Хазрети Али


Хазрети Али "радыяллаху анх" – Аллахтын арстаны, Расулуллахтын күйөө баласы жана аталаш агасы Абу Талибдин уулу. Ислам халифаларынын жана Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он адамдын төртүнчүсү. Ахли бейттин биринчиси. Хижраттан 23 жыл мурда Меккеде туулган. Он жашында ыйман келтирген. Бардык согуштарда эрдик көрсөткөн. Бир гана Ухуд согушунда он алты жеринен жаракат алган эле. 35-жылы Зулхижжа айында халифа болгон. Х. 40-жылы (м.660) 17-Рамазанда Жума күнү таңкы намазга бара жатканда Абдуррахман ибн Мулжам деген харижит сектасынын мүчөсү тарабынан кылыч менен маңдайына урулуп, шейит кылынган. Куфада, б.а., азыр Нажаф деп аталган шаарда жерге коюлган. Буудай өңдүү, узун бойлуу, жылуу жүздүү чоң кара көздүү, кең денелүү, келбеттүү киши эле. Соңку убакыттарда чачы менен сакалы аппак куу болуп агарып кеткен эле. Олуялардын улуусу, олуялык жолунун жол башчысы. Бардык тарикаттарда олуялыктын марифаты жана фейзи, б.а., руханий илими Хазрети Алиден келет.

Анын халифалыгы доорунда баш көтөргөн бүлүкчүлөр менен күрөшкөндүктөн тынчтык таба алган эмес. Өкмөт башкаруусунда Хазрети Омардын жолун карманган. Ар бир иштин ишенимдүү жана тууралык сызыгында орундалуусуна аракет кылып, элге мээримдүүлүк көрсөтчү. Ар тарапта аскердик борборлорду уюштурган.

Ал тууралуу бир канча аяти карима түшүп, көптөгөн хадиси шариф менен макталган. Ахли сүннөттүн көз кареги, олуянын башчысы, кереметтердин казынасы. Адилеттик, илим, жоомарттык, мээрим жана калган бийик пазилеттер анда жыйналган. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Алини жоомарттардын султаны деген маанини билдирген Султан-уль-асхия деп атаган.

Буудай түстүү, орто бойлуу, кең көкүрөк, күлүмсүрөгөн жүзү бар, чоң кара көздүү, кең далылуу, сөөктүү жана коюу сакалдуу көрүнүшкө ээ болгон Хазрети Али илим жана амал жагынан эң бийик даражада эле. Аллахтан коркуудан улам дайым ыйлачу эле. Намазга турганда жер астын-үстүн болсо да кабары болчу эмес эле.

Хазрети Алинин Хазрети Фатимадан Хасан, Хусейин жана Мухсин аттуу 3 эркек, Зейнеп жана Үммү Гүлсүм аттуу эки кыз перзенти болгон. Хазрети Фатимадан кийин үйлөнгөн аялдарынан 15 эркек, 16 кыз перзенти төрөлгөн.

Хазрети Али өтө так, катасыз сүйлөчү эле. Пайгамбарыбыздан кийин анын даражасында так хутба окуй турчу башка киши жок эле. Арап тилинин алгачкы эрежелерин койгон. Бул себептен Курани каримдин тилине баарынан көп билчү эле. Дайыма Пайгамбарыбыздын жанында болуусу жана анын пейиздүү нурларына алгачкы ээ болгондордон болуусунан улам Курандын өкүмдөрүн эң жакшы билген зат эле. Тафсир тууралуу бир канча риваяттарды билдирген. Өзгөчө аяттардын түшүү себептери тууралуу бир канча риваттары бар эле. Бул тууралуу мындай деген:

«Сурагыла, менден эмне сурасаңар жообун берем. Аллахтын китебин менден сурагыла. Валлахи, түнү, күндүзү, талаада, тоодо түшкөнүн мен билбеген бир да аят жок.»

Бул себептерден улам ал тууралуу бир канча риваят айтылып, түшүнүлүүсү кыйын болгон маселелерде анын риваяты тандалган. Хажжы Акбардын курман айт майрамы болгондугу тууралуу риваяты сыяктуу.

Хазрети Али Ахли байттан болуусунан улам Пайгамбарыбыздын сүннөтүн баарынан жакшы билчү. Бул тууралуу баары келип сурап биле турчу эшик эле. Жеке өзү Расулуллах алейхиссаламдан угуп жазган бир хадис бети бар эле. Бул бет Сахифату Али бин Аби Талиб деген аталыш менен 1986-жылы жарыяланган. Өзүнөн 586 хадиси шариф билдирилген. Булардан 20 даанасы Бухариде да, Муслимде да бар. Мындан башка 9 хадиси шариф Бухариде, 15 хадис Муслимде, калган баары Ахмед бин Ханбалдын Муснад аттуу китебинде бар.

Хазрети Али Асхабы кирамдын эң чоң фыкых аалымдарынан эле. Чечилбеген маселелер ага тапшырылчу. Атүгүл, Хазрети Омар да мындай деген:

- Эгер Хазрети Али болбогондо Омар курумак.

Фыкыхка таандык билдирген өкүмдөрү Мавсуату Фыкхы Али бин Аби Талиб деген ат менен жарыяланган.

Хазрети Алинин даанышман сөздөрү бир нече китептерде жыйналган. Булардан Амсалу Имам Али, Гурар-уль-Хикам жана Дурар-уль-Килам аттуу эмгектер басылган. Бул китептердеги сөздөрүндө Хазрети Али мындай деген:

Кечирүү пазидет. Чечкиндүү болуу ээ болунган мал. Чечкинсиз болуу болсо зайи болуу. Тууралык аманат, жалганчылык кыянат. Ынсап рахаттык, жамандык карасанатайлык. Аманатка кыянаттык кылбоо ыймандан, күлүмсүрөгөн жүздүү болуу ихсандан. Тууралык куткарат, жалган жамандыкка жетелейт. Канаат адамды бай кылат, ордунда колдонулбаган байлык кутуртат. Дүнүйө алдайт, шахват алаксытат. Лаззат алаксытат, напсинин арзуулары төмөндөтөт. Көралбастык чарчатат, жек көрүүчүлүк чөгөрөт.

Акылдуу адам - күнөөлөрүн тообо менен жапкан адам. Жоомарт – жамандык кылганга жакшылык менен жооп берген адам.

Илим – жакшы мурас, жалпы немат. Ынсап келишпестикке кетирет, ынтымакты алып келет.

Адилеттик – ыймандык башы, ихсандын бириккен чекити жана ыймандын эң бийик мартабасы.

Аалым – сөзү ишине туура келген адам. Аалым илимге тойбойт.

Хикмат – акылдуулардын бакчасы, эрендердин кыдырчу жери.

Акылдуу адам – шахваттан алыстаган, акыретти дүнүйө менен алмашпаган аадм. Акылдуу бир гана зарыл болгончолук жана далил менен сүйлөйт, бир гана акыретинин оңолуусу үчүн эмгектенет. Акылдуу күнөөлөрдөн сактанат, кемчиликтерден алыс турат. Жоомарттык күнөөлөрдү өчүрөт, көңүлдөргө сүйүү эгет.

Жахил таяк менен оңолбойт, насааттардан пайын албайт.

Илим адамды акылга алып барат, ким илим үйрөнсө акылга келет. Илим рухту жандантат, тирилтет. Акылды жарык кылат, жахилдикти өлтүрөт.

Зулумдук буттардын тайуусуна, нематтын жоголуусуна, элдин куруусуна себеп болот.

Чыныгы момундун сүйүүсү, ачуулануусу, бир нерсени алуусу, кылуусу жана таштоосу баары Аллах үчүн болот.

Камил момун жашыруун шүгүр кылат, балээлерге карата сабыр кылат, үмүт абалында турса да коркот.

Акылдуу адам - ибадат менен нипсинин каалоолоруна каршы турган адам. Жахил адам - күнөө кылып напсинин каалоосуна баш ийген адам.

Аллахка жетүү жаман адамдардан алыс туруу менен болот.

Ачкөз адам толугу менен дүнүйөгө ээ болсо да баары бир кедей.

Тууралык – Исламдын тиреги, ыймандын жардамчысы.

Аллахтын азабынан коркуу – муттакилердин, такыбаа ээлеринин белгиси.

Диндин негизи – аманатты орундоо, сөзүндө туруу.

Көралбас киши дайым оорулуу, сараң киши дайым кедей.

Колко кылган киши жек көрүүчүлүк отун тутантат.

Канаатчыл болуу моюн бүгүү кордугунан да кайырлуу.

Жетилгендик үч нерседе керек: кайгыларга сабыр, каалоолордо чектен ашпоо жана сураганга берүү.

Жумшактык токтолууну тездетет жана оор нерселерди жеңилдетет.

Аалым жахилди дароо тааныйт, себеби, мурда ал да жахил болчу. Жахил аалымды тааныбайт, себеби, ал мурда аалым эмес эле.

Акыл жана илим бири-биринен айрылбаган жана карама-каршы болбогон эки тууган сыяктуу.

Ыйман жана уяттуулук бири-биринен ажырабаган бир бүтүн.

Ыйман жана илим эгиз боордош жана бири-биринен ажырабаган дос сыяктуу.

Ачуу тутантылган бир от сыяктуу. Кимде ким ачуусуна ээ болсо аны өчүрөт жана кимде ким аны коё берсе биринчи болуп күйгөн өзү болот.

Акмактык - дарманы табылбаган бир дарт, шыпаасы жок оору.

Аллах үчүн боордош болгондордун сүйүүсү себеби дайым болгондуктан уланат. Дүнүйө үчүн боордош болгондордун сүйүүсү ортодогу себеби дайым уланбагандыктан кыска болот, бир убагы келгенде ал да токтойт.

Акылдуу адам унчупаган кезде тафаккур кылат, сүйлөгөндө зикир кылат, караганда ибрет алат.

Өзү амал кылбастан Аллах жолуна чакырган киши оку жок жаага окшойт.

Унчукпоо сага айбат берет жана сени кечирим сурап калуу машакатынан куткарат.

Ачкөздүк - гафилдердин көңүлүндө шайтандардын султаны.

Көралбастардын эң жеңили көралбаган кишисинин колундагы жакшылыктарынын жок болуусун тилейт.

Илим адамды Аллахтын буйрук кылган нерселерине алып барат, зухд болсо ошол нерселерге жетүүнү жеңилдетет.

Коркоктук, ачкөздүк жана сараңдык Аллахка карата жаман ой бир  жерге жыйнаган жаман достор.

Мал канчалык сарпталса ошончолук ээсине сыйлык берет. Канчалык сараңдык кылса ошончолук кыянаттык кылат.

Факих ошондой бирөө, адамдарды Аллахтын рахматынан үмүтсүздүккө түшүрбөйт жана аларды Аллахтын рахматынан бет бурдурбайт.

Мал жана балдар - дүнүйө жашоосунун зыйнаты. Салих амал болсо – дүнүйөдөн акыретке алып барылган жемиш.

Аллах үчүн сүйгөн бир боордош – эң жакындан да жакын, эне жана аталардан да мээримдүү.

Амал кылган жахил киши жолдош башка жер менен баскан киши сыяктуу. Бул басуусу ага муктаждыгынан алыстатуудан башка бир нерсе таптырбайт.

Адам сөзү менен тартылат же иши менен бааланат. Сени зыйнат жагынан оор кыла турчу нерсени сүйлө жана бааңды көбөйтө турчу нерсени кыл.

Жалганчы сөзүндө күнөөлүү, кааласа далили кубаттуу жана тили сайраган бирөө болсун.

Кеңешүү сага ырахаттык, башкага чарчагандык.

Дүнүйө момундун зынданы, өлүм белеги, Жаннат болсо бара турчу жери.

Дүнүйө капырдын Жаннаты, өлүм коркунучтуу түшү, Жаханнам болсо бара турчу акыркы мекени.

Аллахка таат менен алектенүү - эң пайдалуу иш, туура сүйлөгөн тил болсо - эң жакшысы.

Каардуулук ар ким үчүн жаман нерсе. Атак-даңк, абыройлуу жана улуу заттар үчүн ого бетер жагымсыз.

Такыбаалык динди оңдойт, напсини коргойт жана марттыкты кооздойт.

Акылдуу адам – төмөн дүнүйөдөн колун тарткан, Жаннати алага көзүн тиккен адам.

Сабыр – эң жакшы мүнөз, илим – эң кадырлуу кооздук.

Көңүлдөрдүн гафилдигине көздөрдүн ойгоо болуусу пайда бербейт.

Кыйынчылыкка түшүүдөн мурда амандыктын алдын алган адам бутун бекем жерге баскан болот.

Сабыр адамдын башына түшкөн нерсеге чыдоосу болуп эсептелет. Аны ачуулантканга карата да өзүнө ээ болуу дегендик.

Коркуу тагдырды өзгөртпөйт, болгону сообунун жок болуусуна себеп болот.

Ачкөздүк ырыскыны көбөйтпөйт.

Табыштуу болгон киши – дүнүйөнү берип акырет менен алмашкан киши.

Сараң адам дүнүйөдө өз напсине жоомарт мамиле кылбайт, бүткүл малын мурасчыларына берүүгө ыраазы болот.

Мал өз ээсин дүнүйөдө көтөрөт, акыретте төмөндөтөт.

Көралбастык дарт жана оору болуу менен бирге көралбастык кылынган киши курумайынча чарасы табылбайт.

Күнөөлөр дарт болуп, дабасы – истигфар.

Сабыр эки бөлүк: Жактырбаган нерсеге сабыр кылуу жана жактырган нерсеге сабыр кылуу.

Сабыр эң жакшы ыйман көйнөгү жана адамдардын эң кадырлуу ахлагы.

Шек, күмөн якинди бузат, ыйман, ыйманды жок кылат.

Марттык – адамдын өзүнө так түшүрө турчу нерселерден качуусу жана сулуулук таптыра турчу нерселерге жакындоосу.

Жоомарттык жана эр жүрөктүк кадырлуу максаттар болуп саналат, Аллаху таала буларды сүйгөн жана сынаган кишилерге ихсан кылат.

Кыйынчылыкка карата сабыр кылуу молчулук маалдагы афияттан да абзал.

Акылдуу адам – жакшылыктарды жанданткан, жамандыктарды өлтүргөн адам.

Тул-м эмел, көп жашоону каалоо шарап сыяктуу, муну көргөн адам суу деп ойлоп алданат.

Жакшылыкты толуктоо – жаңыдан баштоодон да кайырлуу.

Өз напсинен ыраазы болгон адам алданды. Ага ишенген адам менменсинген жана жолунан адашкан.

Чыныгы дос – кемчилигиңди көрүп насаат айткан, аркаңан сени коргогон жана сени өзүнө тандаган адам.

Акмактык – бардык нерсени керексиз сыяктуу жок деп эсептөө жана жахил адамдар менен достук куруу.

Аллах үчүн дос болгон адам - кишиге туура жолду көрсөткөн, күнөөдөн алыстаткан жана ибадаттарыңда жардамчы болгон адам.

Илим малдан да кайырлуу. Илим сени, сен болсо малды коргойсуң.

Пазилет көп мал жана чоң иштер менен эмес жакшы жетилгендик жана кайырлуу иштер менен болот.

Исламият – бул таслимият. Таслимият – бул якин. Якин – бул тактык. Тастык – бул икрар (кайталоо). Икрар – бул ада (орундоо). Ада болсо – бул амал.

Пазилет – эң жакшы мал. Жоомарттык – эң сулуу кооздук. Акыл – эң сулуу зыйнат. Илим – эң кадырлуу сапат.

Адилеттик – элдин тиричилиги менен тартиби, башкаруучулардын кооздугу жана сулуулугу.

Акылдуу адам - тилин жаман сөз жана гыйбаттан сактаган, момун – көңүлүн шек жана күмөндөн тазалаган адам.

Жакшылык менен буюруу – адамдардын эң пазилеттүү амалдары.

Уятттуулук – напсинин коргоочусу жана кектерден тазалоочу.

Сабыр эки бөлүк: балээге сабыр жакшы. Мындан да жакшысы – арамдарга карата сабыр.

Арамдардан тартынуу – акылдуулардын атагы, кадырлуулардын табиятынан.

Аллахтан коркуудан улам көз жаш төгүү көңүлдү нурдантат. Кайра күнөө кылуудан адамды коргойт.

Кылган күнөө бир иш менен мактануу ал күнөөнү кылуудан да жаман.

Арифтин жүзү нур жана күлүмсүрөө менен, көңүлү болсо коркуу жана санаа менен толо.

Дүнүйө – сулуу, алдамчы жана өткүнчү бир шарап, тез жыгылчу бир тирек.

Сүйүү – бул көңүлдөрдүн бири-бирине жакындоосу жана рухтардын боордоштугу.

Жумшактык ачуулануу отун өчүрөт. Катуулук болсо ачуулануу отун күчөтөт.

Момун киши караганда ибрет алат. Бир нерсе берилсе шүгүр кылат. Кайгы жана балээге дуушар болсо сабыр кылат. Сүйлөй турган болсо Аллаху тааланы эстетет.

Акыл – момундун досу, илим – вазири, сабыр – аскерлеринин башчысы жана амал болсо – куралы.

Ыйман менен амал эгиз тууган болуп, бири-биринен ажырабайт.

Көралбастык кылгандын сүйүүсү сөздөрүндө көрүнөт. Кегин иштеринде жашырат. Аты дос, иши болсо душманча.

Жумшак баштуу болгондор – эң сабырдуу, дароо кечирүүчү жана эң жакшы мүнөздүү болгондор.

Аллаху тааладан уялуу адамды Жаханнам азабынан коргойт.

Гафилдик адамга менсинүүчүлүк алып келет, курууга жакындатат.

Момун дүнүйөгө ибрет көзү менен карайт. Зарыл өлчөмдө курсагын тойгузат. Дүнүйө тууралуу сүйлөшүлгөн кезде жек көрүү жана сын кулагы менен угат.

Пазилет – бул күчү жеткенде кечирүү.

Уяттуулук жана жоомарттык – мүнөздөрдүн эң жакшысы.

Жаман адам эң ким тууралуу жакшы ойдо болбойт. Себеби, ал баарын өзүндөй көрөт.

Камил болгон адам – акылы өзүнүн арзуу жана каалоолорун жеңген адам.

Сөз дары сыяктуу. Азы пайдалуу, көбү зыяндуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш