Абу Хурайра (радыяллаху анх)


Эң көп хадиси шариф риваят кылган сахаба.

Абу Хурайра хижраттын 7-жылы мусулман болгон. Бала кезинде жакырчылыкта жана кыйынчылыкта жашаган. Мусулман болгондо жашы 30дан ашкан эле. Ал Йемендеги Девс уруусунун көрүнүктүү адамдарынын бири жана белгилүү акын Туфайл бин Амр аркылуу мусулман болгон.

Туфайл бин Амр Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын дубасы жана буйругу менен уруусун Исламга чакырганда биринчилерден болуп Абу Хурайра кабыл алган эле. Ошондон кийин Туфайл бин Амр ыйман келтиргендер менен Йеменден чыгып кетти. Жетимиштен ашык мусулмандар бир топ болуп Мединга келишти. 

Эй, жолчулук түнү! 

Абу Хурайра тезирээк Пайгамбарыбызды көрүүгө, Ага жетүүгө болгон сүйүүсү менен күйүп жатты. Жолчулуктун созулуп кеткенинен улам тажап, чыдамы кетип баратты;

- Эй, жолчулук түнү! Жолдун узундугунан, кыйынчылыгынан тажадым. Бирок, мени күфүр, ишенбөө журтунан куткарган дал ушул жолчулук деген мааниде ырларды айтып жатты.

Кербен Мединага кирип келген учурда Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хайбарды алууга кеткен эле. Абу Хурайра ошол келишин мындайча баяндаган эле:

"Расулуллах алейхиссалам Хайбарда жүргөн учурда Мединага мухажир катары келдим. Багымдат намазын Расулуллах өкүл кылып калтырган Сибаъ бин Урфутанын артында окудум. Биринчи рекетте Мариям сүрөсүн, экинчи рекетинде Мутаффифин сүрөсүн окуду. Намаздан кийин Сибаъ бин Урфутанын алдына бардык. Ал бизге бираз тамак тартуулады.”

Андан соң Мединага келген бул топ түз эле Хайбарга жөнөдү. Алар ал жерге барганда Пайгамбарыбыз Натат чебин алган болуп, Катибе чебин болсо курчоого алган эле. Алар Расули акрамдын алдына барышканда Абу Хурайраны карап:

- Сен кимдерденсиң? – деп сурады.

- Мен Девс уруусунанмын!

- Девстен кимди көргөн болсом анда жакшылык көрдүм.

Андан кийин Абу Хурайра Расулуллах алейхиссаламга биъат кылды. Колун кармап мусафаха кылып, моюн сунганын билдирди.

Абу Хурайра жолдо келе жатканда кулун жоготуп алган эле. Расулуллахтын алдында отурганда кулу келип калды. Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Мына сенин кулуң келди!

Ошондо Абу Хурайра айтты:

- Анын азат экенине күбө болуңуз. Мен аны Аллахтын ыраазылыгы үчүн эркиндикке бошоттум. 

Жакыр бир киши элем 

Хайбар жеңишинен кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абу Хурайрага Хайбарда алынган олжолордон бөлүп берди. Анан кийин Мединага кайтышты. Ошондон кийин Абу Хурайра Йеменге кайтпай, Мединада калды. Күнү-түнү Расулуллах алейхиссаламдын жанынан эч кетпеди. Пайгамбарыбыз кайтыш болгонго чейин ушинтип төрт жыл уланды. Анын жанында Йеменден келген энеси да бар эле. Абу Хурайра мындай деген эле:

- Менин көп хадис риваят кылуумдун себеби мындай: Мен жакыр киши элем. Менин белгилүү жумушум жок болчу. Мен дайыма Пайгамбарыбызга кызмат кылып жаткан элем. Мухажирлер базарда соода-сатык менен, ансарлар болсо өз мал-мүлктөрү менен алек болуп жатышканда, мен Расулуллах алейхиссаламдын жанында болдум. Ошондуктан, мен башкаларга караганда көбүрөөк нерсе уктум. 

Мышыктын атасы 

Абу Хурайра күндөрдүн биринде чепкенинин ичине бир мышыктын баласын салып жүргөн эле. Расулуллах алейхиссалам аны көрүп, мындай деди:

- Бул эмне?

- Мышыктын баласы.

Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага:

- Эй, Аба Хурайра [б.а., эй мышыктын атасы] – деди.

Ошондон кийин Абу Хурайра ушул ысым менен атактуу болуп, анын түпкү аты унутулуп кетти. 

Чепкениңди сун!

Ар дайым Пайгамбарыбыздын жанында болгондуктан көптөгөн хадиси шарифтерди угуп, риваят кылган эле.

Бир күнү Пайгамбарыбызга мындай деген эле:

- Йа, Расулаллах! Сенден уккандарымдын көбүн эсиме сактай албай жатам.

Ошондо Пайгамбарыбыз: "Чепкениңди сун!” – деди. Ал болсо чепкенин сунду. Расулуллах алейхиссалам ага дуба кылды. Эки куттуу колу менен үч жолу бир нерсени чачып жаткандай кылды: "Чепкениңди көкүрөгүңө сүр!” – деп буюрду. Ал болсо сүрдү. Ошентип, Аллаху таала ага ушундай бир эс-тутум тартуулады, ал уккан эч нерсени унуткан жок. Анын өмүрү да узун болду. Көп хадиси шарифтерди риваят кылды.

Абу Хурайра билбеген жана үйрөнгүсү келген нерселердин баарын Пайгамбарыбыздын жеке өзүнөн сурап үйрөнгөн.

Абу Хурайра төрт жыл бою күнү-түнү Расулуллахтын жанында болуп, бардык жумуштарын таштап, Пайгамбарыбыздын айтканын дайыма угуп, жаттап алган эле. Атүгүл, бир нече күн ачка жүрсө да, динди үйрөнүү аракети менен ага чыдаган эле. Буга байланыштуу ал өзүн мындайча баяндаган:

"Бир күнү ачкачылыкка чыдай албай үйүмөн чыгып, мечитке бардым. Бир нече күндөн бери эч нерсе жеген эмес элем. Ал жерге барганда бир топ сахабалар да бар экенин көрдүм. Алардын жанына барганымда мындай дешти:

- Эй, Аба Хурайра, эмнеге бул саатта келдиң?

- Ачкачылык мени бул жакка алып келди.

- Биз дагы ачкачылыкка чыдай албай бул жерге келдик.

Ошондон кийин баарыбыз чогуу Расулуллахтын даргейине бардык. Даргейине барганда, мындай деп буюрду:

- Бул саатта бул жерге келгениңердин себеби эмне?

- Ачкачылык йа, Расулаллах! 

Эмнеге муну да жеген жоксуң? 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир табак хурма алып келип, ар бирибизге экиден хурма берди. Бирин жедим, бирин сактап койдум. Расулуллах менден:

- Эмнеге муну да жеген жоксуң? – деп сурады.

- Энем үчүн бирөөнү алып койдум.

- Аны да же, сага энеңе эки даана дагы беребиз.

Андан кийин энеме дагы эки даана беришти.”

Хазрети Абу Хурайра айтат: "Бир күнү Расулуллах алейхиссаламга чыны менен сүт белекке берилди. Мен ошол күнү абдан ачка элем. Расулуллах алейхиссалам мага:

- Бар, Асхаб-ы Саффаны чакырып кел! – деп буюрду. 

Сен дагы ич! 

Чакырып келүүгө бардым. Бара жатканда "Бул сүттүн бардыгы араң мага жетет” деген ой келди. Асхаб-ы Соффаны чакырдым, жүздөй киши бар эле. Расулуллах алейхиссаламдын буйругуна ылайык, ошол сүт кесени алып, ар бирине бөлөк-бөлөк бердим. Бардыгы тойгончо ичти. Расулуллахтын мужизасы катары сүт эч азайган эмес эле. Андан кийин Расулуллах алейхиссалам:

- Мени менен сен калдык, сен дагы ич! – деп буюрду.

Мен дагы кичине ичтим. Кайра: "Ич!” – деп буюрду. Кайра ичтим. Ичкен сайын: "Ич”, - деп буюрду. Ушунчалык ичип, тойгондуктан башка эч иче албай калдым. Андан кийин чыныны алып, Расулуллах алейхиссалам да ичти.”

Хазрети Абу Хурайра мусулман болгондон кийин энесинин да мусулман болушун катуу каалап, бул үчүн абдан аракет кылып жаткан эле. Бирок, эч ийгиликке жетише албай жаткан эле. Буга байланыштуу ал мындай деп баяндаган эле:

"Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын даргейине барып:

- Йа, Расулаллах! Энемди Исламга чакырып жатам. Бирок, ал эч кабыл албай жатат. Бүгүн дагы мусулман болуусун айттым. Мага жагымсыз сөздөр менен жооп берди, кабыл алган жок. Анын хидаятка жетиши үчүн дуба кылсаңыз, - дедим.

Ошондо Расулуллах алейхиссалам: "Аллахым, Абу Хурайранын энесине хидаят бере көр”, - деп дуба кылды. Дубаны алганымда сүйүнүп үйгө бардым. Үйгө барганымда энем: "Эй, Аба Хурайра, мен мусулман болдум”, - деди. Калима-и шахадат айтты. Мен сүйүнгөнүмөн ордумда тура албай жаттым. Кайра Расулуллахтын даргейине чуркадым. Сүйүнгөнүмөн ыйлап, энемдин мусулман болгонун сүйүнчүлөдүм.

- Йа, Расулаллах! Энемди жана мени момундардын сүйүүсү үчүн, биздин да мусулмандарды сүйүүбүз үчүн дуба кылсаңыз, - дедим.

Расулуллах алейхиссалам: "Аллахым, ушул пендеңди жана энесин момун пенделериңе, момундарды да аларга сүйгүзө көр”, - деп дуба кылды. Эми мени тааныган жана көргөн ар бир момун сүйдү.” 

Акырет азыгы 

Хазрети Абу Хурайра Пайгамбарыбыздан жеке өзүнөн үйрөнгөн дин маалыматтарын, уккан хадиси шарифтерди жана Ислам дининин жайылуусунда өтө чоң кызмат аткарган. Ар Жума күнү намаздан мурда хадиси шариф сабактарын берчү. Хадиси шариф үйрөнүү үчүн келгендер анын айланасында жыйналчу. Анын сабак жыйыны өтө кеңири болуп, көптөгөн кишилер андан илим үйрөнүп, илимде көтөрүлүп, кызмат аткарышкан.

Ал ибадаттарда өтө этияттык менен кыймылдачу. Дайыма даарат менен жүрчү жана: "Расулуллах: "Даараттуу болгон дене-мүчөсүнө Тозоктун оту тийбейт”, - деп буюрду”, - дечү.

Хазрети Абу Хурайра өлүмү жакындаганда ыйлаган эле. Себеби суралганда:

- Акырет азыгынын аздыгынан жана жолчулуктун кыйындыгынан улам, - деп жооп берген эле.

Шакйа Эсхахи мындай деп риваят кылган: "Бир жолу Мединага Абу Хурайраны зыярат кылуу үчүн келдим эле. Абу Хурайра Расулуллахтын Кыямат күнү жөнүндө бир хадиси шарифин риваят кылып жатканда, капысынан кыйкырып, эсинен танды. Бираздан кийин эсине келгенде эмне үчүн мындай кылганын сурадым. Ал мындай деди:

- Кыямат күнү тууралуу Расулуллах алейхиссалам мындай деп буюрган эле:

"Кыямат күнү - Аллаху таала адамдарды эсепке тарта турган күн. Курани каримге жана Анын буйруктарына моюн сунгандар кабыл алынып, моюн сунбагандарга жаза берилет. Курани каримди билип окуган, үйрөнүп-үйрөнгөндөрдөн амал кылбагандардын жагдайына өкүнүчтөр болсун!...” 

Мага насип кыл 

Курани каримде адамдарга буйруктар бар. Кедейди коргоо, садака берүү, туугандарды зыярат кылуу... Булардын баарын орундоо керек. Мына ошондуктан кыямат күнүнөн корком.”

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө, 678-жылы ооруп калды. Анын оорусун уккандар зыяратка келгенде калың эл чогулду. Бул оору учурунда ал: "Аллахым, мен сага жетүүнү жакшы көрөм. Муну мага насип кыл”, - деген эле.

Абу Хурайра мындай деп айтат:

Бирөө Расулуллах алейхиссаламга келип:

- Эй, Аллахтын Расулу, кимге жакшылык кылайын? – деп сурады.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

Энеңе, - деди.

- Андан кийин кимге?

Энеңе.                                                                                                                                         

- Андан кийин кимге?

Энеңе.

Тигил киши кайра: "Андан кийин кимге?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ошондо: "Атаңа”, - деп буюрду. 

Бирөө Абу Хурайрага:

- Мен илим үйрөнгүм келет. Бирок, кийин аны жоготуп аламбы деп корком, - деди. Ошондо Абу Хурайра:

- Негизи илимди жоготуу – ушул ой менен аны үйрөнбөө, - деп жооп берди.

Досторумду сүйдүңбү? 

Абу Хурайра мындай деди:

- Курани карим окулган үйгө береке, жакшылык келет. Ал жерге периштелер чогулат. Ал жерден шайтандар качат. Кыямат күнү пенде Аллаху тааланын алдына алынып келгенде, Аллау таала ага мындай дейт:

- Эй, кулум, сен мен үчүн досторумду сүйдүңбү? Натыйжада мен дагы сени ошол досторум үчүн сүйөйүн. 

Абу Хурайра мындай деди:

Расулуллахтан уктум. Мындай деп буюрган эле:

"Аллаху таала сулуу. Мыкты кылынган ибадаттарды гана кабыл алат. Аллаху таала пайгамбарларына буйрук кылган нерселерди момундарга да буйрук кылды жана мындай деп буюрду: "Эй, пайгамбарларым! Адалдан жегиле, салих жана жакшы иштерди жасагыла!” Момундарга да мындай деп буюрду: "Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскылардан адал болгондорду жегиле!” 

Абу Хурайра мындай деди:

Кыямат күнү Аллаху тааланын алдында кадырлуулар – вараа жана зухд ээлери. Алтымыш жыл бардык намаздарын окуп, бирок, бир да намазы кабыл болбогон адам – руку жана саждаларын толук кылбаган адам. 

 Кутман сахабалардан бир зат Зейд бин Сабитке келип, андан бир маселе тууралуу сурады. Ал болсо Абу Хурайрага баруусун айтты жана сөзүн улантып мындай деди:

- Анткени, күндөрдүн биринде Абу Хурайра жана башка бир сахаба Мечитте отурган элек. Дуба жана зикир менен алек болчубуз. Ошол учурда Расулуллах алейхиссалам келип, жаныбызга отурду.

- Ар бириңер Аллахтан бир нерсе тилегиле! – деп буюрду. 

Мен күчтүү эс-тутум каалайм 

Мен жана досум Абу Хурайрадан мурун дуба кылдык. Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо биздин дубабызга "омин” деп турду. Кезек Абу Хурайрага келди. Ал болсо мындай деп дуба кылды:

Аллахым, мен сенден эки досумдун тилектерин жана күчтүү эс-тутум тилеймин.

Расулуллах алейхиссалам бул дубага да "омин” деди. Биз дагы:

- Эй, Аллахтын Расулу, биз да Аллахтан күчтүү эс-тутум сурайбыз, - дедик.

Ошондо Расулуллах алейхиссалам:

- Девстик жигит силерден мурун кыймылдады. 

Абу Хурайранын кандайдыр бир хадисте жаңылганы көрүлгөн эмес. Мединанын валиси Марван бин Хакем аны даргейине чакырып, көптөгөн хадиси шарифтерди сурады. Аны бир жерге жазып койду. Бир жылдан кийин ал хадистерди Абу Хурайрадан сураганда, хадистерди ошол бойдон, бир да кемчиликсиз айтып берди. 

Абу Хурайра бир күнү Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан:

- Кыямат күнү шапаатка жете тургандар кимдер йа, Расулаллах? – деп сурады.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

Эй, Абу Хурайра! Сенин хадиске абдан ынтызар экениңди билгендиктен, сенден мурун мага бул суроону эч ким бербестигин билчү элем. Кыямат күнү менин шапаатыма жете турган адам – чын жүрөктөн "Ла илаха иллаллах” деген адам болот.

Хазрети Абу Хурайра шакирттерине хадис риваят кылып жатканда "Кимде-ким билип туруп мага жалган нерсени жүктөсө, Тозоктогу ордун даярдай берсин” деген хадисти окучу жана хадис накыл кыла баштачу.

Расулуллах алейхиссалам күндөрдүн биринде кутман сахабалардан:

Силерге бир канча сөз үйрөтөйүнбү? Араңарда аны менен амал кыла турган жана үйрөнө турган киши ким? – деп сурады. 

Аз болсо да ыраазы бол             

Абу Хурайра жооп берди:

- Ал менмин йа, Расулаллах.

Расулуллах алейхиссалам анын колунан кармап, мындай деп буюрду:

Аллаху таала арам кылган, тыюу салган нерселерден сактан. Ошондо адамдардын эң абиди, эң көп ибадат кылганы болосуң!

Аллаху таала сага берген нерсеге, канчалык аз болсо дагы, ыраазы бол. Ошондо Аллаху таала көңүл байлыгы берген адамдарды эң байы болосуң! Кошунаңа жүрөгүңөн жана иш жүзүндө ихсан жана жардам бер. Ошондо кемел момун болосуң! Өз напсиң үчүн эмнени жакшы көрсөң, бардыгы үчүн ошону жакшы көр. Ошондо кемел мусулман болосуң!

 Хазрети Абу Хурайранын төрт уулу жана бир кызы болгон. Кызы табииндин улууларынан Саид бин Мусайибге турмушка чыккан эле. Уулдары дагы аз да болсо хадис айтуу менен алек болушкан эле. Абу Хурайра ошол эле учурда Хазрети Османга бажа да болгон эле. 

Абу Хурайра мындай дейт: "Бир казатта ачка калдык элек. Расулуллах алейхиссалам менден:

- Бир нерселериң барбы? – деп сурады.

- Ооба йа, Расулаллах! Баштыгымда кичине хурма бар.

- Аны мага алып кел! 

Аны азык-түлүк баштыгыңа сал! 

Алып келдим. Куттуу колун баштыгыма салды жана бир ууч хурма алып, жерге салган сүлгүнүн үстүнө койду жана береке үчүн дуба кылды. Ошол жердеги кутман сахабалар келип, андан жеп тоюшту. Аягында мага:

- Эй, Аба Хурайра! Сен дагы бул сүлгүдөгү хурмадан бир ууч алып, азык-түлүк баштыгыңа сал! – деди.

Бир ууч алып баштыгыма салдым. Бул хурмалар баштыгымда эч качан түгөнгөн жок. Расулуллахтын көзү тирүүсүндө жана андан кийин Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар жана Хазрети Османдын халифалык доорунда да жедим, башкаларга да бердим. Баары бир түгөнгөн жок.

Осман Зиннурейн халифа болуп турганда шейит кылынды. Ошондо азык-түлүк баштыгым уурдалды.” 

Абу Хурайра Мединага вали болуп турганда бир боо отун көтөрүп бара жаткан эле. Мухаммед бин Зийад аны таанып, жанындагыларга:

Жол бергиле, эмир келе жатат! – деди.

Жаштар валинин ушундай карапайымдыгына таң калышты. Абу Хурайра аларга мындай деди:

"Мурдагы үммөттөрдө текебер бир киши этектерин жерге сүйрөп басчу. Аллахтын кайратына тийип, аны жер жутуп кетти.”

"Эшек минүү, жүн кийим кийүү жана койдун сүтүн сааш – текеберсиздиктин белгилери.” 

Абу Хурайра мындай деп баяндайт: "Расулуллах алейхиссалам менен отурган элек. Арабыздан бир киши ордунан туруп кетип калды. Ошондо:

Йа, Расулаллах! Ал балким ооруп калып кеткен чыгаар.

Расулуллах алейхиссалам:

- Досуңарды гыйбат кылдыңар, этин жедиңер, - деп буюрду. 

Сен жакшыраак билесиң 

Абу Хурайра айтат:

Расулуллах алейхиссаламга бирөө келип:

Бир алтыным бар, эмне кылайын? – деди.

- Ага өзүң муктаж болгон нерселерди ал!

Дагы бир алтыным бар.

- Ага болсо балаңа зарыл болгон нерселерди ал!

Дагы бирөө бар.

- Аны болсо үй-бүлөң муктаж болгон нерселерге сарпта!

Дагы бир алтыным бар.

- Кызматчыңдын муктаждыктарына колдон!

Дагы бирөө бар.

- Аны колдоно турган жерди сен жакшыраак билесиң! 

Дагы Абу Хурайра хазреттери кабарлаган хадиси шарифте:

"Мусулмандар бири-биринен ажырап, ыдырай турган мезгил келет. Алар дининин буйруктарын таштап, өз ойлорун жана көз караштарын ээрчишет. Курани каримди мизмарлардан, башкача айтканда, аспаптардан ыр сыяктуу окушат. Аллах үчүн эмес, ырахаттануу үчүн окушат. Минтип окугандарга жана уккандарга бир да сооп берилбейт. Аллаху таала аларга наалат айтат. Азап берет!” – деп айтылды. 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абу Хурайрага бат-бат насаат кылып, мындай деп буюрчу:

- Эй, Аба Хурайра! Мени менен Арштын көлөкөсүндө болууну кааласаң, күнүнө жүз жолу салават-и шариф оку! Эгер махшарда менин көлмөмдөн ичүүнү кааласаң, момун бир тууганыңа үч күндөн ашык таарынба!

- Эй, Абу Хурайра! Момундардын улуусу – менден кийин ушундай бир адам болуп, Аллаху таала ага мал-мүлк берет. Ал болсо жашыруун жана ашкере Хак жолунда сарптайт жана кылган жакшылыктарын эч кимге колко кылбайт. 

Орозо мен үчүн 

- Эй, Аба Хурайра! Орозо кармаган кезиңде орозоңду эрте ач! Башкача айтканда, кеч болуп калганы билингенде, дароо ифтар кыл! Үммөтүмдүн эң жакшысы – ифтарга шашат жана сахур тамагын кеч жейт. Анткени, сахурда көп ырайым жана береке бар.

Эгер менин үммөтүм Рамазани шариф айынын орозосун толук жана жакшы кармаса Аллаху таала хазреттери Айт түнүндө бере турган соопту, немат жана ихсанды өзүнүн затынан башка эч ким билбейт. Хак таала хазреттери улуулугу менен: "Орозо менин ыраазылыгым үчүн жана бере турган соопту да мен өзүм билем”, - дейт.

- Эй, Аба Хурайра! Аллахтан башка эч нерседен үмүт кылба! Аллахка тобокел кыл! Эгер кандайдыр бир каалооң болсо, Аллаху тааладан сура! Аллаху тааланын илахи адаты мындай болду: бардык нерсени бир себеп менен жаратат. Бир иш үчүн анын себебине жабышып, андан соң Аллаху тааланын аны жаратуусун күтүү керек. Тобокел болсо мына ушул.

- Эй, Аба Хурайра! Адашкан адамга туура жолду көрсөт, жахилге илим үйрөт. Ошондо сага шейиттик даражасы берилет.

- Эй, Аба Хурайра! Кимде-ким бул дубаны күнүнө жыйырма беш жолу окуса, Аллаху таала ал адамды абиддердин тобунан деп жазат. Дуба: "Аллахуммагфир ли ва ли-валидаййа ва ли-устазийа ва лил муминине вал муминат вал муслимина вал муслимат ал ахйа-и минхум вал эмват би-рахматика йа архамаррахимин.” 

Абу Хурайра мындай деди:

Казаттардын биринде Расулуллах алейхиссаламга капырлардын жок болушу үчүн дуба кылуусун айттык.

Мен каргыш айтуу үчүн, адамдардын азап тартуусу үчүн жиберилген эмесмин. Мен баарына жакшылык кылуу үчүн, адамдардын хузурга жетүүсү үчүн жиберилдим, - деп буюрду жана Анбия сүрөсүнүн "Сени ааламдарга ырайым, жакшылык үчүн жибердик” деген маанидеги 107-аятты окуду. 

Аны сактаймын 

Абу Хурайра хазреттери ибадаттарына катуу көңүл бурчу. Парз ибадаттардан кийин напил ибадаттарды да улантчу. Сөзсүз түнкү намазды да окучу. Мындай деди:

Расулуллахтан уктум. Мындай деп буюрду:

"Аллаху таала: "Пендем парздарды орундоо аркылуу мага жакындаган сыяктуу башка нерсе менен жакындай албайт. Пендем нафил ибадаттарды кылганда, аны өтө жакшы көрөм. Ушунчалык болот, мен аркылуу угат, мен аркылуу көрөт, мен аркылуу бардык нерсени кармайт, мен аркылуу басат. Менден эмнени тилесе берем. Мага сыйынганда аны сактайм”, - деп буюрду.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш