Хазрети Билал Хабаши


Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын муаззини (азанчысы). Сахабалардын улууларынан жана алгач  мусулманчылыкты кабыл кылгандардан. Аты – Билал  бин Рабах Хабабашистандык (Эфиопалык), лакап аты  Абу Абдуллах. Атасынын аты Рабах, энесинин аты  Хамама. Туулган жерлери Хабашистан болгон аталары  Меккеде Бани Жумха уруусунун кулдары болгон. Билал  Хабаши 581-жылы Меккеде туулган. 641-жылы (хижри  20) Шамда кайтыш болгон. Кабыры Шамда Бабуссагирде орун алган. 

Ислам дининин алгачкы жылдарында Билал Хабаши  (радыяллаху анх) Меккеде бир капырдын кулу болгон. Эч  ким жок кезде бутканага кирип, буттардын беттерин  булгап чыгып бара жатканда, буткананын кызматчысы  көрүп калып, мушриктерге айтып барат. Мушриктер  Хазрети Билалды кармап келишип, ысык кумга  жаткырып, колу-бутун байлап, үстүнө таш бастырып  салышат. Мусулманчылыктан кайтканга чейин кыйнай  тургандыктарын айтышат. Ал буга карабастан кыйноолоруна чыдап, «Аллах жалгыз!..Аллах бир!...»  деп дининен кайтпай тургандыгын айтат. 

Хазрети Абу Бакр хазрети Билалдын кожоюнуна  барып, хазрети Билалды сатып алгысы келе тургандыгын айтат. Алар аны сатпай турганын, бир гана  Амир деген хазрети Абу Бакрдын кулуна алмаша  тургандыгын айтышат. Амир капыр кул эле. хазрети Абу  Бакр ага: «Сен мусулман бол, бардык малың менен  бирге боштондукка чыгарайын», - деди. Бирок, Амир  анда да мусулман болгон жок. Хазрети Абу Бакр  капаланып, азат кылган жок. Мушриктердин кылган  сунушун пайдаланып, бардык мал-мүлкү менен бирге  Амирди мушриктерге берип, хазрети Билалды куткарып  алды. Дароо колунан таяп, Пайгамбар алейхиссаламга  алып барып, азат кылганын айтты. Пайгамбар алейхиссалам кубанып, дуба кылды. Ушул окуяга байланыштуу хазрети Абу Бакрды  мактаган «Лейл» сүрөсүнүн он сегизинси аяты каримасы  түштү. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш