Талха бин Убайдуллах


Алгач мусулман болгондордун бири.

Хазрети Талха бин Убайдуллах - Расулуллах алейхиссаламдын "Талха менен Зубайр Бейиште менин коңшуларым” хадиси шарифи менен макталган сахаба.

Хазрети Талха соода менен алектенгендиктен тез-тез Меккеден чыгып, башка жерлерге барчу. Ушундай сапарлардын биринде ал Шамдын жанындагы Бусра шаарындагы жарманкеге келген эле. Бул жерде бир поп:

- Жарманкеге келгендерден сурагылачы, алардын арасында Меккеден келгендер барбы? - деди. Талха бин Убайдуллах:

- Ооба, мен Меккеденмин, - деди.

- Ахмед чыктыбы?

- Ахмед деген ким?

- Абдуллах бин Абдулмутталибдин уулу. Ал жер - Ал чыга турган шаар. Ал - пайгамбарлардын акыркысы. Анын өзү Харем-и шарифтен куулат, курмазар, таштак жана какыраган бир жерге хижрат кылат. 

Кандайдыр бир окуя орун алдыбы? 

Поптун бул сөздөрү Хазрети Талханын жүрөгүнө таасир этти. Меккеге шашылыш келди да:

- Кандайдыр бир окуя орун алдыбы? – деп сурады.

- Ооба, орун алды. Абдуллахты уулу Мухаммед-ул-эмин пайгамбарлыгын жарыялады. Абу Бакр дагы аны ээрчиди, - дешти.

Ошондо түз эле Хазрети Абу Бакрга барды. Андан:

- Сен Мухаммед алейхиссаламга моюн сундуңбу? – деп сурады.

Хазрети Абу Бакр:

- Ооба, моюн сундум. Сен дагы дароо ага бар, алдына кирип, ага моюн сун! Анткени, Ал Хак жана акыйкатка чакырууда, - деди.

Ошондо Талха бин Убайдуллах поптун айткандарын айтып берди. Андан соң чогуу Расулуллахка барып, мусулман болду. Поптун сөздөрүн Пайгамбарыбыз алейхиссаламга да айтып берди. Расулуллах алейхиссалам күлүмсүрөдү.

Талха бин Убайдуллах мусулман болгондон кийин Меккелик мушриктер, анын ичинде эң жакын туугандары да аны көп кыйнашты. Ал үйүндө камалгандай эле ачка жана суусуз калтырылды. Бир тууганы Осман да ал аркылуу ыймандуу болуп, ал да бул кыйноолорго дуушар болгон эле. Айрыкча алар намаз окуй турган кезде башынан өткөргөн кыйынчылыктар, көргөн кыйноолор чыдагыс түрдөн эле.

Навфал бин Хувайлид бин Адавиййа адамдары менен чогуу Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Талханы кармап, арканга байлап, кыйноого алышты. Тайм уулдары да аларга жардам берген жок. Бул окуядан улам Абу Бакр менен Талха каринан (бири-бирине өтө жакын) деп аталды. 

Динимен кайтпайм

 Хазрети Масуд бин Хираш көргөн бир окуяны мындайча накыл кылат:

Сафа менен Марванын ортосунда жүргөн элем. Колдору мойнуна байланган, артынан калың эл ээрчип келе жаткан бир жигитти көрдүм. Айланасындагылардан:

- Бул ким? Эмне кылмыш жасаганы үчүн минтип байлап койдуңар? – деп сурадым.

- Бул Талха бин Убайдуллах. Ата-бабаларынын жолунан адашты.

- Анда ал аял ким?

- Анын энеси Саъба бинти Хадрами.

Талха бин Убайдуллах бул акылга сыйгыс кыйынчылыктарга чыдап жаткан эле:

- Мени өлтүрсөңөр да эч качан динимен кайтпайм, - деп айтып жаткан эле.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакр менен Медина-и мунавварага хижрат кылганда Хазрети Талха соода үчүн Шамга кеткен болуп, кайра кайтып келе жатканда Мединага кирген эле. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды ал жерде экенин билгенден кийин кербендеги мал-мүлктөрдөн баш тартып, Мединада калды. Үй-бүлөсүн дагы алып келип, мухажирлерден болду.

 Ухуд согушу

Ухудда кутман сахабалар Пайгамбарыбыздын тегерегине чогулуп, жандарын калкан кылып, Аны коргоого аракет кылып жатышкан эле. Хазрети Талха бин Убайдуллах да алардын арасында болуп, Расулуллахтын жанынан кеткен эмес эле.

Ухудда мусулмандар бир ара түшүнбөөчүлүк болуп тарап кетишкенде сүйүктүү Пайгамбарыбыз:

- Эй, Аллахтын пенделери, алдыма келгиле! Эй, Аллахтын пенделери, алдыма келгиле! – дегенде отуз гана сахаба келе алган эле жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам мушриктер тарабынан толук курчап алынган эле.

Мушриктер кыйла жакындап калганда Пайгамбарыбыз:

- Аларды ким тосуп алат, ким токтотот? – деди.

Баарынан мурун...

Талха бин Убайдуллах хазреттери:

- Мен, йа, Расулаллах! – деп алдыга кадам таштагысы келди.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Сендей дагы ким бар? – деди. Мединалык сахабалардын бири:

- Йа, Расулаллах! Мен! – деп уруксат сурады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз:

- Кана, сен тоосуп ал! – дегенде, Мадиналык сахаба алдыга секирип, мушриктерге кол салды. Ал болуп көрбөгөндөй баатырдык көрсөттү. Бир нече ыймансызды өлтүргөндөн кийин шейиттик шербетин ичти.

Расулуллах алейхиссалам дагы:

- Аларды ким тосуп алат, ким токтотот? – деди.

Баарынан мурун дагы Талха хазреттери:

- Мен, йа, Расулаллах! – деп алга кадам таштады.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Сендей дагы ким бар? – деп сураганда, ансар сахабалардан бир зат:

- Мен тосуп алам йа, Расулаллах! – деди.

- Кана, аларды сен тосуп ал!

Ал дагы мушриктер менен көпкө чабышып, шейит болду.

Мына ушинтип Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ошол учурда жанында болгон бардык сахабалар көпкө салгылашып шейит болушту. Ааламдардын Султаны алейхиссаламдын ошол учурда жанында Талха бин Убайдуллах хазреттеринен башка эч ким калбаган эле.

Хазрети Талха Расулуллах алейхиссаламга бир жамандык келеринен кооптонуп, ар тарапка чуркап, капырлар менен өлөрчө чабышып жаткан эле. Анын кылычын мынчалык ылдам шилтеши, бир учурда Расулуллахтын ар тарабындагы душмандарына жооп бериши, денесин жебе жана кылычтын соккусуна каршы калкан кылышы болуп көрбөгөндөй окуя эле.

Хазрети Талха дайыма айланып-тегеренип, денесине тийген кылычтын соккуларына эч көңүл бурбай жаткан эле. Анын тилеги ааламдардын Султанын коргоо, бул үчүн башка дин боордоштору сыяктуу шейит болуу эле. Денесинин жараланбаган жери калбаган эле, кийиминде кандан башка эч нерсе көрүнбөй калган эле. Бирок, ал буга карабастан төрт тарапка тең жетишип жаткан эле.

Сүйүүнүн белгиси

Мушриктердин арасында Малик бин Зубайр деген көзгө атар мерген бар эле. Бул мушрик Пайгамбарыбыз алейхиссаламды бутага алып, бир жебе атты. Расулуллахты көздөй келе жаткан бул жебеге башка жол менен туруштук бере албасын түшүнгөн Хазрети Талха колун ачып жебеге каршы тутту. Жебе анын колун сындырды.

Хазрети Талханын атылган жебеге каршы колун тутушу – жандан да өйдө көтөрүлгөн бир сүйүүнүн, жетик бир ыймандын, сүйүүгө толгон бир жүрөктүн, түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир сүйүүнүн натыйжасы катары пайда болушу эле.

Ухуд согушунда мушриктер кол салып, Пайгамбарыбыз менен Талха бин Убайдуллахтан башка эч ким калбай калган учурда Хазрети Абу Бакр жана Саад бин Аби Ваккас хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын алдына жетип келишти.

Ал ортодо жигиттердин мырзасы Хазрети Талха да көп кан жоготкондуктан ысык жерге жыгылып, эсинен танды. Кылыч, найза жана жебенин соккуларынан бир да соо жери калбаган эле. Алтымыш алты чоң жарааты, саноого мүмкүн болбогондой майда жаракаттары бар эле.

Жүзүнө суу чачышты

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрга дароо Хазрети Талхага жардам берүүгө шашылууну буюрду. Абу Бакр Сыддык Хазрети Талханын эсине келүүсү үчүн куттуу жүзүнө суу чачты. Талха бин Убайдуллах хазреттери эсине келери менен:

- Эй, Абу Бакр! Расулуллах кандай?

- Расулуллах жакшы. Мени Ал жиберди.

- Аллаху таалага чексиз шүгүрлөр болсун. Ал соо болгондон кийин бардык кыйынчылык эч нерсе эмес.

Ошол убакта дагы бир нече сахабалар жетип келишти. Ааламдардын Мырзасы Хазрети Талханын алдына келди. Жарадар мужахид кубанычынан ыйлады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын денесин сылагандан кийин колдорун ачып:

- Аллахым! Ага шыпаа бере көр, күч-кубат ихсан кыла көр! – деп дуба кылды.

Расулуллах алейхиссаламдын бир мужизасы катары Хазрети Талха толук сакайып, ордунан турду да, кайрадан душман менен согуша баштады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ал тууралуу мындай деген эле:

- Ухуд күнү жер бетинде оң жагымда Жабраилдин жана сол жагымда Талха бин Убайдуллахтан башка мага жакын эч кимдин жок экенин көрдүм. Жер бетинде жүргөн Бейиштик адамды көргүсү келген адам Талха бин Убайдуллахты карасын!  

Дагы Ухудда Ибни Камия деген капыр Пайгамбарыбызды өлтүрүүгө ант ичкен эле. Ал бардык жерден Расулуллахты издеп жүргөн эле. Пайгамбарыбыздын үстүндө эки сооту бар эле. Башында болсо туулга бар эле. Ибни Камия Расулуллахка кылычы менен кол салды. Кылычтын соккусу менен Расулуллахтын куттуу ийиндери жараланды. Дагы бир чабуулдун натыйжасында Расулуллах алейхиссалам Абу Амир казган чуңкурга кулады. Туулгасынын эки алкасы куттуу жүзүнө сайылды. Биринчи жардамга жетип келген Али бин Абу Талиб болду. Талха бин Убайдуллах менен бирге чуңкурдан чыгарышты.

Ошондон кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам Ухуд тоосундагы аскага чыгып, демалгысы келди. Бирок, абдан чарчаган эле. Хазрети Талха:

- Йа, Расулаллах! Мен сизди алып чыгайын, – деп дароо жерге чөгөлөдү. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды жонуна көтөрүп, аскага чейин алып чыкты. Ошол убакта Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Талха Расулуллахка жардам берген учурда Бейиш ага важиб болду.

Талха бин Убайдуллах Ухуд согушунан Меккенин алынышына чейин орун алган бардык согуштарга катышты. Өзгөчө Худейбиядагы Биъат-и Рыдванга жана Хунейн согуштарына да катышты.

Феййаз деген лакап атка ээ болду

Табук казатынан ар ким колунан келген аракетин жасап, кошуунду жабдууга аракет кылып жатканда ал да колунда болгондун баарын башкалар менен жарышкандай сарптады. Ушул себептен Феййаз деген лакап атка ээ болгон эле.

Хазрети Абу Бакрдын халифалык доорундагы бардык согуштарга катышкан эле. Хазрети Абу Бакр ооруп калганда ордуна кимдин халифа боло турганын  Хазрети Талха менен кеңешкен эле жана ал болсо:

- Хазрети Омар бул кызматка эң татыктуу адам. Аллаху таала сенден: "Мусулмандардын ишин кимге тапшырдың?” – деп сураса, жарык жүз жана жакшы маанай менен: "Хазрети Омарга тапшырдым”, - дейсиң, - деп кеңеш берген эле.

Талха бин Убайдуллах Хазрети Омардын доорунда кеңештин мүчөсү эле. Халифа Омар ар бир иште анын рейине (пикирине) кайрылчу. Хазрети Омар кайтыш боло электе халифа болуп шайланууга сунуштаган алты заттын бири Талха бин Убайдуллах эле.

Талха бин Убайдуллах Жамал окуясында шейит болду. Хазрети Али согуш талаасын кыдырып жүрүп, өлгөндөрдүн арасынан Хазрети Талханы көрүп, кайгыга батып абдан ыйлады. Аны кучагына алды. Жүзүнөн топурактарды сүртүп:

- Эй, Талха! Асмандагы жылдыздардын астында сени жерде жатканыңды көрүү мен үчүн абдан оор болду, жүрөгүм сыздады. Аттиң, жыйырма жыл мурун өлгөнүмдө кана, - деди. Жаназа намазын өзү окутту.

Мени кыйнап жатат

Каза болгондон жыйырма жыл өткөндөн кийин кызы Аиша түндөрдүн биринде түшүндө атасын көрдү:

- Эй, Аиша! Кабырымдын бир жагынан агып жаткан суу мени кыйнап жатат, мени бул жерден чыгарып, башка жерге көм, – деп эскертти.

Ошондо кызы Аиша абдан кайгырып, кээ бир туугандарын алып, ыйык кабырын ачышты. Аккан суудан анын денесинин бир жагы кичине көгөрүп калган эле, калган жери жаңы эле көмүлгөндөй, бир тал чачы да жабыркабаган абалда эле. Башка бир кабырга которушту.

Хазрети Талха кутман сахабалардын эң үстөмдөрүнөн болуп, жете албаган даражасы Хулафа-и рашидиндин даражасы эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Жер жүзүндө Бейиштик бир адамды көргүсү келген Талха бин Убайдуллахты карасын! – деп буюрган эле.

Хазрети Аиша айтат:

Бир күнү Абу Бакр Сыддык Расулуллахтын алдына кирген эле. Расулуллах ага:

- Эй, Аба Бакр! Сен Атиксиң, башкача айтканда, Аллаху таала Тозоктон азат кылган адамсың, - деди. Ага чейин эч кимге ушундай Атик деген ат берилген эмес эле.

Андан кийин Талха бин Убайдуллах ичке кирди. Расулуллах алейхиссалам ага дагы:

- Эй, Талха! Сен шейит болууну күткөндөрдүн бирисиң.

Хазрети Талха Зиъл-Карада казатында мужахиддер суусуз калбасын деп кудук сатып алып, аны момундарга багыштаган эле. Ошол кезде кудук сатып алуу жана багыштоо өтө чоң жоомарттык эле. Зуъл-Усра казатында болсо согушка катышкандарды жалгыз өзү тойгузган эле.

Күнүмдүк кирешеси миң алтын болчу. Жетимдерди багып, кедейлердин муктаждыктарын камсыз кылып, кыйналгандарга жардам берчү. Муктаждарга акча берчү. Тайм уулдарынын бардык муктаждары анын жардамы астында эле. Хазрети Талха алардын жесирлерин үйлөнтүп, карызы барлардын карызын төлөп берчү.

Бир күнү бир айылдык киши Хазрети Талхага келип, тууган экенин айтып, жардам сурады. Хазрети Талха туугандык байланыштын өтө маанилүү экенин айтып, бир жер тилкеси бар экенин, эгер кааласа аны алуусун же сатып акчасын берүүнү сунуштады. Айылдык киши анын акчасын алгысы келгенде, ал жерди Хазрети Османга сатып, акчасын айылдык кишиге берди.

Анын ахлагын билем

Кутман сахабалардан бир канча зат Умму Эбан айымдын колун сурашкан эле. Бирок, ал эч бирине макул болгон жок. Талха бин Убайдуллах анын колун сураганда, макул болду. Себеби суралган кезде:

- Анын ахлагын билем. Үйүнө жылмайып кирет, үйүнөн чыкканда жылмайып чыгат. Андан бир нерсе суралганда берет, ага жакшылык кылынганда ыраазычылык билдирет. Кандайдыр бир кемчилик көргөндө кечирет, - деп жооп берип, аны менен баш кошкон эле.

Хазрети Талха соода жана дыйканчылык менен алектенип, чоң чарба ээси эле. Анын Хайбарда жана Иракта көп жерлери бар эле. Ушундай чоң байлыкка ээ болушуна карабастан өтө аз жечү, ысырап кылчу эмес жана ысырап кылгандарды жактырчу эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш