абу Бакр Хазрети Османдын жанына барып жагдайды түшүндүрүп мындай деди:

- Йа, Осман, Асхабы кирам сенин бир сөзүңө капа болушуптур.

Хазрети Осман мына бул жоопту берди:

- Ооба, эй, Расулуллахтын халифасын, алардан жакшы алуучу болгон бирөө бирге жети жүз берүүдө. Алар болсо бирге жети беришүүдө. Биз болсо бул буудайды бирге жети жүз берип алганга бердик.

Мындан кийин жүз төө жүгү болгон буудайды Мадинадагы кедейлерге, Асхабы кирамга бекер таратты. Жүз төөнү дагы сойдуруп кедейлерге жедирди. Хазрети Абу Бакр бул ишке өтө кубанып, Хазрети Османдын маңдайынан өптү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш